ЖЕТИНЧИ АПРЕЛДИ ЭСКЕРҮҮ

Ар бир эл өзүнүн тарыхый торолуу жолунда кулк-мүнөзүн кошо калыптандырып жүрүп отураары белгилүү. “Этностун психологиясы” деп аталган бул көрүнүш ар түрдүү тарыхый жагдайларда ар түрдүү формада байкалып тураары да белгилүү. Анын сыӊарындай, кыргыз элине кылымдап бүткөн көп кырлуу кулк-мүнөзүнүн бир кыялы — анын эр жүрөктүүлүгү, тайманбастыгы окшобойбу да, ошол кыялы, жок эле дегенде, соӊку беш жүз жыл бою өзгөрбөй-этпей келаткан окшобойбу!

Эмне себептен беш жүз жыл? Анткени, чөлкөмүбүздөгү туура беш жүз жыл илгерки оомал-төкмөл окуяларды ийне-жибине чейин ташпиштеп жазган айтылуу тарыхчы Мухаммед Хайдар (1499-1551-жж.) кыргыздын бир кыялын даана баамдап-байкаганынан улам, элибизди ошондо эле “жапайы арстандар” деп сынга толтурган экен. Андан бери азганактай кыргыз эли не деген гана оор сыноолорду баштан кечирген жок? Тилегиӊ каткыр калмактын кара таандай каптагандагы жапырыгын көрдү, канатташ казак эли менен өлүп-тирилип чабышты, кокондук менен кырылышты, оро-парада орусуӊ менен да бойлошту. Бирок моюп койбостон, баатыр мүнөзүн бербей келет…

2010-жылдын 6-апрель күнүндө кыргыз интеллигенциясынын жоон топ өкүлдөрү менен бир маданий иш-чарада отурганбыз. Ыра-матылык Ишенбай Абдыразаков, окумуштуу агайлар Кадыралы Конкобаев, Советбек Бай-газиев, акын Шайлообек Дүйшеев, Каныбек Иманалиев, Кубат Чекиров жана башкалар бар. Маданий иш-чарабыз өз ирээти менен уланып жаткан чакты, баарыбыздын кулагыбыз Таластагы окуяларга түрүлүү.

Бир оокумда жаалданган калк менен ми-лициянын кагылышканы тууралуу каӊшаар угулду. Жазуучу Асанбек Стамов — ыраматы болсун — саамга ойго бата түштү да, телефон аркылуу тактатып сурап калды. Таластын эли жарактуу милиция менен кагылышып эле тим болбостон, тетирисинче, айбат көрсөтүп, артынан ок атып ийген көрүнөт. Ушундай кабар кайталап угулду.

“Бүттү! — деди Асанбек Стамов олуялык кылып, — Бу бийликтин күнү бүттү! Кырдаал-дын көзөмөлдөн чыкканын бөркүӊөрдөй көрө бергиле, балдар!”

Аксакал жазуучунун бүтүмүн ким кандай кабыл алды билбейм, айтор, маданий иш-чарабызга чогулгандар фуршеттен чала-була ооз тийип, тараганча шашты. Француздун бир бөтөлкө кызыл шарабын ортого коюп алып, Асанбек Стамов экөөбүз дагы кыйлага маектешип отурдук. Ал кишинин оозун аӊдыйм. “Милиция менен кагылышса эле бүтүп калабы?” — дейм каадаланып. Кыргыздын түрдүү кулк-мүнөздөгү образдарын жараткан карт жазуучунун пикирин билүүгө өтө ынтызармын.

“Курал алганга, милицияга кол көтөргөнгө жеткирбесе болот эле элди. Курал алганга жеттиби, эми кыйын, — дейт Асанбек Стамов бокалындагы кызыл шараптан шашпай ууртап. — Кыргызыӊ жинди да! Жини келгенин эми көрүп ал!”.

Чынында эле эртесинде, 7-апрелде, Асанбек Стамов агай айткандай эле козголгон элдин жаалы кайнап, жинденип алганын көрдүк. Кудум жапайы арстандар кебетеленип, беш кылым илгери байкалган эчаккы айбатынан жазбастан, Ак үйдү курчагандарга — курал-жарагын кезенген “Арстан” отрядына жалаӊ төш атырылганына күбө болдук.

Элдин агымы борбордук аянтка толкундай түрүлүп келатканын көрүп, дагы бир көрүнүшкө көӊүлүм бурулду: караламан журтту баштаган аттуу-баштуу кишилер, интеллигенция өкүлдөрү көзгө учурабайт мындайда; бойлорун далдаага ала качып, сап алдынан байкалбайт. Кылтыйып кайда жашынгандары белгисиз. Ал эми аралашкандарынын катары жука.

Кыргыздын массалык толкундоосундагы бул көрүнүшкө мындай жагдайдан улам басым жасап, кеп козгоодомун.

