ОБЛУСТУН АЛДЫӉКЫ МЕКТЕБИНДЕ

Көл жээгиндеги тажрыйба алмашуу семинары 7-апрель күнү Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Жеӊишбек Ашымов атындагы №20 Арал орто мектебинде улантылды. Тоолуу Кыргызстандын туш тарабынан келишкен «Кутбилим-Сабактын» калемгерлерин Түп райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Саадат Чекирова, райондук «Каркыра» гезитинин редактору Муратбек Жумакадыров жана мектеп директору Гүлжамал Жаӊыбаева тосуп алды. Калемгерлер алгач мектеп ийгиликтерин чагылдырган көргөзмө менен таанышып, андан кийин мугалимдер даярдаган ачык сабактарга, тарбиялык иш-чараларга күбө болушту.

Саадат ЧЕКИРОВА, Түп райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы:

«Кутбилим-Сабактын» калемгерлери келет дегенди укканда аябай кубандык. Чындыгында ысымдары гезит беттеринен тааныш, алдыӊкы тажрыйбалары көпчүлүккө маалым калемгерлерди тосуп алуу бир жагы биз үчүн чоӊ жоопкерчилик. Көкүрөгүбүздө жакшынын шарапаты менен билим берүү жаатында жасап жаткан жалпы ишибиз мындан ары да илгерилесе, калемгерлерден жакшы ой, сунуштарды уксак, заманга жараша жаӊылансак деген зор үмүт турду. Калемгер-мугалимдер биздин үмүтүбүздү ашыгы менен аткарды десем аша кетпейм. Ар бири өзүнчө сөз кылууга татыктуу инсандар экен. Президенттик «Алтын Шаты мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Марьям Ирисованын согуш темасына ыр окуганына жогору баа бердик. Эмне деген мугалим! Дикциясына, аткаруучулук чеберчилигине сөз жетпейт! Адабият мугалими деп ушуну айт! Ушундай мугалимдер көп болсо, билим берүү жаатындагы ийгиликтерибиз арбын болот деп ойлойм.

Гүлжамал ЖАӉЫБАЕВА, Түп районундагы Ж, Ашымов атындагы №20 Арал орто мектебинин директору, Билим берүүнүн жана кесиптик кошундун отличниги, айылдык кеӊештин төрайымы:

Райондук билим берүү бөлүмү жөн жерден биздин мектепти тандап алган жок. Анткени мектебибиз он эки жыл катары менен облустун биринчи мектеби аталды. 2011-жылы мектеп жамааты республикада «Жылдын мыкты айыл мектеби» номинациясын жеӊип алган. Бул, албетте, биз үчүн чоӊ сыймык жана жоопкерчилик. Учурда мектепте 28 мугалим эмгектенет. 10 мугалим билим берүүнүн, эки мугалим кесиптик кошундун, бир мугалим дене тарбия жана спорттун отличниги. Билим ордобузда 371 окуучу билим алат. Мугалимдерибиз окуучуларга сапаттуу билим берүү үстүндө талыкпай иштеп жатышат. Окуу иштери менен катар класстан тышкаркы иштерге, спортко, балдар-кыздардын чыгармачылыгын өнүктүрүүгө өзгөчө көӊүл бурабыз. Мектебиздеги техникалык ийримди Билим берүүнүн отличниги Б. Шоруков жетектейт. Агайдын тарбиялануучулары 12 жылдан бери «ХХI кылымдын интеллектуалдары» кароо-сынагынын райондук, облустук, республикалык жана эл аралык турларында биринчиликти колдон чыгарбай келүүдө. Мектепте эки жыл мурун жамааттык бала бакча ачылган. Учурда мында мектеп жашына чейинки 60 бала тарбияланууда. Ата-энелер балдары үчүн айына 250 сом, тамак-ашына 100 сом төлөшөт.

