МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ МЕНЕДЖМЕНТИНДЕГИ ПРОБЛЕМАЛАР

Акыркы жылдарда Кыргызстандагы билим берүүнүн сапаты төмөндөп, деги эле билимдүүлүк феномени девальвацияланып бара жатканы тууралуу пикирлер арбын айтылып, коомчулукта кызуу талкуулар жүрүп жатат. Мунун себебин ар ким ар кандай түшүндүрөт жана мындай абалдан чыгуунун ар кандай жолдору сунушталып, бир далай концепциялар, стратегиялар, доктриналар, программалар, реформалар байма-бай ишке ашырылып келди. Бирок булардан жакшы майнап чыкпай, өлкөдөгү билим берүүнүн деӊгээли жакшыра албай жаткансыйт. Ошондуктан азыркы шартта билим берүү системасынын, анын ичинде мектептик билим берүү сегментинин проблемаларын тереӊ жана ар тараптан карап чыгып, ошого жараша аракет кылуу маселеси курч коюлуп жатат.

Ушул өӊүттөн алганда, Кыргызстандын жалпы орто билим берүү тармагынын жакшырып кетишине тоскоол болуп жаткан маанилүү факторлордун бири катары унутта калган мектептик билим берүүнүн менеджментин айтсак болот. Өзгөчө, билим берүү менеджментинин өтө маанилүү элементи болгон мектептик билим берүүнү пландаштыруу жана аны план ченемдүү ишке ашыруу маселелери жакшы болбой жатат. Советтик пландуу экономикадан жана тоталитардык саясий системадан баш тартып, либералдык-рыноктук экономика менен демократиялык саясий системага өткөндөн кийин эле менеджменттин негизин түзгөн пландаштыруу маселесин таптакыр танып салуу туура эмес экендиги эске алынбай калгандай. Мындай шартта субъективизм, экономикалык романтизм үстөмдүк кылып, Кыргызстандын мектептик билим берүү тармагы башаламандыкка алдырып ийген. Муну мектептик билим берүүнүн маанилүү маселелерин чечүүдө билим менеджментинин кандай иштеп, кандай натыйжа берип жатканынан көрүүгө болот.

МЕКТЕПТИК  БИЛИМ  БЕРҮҮНҮН  ЖАЛПЫ  МҮНӨЗДӨМӨСҮ

Советсоӊу жылдарында Кыргызстандын билим берүү системасынын мектепке чейинки билим берүү сегментине караганда жалпы орто билим берүү тармагы жакшы эле абалда сакталып келген. Ал гана эмес, бул тармактын мектептеринде сан жагынан өсүп-өнүгүүлөр жана алардын формалары боюнча айрым өзгөрүүлөр дагы болгон. Мисалы, эгер, Кыргызстандын советсоӊу доорунун башталышындагы 1991-1992-окуу жылында республикада 1796 орто мектеп болсо, 2014-2015-окуу жылында алардын саны 2205 болуп, 409 мектепке көбөйгөн. Мектептер менчик түрлөрү боюнча дагы өзгөрүп, алардын ичинен 269 мектеп мамлекеттик,  72  мектеп  мамлекеттик  эмес статуска ээ жана 1864 жалпы орто билим берүүчү окуу жайы муниципалдык менчикке тиешелүү болуп калган. Мектептердин саны менен кошо аларда билим алып жаткан окуучулардын абсолюттук саны арбып, азыркы учурда мамлекеттик жалпы орто билим берүүчү окуу жайларда бир миллион 24 миӊ окуучу билим алып жатат. Ал эми жеке менчиктеги мектептерде билим алган окуучулардын саны 19 миӊ баланы түзөт.

Реформалардын жүрүшүндө жалпы орто билим берүүчү мекемелердин статусу менен формалары дагы бир топ өзгөртүүлөргө дуушар болгон. Натыйжада кадимки мектептер менен катар азыркы Кыргызстанда онго жакын варианттагы альтернативалык-инновациялык мектептердин типтери пайда болгон. Алардын арасында 131 гимназия, 65 лицей жана 200дөн ашык профилдешкен мектептер иш алып барышууда. Булардын ичинен сапаттык жана билим берүү мазмуну жактарынан айырмаланган Эл аралык «Себат» билим берүү мекемесинин лицейлери өзгөчөлөнүп турат. Мамлекеттик эмес орто билим берүүчү жайлардын 70% түзгөн “Себаттын” 22 лицейинде жана ага караган “Silk Road” мектебинде 10 миӊге жакын бала билим алат. Булардын ичинен 100дөн ашык окуучу эл аралык ар кандай олимпиадалардын лауреаттары, республикалык мектептик олимпиадалардын жеӊүүчүлөрүнүн 46% дагы “Себаттын” окуучулары.

