МЕКТЕП ОЛИМПИАДАСЫ: КАЛЫСТАРДЫН КАТАЛЫГЫН КОМИССИЯ АНЫКТАЙТ

Химия сабагы боюнча республикалык олимпиадага катышкан окуучулардын билим деӊгээли жөнүндө предметтик комиссиянын жыйынтык чечиминин тууралыгын Билим берүү жана илим министрлиги түзгөн көз каранды эмес комиссия текшерип жатат. Анткен себеби, химия сабагы боюнча предметтик комиссиянын жетекчиси сынакка катышкан өзүнүн небересинин баллын көтөрүп, биринчи орунга чыгарып койду деп нааразы болгон адамдар министрликке келип арызданышты. Билим берүү жана илим министрлиги интеллектуалдык сынактарды тыкан уюштуруунун деӊгээлин көтөрүү максатында келерки жылдан баштап мектеп олимпиадаларын онлайн режиминде өткөрүүнү пландаштырууда.

Олимпиаданын катышуучулары — гениалдуу жаштар

Зээндүү  окуучулардын жөндөмдөрүн жана көнүгүүлөрүн ачуу жана колдоо, жалпы орто билим  берүү  системасында билим  алган  окуучулардын, мугалимдер  жана  педагогикалык-илимий  кызматкерлер арасындагы  атаандаштыкка жараша шыктуулардын чыгармачылык өз ара мамилелерин өнүктүрүү максатында өткөн мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын салтанаттуу жыйынтыктоо аземи Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өттү.

Адегенде  сахнада  тизилген  50  окуучудан  турган  ооз комузчулар ансамбли «Кыялдануу»  күүсүн  чертүү  менен аземди ачып беришти. Андан соӊ, алып баруучу америкалык бизнесмен Рональд Трамптын: «Бардык жакшы нерсе – силердин талыкпаган эмгегиӊердин, изденүүӊөрдүн  жыйынтыгы жана өткөн мезгилдеги эмгектин өз убагында кайтарылышы болот.  Силердин  бүгүн  жасаган нерсеӊер – бул эртеӊки эмгегиӊердин жыйынтыгы. Эртеӊ дагы ошол эмгектин натыйжасын көрөм десеӊер, дайыма талык-пай эмгектенгиле, изденгиле, бир эле минутага концентрацияны бошоӊдотуп алсаӊар, албетте, кайрадан артка кетесиӊер» деген улуу сөздөрү олимпиаданын жеӊүүчүлөрүнө арналганын айтып, Кыргыз Республикасынын  билим  берүү  жана  илим министри Эльвира Сариевага сөз берди.

– Быйылкы республикалык олимпиадага аймактык олимпиададан утуп келген 10-11-класстын 323 окуучусу катышты. Билим алууда ийгиликке жетүү үчүн бүт талантын, шыгын арнаган чарчабас, чалыкпас, аракетчил мектеп окуучулардын баарын чын  жүрөктөн  куттуктаймын. Бүгүнкү коомдун эӊ башкы ресурсу — эл. Элден тышкары, илимди жакшы билген, тереӊ илимди изилдеген, билими тереӊ болгон балдар – бүгүнкү жаӊы муунубуз жана келечегибиз. Балдар, силер сыяктуу асыл адамдар коомдун, илимдин, маданияттын, Кыргызстандын экономикасы-нын өсүүсүнө чоӊ салым кылгандар көп. Булар мектептерде олимпиадага катышпаса дагы, кийин билим берүү системасында: мектепте, атайын кесиптик окуу жайларда, жождордо жакшы окуп келген Кыргызстандын мыкты-мыкты адамдары болгон.

Күч аракеттерин жумшап, талык-пай мээнетин мектептик, райондук, облустук олимпиадаларга, интеллектуалдык борборлорго катышып келген балдарды – биздин гениалдуу жаштар деп эсептеймин. Себеби сиздер “билим алууну ийне менен кудук казгандай” деген сөздүн маанисин эӊ тереӊ көрсөтүп жатасыздар. Ошону менен бирге, сиздерди ушул чоӊ мелдешке даярдаган ата-энеӊер, биздин мугалимдерибиз чоӊ салым кошту бүгүнкү олимпиаданын жыйынтыгына.

