АГАРТУУ ЖУРТУНУН ЗАЛКАРЫ ЖЕ 13 ЖЫЛ БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРИ БОЛГОН КЫРГЫЗ ЭЛ МУГАЛИМИ МУКАШ БАЗАРКУЛОВДУН БЕЙНЕСИНЕ СҮРТҮМДӨР

Кыргыз Эл мугалими Мукаш БАЗАРКУЛОВ 80 жашта

Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал инсан Мукаш Базаркулов жөнүндө кеп кылыш кандай  сыймыктуу.  Агайдын өмүрү өзүнчө эле бир легендага айланган десек аша чапкандык болбос. Биз бул макалада агайдын өмүр жолунун урунттуу жагдайларына гана токтолдук. Калган сөздү кезегинде бирге иштешкендери далай айтаар, жазаар дедик. Артка кылчайып карасак, Мукаш агай 1935-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы «Саз» колхозунда туулган. Дөрбөлжүн айы-лындагы Сталин атындагы орто мектепти  бүтүрүп,  1953-жылы Нарын  шаарындагы  мугалим-дердин эки жылдык институтуна кирип, аны 1955-жылы бүтүргөн. 1955-1957-жылдары  Ак-Талаа районундагы  «Жаӊы-Тилек», «Саз» жети жылдык мектептеринде мугалим болуп иштеген. 1957-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине өтүп, аны 1962-жылы бүтүргөн.

Агайдын ишмердүүлүгүнө кылчайсак, 1974-жылы КПСС Борбордук Комитетинин Алма-Ата шаарындагы Жогорку партиялык мектебин сырттан окуп бүтүргөн. 1962-жылдан 1965-жылга чейин Ак-Талаа районундагы 1-Май орто мектебинде мугалим, райондук элге  билим  берүү  бөлүмүнүн инспектору жана башчысы болуп эмгектенген. 1965-жылдан 1968-жылга чейин Ак-Талаа райондук партия комитетинин уюм-даштыруу бөлүмүнүн башчысы болгон. 1968-1970-жылдары Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин инспектору болуп иштеген. 1971-1979-жылдары  Талас  райондук  партия комитетинин биринчи секретары болуп эмгектенген. 1979-жылдан 1991-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү министри болгон.

М.Базаркулов он үч жыл бою республиканын Билим  берүү министрлигин жетектеп, мектеп окуучуларына билим берүүнүн мазмунун өркүндөтүү, алдыӊкы педагогикалык  ой-пикирлерди, алдыӊкы тажрыйбаларды жайылтуу, мектептерди мугалим кадрлар менен камсыз кылуу жана окуу жайларынын окуу-материалдык базаларын жакшыртуу боюнча пландуу түрдө иш жүргүзгөн.

1984-жылы  ССР  Союзун-дагы  новатор-педагогдор И.Шаталиндин,  В.Ильиндин, С.Гузикдин, А.Амонашвилинин иш-тажрыйбалары боюнча басмадан чыккан «Педагогические поиски» деген китеп кыргыз тилине которулуп, бардык мектептерге таратылган. Жыл сайын райондордо, шаарларда чыгармачылык менен иштеген мугалимдердин слету  өткөрүлүп,  жыйынтыгы жеӊүүчүлөрдүн республикалык слетунда чыгарылып турган.

1986-жылы М.Базаркуловдун жооптуу редакторлугу менен Мо сквадагы СССР Педагогика илимдер академиясынын «Педагогика» басмаканасынан «Антология педагогической мысли в Киргизской ССР» китеп болуп басылып чык-кан. Оригиналдуу окуу китептеринин сапатын жакшыртууга көп көӊүл бурулган. Кыргыз тилинде окуган  мектептер  үчүн  кыргыз тили, кыргыз адабияты, чет тили, музыка боюнча окуу китептери конкурстук негизде чыгарылган. Республика боюнча 70 пайыздан ашык мектептин спорттук залы жок болгондуктан бардык мектептердин спорт аянтчалары-на металлдан жасалган спорттук жабдуулар коюлган. Республика боюнча мектептердин 45 пайызы «Корвет» компьютери менен камсыз кылынган.

Мугалимдердин, мектеп окуу-чуларынын кызыкчылыгын коргоо боюнча иштер тынымсыз аткарылып турган. Мектеп директорлорун, мектеп-интернаттардын директорлорун дайындоо жана аларды иштен бошотуу министрлик аркылуу гана жүргүзүлгөн, алар министрликтин номенклатурасына алынган. Мугалимдерди жайкы дем алуу учурунда, окуучуларды окуп жаткан мезгилде башка чарбалык жумуштарга пайдаланууну чектөө боюнча атайын республиканын Министрлер Советинин токтому кабыл алынган. 1990-жылы мугалимдердин 74 пайызы  жогорку  билимдүүлөр болгон. Бала бакчалардын тарбиячыларынын 22 пайызы жогорку билимдүүлөр, 62 пайызы атайын орто билимдүүлөр болушкан.

Кыргыз мамлекеттик университети баш болгон 13 жогорку окуу жайынын алтоо педагогикалык кадрларды даярдашкан. Фрунзе шаарында кыргыз мектептерин, кыргызча бала бакчаларды куруу иши башталган.