Бирок жогоруда белгилегендей, Кыргызстандын мектептеринин сан жагынан өсүшүндө кандайдыр бир динамика байкалганы менен, бул процесс канааттандыраарлык темпте жана тартипте жүргүзүлгөн эмес. Алсак, совет доорундагы жана советсоӊу мезгилиндеги мектептердин санынын өсүшү салыштырмалуу солгун болуп, өзгөчө алардын сапаттык көрсөткүчтөрү жакшы каралбай калган. Мисалы, совет доорунда Кыргызстандын мектеп окуучуларынын саны 114 эсе өскөнүнө карабастан, мектептердин саны 15 эсе гана көбөйгөн. Ал эми суверендүү Кыргызстандын  шартында  400дөн  ашык мектеп ачылса да, өлкө мектеп менен камсыз болуу жагынан мурдакы советтик республикалардын арасында акыркы орунда калган. Муну КМШ өлкөлөрүнүн мектептерине орто эсеп менен канчадан бала туура келе тургандыгынан эле байкоого болот. Алсак, Украинанын бир мектебинде орточо эсеп менен 215 окуучу билим алса, Россияда бул көрсөткүч 251 окуучуну түзөт, Белоруссияда – 259, Грузияда – 287, Тажикстанда – 306, Казакстанда – 324, Азербайжанда – 351, Арменияда – 384, Өзбекстанда – 414 болсо, Кыргызстандын бир мектебинде 476 окуучу билим алат. Бул көрсөткүчтөрдүн негизинде, жалпысынан Кыргызстанда мектептердин саны жетишсиз экендигин жана ушундан улам мектепте окуган балдардын саны көп болуп, окуучулардын бир мектептеги салыштырмалуу жыштыгы КМШнын башка өлкөлөрүнө караганда жогору экенин моюнга алууга туура келет. Кыргызстандагы мындай абалдан улам республиканын расмий бийлиги өткөн жылы өлкөдө кеминде эле дагы 150 мектепти чукул арада ачуу зарылчылыгын билдирген.

МЕКТЕПТЕРДИ АЧЫП, ЖАЙГАШТЫРУУ МАСЕЛЕЛЕРИ

Чындыгында,  Кыргызстанда  жаӊы мектептердин  ачылышына  муктаждык бар экендиги талашсыз нерсе. Бирок проблеманын көбү бул маселени чечүүдөгү системалуулуктун жана рационалдуулуктун жоктугунда болуп жатат. Ушундан улам, бул маселе советсоӊундагы Кыргызстанда экстенсивдик негизде каралып, маселени чечүүдө иррационалдуулук менен саясий конъюнктуралар үстөмдүк кылып келген.

Башкача айтканда, жаӊы мектептерди ачууда иштин сапатына эмес санына көбүрөөк көӊүл бурулуп, Кыргызстанда кеӊири кулач жайган “суверендүү” айылдардын пайда болуу “парадынын” шарданы менен жогорку даражалуу айрым мамлекеттик кызматкерлердин же бизнесмендердин курулай амбициясынын, кур намысынын жана популизминин айынан чакан айылдарда “суверендүү”, бирок, “жармач” мектептер башаламан ачыла берген. Алардын кийинки тагдыры мамлекет менен коомду анча деле тынчсыздандырган эместей. Бирок совет доорундагы 447 колхоз-совхоздордун ордуна азыркы Кыргызстанда 1884 айыл пайда болгонун эске алып, алардын баардыгын өз алдынча мектеп менен камсыз кылуу мүмкүн эмес экенин моюнга алуу керек. Камсыз кылган күндө дагы негизсиз жерден жана эч кандай шарты жок жай-ларда волюнтаристтик принцип менен эле ачыла берген мындай “жаӊы” мектептер ансыз дагы кыйын абалда иштеп жаткан

Кыргызстандын мектептик билим берүү системасына өзүлөрү менен кошо чиеленишкен жана оӊой менен чечилбей турган маселелердин комплексин жараткан. Мындай саясаттан улам кошумча пайда болуп келген маселелерди төмөнкүдөй топторго бөлүп кароого болот.