Окуучунун жетишкендиги – мугалимдин  жетишкендиги  деп айтсак болот. Ушул жерде педагогдордун берген эмгеги опол тоодой. Ар бир бала менен тереӊ иштеп, өзүнүн убактысын жумшап, мээримин төккөн мугалимдерге тереӊ ыраазычылыгымды билдирип кетем. Ар бир олимпиадалык мелдеште эӊ күчтүү жеӊүүчүлөр жыл сайын чыгып, алардын  саны  арбып,  билим системабыз жаӊыланып, Кыргызстанды алдыга алып кеткен татынакай жаштарыбыз көбөйө берсин, – деди Э.Сариева.

Министр айымдын куттуктоосунан кийин жеӊүүчүлөрдү сыйлоо аземи башталды. Айтмакчы, башка жылдарга салыштырмалуу бул жолку жыйынтыктоо аземи өзгөчөлөнүп өткөнүн айтып кетүү абзел. Филармониянын ичи ар кандай түстөгү нурларга бөлөнүп, атайын колдонулган эффекттер менен, т.а. сахна музэкран, тюль менен жабылып, анын артында жеӊүүчүлөр тизилип турушту. Ар бир жеӊүүчүнү сыйлоо учурунда анын сүрөтү, окуган мектеби жана олимпиаданын эмблемасы экранда бакыйып көрсөтүлүп турду.

Жеӊүүчүлөрдү сыйлагандан кийин чакан концерттик програм-ма тартууланды. Баса, концертти Улуу Ата мекендик согуштун 70 жылдыгына арналган аскердик-атуулдук ырларды аткаруу боюнча “Жоокер ыры” кароо-сынагынын жеӊүүчүсү, 5-класстын окуучусу Айгерим Муратбекова ачып берди. Концерттик программада дагы экранда ар бир  аткаруучунун  клиптери көрсөтүлүп турду. Салтанаттуу аземдин башынан аягына чейин Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук  “Сейтек”  борборунун тарбиялануучулары  активдүү катышып, көздүн жоосун алган татынакай костюмдары менен мыкты бийлерин аткарышты.

Олимпиада кандай өттү?

27-28-мартта  олимпиада борбор калаадагы профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназиясында кыргыз  тили  жана  адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили, тарых, география, биология сабактары боюнча өткөрүлсө, математика, информатика, физика жана химия сабактары боюнча тажрыйбалык тур И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык жана Кыргыз-Түрк «Манас» университеттердин базасында өттү.

Окуучуларын олимпиадага алып келген мугалимдердин айтуусу боюнча, быйыл олимпиаданын тапшырмалары бир топ татаал болуптур. Мисалы, география сабагы боюнча күч сынашып жаткандар кечки саат 21.30 чыгышкан. Албетте, жыйынтыгы дагы ошончолук кеч чыккан. Бирок окуучулардын айтымында, олимпиада таланттуу балдардын сынагы. Ошондуктан тапшырмалар дагы окуу программасынан сырткары татаал даярдалганы туура. Анткени эл аралык олимпиадада бир топ эсептер татаал болоорун окуучулар жашырышкан жок. Ырас, кандай сынак болбосун, анын артында нааразычылыктар болбой койбойт. Маселен, айрым ата-энелер менен мугалимдер гимназия, лицей статусу бар мектептерде окуган балдар базалык мектеп окуучулары  менен  олимпиадалык жарышка түшүүсү керек деп чыгышты. Бирок 2012-жылы айрым сабактар тереӊдетилип окутулчу статустуу мектептердин окуучулары өзүнчө, жөнөкөй мектептин окуучулары өзүнчө олимпиадада жарышсын деген

Жобо иштелип чыккан болчу. Ага кошумча өткөн жылы декабрда дагы Билим берүү жана илим министри буйрук чыгарган. Бирок ага карабастан, олимпиадага келген гимназия өкүлдөрү катардагы мектеп программасынын алкагында олимпиадага катышууну каалашарын билдиришкен. Айрым аты-жөнүн айткысы келбеген ата-энелердин пикиринде, балдары окуган статустуу мектептерде мейли математика болсун, мейли физика болсун тереӊдетилген билим алышкан эмес.

Билим берүү жана илим министрлигинин  Мектепте,  мектепке  чейин  жана  мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Фариза Солтогулованын айтымында, статустуу мектептердин мугалимдери 15% жана 20% кошумча айлык алышат. Ал эми олимпиадага келгенде катардагы мектептер менен кошо жарышабыз дегени таӊ каларлык иш.

