ЭКИ УНИВЕРСИТЕТ ДОСТУГУ

Ушул жылдын биринчи апрелинен алтысына чейин Ош мамлекеттик университетинин структураларынын жетекчилеринен түзүлгөн делегация Кытайдын Үрүмчү шаарындагы Синьцзян мамлекеттик педагогикалык университетинде болуп, тажрыйба алмашып келишти.

Делегациянын ар бир мүчөсү өзүбүзгө тиешелүү структуралар менен тажрыйба алмаштык

Атайын жолугушуудан кийин барган делегациянын ар бири өзүнүн кызматына тиешелүү структуралардын жетекчилери менен таанышып, иш кагаздарын карап чыгышты. Мен да алардын катарында өзүмдүн жумушума тиешелүү болгон Синьцзян педагогикалык университетинин кадрларды башкаруу боюнча бөлүмдүн башчысы, Орто Азия боюнча изилдөө институтунун директору, профессор Ма Фын Циань менен биргеликте окутуучу-профессорлорду башкаруу бөлүмүнүн гана иш кагаздарынын аткаруу эреже тартиби менен тааныша алдым. Бул бөлүмдө Салия Ильяс деген орун басары жана беш: окутуучу– кызматкерлер, окутуучу–профессордук курамдын дипломдорун, илимий эмгек, иш тажрыйбаларын баалоо, эмгек акыларды эсептөө, коомдук-социалдык камсыздоо, архив бөлүмүнүн башчылары бирден жардамчылары менен иш алып барышкандыгына күбө болдум.

Өзгөчө белгилей кетүүчү жагдай, жогорку окуу жайга, мектепке жумушка кирүүгө караганда магистратураны бүткөндөн кийин шаардык, областык деӊгээлдеги жумушка кирүү жеӊил экендиги байкалды. Анткени аларда бакалавр, магистратура, докторантураны бүткөндөн кийин гана сынактын негизинде жумушка кабыл алынат. Мисалы, химия окутуучусуна бир штаттык орунга алуу үчүн 100дөй конкурсант тийиштүү документтерди анализдөө, баалоо бөлүмүнө тапшырат. Ал жерден адистер боюнча түзүлгөн аӊгемелешүү комиссиясына эки документ сунуш кылынат. Экөөнүн бирөө гана аӊгемелешүүдөн кийин жумушка кабыл алынат. Аӊгемелешүүдөн өтпөй калган конкурсант резервге белгиленип, кийинки конкурска катыша алат. Жыйынтыктап айтканда, коррупциялык жолго бөгөт коюлган.
Экинчи бир белгилей турган жагдай, окутуучу сабак өткөн аудиторияларда окутуучу үчүн стол орнотулган, ал эми стул коюлбагандыгын байкадым. Видео көзөмөл, электрондук синхрондук доскалар ар бир аудиторияда орнотулган, заманбап техникалык жабдуулар менен жабдылган.

 Кытайдагы кыргыздардын улуттун тилин унутпай баалап-барктаганын көрүп сыймыктандык

Делегация мүчөлөрү Синьцзян мамлекеттик университетиндеги Манас изилдөө борборунун директору Мамбеттурду Мамбетакун менен жолугушуп, изилдөө борборунун максаты, келечеги, өнүгүүсү боюнча пикир алышып, жасаган эмгектерин көрүп, бир эле адам, жардамчысы менен алгылыктуу иш жасап жаткандыгына күбө болдук. Ал учурда изилдөө иштерин кытай тилине которуу менен шугулданып жатканын белгиледи.

Кытайдагы кыргыз туугандарыбыз менен достошуп, бир дасторкондон даам татып дегендей, өзүбүздүн каада-салтыбыз, көйгөйлөрүбүз, ийгиликтер, жетишкендиктер тууралуу түрдүү багытта баарлаштык. Бөтөн жерде улуттун тилин унутпай, бир туугандай болуп “Бир жакадан баш, бир жеӊден кол чыгарып” биримдикте, урмат-сый үстүндө эмгектенип жатканына сыймыктандым.