Биринчиден,  алар   каржылык  жана материалдык кошумча көйгөйлөрдү жараткан. Анткени:

а) “жаӊы” ачылган эски мектептердин көпчүлүгү айыл жерлеринде, шарты жок жана эски жайларга жайгашып, аларды мектеп сыягына ылайыкташтыруу үчүн көп каражат сарпталган. Ошентип, Кыргызстандын айыл жерлеринде жайгашкан мектептердин 74% ХХ кылымдын 40-50-жылдарында салынып, дээрлик керектен чыгып калган жайлар болгондуктан, ремонттук – коммуналдык чыгымдар көп талап кылынган. Буга карабастан, Кыргыз Республикасынын расмий уюмдарынын маалыматтарына караганда, дагы да болсо өлкөдөгү мектептердин 80% авариялык абалда жана алардын дээрлик баардыгы айыл жерлеринде жайгашкан;

б) “жаӊы” ачылган эски мектептерди эмерек, компьютер, Интернет, окуу китептери, дидактикалык-лабораториялык материалдар, спорт комплекстери сыяктуу нерселер менен талапка ылайык камсыздоо дээрлик эле мүмкүн эместей. Алсак, 2000-жылы ноябрь айында өткөрүлгөн баштапкы билимдин сапатын текшерүү боюнча Улуттук изилдөөнүн жыйынтыгы айылдык мектептердин 28% электирлешпегени, 45% талапка ылайык жылытуу системасынын жок экендиги жана 78% талапка ылайык эмеректер менен камсыз болбогондугу белгиленген;

в) бул мектептерди директордон короо шыпыргычка чейинки административдик-чарба кызматкерлери менен камсыз кылуу зарылчылыгы келип чыккан. Бул нерсе окуу процесси менен билим берүүнүн сапатын жакшыртууга кыйыр гана тиешеси болгону менен бир топ кошумча чыгымдарды жараткан. Ушуга байланыштуу, ХХ кылымдын башынан бери Кыргызстандын мектеп  окуучуларынын  жана  мугалим-деринин абсолюттук саны кыскарганына карабастан,  административдик–чарба кызматкерлеринин  саны  төрт  миӊден ашык кишиге көбөйүп, алардын саны айрым мектептердин жалпы жамаатынын 50-60% түзүп калган. Демек, мектептерге чегерилген мамлекеттик каражаттардын далай бөлүгү аларды каржылоого кеткен. Айтор, “жаӊы” ачылган эски мектептер советсоӊу мезгилинде пайда болгон өлкө мектептеринин расмий статистикасын арбытканы менен, жогоруда белгиленген көйгөйлөрдүн айынан оӊой менен чечилгис маселелерди жаратып, чала комплектелген, жармач жана булардын айынан эптеп эле өпчап билим бере ала турган жайлар болуп калган.

Экинчиден, өзүбүздүөзүбүз алдабай, маселеге реалдуу карасак, жармач мектептерди жетиштүү сандагы окуучулар жана аларга жакшы билим бере ала турган мугалимдер менен, болгондо дагы мыкты мугалимдер  менен  жетиштүү  өлчөмдө камсыз кылуу дээрлик мүмкүн эместей. Ошондуктан:

а) окуучулардын тагдырына кол шилтеп, аларды эптеп тапкан чала сабат мугалимге, же бир нече сабактын баарын өткөрө берген “универсал – стахановчу” мугалимге, айла кеткенде эчак эле пенсияга чыгып кеткен чоӊ ата, чоӊ апа мугалимдерге, же сырттан окуп жаткан студенттерге тапшыра салуудабыз. Мындан дагы жаманы – айрым жармач мектептердеги айрым вакансиялар менен сабактар “көмүскө” (“теневой”) иштердин  чордонуна  айланып  кеткен.

Бир жагынан мунун арты менен айрым мектептерди, директор баш болгон административдик-чарбалык кызматкерлерди эптеп сактап калыш үчүн ал мектептердеги мугалимдердин ваканттык орундары көмүскөлөнүп, мугалимдерге болгон муктаждык расмий түрдө башкача, азайтылып берилген. Ошондуктан көптөгөн сабактар өтүлбөй, өтүлсө дагы башка кесиптеги адистер, диплому жок адамдар, пенсионерлер, сырттан окуган студенттер эптеп өтүп келишкен.