Ошентип, так олимпиада башталаарда пикир келишпестиктер чыгып, акыры он чакты статустуу мектептин окуучулары базалык мектептер менен бирге сынакка киришти.  “Ооруну  жашырсаӊ, өлүм ашкере” дегендей, айрым мектептер статустуу деп аталганы менен талапка жооп бербери коомчулукта айтылып жүрөт. Албетте, муну менен биз белгилүү, өзүнүн орду бар мектептерге көө жапкыбыз келбейт. Бирок “бир карын майды, бир кумалак чиритет”  дегендей,  жеӊ  ичинен жоопкерчиликсиз  иш  кылган жетекчилер четтен чыгат. Эгерде айрым жетекчилер учурунда талапка жооп бергендей, мыйзам чегинде иш алып барганда, так олимпиада башталаарда мындай жаӊжалга жол берилмек эмес.

–  Негизинен  “Билим  берүү жөнүндөгү” мыйзамга ылайык, гимназиялар гуманитардык сабактарды, а лицейлер физика-математикалык, илимий-табигий илимдерди тереӊдетип окутушу керек. Ал эми кээ бир статустук мектептерде,  тескерисинче, алмашып калган. Эми бул маселелер колго алынат, – дейт Ф.Солтогулова.

Олимпиада учурунда кызуу талаш-тартыш болуп жатканынын  дагы  жөнү  бар.  Анткени республикалык олимпиаданын жеӊүүчүлөрү жогорку окуу жайларга  бюджеттик  орундарга жеӊилдик менен өтүүгө, же эл аралык  олимпиадаларга  катышып, ал жактан чет өлкөлүк окуу жайларына окууга өтүүгө мүмкүнчүлүктөрү кенен. Дагы бир мисал, Баткен облусунан келген айрым мугалимдер кыргыз тили сабагынан алардын окуучусунун жообун калыстар тобу артка тартып коюшкандарын билдиришти.

Алар апелляциялык комиссияга арыз менен кайрылган учурда дагы ар кандай шылтоолор менен так жооп беришкен эмес. Эми  алар  Билим  берүү  жана илим министрине кайрылаарын билдиришти. Ошондой эле химия сабагы боюнча дагы нааразычылыктар жаралып, учурда атайын комиссия түзүлүп, иштеп жатышат. Ушундай талаш-тартышка жол бербөө максатында мындан ары олимпиаданы электрондук форматта өткөрүү жана олимпиада жөнүндө Жобону кайрадан

Билим берүү жана илим министрлиги карап чыкмак болду. Эӊ башкысы, быйыл жөнөкөй мектептерден келген окуучулардын ичинен 1-орунга чыгып, эл аралык олимпиаданын командасына киргендер да болду. Ошентип, эки күндүк билим таймашында айрым ызы-чууларды эске албаганда, өзүнүн күчүнө ишенген гана таланттуу балдар алдыга суурулуп чыгышты. Математика, химия, физика, биология, информатика сабактары боюнча 1-орунга чыккан жеӊүүчүлөр эл аралык сынакка “Жазгы мектепте” даярдана башташат.

 Ким биринчи?

Бишкек Ош ш. Облустар
    Баткен Жалал-Абад Ысык-Көл Нарын Ош Талас Чүй
I (10-кл.) 5 4 1 2 3 2
II 3 3 2 1 1 1 1 4 1
III 3 2 2 4 4 1 2
Баары: 11 9 5 7 8 1 1 5 5
I (11-кл.) 4 3 2 2 1 4 1
II 2 1 3 1 3 2 1 1 4
III 5 3 4 1 2 2
Баары 11 4 6 3 5 7 2 7 7
                   
I 9 7 1 4 5 1 4 3
II 5 4 5 2 4 3 2 5 5
III 8 2 5 4 4 4 1 3 4
Баары 22 13 11 10 13 8 3 12 12
  45 31 18 20 27 13 5 25 23
  1 2 7 6 3 8 9 4 5

 1-орун – Бишкек шаары, 2-орун – Ош шаары, 3-орун – Ысык-Көл облусу, 4-орун – Талас облусу, 5-орун – Чүй облусу, 6-орун – Жалал-Абад облусу, 7-орун – Баткен облусу, 8-орун – Нарын облусу, 9-орун – Ош облусу.

