НАМЫСКА КЕЛБЕСЕК БОЛБОЙТ

Белгилүү тилчи, филология илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Лингвистика институтунун деректири Сыртбай МУСАЕВменен маек.

Окумуштуу катары өлкөбүздөгү тил саясатына кандай мүнөздөмө бересиз?

– Элдин аты эне тилдин аталышына  берилет.  Демек,  эл  менен  тил  тамырлаш-тагдырлаш,  акыреттик  шерик. Экөөнүн тагдырын бири-биринен айырмалап, бөлүп-жарып кароого эч мүмкүн эмес. 18-кылымдын улуу гуманисти, чоӊ философ, тилчи аалым Вильгельм фон Гумбольдт бекеринен “тил – элдин духу, элдин духу – анын тили. Бул экөөнөн жакын жуурулушкан эч нерсе жок”, – деп баса белгилебеген. Мамлекеттин мамлекет экендигин таасын тастыктап турган эн тамгасы, атрибуту да – аны түзгөн, мамлекетке атын берген титулдук улуттун эне тили. Бул чын-дыкты биз, биздин өлкөнүн жетекчилиги, жалпы калк, интеллигенция так, туура жана ачык түшүнүшүбүз зарыл. Тил саясаты так ушул жагдай менен түздөн-түз байланышта аныкталышы шарт. Айрыкча биз сыяктуу кичинекей мамлекетте, түркүн улуттардын өкүлдөрү жашаган коомдо мамлекеттик тилдин кеӊири жана чектөөсүз колдонулушун камсыздаган саясат жүргүзүлүшү абзел. Албетте, бизде жашаган башка этникалык топтордун тилдеринин өнүгүшүнө алардын түп мекенинде кам көрүлүп жаткандыгын, кыргыз тили Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили катары ушул жерде гана колдонула, өнүгө ала тургандыгын эске алуу зарыл.

Бул жерде тарыхый жагдайлардын жана улуттук тилдерди жоюуга багытталган саясаттын натыйжасында калктын курамы өзгөргөндүгүн эске сала кетели. 1989-жылы Кыргызстанда бар болгону 53% гана кыргыздар калган, 47% башка улут өкүлдөрү, келгиндер болушкан. Бул учурда жалпы саясат орусташтыруу болгон, совет эли деген жасалма эл түзүлгөн, Усубалиевдин «Орус тили – экинчи эне тилибиз» деген жагынуучулук саясаты өкүм сүргөн. Ушул саясат бүгүн да уланууда. Башка улут өкүлүнүн тилин Конституциябызга расмий тил деп жазып алганыбыз да ушунун көрүнүшү. Бул – эркиндикти чектөөнүн, жагынуучулуктун эӊ жогорку чеги.

Кыргыз Республикасындай полиэтникалык өлкөдө тил саясаты мамлекеттик жалпы саясаттын ажырагыс бөлүгү катары аныкталууга тийиш. Анткени ар бир тилдин саясий, коомдук, мамлекеттик турмуштагы орду, мааниси, ролу өз мекенинде, өз жеринде аныкталышы зарыл. Ушул өӊүттөн алганда кыргыз тили коомдук өзгөчө милдет аткарышы абзел. Башка бир дагы тилге өзгөчө статус берилбеши керек. Кыргыз тили мамлекеттик тил катары бизде жашаган бөлөк улут өкүлдөрүн бириктирүүчү каражат катары таанылышы керек.

Албетте, Президенттин өлкөдөгү тил саясаты боюнча чыгарган Жарлыктарында негизги маселелер абдан туура белгиленген. Эгерде бул саясат орто жолдо калбаса, өлкөдө тилге байланышкан жагдай жакшырат деп үмүт байласак болчудай. Анткени көп маселелер боюнча өлкө Президентинин саясий эрки көрүнүп турат, калганын эми убакыт көрсөтөөр…

– Мамлекеттик тилди билбеген кишинин мамлекеттик кызматта турганга акысы барбы же адам укуктарына таяп, жарандык,  кызматтык  милдеттерди көӊүлгө албай деле койсо болобу?

