МУГАЛИМДИН ЭМГЕК АКЫСЫ ЖОГОРУЛАЙТ

Мугалимдердин жана тарбиячылардын эмгек акысы элүү пайыздан сексен пайызга чейин жогорулайт. Өкмөт эмгек акыны жогорулатуу боюнча Токтом долбоорун коомдук талкууга койду.

Долбоордо эмгек акыны саатка жараша жогорулатуу менен орто  кесиптик  педагогикалык билими бар мугалимдин эмгек акысын  кырк  сомдон  60  сомго чейин, жогорку билимдүү мугалимдикин 45 сомдон 67,5 сом, магистр академиялык даражасы бар мугалимдердикин элүү сом-дон 75 сомго чейин жогорулатуусунушталууда. Андан сырткары сабактан сырткаркы жана даярдоо иштери үчүн кошумча төлөм дагы 50%га жогорулатылат.

Башталгыч класстардын мугалимдеринин жана бала бакчалардын тарбиячыларынын эмгек акысы болсо 80% чейин жогорулайт. Андан сырткары тийиштүү квалификациясы бар мугалимдерге дагы кошумча төлөм каралууда. Устат квалификациясы үчүн – 2000 сом; насаатчылык үчүн – 1500, методистке – 1000 сом ай сайын эмгек акысына кошумча төлөнөт.

Мугалимдерди аттестациядан өткөрүү, квалификация ыйгаруу тартиби, жол-жобосу 2015-жылдын 1-сентябрына чейин иштелип чыгып, Өкмөткө сунушталат. Андан сырткары буга чейин төлөнүп келген айыл жери үчүн, алыскы жана тоолуу район үчүн, педагогикалык стаж үчүн, илимий даражасы үчүн, ардактуу наамдар үчүн ж.б. төлөнүп келген кошумча төлөмдөр сакталат.

Мектептердин китепканачыларынын эмгек акысы дагы эки эсе жогорулайт. Башталгыч мектептин китепканачысына айына 1000 сом кошулса, 13 класс комплектке чейинки толук эмес орто жана орто мектептин китепканачысына 1500 сом кошулат.

Бала бакчанын орто кесиптик педагогикалык билими бар тарби-ячысына мурун бир саат үчүн 32 сом төлөнүп келсе, эми 57,6 сом төлөнө баштайт. Ал эми жогорку билимдүү тарбиячыга 35 сомдун ордуна 63 сом, магистр даражасы бар тарбиячыга 68,4 сом төлөнөт.

Бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттардын жана бала бакчалардын орто кесиптик педагогикалык билими бар тарбиячысына мурун 38 сом төлөнсө эми 49,4 сом, бакалавр дипломдуу ади-ске 54,6 сом, магистр даражасы бар тарбиячыга 58,5 сом төлөнөт.

Мектеп жана бала бакчалардын  башка  кызматкерлеринин дагы эмгек акысын 20% жогорулатуу каралган. Административдик-чарбачылык жана техникалык персоналдардын дагы эмгек акысы тийиштүү деӊгээлде жо-горулайт. Натыйжада жогорулатылган эмгек акыны төлөө жана мектеп-терди каржылоо үчүн 2015-жылга 3,1 млрд. сом, 2016-жылга 9,5 млрд. сомдон ашык каражат талап кылынат.

Бүгүнкү күндө мугалим канча эмгек акы алат?

Мугалимдердин эмгек акысы КР Өкмөтүнүн токтомунун негизинде акыркы жолу 2011-жылдын  май  айында  көтөрүлгөн. Анда  мектеп  мугалимдери, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, бардык типтеги жана  аталыштагы  мектеп-интернаттарынын тарбиячылары жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучулары үчүн саатына карата эмгек акы төлөө системасы киргизилген. Ага ылайык мугалимдерге эмгек акы мурункудай ставкага эмес  саатка  жараша  төлөнүп келген.  Бирок  жылдан-жылга инфляциянын күч алышы менен мугалимдердин орточо эмгек акысынын деӊгээли төмөндөп, алган акысына күнүмдүк зарыл болгон  тамак-аштарды  сатып алууга мүмкүн болбой калган.