ЮНИСЕФтин колдоосу менен 2009-жылы Баткен жана Жалал-Абад областтарында өткөрүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында изилденген мектептердин 77% гана мугалимдер менен толук камсыз экендиги белгилүү болгон. Ал эми жалпы республикалык расмий маалыматтар боюнча өлкө мектептеринин 95,8% мугалимдер менен толук камсыз болгон деп айтылат. Муну менен мектептеринин 33% мугалимдер менен толук камсыз болбогон Кыргызстанда сапаттуу билим берүү кыйынга тураары белгилүү. Салыштыруу үчүн айтсак, дүйнөнүн алдыӊкы өлкөлөрүндөгү мектептерде бир же андан ашык мугалимдик вакансия болсо каалоочулардын 3% гана  мындай  мектепте  окуганга  макул болот, ал эми Чыгыш Европа жана КМШ өлкөлөрүндө бул көрсөткүч 7% түзөт;

б) дагы бир нерсе, “көмүскө” вакансиялар менен сабактар айрым учурларда кошумча акча табуунун ыкмасына айланып, “көмүскө” өтүлгөн сабактар, “көрүнчү” (“призрак”) сабактар, “кошоктолгон” сабактар, “өтүлбөй калган” сабактар сыяктуу нерселерди жаратууда. Жогоркудай “өлүү жандар”, алар үчүн көмүскөлөнүп келген вакансиялар жана “жел сааттардын” айы-нан 2001-2009-жылдарда республиканын мектеп окуучуларынын саны 85 миӊ балага, ал эми мектеп мугалимдеринин саны 2,4 миӊ кишиге кыскарганына карабастан педагогикалык ставкалардын саны алты миӊге көбөйүп кеткен.

Мектеп окуучуларынын сапаттуу билим алып, келечекте мыкты адис болушуна жолтоо болгон мындай жагдайларга тиешелүү мамлекеттик уюмдар, өзгөчө, жергиликтүү коомчулук менен жергиликтүү бийликтегилер кайдигерлик кылып келишкен. Үчүнчүдөн:

а) мектептердин башаламан жайгашышы жана толук комплектүү болбогон жармач мектептердин ыгы жок ачылышы Кыргызстандын окуучуларын бөлүштүрүп-жайгаштыруудагы дисбаланска алып келип, бул дагы окуучулардын сапаттуу таалим-тарбия алышына жана мугалимдердин сапаттуу иштешине жолтоо болууда.

Мисалы, азыркы Кыргызстандын 604 (29,1%) мектебинде 400гө жетпеген бала жана 362 (17,44%) мектебинде 200гө жетпеген бала окуса, 163 (7,85%) мектебинде 100гө жетпеген бала окуп, бул мектептер көптөгөн проблемаларды жаратып, чала комплектешкен мектептерден болуп кала берүүдө. Ошол эле учурда, Бишкек шаарынын мектептеринде орточо эсеп менен 1298 бала окуса, Токмок шаарында – 892, Каракол шаарында – 977, Нарын шаарында – 886, Жалал-Абад шаарында 829 бала эки-үч смен менен, 40-50 окуучудан турган класстарда окуп, татыктуу билим ала албай жатышат. Мисалы, Бишкектин мектептеринде долбоор боюнча 73 миӊ 587 окуучу билим алыш керек болсо, иш жүзүндө 111 миӊ 534 бала окуп, нормативдик өлчөмдөн 38 миӊден ашык окуучуга көптүк кылат;

б) мектептерди ачып, жайгаштыруудагы башаламандыктан улам, өлкөнүн мугалимдеринин потенциалын пайдалануу эффективдүү болбой жатат. Бул жагдайда дагы оркойгон дисбаланс жаралып, орто эсеп менен Кыргызстандын ар бир мектебинде 35 мугалим эмгектенсе, өлкөнүн 32 мектебинде 10го жетпеген, 370 мектеп-те 20га жетпеген мугалим иштейт жана тескерисинче, 393 мектепте 50дөн ашык мугалим бар болсо 30га жакын мектепте 100дөн ашык мугалим иштейт. Республика боюнча орточо эсеп менен бир мугалимге 13 окуучу туура келсе, өлкөнүн тогуз районунун мектептеринде орточо эсеп менен бир мугалимге жети-тогуз гана окуучу туура келет.