– Албетте, адам укугу деген улуу нерсе. Ошол эле учурда адамдын жоопкерчилиги, милдети деген да улуу нарк бар. Тилекке каршы, биз бүгүн укугубуз жөнүндө гана кеп кылып, жоопкерчилигибизди, милдетибизди ойлобой жатабыз. Материалдык көр оокат, көр дүнүйөнү тумар туткан батыштык либерал демократия адам, адамгерчилик деген улуу түшүнүктөрдүн, улуу баалуулуктардын маӊыз-маанисин кетирип, тебелеп-тепсеп, жеке адамдын укугу деген жексур түшүнүктү адамдын өзүнөн да, коомдон да жогору коюп, адамдарды эгоист кылып, “мен эле мен” деп кыйкыртып койду.

Биздин жолдогу ушул идеология, ушул маанай түбү жакшылыкка алып барбастыгын эртерээк эсибизге албасак, кеч болуп калаары бышык. Ошондуктан “мамлекеттик тилди билбеген жаран мамлекеттик кызматта иштебеши керек” деген талапты бекем кармануу зарыл. Өзүн сыйлабагандыктын, жагынуучулуктун да чеги болуш керек.

– Мамлекеттик тил өз деӊгээлинде колдонулбай,  ички  даремети  толук ачылбай кала берүүдө. Расмий тексттер, иш кагаздар адегенде орусча жазылып, кыргызчага шашылыш которулуп, сапаты өтө начар болуп жаткандыгы жакында  Жогорку  Кеӊеште  өткөрүлгөн илимий-практикалык конференцияда да айтылды. Бул жагдайдан кантип чыгууга болот?

– “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынгандыгына быйыл, мына, 26 жылдын жүзү болду. Калыстык үчүн айтып коюшум керек, алгачкы жылдары элдин улуттук духу көтөрүлүп, калк жапа тырмак колдоп, коргоп, сүйүнүп, тилибиз мамлекеттик тил болду деп көпчүлүгүбүз тебетейибизди өйдө ыргытып кубандык эле. Тилекке каршы, көп узабай демибиз суу сепкендей басылган. Анткени биздин баш мыйзамга орус тили расмий тил деп жазылып, ошондон бери мына, 20 жылдын  ары  жак,  бери  жагындагы  мезгил өттү, мамлекеттик тилибиз, сиз айткан-дай, өз деӊгээлинде колдонулбай, ички даремети толук ачылбай кээрине кетип, кейиштүү абалда калгандыгы ырас.

Буга биринчи кезекте, ошол Конституцияга орус тилинин расмий тил деп жазылып турганы түздөн-түз себепкер болсо, экинчиден, биздин жетекчилердин, министрлердин ж.б чиновниктер сөрөйлөрдүн өз элинин тилине жексур мамилеси, кыргыз тилинде сүйлөгүсү, жазгысы келбегендиги, кыргыз тилин, бул аркылуу кыргыз элин, кыргыз жерин, сыйлабагандыгы, кыргыз эли үчүн кыргыз мамлекетин курам, элим өнсүн, өссүн деп күрөшкөндүгү үчүн улутчул аталып, атылып кеткен ата-бабаларды элес албагандыгы түздөн-түз себеп болууда.