Конфуций институту – эки окуу жайдын көпүрөсү

Юридика факультетинин аудиториялары менен таанышып жүрүп, орус тил сабагына катышып калдык. Чыгып келе жатсак “Эже саламатсызбы?” деп кыргызча саламдашууну укканда толкунданып, делегациянын мүчөлөрүнөн калып, таанышып, магистратурада окуп жаткан кызыл-суулук үч кыргыз кызы менен аӊгемелешүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Алардын бирөө Жылдыз мага котормочу болуп жүрдү.

Бүгүнкү күндө студенттер менен магистрлер үчүн эки окуу жайдын бири-бирине байланышы иш жүзүндө практикаланууда. Эки окуу жайды байланыштырып турган Конфуций институту учурдун талабына ылайык туура тандалып алынганын белгилөөгө болот. Биздин делегация ошол эле күнү Кыргызстандан, анын ичинен Ош мамлекетик университетинен барган студент, магистрлер менен жолугушуп, чечиле турган көйгөйлөр, келечек пландар жана алардын таасирленүүсү боюнча ой бөлүштүк.
Демек, биздин студенттер кытай тилин гана үйрөнбөстөн, заманбап техникалык каражаттарды эркин колдонууга, түрдүү кыргыз, кытай музыкалык аспаптарда ойноону үйрөнүшүп, маданий, руханий жактан билим, тарбия алып келишет деген ойдомун. Ошол эле учурда спорттун түрлөрүн үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Башка чөйрөдө, өзүӊ эмгектенип жаткан окуу жай жана ошол окуу жайдын жетекчиси жөнүндө жылуу сөз укканда толкундануу пайда болот экен. Жакшы ой-тилек, каалоолорун айтып жаткан Синьцян мамлекеттик педагогикалык университеттин жетекчилерине ичимен ыраазы болдум.

Синьцзян мамлекеттик университетинин 167 гектарды ээлеген “Кампусу” менен таанышып, ошондой ийгиликти багындырган жамаатка ичим жылып кайттым. “Кампусу” өзүнчө эле шаар сыяктуу көрүндү, анда бардык шарттар түзүлгөндүгү көргөн адамды кубандырбай койбойт.
Бүгүнкү күндө техникалык жабдуулар толук орнотулуп, аны көзөмөлдөө борбору ишке кирип, китепканасы жана гуманитардык адистер көчүп барышып, жаӊы жабдуулар менен сабак өтүп жатканына күбө болдук. Китепкана электрондук системада түзүлгөн, студенттер окуу китептерди электрондук карточка менен алып окууга шарттар бар.

Үнөмдүү жашоо сырларын кытай элинен үйрөнүүгө болот

Кесиптештер менен социалдык маселелер боюнча баарлашууга мүмкүнчүлүктөр болгондо, экиден ашык балалуу болбоону жана ар бир ата-эне өзүнчө, балдары өз үй-бүлөсүн багууга өздөрү эмгектенерин байкадык. Ошондой эле өзгөчө белгилей турган жагдай, конок күткөндө эки саат гана сый көрсөтүүгө убакыт бөлүнүп, кыска-нуска сүйлөгөндүгүн баса белгилегим келди. Мен алардан конок күтүүнүн эреже тартибинде ашыкча убакыт кетпей үнөмдүү жашоо жагын бааладым.

Биздин иш сапар ар бирибизди жакшы демилге, алгылыктуу ойлор, өнүгүүгө умтулууну жараткандыгы менен баалуу болду. Анткени ар бирибизде эмгекке болгон шыктануу пайда болуп, баалуу таасирлер ой-чабытыбызды чулгап алды. Биз сыймыктанып эмгектенип жаткан куттуу окуу жайыбыз Ош мамлекеттик университетинде да келечекте мындан да алгылыктуу өнүгүүлөр, жаӊылануулар жаралып, Кыргызстандын келечеги үчүн жан үрөп, ийгиликтердин туу чокусун багындырган жаштардын тобу арбын болооруна ишеним чоё. “Туулган жердин топурагы алтын” дегендей, биздин жерибиз кенен, абабыз таза, шаркырап аккан суубуз мол, улуттук көрөӊгөбүз өзгөчө деп айта аламын. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып бизге жолугушууга мүмкүнчүлүк түзүүгө көмөк көрсөткөн эки окуу жайдын жетекчилерине ыраазычылык билдиребиз.

Г.Турдубаева, ОшМУнун кадрлар башкармалыгынын башчысы, п.и.к., профессор

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*