Ошентип, субъективизмге негизделген ар кандай волюнтаристтик чечимдерден улам жаралган мындай диспропорциялар ар кандай негативдүү нерселерге жол берип, ансыз дагы жетишсиз болуп жаткан мектеп мугалимдеринин потенциалын эффективдүү пайдаланууга жолтоо болуп жатат;

в) жыйынтыгында, мектептерди башаламан ачып жайгаштыруудан улам келип чыккан сандык факторлордун дисбалансы сапаттык факторлорго айланып, Кыргызстандын мектептеринин 82,8% түзгөн айыл мектептеринин абалын өзгөчө жана кескин начарлатып жиберген. Белгилүү болгондой, шаардын жаӊы конуштарындагы жаӊы мектептерди жана “Себаттын” лицейлерин эске албаганда, “жаӊы” ачылган эски жармач мектептердин дээрлик баардыгы айыл жерлерине тиешелүү. Мындай көрүнүш келечекте  кыргыз  коомчулугун социалдык чоӊ диспропорцияга алып келиши мүмкүн.

Натыйжада советсоӊундагы Кыргызстанда мектептерди ачып, жайгаштырууда рационалдуулуктун жана план ченемдүүлүктүн жоктугунан, мектептерди каржылоого бөлүнгөн мамлекеттик каражаттар рационалдуу пайдаланылбай, алардын майнаптуулугу төмөндөп кеткендигин белгилөөгө болот. Ушундан улам, Кыргызстандын билим берүү системасына өлкөнүн мамлекеттик бюджетинин 20% бөлүнүп, анын 68% жалпы орто билим берүүгө чегерилип, билим берүүнү каржылоо боюнча Кыргызстан дүйнө мамлекеттеринин алдында болсо дагы, каржы тартыштыгы курч бойдон калууда. Демек, негизги маселелердин бири – мектептерге кара-жаттын көп же аз бөлүнгөнүндө эле эмес, аны рационалдуу пайдаланууда дагы экендиги чындык. Мындай шартты жана рыноктук  экономиканын  талаптарын эске  алуу  менен  мамлекеттик бюджеттен мектептерди каржылоо үчүн бөлүнгөн каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында мектептерди аларда окуган окуучулардын санына карап, жан башына жараша каржылоону толук киргизүү туура болчудай.

Маселенин мындай так жана толук чечилбегенинен улам жана Кыргызстанда окуучулар менен мугалимдердин санынын кыскарып жатканына карабастан мектептердин жана ал жерлердеги административдик-чарба кызматкерлеринин саны көбөйүп, аз сандуу класстар арбып, мамлекеттик бюджеттин каражатын пайдаланууда майнапсыз ысырапкорчулук болууда.  Мисалы,  Кыргыз  Республикасынын Эсептөө палатасынын маалыматына караганда, 2012-2013-окуу жылында республика боюнча нормативден ашык 110 класс-комплект түзүлүп, мугалимдердин эмгек маянасы менен социалдык фонддун төлөмдөрүнө эле мамлекеттик бюджеттен 31,6 миллион сом ашыкча коротулган.

Ушундай жана ушуга окшогон башка иррационалдык көрүнүштөрдөн улам, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын маалыматы боюнча, 2010-2012-жж. аралыгында мектептик билим берүүнү каржылоого жумшалган мамлекеттик  каражаттардын  көлөмү эки эсеге өсүп, алар 12,2 млрд. сомду түзгөнү менен, анын 78,3% эмгек акы чыгымдарын каржылоого жумшалып, 13,47% социалдык фондго бөлүнгөн. Мамлекет каржылаган каражаттардын калган аз гана бөлүгү (8,5%) мектептердин коммуналдык чыгымдарын каржылоого жана майда-барат иштерди жүргүзүүгө жумшалган. Башкача айтканда, мамлекет тарабынан мектептердин  муктаждыгынын үч  гана  статьясы  каржыланып келген. Ал эми Бишкек шаарынын №17 мектебинин директору Н.Щербакова белгилегендей, совет мезгилинде мектептер 17 статья боюнча каржыланып турган.

Мектептик  билим  берүүнүн материалдык базасын чыӊдоого, сапаттуу  окуу  китептери  жана окуу-усулдук каражаттар менен камсыздоого, билим берүүнүн сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн чейрек кылым бою дээрлик эле каражат бөлүнбөй келген.