Тилдин  ички  даремети  качан  толук ачылат? Качан турмуштун бардык тармактарында эркин кеӊири колдонулганда, сүйлөгөндө, жазылганда. Бүгүн кыргыз тилинде турмуштун бардык тармактары боюнча тексттер жазылабы? Жазылбайт. Ак үй, Көк үйдө сүйлөнөбү? Сүйлөнбөйт. Анан кантип тилдин ички мүмкүнчүлүгү толук ачылып, дарамети артсын. Туура айтып жатасыз, бизде бардык укуктук-ченемдик документтер, иш кагаздары орус тилинде даярдалат. Анткени алардын үлгүлөрү даяр. Биздин текст түзө албаган сабатсыз иш алып баруучулар, чиновниктер, депутаттар, министрлер орусча даяр тексттен гана көчүрүшөт. Ошондуктан айрым бир документтерде “федералдык”, “регионалдык” деген Россиянын мамлекеттик түзүлүшүнө мүнөздүү терминдер кетип калып жүрбөйбү, муну кантип жашырабыз. Орусчадан эптеп-септеп көчүрүлгөн текстти анан кыргызчага шашып сабатсыз которобуз. Ошондуктан укуктук-ченемдик актылардын кыргызча котормосу начар, тим эле ыйлагыӊ келет.

Байкуш кыргыз тили мазакталып, тебеленип-тепселип кор болуп жатат. Кабыл алынган мыйзамдардын, айрыкча Консти-туциянын кыргызча вариантын окуп көрсөӊ, дене боюӊ дүркүрөйт. Мындай которуунун эч кимге кереги жок. Ушундан улам мен Жогорку Кеӊештин төрагасы А.Жээнбековго конференциянын пленардык жыйынында: «Конституциянын концепциялык маӊызын өзгөртпөй, орусчасына шайкеш келтирип, көп сөздүүлүктөн арылтып, нукура кыргыз тилинде жазып, оӊдоп берсек, ошол тек-стти кабылалууга саясий эркиӊер жетеби?», – деген суроо узаттым. Төрага буга дароо эле оӊ жооп кайтарды. Эгерде ушул багытта тапшырма болсо, биз атайын топ түзүп, адабий ченемдеги кыргыз тилинде орусчасына төп келтирип оӊдоп бергенге даярбыз.

Кыскасы, бул жааттагы абалды жакшыртуу үчүн укуктук-ченемдик расмий, расмий эмес кагаздын баары адегенде кыргызча жазылып, андан кийин орусчага которулушу зарыл.

– Кыргыз тилин кыргыз мектептерде, орус мектептерде, жогорку окуу жайлар-да окутууну, натыйжалуулугун кантип арттырса болот?

– Өмүр бою окутуучу болуп иштеген тажрыйбамда бир нерсеге көзүм толук жетти: билимдүү болууда, рухий, духовный бир нерсеге жетүүдө устаттын, окутуучунун, мугалимдин аракетине караганда, ошол үйрөнөйүн, алайын деген кишинин аракети чечүүчү күчкө ээ. Билимдин сапатын көтөрүү, кыргыз тилин окутуунун натыйжалуулугун артыруу үчүн, эӊ алды, билим алуучулардын, кыргыз тилин окугандардын, үйрөнүүчүлөрдүн ички каалоосу, ички ум-тулуусу керек экен, б.а. билим алуучу өзү аракетенбесе, берүүчү канчалык берейин десе деле майнап чыкпай калат экен. Буга менин көзүм толук жетти. Алсак, бир тайпада же класста 20-25 студент же окуучу бар дейин. Мугалим бардыгына бирдей талап коет, бирдей сабак өтөт. Ошончонун ичинен үч-төртөө жалаӊ төрт-бешке окуйт, 10 чактысы жалаӊ үч-төрткө окуйт, а калган он чактысы, же алты-жетиси начар окуйт, окубайт, анан мугалим байкуш “ары карап сөгүп, бери карап эркелетип” сүлдөрү жок үч коюп берет. Ал эми кыргыз тилин үйрөнүүгө, окууга эч кандай мотива-ция, зарылчылык жок. Мына кытай тили, англис тили зарыл экен, мотивация бар экен, жаштар өздөрү эле үйрөнүп жатышпайбы, өз алдынча окушуп. Демек, жөн эле мугалимдерди күнөөлөй бербей, мамлекет кыргыз тилин окууну, үйрөнүүнү турмуштук зарылчылыкка айландырыш керек. Кыргыз мамлекетинде кыргыз тилисиз иш жүрбөй калган абал, шарт, кырдаал түзүш керек. Жөн эле көрүнгөндү сүйлөй берүүнүн кажети жок. Намыска келип, арыбыз ойгонуп, тилибизге ар бирибиз да, Өкмөт да кам көрүшү зарыл.