М.Базаркулов  1989-жылы “Мамлекеттик  тил  жөнүндөгү” мыйзамдын кабыл алынышына активдүү катышкан. Министрдин буйругу менен 1990-1991-окуу жылында орусча окуган мектептерде кыргыз тилин окутуу киргизилген.

Жогорку  жана  атайын  орто билим  берүүгө  айрыкча  көӊүл бурулган. 1990-жылы республикадагы эл чарбасында иштеген миӊ адамга эсептегенде жогорку жана атайын орто билими бар 350 адис туура келген, анын ичинен 163 адам жогорку билимдүүлөр болгон. Өкмөттүн токтомуна ылайык 1985-жылы 11 жылдык окууга өтүү толук аяктады. 1990-жылы 8-классты бүтүргөндөрдүн 97 пайызы толук орто билим алууга жетишти.

М.Базаркулов министр болуп иштеген 1979-1991-жылдары республика боюнча 448 миӊ орундук 552 мектеп, 64 миӊ орундук 379 бала бакча курулган. Ата-энесиз жетим  калган  балдар  үчүн  17 мектеп-интернаты курулуп, пайдаланууга берилген. 1984-жылы Союзда  биринчилерден  болуп Фрунзеде  балдарды  аскердик жогорку окуу жайларына өтүүгө даярдай турган 650 орундук атайын мектеп-интернаты ачылган.

Жогорку Кеӊештин депутаты жана Конституциялык комиссиянын мүчөсү катары 1993-жылы Кыргыз  Республикасынын  биринчи Конституциясынын кабыл алынышына активдүү катышкан.

Мамлекетке, элге жасаган ак эмгеги үчүн бир катар өкмөттүк сыйлыктарды  алган,  Кыргыз ССРинин Жогорку Советине депутат болуп шайланган. СССР Жогорку Советинин Президиумунун Указдары менен 1973-жылы «Эмгек Кызыл Туу» ордени менен, 1977-жылы «Октябрь революциясы» ордени менен, 1981-жылы «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган. 1967-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун грамотасы, 1985-жылы Ардак грамотасы менен сыйланган. Кыргыз ССР Жогорку Совети-нин IX, X, XI, XII чакырылышынын (1975-жылдан 1995-жылга чей-ин 20 жыл бою) депутаты болуп шайланып  келген.  Кыргызстан Компартиясынын XVI, XVII, XVIII, XIX съездеринде Борбордук Комитеттин мүчөсү болуп шайланган (1975-1991-жылдар). 1994-жылы Кыргыз Республи-касынын Президентинин Указы менен Кыргыз Республикасынын

Эмгек  сиӊирген  мугалими  деген ардактуу наам ыйгарылган. 2005-жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен Кыргыз Республикасынын Эл мугалими деген ардактуу наам берилген. 2000-жылы  Кыргыз  Республикасынын Президентинин Указы менен  «Даӊк»  медалы  менен сыйланган.

М.Базаркулов эгемендүүлүк жылдарында  да  тынбай  билим берүү тармагында иштеди. Атап  айтканда,  1992-жылдан 2006-жылга чейин Чүй облустук билим берүү башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенген.

Областта  жаӊы  типтеги  49 мектеп иштейт. 31 мектепте айрым предметтер окуучулардын каалоосу боюнча тереӊдетилип окутулат. Жети гимназияда, 11 лицейде таланттуу балдар окушат. Токмок шаарындагы №11 мектеп-лицейинде, Кант шаарчасындагы №5 орто мектебинде, Сокулук районундагы агрардык профилдеги Фрунзе мектеп-лицейинде окуучулар жалпы орто билим алуу менен жогорку класстардын окуучулары, ар кандай кесиптик билим алып чыгышат. Областта билим берүүгө көмөк берген  алты  райондук  фонду, 151 мектепте мектептик фонду түзүлгөн. Областтагы мектептердин 85 пайызы компьютер менен камсыз кылынган. 1992-2005-жылдары 13 миӊ орундук 47 мектеп курулган. Өз мезгилинде мектептин китепканасынан окуу китебин алып окугандыгы үчүн ижара акы төлөө, мектеп парламентин уюштуруу  боюнча  демилгелер Токмок шаарынын, Жайыл, Сокулук райондорунун мугалимдери тарабынан көтөрүлгөн. Көрүнүп тургандай, Мукаш агай Чүй облусундагы мектептердин сапаттуу билим алышына өзүнүн чоӊ салымын кошо алды. Агайдын жасаган иши, өмүрү агартуу тармагындагыларга ушул күнгө чейин үлгү катары көрсөтүлүп, айткан-дегени аӊыз кеп болуп, билим рухун бий-иктетип келе жатат.

Мукаш Базаркулов азыр да Эл мугалими катары билим берүү системасынын иштерине дайы-ма катышып турат. Акыйкатта, Кыргыз  Республикасынын  би-лим тармагынын өнүгүшүн агайдын ысымысыз эскерүү мүмкүн эмес.  Себеби  бул  тармактын тагдырлашы болуп, даӊкын да, азабын да, жеӊишин да бирге көтөрө билген Мукаш агай билимдин  бийик  аскасына  дале озунуп чыгып, кеӊешин айтып келе  жатат.  Арыбаӊыз  Мукаш агай! Алдыдагы 80 жашыӊыз кут болсун демекчибиз.

М.ТОКТОРОВ, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*