СОГУШТУН ТАГЫ, ЖЕМИШТИН ДААМЫ

Атамдын согушта өткөргөн күндөрүн айтканы али эсимде. Бирок алардын жүрөгү менен өткөн согуштун, менин кулагым менен өткөн согуштун айырмасы асман менен жердей болсо керек. Бул сүрөттө атам олтургандардын оӊ жагында биринчиси.

Атамдын туулган жылы болжол менен 1917-жыл. Атамдын айтуусунда, Жумгалда аскерге чакырылган жигиттер ат үстүндө кылыч чаап машыгышкан. Ошол машыгууда атам дайым ат кулагы менен ойноп, алдыда болчу.

Ал чындык! Анткени биздин бала чагыбызда атабыз башкарма, парторгтун аттарын багып колхоздун, арабасын айдачу. Колуна келген ат бир айга жетпей куйрук жалы төгүлүп, жүндөрү   жылтылдап,   күлүгү, жоргосу чыга келчү. Өзү Жумгалда белгилүү улакчы болуп жүрдү.

Атам айтар эле “мына бүгүн, эртеӊ үйгө кетебиз” деп турганда согуш чыкты деп. Атам дагы элине, жерине, ата-энесине, бир туугандарына жетем деген тилеги, көкүрөгү толо сагынычы менен согушка кирет. Адам өзү чыдамдуу. Башка салса көтөрбөскө айла жок да. Атам согуштагы көрүнүштөрдү, окуяларды жылы, айы ал тургай күнү, сааты менен айтар эле. Ошону кагазга түшүрбөгөн балалыгыбыз тура.

Атам үчүн 9-Май майрамы өзгөчө болчу. Өтүгүнө эзели чаӊ жукпай турчу, ошого карабай 9-Майда өтүгүн башкача жалтылдатып, өтүк ичиндеги чулгоону, бутунун башына куурчакка жоолук   салгандай   тыкыйтып орочу. Таза жуунуп, сакал-мурутун таза алып, парадка чыкчудай турар эле. Бирок эл алдында жеӊиштин майрамын тозо алган жок. Анткени ошол учурда атамды «акыркы огуӊду өзүӊө жумшабайсыӊ» – деген жарлык менен күнөөлөшүп 10 жылга Сибирге түрмөгө кесишкен. Баш аягы 16-17 жыл дегенде элине кайткан. Белгисиз кеткен баласын энеси Сайра 16-17 жыл күткөн. Ошолордун баарын 9-Майдагы Жеӊиш күнү атамдын эсине салчу көрүнөт. Жаак эттери түйүлө, муруттары чыйрала түшүп, көздөрү тим эле канталап кетчү.

Атам эл алдына чыкпаса да, атамды тегеректеп ошол күнү үйүбүзгө айылдаштары, туугандары келчү. Атам кайрадан башынан өткөргөндөрүн айтып берчү. Ыйлабаган жан калчу эмес. Бардыгы көз жашын көлдөтө төгүшчү. Көрсө, ар бир адамдын боору бүтүн, башы соо эмес экен, кийин ойлосом. Аягында, атамдын башынын аман-эсен келишин олжо, үй-бүлө күтүп, балдарды көрдүӊ деп жакшы сөз менен аякташчу эле.

Айылдагылар атамды «немис Абдыракман» деп коюшчу. Атам узун бойлуу, чап жаак, көзү тереӊ, кырдач мурун, кара муруту бар эле. Бетинде узун туурасынан кеткен көк тактары бар болчу. Согуш атамдын жан дүйнөсүнө так салбастан, денесине да так салган.

– Шахтыда иштечүүбүз, шахта жарылып, эптеп аман калганбыз, бетимдеги тактар ошондон калган – деп калчу.

Кайкая басчу. Алыш беришке өтө так. Бош убакыт, көп сөз адамга душман деп калар эле. Биздин короо-жай башкача иреттүү, башкача таза болчу. Короодон чыккан акыр-чикирди кыр аштырып төгөр эле жарыктык.

Башын ийип, көр оокат үчүн бирөөнүн   астына   барганын көргөн жокмун.Жумгалда атам менен бирге болгон, атамды сактап калган Жумаалы Асанкулов жана Дыйкан айылынан Рахмат (аты ката болушу мүмкүн) деген адамдар концлагерде чогуу болушкан. Кийин чогуу качышкан. Жумаалы ата билимдүү, көсөм адам көрүнөт. Сайра апам өлгөндө, жаназага бир күн мурун келип, чоӊ апамдын сөөгүн бир түн кайтарган. Жумаалынын сөзүн угабыз деп, ошол түнү Сайра апамдын сөөгүн бүт айыл кайтарып чыккан. Балким, көпчүлүктүн көбү сөзгө кызыгып түн күзөтсө,

Жумаалы ата, эненин балага болгон сүйүүсүнө таазим кылган көрүнөт. Баласынан да ашып жүк көтөргөн энеге башын ийген. Бул адамдар эч качан унутулбаш керек. Ал учурдагы саясат, бүгүнкү күндө туура эместиги акыйкатталып жатат.

Бүгүнкү Жеӊиштин жетимиш жылдык майрамында көзү өтүп кеткен атам да согуштун ветерандары, ардагерлери сыяктуу урмат-сыйга татыктуу.

Сонунбүбү КАЛМАТОВА,

Бишкекшаарындагы №89 мектептинадепмугалими

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*