Муратбек ЖУМАКАДЫРОВ, райондук «Каркыра» гезитинин редактору:

Түп жергесине төгөрөктүн төрт бурчунан айтылуу калемгерлердин келиши агартуучулар үчүн гана эмес, жалпы коомчулук үчүн саясий мааниси бар зор окуя. Мен топтун жетекчиси, «Кутбилим-Сабактын» редактору Алибеков мырза менен Кумтөрдөгү семинарда таанышкам. Ошондо ал отуздай журналисттен суурулуп чыгып, белгилүү журналист Бекташ Шамшиев экөө талкууланып жаткан маселе боюнча жүйөөлүү ойлорун айтып, өздөрүнүн бийик интеллектисин, аналитикалык ой-жүгүртүүсүнүн күчтүү дареметин айгинелешкен болчу. Алибеков өзү келет дегенин угуп, бүт жумушумду жыйыштырып, бир аз болсо да ой-бөлүшүп калайын деп атайын келдим. Келгениме өкүнбөйм. Тажрыйба алмашуу семинары абдан кызыктуу өттү. «Кутбилим», «Кутбилим-Сабак» жансыз эмес, өзүнүн артында миӊдеген окурмандары, активдүү авторлош калемгерлери бар жандуу гезит экенин далилдей алды. Алар салган чыйыр келечекте элибиздин ынтымагына, биримдигине бекем көпүрө болорунда шек жок.

Акчал АТАГУЛОВ, Талас облустук чет тилдер багытындагы лицей-комплекстин директорунун илимий-методикалык иштер боюнча орун басары, тарых мугалими, насаатчы, Билим берүүнүн мыктысы, «Кыргыз тили» төш белгисинин ээси, «Кутбилим-Сабактын» калемгери:

Мен, тарыхчы мугалим катары, Андосова Алме эжейдин 11-класстагы Экинчи дүйнөлүк согушка арналган ачык сабагына аябай ыраазы болдум. Чоӊ теманы бир сабакта кантип камтый алар экен деп кооптонгом. Бирок, мугалимдин теориялык билими, окутуучулук чеберчилиги өтө жогору экен, сабак ары кызыктуу, ары мазмундуу өттү. Сабакта көрсөтмөлүүлүк, интерактивдүү ыкмалар орду менен колдонулду. Башкысы, балдар жуптарда, топтордо иштей билишет экен. Инновациялык усулдар, интерактивдүү ыкмалар менен иштөөдө бул абдан маанилүү кадам. Айрым мугалим-дер ачык сабактарды өтүүдө гана интерактивдүү усулдарга кайрылышат. Натыйжада андай жасалма сабактар өз максатына жетпей калган учурлар мектеп практикасында чанда болсо да кездешип калат. Ал эми бүгүнкү сабакта мугалимдин жаӊы ыкмалар менен күн сайын иштээри дапдаана көрүнүп турат. Окуучулар жуптарда, топтордо иштөөнү, ошондой эле өзүн-өзү, бири-бирин, жана жалпы топторду баалоону билишет. Бүгүнкү сабакта мугалим окуучуларга жаӊылыкты издеп табуудагы багыт берүүчү, кеӊеш айтуучу фасилитатордун ролунда болду. Бул алдыӊкы мугалимдерде гана кезигүүчү мыкты сапат, мыкты касиет.

Гүлүмкан АСАНКАДЫРОВА, Бишкек шаарындагы №5 Улуттук компьютердик гимназиянын башталгыч класстар мугалими, Билим берүүнүн отличниги, «Кыргыз тили» төш белгисинин ээси, «Кутбилим-Сабактын» калемгери:

Мага семинардагы эки мугалимдин сабагы өзгөчө жакты. Алгач жогорку окуу жайды артыкчылык диплому менен аяктаган кыргыз тили жана адабияты мугалими Исаева Эльнуранын адабият алпы Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына арналган ачык сабагына катыштым. Мугалимдин сабакты уюштуруу чеберчилиги, окуучулар менен мамилеси, сабак өтүүдө жаӊы технологияларды колдонушу, билим деӊгээлинин тереӊдиги байкалып турду. Сабакта окуучулардын ой-жүгүртүүлөрүнүн кенендиги, түшүнүктөрүнүн тактыгы дароо көзгө урунду. Ушу жазыгынан жазбай, изденип иштей берсе, Эльнурадан эл оозуна алынган алдыӊкы мугалим чыгары шексиз. Дагы бир мугалимдин сабагы тууралуу айта кетейин. Кесиптешим Ибраева Гүлмиранын «Манас – кыргыз элинин көөнөрбөс мурасы» аттуу манастаануу ийриминин алкагында уюшулган ачык сабагы жогорку деӊгээлде болду. Эжей манастаанууну балдардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайыктап түзүптүр. Ийримге катышкан жыйырмадай 3-4 класстардын окуучуларынын баарынын улуттук кийимдери бар экен. Окуучулардын «Манас» эпосу боюнча маалыматтарынын кенендигине ыраазы болдук. Мугалим сабакта көптөгөн инновациялык усулдарды байма-бай колдонду. Менин пикиримде бул сабактын тарбиялык мааниси да зор болуп, балдар өз мекенин сүйүүгө, аны коргоого, намыскөй, чынчыл болууга, эмгекти сүйүүгө азыртан астейдил багыт алды. Бул мугалим үчүн чоӊ жеӊиш, зор ийгилик!