– Колдо бар сөздүктөрдү, маалымдагычтарды, мурдагы окумуштуулар иштеп чыккан эмгектерди элге жеткирүүүчүн эмне кылуу керек деп ойлойсуз?

– Ушул жаатта бизде бир жаман адат пайда болду. Мен жасадым, мен түздүм деп  эле  ар  ким  оюна  келгенди  жазып алып, жеке басмалардан чыгарып чуркап жүрөбүз. Туура, ар кимдин укугу бар, чыгара берсин, бирок ошол чыгарган китеп, айрыкча сөздүк, маалымдамалар үчүн, анын тууралыгы үчүн жоопкерчиликти сезеби, жоопкерчиликти ойлойбу? Эгерде ошол китеп өзүнүн жеке чыгармачылыгы болсо бир кеп, жумурай журттун, жалпы элдин тилине ушундай мамиле кылууга, элдин тилин “приватташтырып” алганга кимдин укугу бар? Азыр баары эле тилчи, тарыхчы, сөздүк түзөт, тилге эреже чыга-рат, андай эмес мындай дейт, бизди окутат.

Кыскасы, “кыйындар” көппүз, оӊ турганды ойрондоткон. Эми сөздүктөр боюнча. Кыргыз тили 50, 60, 70-жылдары лексикалык кору боюнча да, грамматикалык түзүлүшү боюнча да стилдик жиктелүү, калыптануусу боюнча да жакшы өнүккөн, тилди ченемдештирүү, аны кодификациялоо, унификациялоо процесстери да бир кыйла иштелген. Ошол мезгилде Кыргыз СССР Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда Терминология сектору тармактар боюнча адистер менен биргеликте иштеп, тармактык терминдерди орусчадан кыргызчага которуп, аларды Өкмөттүн алдындагы Терминологиялык комитет атайын бекитип, анан сөздүк кылып чыгарган. Китеп болуп чыкканга чейин эмне деген гана талкуулардан, рецензиялардан өтпөгөн. Андан сырткары ошол кездеги адистерде бүгүнкү “авторлордон” айырмаланып, укукка караганда жоопкерчилик өтө жогору болгон, ишке өтө этият, кылдат мамиле кылышкан, бүгүнкүлөрдөн айырмаланып, ал адистер өз предметтерин да, кыргыз тилин да мыкты билишкен. Ошондуктан мен акыркы учурларда түзүлгөн терминологиялык сөздүктөргө караганда, мурда түзүлгөн тармактык терминологиялык сөздүктөрдү өтө баалуу, туура которулган, тигил же бул предметти туура атаган сөздөрдүн сөздүгү деп эсептейм.

Аларды мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө бюджеттен бөлүнгөн каражаттын эсебинен кайра басып чыгаруу өтө зарыл. Ошол эмгектер элге, адистерге жетсе, анан бүгүнкү адистер аларды чанып, өзүмдүкүн чыгарам деген эшектин кулагынан чоӊ дымагын таштап, элдин тилине өтө астейдил мамиле кылсак, зарылчылыгына жараша алымча-кошумча киргизүү менен, ошолорду туура пайдалансак дурус болот эле…Ушул ишти уюштуруу КР Улуттук илимдер академиясына тапшырылса, алар адистер менен чогуу иштесе, дурус иш болот эле.

Аӊгемелешкен Жолдош ТУРДУБАЕВ

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*