 “Кара кылды как жарган” калыстар

Рая СУЛТАНГАЗИЕВА, физика предмети боюнча калыстар тобунун төрайымы:

– Тереӊдетилген жана базалык программа боюнча олимпиадага катышкан балдар сыйлыктарын ала беришсин. Бирок мен 10-11-класстарга теӊ бирдей тапшырма бердим. Анткени эл аралык олимпиадага мыктыларды тандап алышыбыз  керек.  Ал  жакка  барганда  “сен тереӊдетилген же базалык программа менен даярдангансыӊбы?” деп сурабайт. Аларга барганда кванттык, ядролук физиканы да берип салат. Ошон үчүн балдарыбызды бирдей карап, Азия өлкөсүндө, дүйнөлүк олимпиадага кандай эсептер күтүп турганына тапшырмаларды жакындатып даярдап, ошолордун критерийлерине карата баалоону дагы жасадым. Окуучуларды алып келген мугалимдер «дүйнөлүк олимпиаданын эсептерине жакындатыптырсыз» деп жакшы кабыл алышты. Канчалык тапшырмалар кыйын болсо, ошону чыгара алгандар гана татыктуу деп эсептелинет. Дегеле олимпиаданын максаты — таланттууларды чыгаруу. Физика боюнча катышкандардын ичинен быйыл сегиз бала өздөрү эле калпып чыгышты. Булар: ар кайсы региондогу кыргыз-түрк лицейинин окуучулары, былтыркы Азия дүйнөлүк олимпиадага баргандар, Бишкек шаарындагы №61 лицейдин үч окуучусу алдыга чыгышты. Базалык программа боюнча келген окуучулардын арасынан 16 баллга чейин топтогондор болду. Чындыгында алар эӊ төмөнкү баллдарды топтошту. Мисалы, экс-перимент менен теория бириккенде гана базалык программа боюнча араӊ 16-17 баллды топтошту. 2-орун 12 балл, 3-орун алгандар 10 балл топтоп, жеӊишке жетишти. Ал эми тереӊдетилген программа боюнча окуган балдар 30-37 баллга чейин топтошту.Жөнөкөй мектептен Токмок шаарынан, Таластан, Баткенден, Жети-Өгүздөн, Нарындан келген окуучулар классикалык эсептерди чыгара алышат экен. Мени кубандырганы кыздар көп болду. Физиканын сааты азайып жатса дагы физикага кызыккан мугалимдер жүрүштү. Быйыл Азия олимпиадасы Кытай мамлекетинде болот, дүйнөлүк олимпиада июлда Индияда өтөт. Ага Азия олимпиадасынан тандалып алынган беш бала барат.

 Муратаалы ЖАМАНБАЕВ, математика сабагы боюнча калыстар тобунун төрагасы:

– Эсепти башка жолу менен чыгарып, туура жооп бергендер арбын болду. Математикада жообу бирөө эле, бирок ал жоопко ар кандай жол менен келсе болот. Биз ойлобогон жолдор менен эсепти чыгарган таланттуу балдар көп экен. Аларды көрүп ыраазы болдук. Келечекте чоӊ үмүт берген балдар бар экен. Кыргыз-түрк «Себат», Бишкек шаарындагы №61 лицейлердин, №26 мектептин окуучулары тыӊ экенин көрсөтө алышты. Тапталбаган өзүнүн дээри менен жеткен балдар бар экенине көзүбүз жетти. «Ойлогон ойду, кыстаган турмуш жеӊет» дегендей, балдарыбыздын мыктылары чет мамлекетке чыгып кетип жатышат. Өзүбүздүн намысыбызды колдоп, атыбызды далайга чыгарган тыӊ балдарыбызды көрүп, кубандык. Ошолорду чогултуп, жакшынакай тарбиялап, жакшылап окутса укмуш балдар чыкчудай. Келечекти, мамлекеттин күчтүүлүгүн, экономиканын өсүшүн алтын баштуу балдар түзөт. Аларды сактап, колдоо керек. Эмне үчүн, эмне себептен «Себат» лицейиндей эле кыргыз мектептерин ачсак болбойт?

Болот. Мамлекет таланттуу балдарга өзгөчө көӊүл буруп, аларды тарбиялаган мектепти уюштурса, иштеп берем деген патриот мугалимдерибиз четтен чыгат. Ал мектепте жалаӊ эле математиканы эмес, кыргыз таануну, кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын үйрөтүү керек. Ал эми «Бака кайда болсо дагы, эки көзү сазда» дегендей, сыртка чыгып кеткен кыргыз балдарыбыз кайда болбосун, эки көзү теӊ кыргыз жеринде деп ойлойм. Алар алыста жүрүп эле мамлекетке жардам беришет деген үмүтүм бар.

_DSC1157

Күйөрмандар эмне дейт?