Замира АТАКУЛОВА, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ибрагим Кулбаев атындагы орто мектебинин башталгыч класстар мугалими, Билим берүүнүн мыктысы, «Кутбилим-Сабактын» калемгери:

Мен Бишкек шаарындагы №55 орто мектебинин эмгекке үйрөтүү мугалими Күлүпа Мамбетова жана башка калемгерлер менен биргеликте бир топ сабактарга катыштым. Алган таасирлерибиз, албетте, жакшы. Мектептин физика мугалими Капарова Айгүлдүн ачык сабагы да башкалардан уюштуруу формасы жагынан өзгөчөлөндү. Мугалим радиоактивдүүлүктүн пайда, зыянын сот-сабагы аркылуу окуучулардын аӊ-сезимине апачык жеткире алды. Эми мен, өзүм башталгыч класстардын мугалими болгондон кийин, кесиптешим Тыналиева Атыркүлдүн 3-класста өткөн «Топулуу торгой» аттуу сабак-жомогу тууралуу ой бөлүшө кетпесем болбойт. Сабак чынында кызыктуу болду. Сабакта дидактикалык материалдар, көрсөтмө куралдар арбын колдонулду. Балдардын сүйлөө кеби да так. Алар тексттин мазмуну боюнча суроолорго шар жооп таап, жомокту ролдоштуруп аткарып беришти. Ал гана эмес тексттеги каармандардын жаӊылыштыктарын жүрөгү менен туюп, өз ойлорун тартынбай ортого салып, «Топулуу торгой» деген темага кластер түзүштү. Мунун баары эжейдин күнүмкү тынымсыз аракетинин акыбети деп ойлойм.

Кенжегүл БЕКТЕМИРОВА, Нарын облусунун Нарын районундагы Актан Тыныбек атындагы орто мектебинин соцпедагогу, Билим берүүнүн мыктысы, «Кутбилим-Сабактын» калемгери:

Мен мектептин соцпедагогу Смайылова Кундуздун (паспорттогу аты-жөнү ушундай) «Зомбулуктан кантип сактанабыз?» деген аталыштагы тегерек столуна жогорку баа берер элем. Сабак баштан –аяк интерактивдүү ыкмада жүрдү. Жогорку класстардын окуучулары мектепте кезиккен зомбулуктун бардык көрүнүштөрүнө, алардын кесепеттерине ачык-айкын баа беришти. Мында мугалим ролдук оюндарды, сахналаштырууну туура тандаган. Ар бир терс кырдаалдан кийин окуучуларга «Сен зомбулукка кабылсаӊ эмне кылар элеӊ?», «Жашы улуу балдар сенден акча талап кылды беле?» деген сыяктуу суроолор берилип турду. Балдар да коюлган суроолорго ачык жоопторду издеп, жасалмалуулуктан алыс болушту. Сабактын дагы бир баалуу жагы – жандуу талкууга ата-энелердин чакырылганы. Бул сөзсүз колго аларлык саамалык. Анткени мектептеги зомбулукту жалгыз агай-эжейлердин аракети менен жеӊе албайбыз. Жалпы коомчулуктун, анын ичинде ата-энелердин да колдоосу ашкере зарыл деп эсептейм.

А.АЛИБЕКОВ, «Кутбилим» (Бишкек – Түп – Жети-Өгүз – Бишкек)

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*