2013-жылы 12 аталыштагы азык-түлүктөн мугалимдин эки-үч гана түрүн сатып алууга мүмкүнчүлүгү болсо, 2014-жылы тиричиликке эӊ зарыл делген эки гана түрүн алууга мүмкүн болгон.

КР Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук  комитети  жүргүзгөн билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысы боюнча мониторинг  тармактагы  эмгек акы жылдан-жылга төмөндөп бара жаткандыгын көрсөткөн. 2012-жылдын сентябрь айында мугалимдин орточо эмгек акысы жалпы республикадагы орточо эмгек акынын 75,6 пайызын түзсө, 2014-жылдын июнь айында  69,6  пайызды  гана түзгөн. Көпчүлүк мектептердеги педагогдор жана жаш мугалимдер 3895-5600 сом өлчөмүндө гана эмгек акы алышса, адамдын  жашоо  минимуму  5285 сомду түзөт. Бирок бир катар шаарлардын жана райондордун мугалимдеринин орточо эмгек акысы жашоо минимумунан да төмөн болгон.

 Мисалы, Көк-Жаӊгак шаарындагы мугалим – 5418 сом, Майлуу Суу шаа-рындагы – 5195 сом, Араван районундагы – 5344 сом, Токмок шаарындагы – 5012 сом, Талас шаарындагы – 4986 сом, Жети-Өгүз районундагы – 5572 сом (салыктар кармалбаганда) гана эмгек акы алышат. Андыктан  өткөн  жылдын аягында мугалимдердин эмгек акысын көтөрүү, аны республикадагы  орточо  эмгек  акынын деӊгээлине жеткирүү талабын Жогорку Кеӊештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча  комитети  менен  КР  Билим,  илим  кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитети көтөрүп чыккан. Мамлекет башчысы болсо жыл жаӊырары менен мугалимдердин эмгек акысын 50% жогорулатуу убадасын берип, Каржы министрлиги жылдын экинчи жарымында Бажы союзуна киргенден кийин, түшкөн каражаттын эсебинен эмгек акыны көтөрүүгө мүмкүн болоорун билдирген.

Талкууга чакырабыз

Кыргыз  Республикасынын Өкмөтү жана Билим берүү жана илим министрлиги эмгек акыны жогорулатуу боюнча долбоорду талкуулоо үчүн мугалимдерди жана коомчулукту активдүү катышууга чакырат. Андыктан мугалимдер бул маселе боюнча ой-пикирлерин, сунуштарын Билим берүү жана илим министрлигинин Бюджеттик саясат жана финансылык отчет башкармалыгына жана “Кутбилим” газетасынын редакциясына жөнөтсө болот.

Мугалимдер сунуштайт

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз  районундагы  Д.Иманов атындагы  орто  мектептин  директору Айнагүл Кадыркулова мугалимдердин категориясына дагы кошумча акча төлөнбөсө эмгек  акынын  жогорулаганы анчейин билинбей калат дейт. Себеби мурунку талап боюнча мугалимдердин категориясына кошумча акча төлөнбөй, отуз, отуз беш жыл иштеген мугалим менен кечээ эле иштеп баштаган мугалимдин эмгеги бирдей бааланып калган.

–  Мугалимдердин  категориясына  жараша  кошумча төлөнмөйүнчө   эмгек  акынын жогорулаганына  мугалимдер ыраазы болбойт. Себеби саатына кошулган 20-25 сом анчейин эмгек акыны көбөйтө албайт. Жогорку билимдүү мугалимдин эмгеги орто окуу жайын бүткөн мугалимдин эмгегинен болгону беш сом жогору бааланып калганы дагы мугалимдерди нааразы кылып келет. Мектеп директорунун алган акысы дагы өтө төмөн.