Натыйжада жалпы орто билим берүүнүн сапаттык абалын жакшыртуу үчүн мектептердин материалдык абалы чабалдык кылып, мындай абал орто билим берүүнүн сапатынын төмөндөп кетишин шарттаган негизги факторго айланган. Мисалы, акыркы маалыматтар боюнча, Кыргызстандын мектеп окуучуларын окуу китептери менен камсыз кылуу 65% гана болгон. Анын үстүнө, колдонулуп жаткан окуу китептердин сапаты дагы талапка жооп бербейт, моралдык жана материалдык жактан эскирген.

Ал эми Бүткүл дүйнөлүк банктын жана башка эл аралык уюмдардын айтымында, республиканын мектеп окуучуларынын 39-40% гана окуу китептери менен камсыз болушкан. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматтары боюнча,  10  окуучуга  бир  окуу китеби туура келген мектептер дагы арбын. Жалпысынан, министрликтин расмий билдирүүлөрүнө караганда, азыркы учурда өлкөнүн мектептерине  11  миллиондон ашык окуу китептери жетишпейт. Бул көйгөйдү чечиш үчүн 600 миллион сом талап кылынат.

Заманбап компьютерлер менен камсыздоо дагы жалпысынан өтө төмөнкү деӊгээлде. Моралдык жактан эскирген жана иштебеген компьютерлерди эске албаганда, Кыргызстандын 78 окуучусуна бир компьютер туракелип, республиканын 297 мектебинде бир дагы компьютер жок болсо, 207 мектепте үчтөн гана компьютер бар экени белгилүү. Атайын эксперт К. Барыктабасовдун маалыматы боюнча Кыргызстандын мектептеринин 10% гана Интер-нетке туташкан. Тилеккке каршы, 2011-жылы  сентябрда  улуттук мобилдик оператор “MegaCom” баштаган “Mega-билим” долбоору кыска мөөнөттө республиканын мектептеринин 7% компьютердик класстар менен камсыздоого үлгүргөнү менен, акыркы кездерде ар кандай себептерден улам бул багыттагы анын иши солгундап, токтоп калды.

Кыргызстандын мектептерин компьютерлештирүүнүн темпи менен абалын жакшыраак баалаш үчүн  дүйнөлүк  тенденцияларга көӊүл буруп, төмөнкүлөрдү  белгилеп коюш абзел. Мектептик билим берүү тармактары дүйнөдөгү эӊ алдыӊкы орундарда турган Түштүк Корея, Сингапур, Тайвань сыяктуу өлкөлөрдүн ар бир окуучусуна бир компьютер туура келип, алардын баардыгы теӊ интернетке туташкан. Канада, Финляндия сыяктуу өлкөлөрдүн ар бир окуучусунун мультимедиялык “портфелдери” бар.

Орто эсеп менен алганда, Азиялык өлкөлөрдүн эки окуучу-суна бир компьютер туура келсе, Евробиримдиктин өлкөлөрүндө 13 окуучуга бир компьютер туура келет экен. Дүйнөнүн алдыӊкы өлкөлөрүндө калыптанып калган инновациялык “Санариптик педагогика”, Интернет-олимпиадалар өзүнүн жакшы үзүрүн берип, компьютер эмес китепке толук жете албай жаткан Кыргызстан сыяктуу өлкөлөргө караганда бир топ сапаттуу билим берүүгө жетишип жатышат.

Расмий уюмдардын маалыматтарына караганда, Кыргызстандын мектептерине компьютер эле эмес 200 миӊ парта, 19,4 миӊ китеп шкафы, 20,4 миӊ мугалим үчүн стол, 12,2 миӊ класстык доска жетишпей, булар менен республиканын мектептерин камсыз кылуу үчүн 599,7 млн. сом талап кылынса, компьютер жана башка оргтехниканын түрлөрү менен республиканын мектептерин толук жабдуу үчүн 278,8 млн. сом керек экен.

Айтор, Кыргызстанда мыкты жана рационалдуу мектептик системаны түзүп, ал мектептердин материалдык базасын өз учурунда чыӊдап жана заманбап каражаттар менен камсыздоо аркылуу ал жерлерде сапаттуу билим бере турган шартты түзүү жаатында бир топ олуттуу проблемалар бар.

(Уландысы бар)

1 Kомментарий

  1. Саламатсызбы.менин суроом эмне себептен Жогорку окуужайды бутуп бирок тажрыйбасы жокторду мамилекеттик жумуштарга орношо албайбыз?

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*