ЭЧ КИМ, ЭЧ НЕРСЕ УНУТУЛБАЙТ!

Бишкек шаарындагы №89 орто мектебинде «Эч ким, эч нерсе унутулбайт!» аттуу Улуу Жеӊиштин 70 жылдыгына арналган үч айлык иш-чарасы жыйынтыкталды.

Иш-чара  атайын  даярдалган  «Эч  ким,  эч  нерсе  унутулбайт!» деген чакан кинотасманы көрсөтүү менен башталды. Ушул учурда аскер кийимин кийип, колуна жарык көтөргөн окуучулар караӊгы залга кирип, эки катар тизилип турушту. Андан соӊ, конокко келгендер бир минута унчукпай, өткөндөрдү эскерип, таазим кылышты.

– Февраль айынан бери көп иш-чараларды өткөрдүк. Маселен,  ачык  сабактар,  класстык сааттар өткөрүлүп, дилбаяндарга, сүрөттөргө, рефераттарга, дубал газеталарга жарыяланган конкурстардын жыйынтыктары бүгүнкү иш-чаранын өзөгүн түзөт. Белгилей кетүү керек, Улуу Жеӊиштин 70 жылдыгына карата жакында эле тарых илимдеринин доктору, профессор Т.Чоротегин мектепке келип, окуучуларга класстык саат өттү. Окумуштуунун тарых барактарын түшүндүрүп бериши окуучуларга чоӊ таасир калтырды, – деди мектеп жетекчиси Жайнагүл Сапалова.

Салтанаттуу иш-чарага келишкен Бишкек шаардык кеӊештин депутаты А.Имангазиева, Свердлов райондук билим берүү борборунун директору А.Абдылдаева, ардагерлер кеӊешинин төрагасы А.Мокенов, 96 жаштагы согуштун ветераны М.Буудайчиев ж.б. Улуу Ата мекендик согушта жетишилген жеӊиш совет мамлекети жана анын калкы үчүн болуп көрбөгөндөй кымбатка турганын, бул жеӊиштин артында нечендеген жоготуулар болгонун айтып, окуучуларды тарыхты унутпоого чакырышты.

–  Ата  мекендик  согушта каза  болгондорду  унутпашыбыз  керек.  Тарыхты  балдарга айтып туруу – биздин милдетибиз. Азыркы жыргал заман үчүн кан-жанын  аябаган  биздин  эр азаматтарыбыз  Д.Шопоковду, Ч.Түлөбердиевди кантип унутабыз, – деди шаардык кеӊештин депутаты А.Имангазиева. Ал эми Свердлов райондук ардагерлер кеӊешинин төрагасы Абдразак Мокеновдун  айтуусу  боюнча, мындай иш-чаралар райондогу бардык 26 мектепте өткөрүлүүдө.

Андан  соӊ,  мектептин  химия  мугалими  К.Жунусовдун «Улуу Ата мекендик согуштагы жеӊиш төгүлгөн кан менен кажыбас кайраттын үзүрү», кыргыз тили жана задабияты мугалими П.Бакированын «Согуш жылдарындагы Кыргызстандагы адабият жана руханий турмуш», тарых мугалими К.Урматовдун «Кыргыз ССРинин Улуу Ата мекендик согуштагы жеӊишке кошкон салымы», 11 «а» класстын окуучусу Алтынбек  Бейшенбек  уулунун «Советтик көрүнүктүү аскер башчылары» аттуу кызыктуу докладдары илимий конференциянын катышуучуларын кайдигер калтырган жок.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*