Керек болсо 20 саат сабак берип коюп үйүнө кеткен мугалимдин эмгек акысынан дагы аз маяна алабыз. Бирок мектеп жетекчисинин мойнуна эмне деген түйшүк, жоопкерчилик жүктөлгөн, – дейт Айнагүл Кадыркулова.

Жаш мугалим Жазгүл Ибраева эмгек акынын жогорулашы менен жаш мугалимдерде ишке болгон  кызыгуу  пайда  болуп, чыгармачылык  менен  иштеп, мектепти таштап кеткендердин саны азаят дейт. Себеби төмөнкү эмгек акы менен жаш мугалимдерди мектепте кармап калуу өтө кыйын.

Бишкек шаарындагы №131 бала  бакчанын  тарбиячысы Урустемова Аида болсо мектеп мугалимдеринен дагы бала бакчалардын тарбиячыларынын  эмгек  акысы  өтө  төмөн экендигин, андыктан тарбиячылардын маянасын мүмкүн болушунча жогорулатуу зарылдыгын айтат.

– Эми эмгек акыны жогорулайт деп угуп абдан кубанып жатабыз. Тарбиячылардын эмгек акысын 80% көтөргөн абдан туура. Себеби биздин эмгек акы өтө эле аз. Мен үч миӊ сегиз жүз сом эмгек акы алам. Ал эмнеге жетет, кымбатчылык бул болсо. Иш болсо абдан оор. Бир группада 60-70 бала бар. Ушунча бала менен иштеш абдан кыйын. Бирок азыр эмгек акыны жүз пайызга көтөрсө дагы жетпейт. Себеби тамак-аш күндөн-күнгө кымбаттап жатат. Пияздын килограммы элүү сомго чыкса, картошка отуз сомдон ашты. Башка азык-түлүктөрдүн баасы дагы билинбей эле өсүп жатат, – дейт тарбиячы.

Төмөндө 2011-жылдан бери төлөнүп келе жаткан эмгек акы менен жогорулатылган эмгек акынын салыштырмалуу таблицасы берилет.

Мугалимдерге 2011-жылдан бери  саатка жараша төлөнүп келе жаткан эмгек акы

Кызматтын

аталышы

Бир сааттык окутуучулук иш үчүн акы төлөө, сом менен
Орто кесиптик

педагогикалык

билим

Жогорку

билим(*)

Магистр академиялык

даражасы бар

Мугалим, окутуучу 40 45 50

 Өкмөт сунуштаган Токтом долбоордо каралган эмгек  акы

Кызматтынаталышы Бир сааттык окутуучулук иш үчүн акы төлөө, сом менен
Ортокесиптикпедагогикалык

билим

Жогорку педагогикалык билим
Бакалавр дипломдууадис магистр
Билим берүүчү мекеменин мугалими 60 67,5 75
Баштапкы кесиптик билим берүүчү мекеменин окутуучусу 40 45 50

2011-жылдан бери бала бакчалардын, бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттардын тарбиячыларына саатка жараша төлөнүп келе жаткан эмгек акы

Кызматтын аталышы Бир сааттык окутуучулук иш үчүн акы төлөө, сом менен
Ортокесиптик

педагогикалык

билим

Жогорку

педагогикалык

билим (*)

Магистр академиялык даражасыналган

жогорку

билим

Бала бакчанын тарбиячысы 32 35 38
Бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттардын жана бала бакчалардын тарбиячылары 38 42 45

Өкмөт сунуштаган Токтом долбоордо каралган эмгек акы

Кызматтын аталышы Бир сааттык окутуучулук иш үчүн акы төлөө, сом менен
Ортокесиптик

педагогикалык

билим

Жогорку

педагогикалык

билим бакалавр

Магистр академиялык

даражасын

алган

жогорку

билим

Бала бакчанын тарбиячысы 57,6 63 68,4
Бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттардын жана бала бакчалардын тарбиячылары 49,4 54,6 58,5

 

 Чолпон КИЙИЗБАЕВА,“Кутбилим”

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*