Абдилла АКМАТБЕКОВ, Баткен шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы:

– Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасына Баткен облусунан 36 окуучуну алып келгенбиз. Жыйынтык жаман эмес. Былтыркыга салыштырмалуу көрсөткүчүбүз ылдыйраак болуп кал-ды. 36 окуучунун ичинен бир окуучу 1-орун, беш окуучу 2-орун, беш окуучу 3-орунду, жети окуучу 4-орунду камсыз кылышты. Олимпиада учурунда мүчүлүштүктөр кетти. Маселен, кыргыз тили сабагынан окуучубуз 1-орунда бараткан, бирок эмнегедир 2-турда 4-орунга жылып калды. 1-турда жазуу, 2-турда оозеки болгон. Апелляциялык комиссияга мугалимдер киришти, бирок окуучунун жообун көрсөтүшпөй, ар кандай жоопторду айтышыптыр. Эми мугалимдер Билим берүү жана илим министрлигине кайрылганы жатышат.Баткен шаардык билим берүү башкармалыгы, шаардык мэрия жана профсоюз комитети менен бирдикте облустук олимпиадада биринчи орунду алган окуучунун мугалимине 10 миӊ сом, республикада 1-орунду алса 13 миӊ сом берилет. Бардык мектептерде олимпиадалык топтор бар, ийримдер иштейт. «Арабаны дагы үч эм тартса оӊой болот» дегендей, акыркы кездерде ата-эне, окуучу, мугалим бирдей олимпиадага кызыгып, ошонун натыйжасында ийгиликтер жаралууда.

Улуксат ЖУНУСОВА, Өзгөн районунун Калмурзаев атындагы мектептин математика мугалими:

–  Мен  математика  боюнча  Айтурган  Орозмаматова  дегенокуучумду алып келгем. Ал 2-орунду алды. Айыл жеринде талант-туу балдар каралбай калды. Түрк лицейде окуган балдар кыйын чыгып жатпайбы. Анткени алардын ата-энелеринин колунда бар үчүн толтура каражат төлөп, окуп жатышат. Ал эми колунда жок таланттуу балдар көздүн жаздымында калышууда. 11-класстан кийин эле турмуш шартына байланыштуу алар Россияга агылып кетип жатышат. Айылдагы билим берүүгө мамлекет тарабынан жакшылап кам көрүлбөй калды. Элеттеги таланттуу балдарды бекер окута турган мекемелер уюштурулса жакшы болмок. Ал эми базалык мектептеги таланттуу балдарды өзүбүз даярдап келебиз. Менин ушуну менен бешинчи окуучум республикага келип жатат.

Замира АЛБАНОВА, Кара-Бура районундагы Бабанов атындагы лицейдин география сабагынын мугалими:

– Олимпиадага лицейге келген балдардын каалоолору боюнча тандап алып, 7-класстан баштап жыл бою даярдайбыз. Олимпиадага биздин окуучулар 10-класстан баштап катышат. География предмети базалык программанын негизинде эле жүргүзүлдү. Биздин лицейден үч окуучу келген: биологиядан (5-орун,11-класс), географиядан (1-орун, 11-класс) жана орус тилинен (2-орун, 10-класс). Былтыр дагы менин окуучуларым географиядан 1- жана 2-орунду алышкан. Негизинен 2005-жылдан бери эле менин окуучуларым алдыӊкы орундарды багынтып келатышат. Акырындык менен өсүш болуп жатат десем жаӊылышпайм. Быйылкы олимпиаданын башка жылдардан айырмачылыгы – тапшырмалар сынактын деӊгээлинде даярдалып, анан тапшырмалар абдан көп болуптур. Окуучулар дагы, жюрилер дагы чайналып калышты окшойт. Олимпиададан катышуучулар абдан кеч чыгышты. Тапшырмалардын масштабы абдан чоӊ болуптур. Негизинен контурдук карталар менен иштөө 2-турга берилчү эле, бул жолу 1-турда жазуу иштери менен кошо контурдук, топографиялык карталар боюнча тапшырмалар келип, аларды аткаруу үчүн көп убакыт кетти. Кечки саат 21.30да араӊ чыгышты. Албетте, жыйынтыгын угуу дагы кеч болду.

Биздин ийгилик – мугалимдерибиздин ийгилиги

талас

Адинай БАКБОЛОТ кызы, Бабанов атындагы лицейдин 11-классынын окуучусу, 1-орундун жеӊүүчүсү:

–  Былтыр республикалык олимпиадага биринчи жолу келгем. Былтыркага караганда география боюнча бый-ылкы тапшырмалар татаалыраак болду. 1-турда көп тапшырма берилди, 2-турда тест жана оозеки тапшырма берилди. Мисалы, бул кайсы өлкө, бул кайсы парк ж.б.у.с. суроолор келди. Программада жок тапшырмалар болду. Мен интер-нетке кирип, изденип даярдангам. Бүткүл россиялык олимпиадада келген суроолорду көрүп, интернет аркылуу даярданган болчумун. Ошол тапшырмалар дагы бизде болду.

