КЫРГЫЗ ЖООКЕРДИН АТАСЫ ФАШИСТТЕРДЕН КАНТИП ӨЧ АЛДЫ?

Улуу Ата мекендик согуштагы маанилүү кырдаалды таасын чагылдырган «Солдаттын атасы» көркөм фильминде согушта жүргөн уулун издеп, далай окуяларды башынан өткөргөн Махарашвили бүгүнкү күнгө чейин даңазаланып жүрөт.

Мындай таза сезимдер, улуу патриоттуулук грузиндерде эле эмес Ата мекенин, кара чечекей балдары үчүн эчтекеден кайра тартпаган эр жүрөктүүлүк ошол кездеги совет элинин баардыгында болгон. Андай каармандыкты ошол кездеги искусство адамдары чогултуп туруп Макарашвили менен жыйынтыктаган. Буга окшогон окуялар ошол «каар жылдарда» кыргыздардын арасында дагы болгон. Ошондой бир көз ирмемди сиздерге кыскача баяндап өтөйүн.

Ат-Башы районунун ал кездеги Кара-Булуң айылынын тургуну, мергенчи Алтыбайдын Ысагынын өзүнүн уулу Темиралы, асырап алган эки агасынын эки уулу Турдаалы менен Кысыр согушка кетет. Андан дагы өкүнүчтүүсү Темиралы 16 жашында согушка жөнөйт. Себеби ал комсомолго өтөм деп жашын өйдөлөтүп алып, ошол бойдон согушка 18деги комсомолец катары армияга алынат.

Кысыр жарадар болуп келип үйдөн каза болот. Турдаалы фашисттердин кылмергендеринин (снайпер) огунан о дүйнөгө кетет. Аны кийин жанындагы кошо согушуп жүргөндөр айтып келишиптир. Темиралысы «мен артиллериядамын» деп кат жазып турат. Ал Балтика боюнун токойлорунан жалпы армия менен кошо улам артка чегинип отуруп, кийин кайсы жер экени белгисиз, ошол бойдон дайынсыз калат. Кийин кат да келбейт.

Үч кырчындай уулунан ажырап Ысак атанын  чачы  бир  күндө  агарып  кеткен экен. Караңызчы, кайгынын күчүн. Ошол балдарды кымындайынан багып чоңойткон, эмчектеш кылган Батма апа күйүткө чыдабай акыл-эсинен ажыраганга чейин барып, акыры күйүттөн эки буту тең баспай калыптыр.

Балдарынан да ажырап, кемпири экөө тең карандай кайгыда калып турганда өчөшкөнсүп Советтик Армия чегинип келатат деген гана кабарлар угулуп турат. Акыры фронт Сталинграддын алдына келди деген суук кабар тарайт. Ысак ак-сакал райвоенкоматка барып фронтко жөнөтүүсүн суранат. Бирок 65 жаштагы абышканы армияга албайбыз деген жооп угат. Бирок күйүттүү ата балдары үчүн фашисттерден кандай да болсо өч алууну көксөйт. Анын оюна булар жибербесе фашисттерден жашыруун барып деле өч алса болот деген түшүнүк пайда болот. Үч уулу үчүн Сталинграддын жанынан эч болбосо үч фашистти жоготкусу келет.

Оорукчан кемпирин чийнеге салып Чар менен Кызыл-Белди ашып, Нарын шаарындагы врач Майлышевге алып келет. Тилекке каршы, аны дагы бир жума мурда алып кеткен экен. Айласыздан кемпирин молдого окутуп эсине келтиртет. Шишип кеткендиктен баспай калган бутунан табыпка кан алдырып бир бутун бастыртат. Экинчи бутунун тарамышын жара кесип алып ал буту өмүр бою чолок болуп, эки балдак менен басып калды.

Ызасы башынан ашкан ата мерген-дерче кийинип, ак бараң мылтыгын асынып чалыш торусун моюндап түн катып, ашып, суу кечип жүрүп Кыргызстандын чегинен чыгат. Казактын талаасы менен кан күйгөн батышка, болгондо да Сталинградды беттеп жөнөйт. Фронтко жөнөтпөй койгондор кармап албасын деп түнү жол жүрүп, күндүзү атын оттотуп жашыруун жол улайт. Ушул темир жол алып барат деп темир жолду боолголоп кете берет. Күндөрдүн бириндеги таңга маалда кайсы бир станциянын жанына жакын барып калат. Ал жердегилер ак бараң асынган «шектүү адамды» кармашат. Катаал суракка алышат.

Ошентип, атанын жайын уккан соң «эгер кайра кетпей турган болсоң, согуштук тартипти бузган киши катары атылаарын эскертишип, катуу кайтаруунун алдында артка, өзүнүн айылына колдон-колго өткөрүп жеткиришет.

Ушинтип, кыргыз жоокеринин атасы балдарын таппай супсуну сууп кайра келет. Өчтү да ала албайт. Кийин тиешелүү адамдардын кеңеши менен балдарынын өчүн алыш үчүн өзүнүн жеке каражатынан бир танкага жеткидей акча тапшырган экен. Колунда бар киши эле. Ал каражат танк жасаганга кеттиби же сабатсыз Макарашвилидей болгон адамдын каражатын белгисиз бирөөлөр жок кылып койдубу, ким билет. Бирок Ысак ата ал каражатты балдары үчүн өч алууга бергенин дайыма эскерчү эле.

Ата 1972-жылы 84 жашында 6-май күнү каза болду. Ал дайыма 9-Майда балдарын эскерип, куран окуп калаар эле. Ушул жолку куран тагдыр экен өзүнө окулуп калды.

Мен ошол кан күйгөн Улуу Ата ме-кендик согуштун учурундагы үч бирдей баласынан ажыраган «жоокерлердин атасы» Алтыбаев Ысактын кийинки көргөн балдарынын биримин.

Согушта жок болгон агаларымдын, өмүр бою алардан үмүтүн үзбөгөн бой-дон жарык дүйнө менен кош айтышкан апам менен атамдын арбактары ыраазы болсун деп ушул эскерүү – маалыматты билдирип коюну туура көрдүм.

Шаршенбек АЛТЫБАЕВ,

академик Үсөн Асанов атындагы Нарын облустук лицей-интернат мектебинин мугалими, Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*