ЖАШ ДАРЫГЕРЛЕР ИШСИЗ КАЛБАЙТ

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык факультетинин бардык бүтүрүүчүлөрү иш менен камсыз болушат. Бул тууралуу окуу жайда өткөн Жалал-Абад областтык Саламаттык сактоо кеӊешинин жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина факультетинин Окумуштуулар кеӊешинин жыйынында Областтык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору М. Миянов билдирди.

ЖАМУнун медициналык факультети беш жыл мурун түзүлүп, аймактын калкынын саламаттыгын сактоо үчүн зарыл болгон адистерди даярдоодо. Учурда окуу жайда жалпы 495 студент билим алып жатса, анын он бири быйыл окуусун аяктайт.

–  Негизинен  Жалал-Абад облусунда жалпы 137 дарыгер жетишпейт.  Окуу  жай  алгачкы дарыгерлерди туурунан учуруп жатканы биз үчүн абдан кубанычтуу болууда. Себеби буюрса, жетишпеген дарыгерлердин орду ушул окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү менен толукталат. Мен өзүм бардык жаш адистерди жумуш орду менен камсыздоого убадамды берем, – дейт М.Миянов

Факультеттин  ачылганына аз убакыт болгондугуна карабастан, окуу жай жетекчилиги студенттерге  сапаттуу  билим берүү үчүн бардык күч-аракетин жумшап келет. Окуу жайда алты: биохимиялык, биоорганикалык, гистология, анатомия, аналитикалык-химия жана клиникалык лаборатория иштеп, студенттердин теориялык алган билимин практика менен айкалыштырышына чоӊ салымын кошуп келет. Студенттер 1-курсунан баштап эле окуу-өндүрүштүк практикага чыгып, Жалал-Абад областтык, райондук ооруканаларда, келишимдин негизинде Ош областтар аралык клиникалык ооруканасында жана шаардык ооруканаларда билимин практика жүзүндө көрүп келишет.

Профессордук-окутуучулук курамдын сапаты дагы талапка жооп берет. Факультетте 21 илимдин доктору, 36 илимдин кандидаты иштесе, төрт КР Билим берүүсүнө жана  башка  тармактарга  эмгек сиӊирген кызматкер, сегиз профессор,  17  доцент  эмгектенет. Хирургиялык дисциплиналар кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Эшмуратов Абдырахман хирург катары 44 жылдык жана 19 жылдык педагогикалык стажы бар алдыӊкы окутуучу  катары  студенттерге жогорку деӊгээлде сабак берет. Окуу жайда айына эки жолу жыйын өткөрүлүп, анда студенттердин ар биринин жетишкендиктери, проблемалары каралып, студенттердин ар бирин жеке окутканга аракет кылышат. Себеби бир тайпада ондон ашпаган гана студент бар.

Студенттердин  илимий изилдөө  иштерине  керектүү шарттар түзүлгөн жана аларга ар тараптуу жардам көрсөтүлөт. Ошондой эле эл аралык, республикалык, аймактык конкурстарга, конференцияларга, семинарларга катышып турушат. Жакында эле фармация адистиги боюнча студенттердин ЖОЖдор аралык олимпиадасында Г.Топчубаева изилдөө ишиндеги жетишкендиктери үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясына татыктуу болду.

ОшМУнун медицина факультети сапатка басым жаса

Ош  мамлекеттик  университетинде дагы дарылоо иши, педиатрия, стоматология, медициналык-профилактикалык иши жана  фармация  адистиктери боюнча адистер 1992-жылдан бери даярдалып келет. Факультет жеткиликтүү деӊгээлде окуу жана клиникалык базалар менен камсыздалган. Бул окуу жайда 3749 студент билим алат. Аларга 17 илимдин доктору, 72 илимдин  кандидаты  билим  берсе, алардын арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген дарыгерлери – Т.Шайназаров, Ж.Жеенбаев,  З.Нуруева, М.Арстанбеков, И.Сулайманова,

Саламаттыкты сактоонун мыктылары, орден жана медалдардын ээлери бар. Алар жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн (КММА (Бишкек),  КОСУ  (Бишкек),  КР УИА, Анжиян мамлекеттик медициналык институту (Өзбекстан), Асфендияров атындагы КазММУ (Алматы), КазММА (Астана), Сеченов атындагы ММА (Россия), Краснодар медицина институту (Россия),  Нью-Йорк  Илимдер академиясы  (АКШ),  Жорджия штатынын университети (АКШ), Ктен штатынын университети (АКШ), Анкара жана Эрджиес университеттери (Түркия)) сыяктуу алдыӊкы ЖОЖдор менен тыгыз кызматташып, иштеп келишет.