УРАН МАМЕКОВ (1)

Уран МАЙМЕКОВ, Бишкек шаарындагы №61 лицейдин 11-классынын окуучусу, 1-орун:

–  Физика сабагы боюнча экинчи  жылы катышып жатам. Былтыр 2-орунга чыккам. Быйыл 1-орунду камсыз кылдым. Сынак эки бөлүктөн турду: теориялык жана эксперименталдык болуп. Жалпысынан 50 балл алуу керек болчу. Биринчи турда 30 балл, экинчисинде 20 балл топтоо зарыл эле. Негизинен тапшырмалар эл аралык олимпиаданын деӊгээлинде даярдалыптыр. Дегеле олимпиада деген таланттуу, жөндөмдүү  балдардын  сынагы эмеспи.  Ошондуктан  бул  жерде бир эле окуу программасы менен эмес, тереӊ билимдүү болуш керек. Биздин лицейде ийримдер иштейт. Андан тышкары, өзүм даярдандым, досторум жардам беришти. Мисалы, биздин лицейдин бүтүрүүчүсү, азыр МФТИнин студенти, менин досум көп жардам берди. Былтыр Азия олимпиадасына өтүп, андан ары өтө албай калгам. Анткени ал жердеги тапшырмалар өтө татаал. Быйыл дагы күчүмдү сынап көрөм.

Изденген мугалимдин ийгилиги

алба

Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасына жыл сайын география сабагы-нан окуучуларын таптап келаткан Кара-Буура районундагы Т.Бабанов атындагы лицейдин география мугалими Замира Албанованын эмгеги жерде калган  жок.  Анын  окуучусу быйыл дагы география сабагынан 1-орунду жеӊип алды.

Т.Бабанов атындагы лицей Кара-Буура районундагы балдарга тереӊдетип билим берүүчү, инновациалык технология менен жабдылган бирден бир лицей. Бул  лицейде  ар  кайсы  айылдардан  келген  150  балага  22 мугалим чыгармачылык менен билим-тарбия берип, эмгектенип келет. Алардын катарында лицей ачылган күндөн бери эмгектенип келе жаткан география мугалими, эл агартуунун отличниги, формативдик баалоо боюнча улуттук тренер Албанова Замира бар.

Качан  көрсөӊ  түйшүктөнүп окуучулар менен бирде реферат жактатып, бирде экскурсия уюштуруп жүргөнү жүргөн. География мугалими катары, айрыкча, өз Мекенибиздин  жаратылышы, экологиясы, кен байлыгы, тоосу, суусу, деги койчу талыкпастан окуучуларына Ала-Тоо койнун аӊтартып жүргөнүнө кесиптештери  күбө.  Ал  өзү  айткандай, кыялданган окуучуларынын айрымдарынын тилеги ишке ашып, көздөгөн чет өлкөгө чыгып иштеп, барып келгендери да бар. Анын окуучулары ар дайым облустук, республикалык олимпиадаларга катышып, жеӊүүчүлөрдөн болуп келишүүдө.

Атап  өтсөк,  2005-жылы Турекулов Ержан республикалык олимпиадада 3-орун алса, ал эми 2006-жылы Сеитов Азамат да 3-орунга ээ болду. 2014-жылы 11-классынын окуучусу Алмазов Байтик 2-орунга, 10-классынын окуучусу Бакболот кызы Адинай 1-орунга ээ болушкан.Ал эми быйыл да ийгиликти колдон чыгарбай, 11-класстын окуучусу Бакболот кызы Адинай

1-орунду жеӊип алды.Сабак менен эле чектелип калбастан, Замиранын окуучулары интеллектуалдык конкурстарга да активдүү катышып келет. Туризм боюнча өткөрүлгөн республикалык конкурста 2-орунга ээ болушту. Бул ийгиликтерге жетишүү талыкпаган эмгектин, изденүүнүн натыйжасы. Окуучулар түрдүү маалымат булактарды: интернет, энциклопедия, карта, аудио-видео материалдарды пайдаланышат жана өз алдынча иштей билишет.

            Гүлнара АЛЫБАЕВА,«Кутбилим»

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*