7-апрель күнү таӊ эрте Каныбек Иманалиев менен жолукканымда интеллигенция катмарына кайрылуунун зарылдыгы сүйлөшүлдү. “Өлкөбүздүн  тагдыры  коркунучта!”  деген кайрылууга колду жыш топтоп, коомчулукка эскертилбесе, кырдаал опурталдуу жагына ооп бараткансыды.

Опурталдуу жагына ооп баратканын далайлар элде мурда туйганданбы, же Ак үй жүрөгүнүн үшүн алып койгондонбу, айтор, эки барак кайрылуунун этегине кол коюуга келгенде, айрым интеллигент кишилерибиз ыргылжыӊ тартканын байкадым. Ал эми: “Кокуй, нары кат! Көрсөтө көрбө аныӊды!” — деп, бетин калкалап, жаа бою качкандар,кабинетине жашынгандар кийин жагында баатырсына төш каккылап, Ак үйдүн төрүн ээлеп алышканына Каныбек Иманалиев да күбө. Ошону менен кайрылуунун эки барак жайдак тексти алигиче сумкемде катылуу жатат томсоруп.

Эгерде интеллигенция катмары толкундоого активдүү аралашып, удургуган элди баштап ийгенде бөөдө кыргын кемирээк болот беле деп калам. Журтка текши таанымал эр жүрөк бирөө-жарымы алдыга суурулуп чыгып, элди сөзү менен ээрчитип, Ак үйгө кысым көрсөтүүнүн башка жолун тандап алганда мынчалык кан төгүлбөй калат беле?

Ушул  жагдайды  Каныбек  Иманалиев экөөбүз кеӊешкен болдук да, акыйкатчы Турсунбек Акунду арачылыкка ылайык таап, кабинетине жетип бардык. “Тезинен чыкпасаӊыз кан төгүлөт!” дейбиз.

Ал киши саамга ойлонуп, “эл андан көрө мени угабы?” деп кетенчиктеди. Акелеп-жакелеп, “угат!” деп ишендирдик. Элдин ичинде ар кандайы бар эмеспи, Турсунбек Акунга ызырынган бирөө-жарымы капталдан чыга калып, капысынан галстугунан сүйрөп муунтуп салбасын деген ой кетип, “байке, галстугуӊузду чечип эле койсоӊуз” деп өтүндүм.

Учурунда  чечтирип,  туура  кылыпмын. Акыйкатчыны коштоп алып келатсак, кимдир-бирөөсүнүн: “мынабу кишини өлтүрүш керек!” деген  айгайлуу  чакырыгы  жаӊырды.  “Кан күсөгөн кимиси?” деп, жалт карасам, кырк жыл илгери чогуу окуган классташымды тааныдым. Отуз жылдан бери көрө элек ал классташым (аты-жөнүнүн баш тамгалары — Д.Ж.) бийиги-рээк жерге чыгып алып, ураан таштап турган экен. Араӊ тыйдым.

Анткиче, Турсунбек Акунга бөлөк кишилер кол салып ийишти. Башка-көзгө койгулаш-кандан анын башын сакташ керек эле, темир туулга (каска) таба калып, аны кийгиздик. Анын арачы экенин айттык. Камактагы лидерлерди  бошотууга  арачы  түшөөрүн  калайыкка түшүндүрүп, Улуттук коопсуздук кызматынын башкы имаратына жетелеп келдик.

Ошондо Турсунбек Акун менен Каныбек Иманалиевдин Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчи өкүлдөрү менен сүйлөшүп, абакта отурган оппозиция лидерлеринин тезирээк бошотулушуна  салым  кошконун  белгилеп коюу абзел. Абактагылар тезирээк бошосо, удургуган элдин алдына бачымыраак жетип барышса, бөөдө өлүм болбой калабы деген изги тилектен улам ушинтишкенин эл-журт биле жүрсүн.

Андан бери беш жыл убакыт көз ачып жумгуча өтүп кетти. Эл эрдигинин акыбети кайттыбы?  Кайран  эл  эр  жүрөктүүлүгүнүн үзүрүн көрүп атабы же жеӊиши бирөөлөргө жем болдубу? деген суроо түйшөлтөт. Же баштадан эле хандарды тактыдан кулатуунун кыныгын алган кайран элдин кайраты улам бир кезектеги президентти кубалоо менен өлчөнүп кала береби? “Эрдигиӊ бар, эсиӊ жок” деген кеп бар эмеспи эзелден.

Непадам кандайдыр-бир кайып күч даа-рып, заманыбыздагы аалымдардын кимдир-бирөөсүнүн тагдырына кыргыздын алдыдагы беш жүз жылга дайын болчу мүнөзүн Мухаммед Хайдар сындуу жазып калтыруунун озуйпасы буйруп калган болсо, аттиӊ, “эӊсеп тапкан эгемендүүлүгүнүн баркын өтө жогору баалаган, жемин жедирбеген эл” деп жазып калтырышын тилек кылар элем. Жаӊылбаса экен деп тилек кылар элем.

Арслан Капай уулу КОЙЧИЕВ,

тарых илимдеринин кандидаты, журналист, жазуучу

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*