Кафедраларда мультимедия-лык проекторлор, телевизорлор, кодоскотор, слайдоскоптор, LCD проекторлор, CD дисктер, меди-цина таразалары, микроскоптор, микротомдор, центрифугалар, видеокамералар жана видеомагнитофондор кеӊири колдонулат. Мындан сырткары медицина факультетинин 1-кабатында 100000 окуу китеби жана медициналык адабияттар жайгашкан китепкана, 2-кабатында 200 орундуу окуу залы жана 50 орундуу электрондук китепкана курулуп ишке берилди

Билим гана бербестен калктын саламаттыгына кам көрөт

Окуу жай аймактагы калктын саламаттыгын алдын алуу максатында ички каражатынан төрт кабаттуу клиника куруп, ишке киргизди. Европалык типте курулган бул клиника бир мезгилде  250  оорулууну  кабыл алып, дарылоого ылайыкташкан неврология, кардиология, эндокринология, жалпы терапия, дарт аныктоо жана кеӊеш берүүчү беш бөлүмдөн турат.

Ошондой эле физиологиялык кабинет, физиологиялык дарылоо, ультра үн менен изилдөө аппараттары, лабораториялар, 250 орундуу конференц зал, лекциялык залдар, ашкана да орун алган. Клиниканын жарыктандыруулары күндөн энергия алуучу каражаттар менен камсыздандырылып, көмүр менен жылытылат. Бул клиниканын курулушу менен окумуштуу-окутуучулар өздөрүнүн  илимий  тыянактарын, жаӊы тажрыйбаларын иш жүзүндө көрүүгө, студенттер, аспиранттар,  ординаторлор үчүн  практикалык  тажрыйба топтоого толук шарт түзүлдү.

Ушундай  эле  европалык стилде салынган Стоматологиялык клиника дагы студенттер үчүн теориялык алган билимин практика менен айкалыштырууда чоӊ көмөкчү болууда. Клиникада 200 орунга ылайыкташкан чоӊ лекциялык зал, 80 орунга ылайыкташкан  кичине  лекциялык зал, конференц залдар менен биргеликте бир хирургиялык, үч тиш дарылоо, бир рентген, бир залалсыздандыруучу каналарда алты бор машина жайгашкан.

Бул клиника бир учурда алты оорулууну  кабыл  алуу  менен тиш дарылоо багытында кызмат көрсөтүүдө.

Студенттер практикасын чет мамлекеттерде өтүшөт

Студенттерге чет мамлекеттерден практика өтүп келүүгө дагы жакшы шарттар түзүлгөн. Жакында эле факультеттин он төрт студенти жана эки окутуучусу  Германиянын   Мюнхен шаарындагы Людвиг Максимилиан, Киль шаарындагы Кристиан Альберхт жана Йена шаарларындагы Фридрих Шиллер университетинин медицина факультеттеринде, клиникаларында тажрыйба топтоп келишти. Германияга практикага барган студенттердин бири Кочкоров Медетбек Германия медицинасы чоӊ таасир калтыргандыгын жана алардын дарылоо ыкмалары өзгөчө экендигин, техникалык аппараттар да өнүккөндүгүн айтат.

– Биз мындан кийинки практиканы да Германиянын клиникаларында өтөөгө уруксат алып келдик. Биз барган клиникаларда кыргыз дарыгерлери да эмгектенип жаткандыгын көрүп толкунданып, бир чети сыймыктандык.

Алар бизге немис тилин жакшы өздөштүрүп, жакшы билим алса Германияда ординатураны окуса болоорун айтышты. Биз өзгөчө операцияларга катышып, “Давинчи” аппараты менен иштеп көрдүк. Бул аппарат роботтун жардамында урологиялык операциялар  жасалат  экен.  Чет өлкөдө  практика  өтөө  менде алдыга умтулууну, кызыгууну, жаӊы максаттарды пайда кылды. Келечекте Кыргызстандын медицинасын өнүктүрсөм деген тилегим чоӊ”, – дейт Кочкоров Медетбек. Факультеттин  студенттери буга чейин Германия мамлекетинин борбору Берлинде жайгашкан байыркы Шарите клиникасында болуп, тажрыйба алмашып келишкен. Бүгүнкү күндө Германияда медицина факультетинин 16 бүтүрүүчүсү аспирантурада окуп, эмгектенишүүдө. Факультетте немис тилиндеги эксперименталдык тайпалар ачылып, немис тили окутулуп, студенттердин ар тараптуу заман талабына ылайык билим алуусуна, чет  өлкөлөрдөн  практикадан, ординатурадан өтүп келүүсүнө шарт түзүлүүдө. DAAD Германиялык академиялык алмашуу кызматынын программасы аркылуу факультетте борбор ачуу пландаштырылууда.

Чолпон КИЙИЗБАЕВА, “Кутбилим”

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*