ТАРЫХТАГЫ ЧОҢ ТРАГЕДИЯ

Бул каргашалуу согуш – өзүнүн маани-маңызы, жагдайларынын өзгөчө курчтугу, кучагына алган аймагы, катышкан өлкөлөрдүн, адамдардын саны, адамзатка тийгизген кесепеттери, курмандыктары, бир нече жылды өз ичине камтыган убактысы менен өзгөчөлөнгөн мүшкүлдүү, өтө олуттуу тарыхый окуя.

Улуу Ата мекендик согуш адилеттик  менен  жүзү  каралыктын, ажал  менен  ар  намыстын,  жакшылык менен жамандыктын, боорукерлик менен таш боордуктун, кайрымдуулук менен мерездиктин, адамгерчилик менен наадандыктын, айкөлдүк менен зулумдуктун, адалдык менен арамдыктын, жаркын келечек менен акыр замандын согушу катары тарых жылнаамасына жазылып калды. Бул согуш 1418 күнгө созулуп, анын жүрүшүндө Калыгул олуя айткандай: «дүйнө устаранын мизинде оодарылган таразадай» болуп турган. Кесепетинде планетабыздагы 57 млн. күнөөсүз өмүрлөр кыйылган. Дүйнөлүк экинчи согушка түздөн түз жана кыйыр түрүндө 33 мамлекет катышкан. Совет эли бул согушта 27 миллиондон (кийинки тактоолордо 30 млн.) ашуун адамын жоготкон.

Ата мекен үчүн жан аябай салгылашып курман болгон жоокерлерден сырткары, согуш кесепеттери болгон – ачкачылыктын, оору-сыркоонун, оккупациянын, блокаданын, концентрациялык өлүм лагерлеринин азаптарынан миллиондогон жаш балдар, аялдар, кемпир-чалдар набыт болушкан. Нечендеген кооз  шаарлар,  айыл-кыштактар талкаланып, урандыларга айланган. Завод-фабрикалар, ишканалар талкаланган. Адамдардын жылдар бою талбай мээнеттенип курган курулуштары заматта кыйсыпыр болгон. Совет элинде согуштун азабы менен кайгысын башынан кечирбеген үй-бүлө жокко эсе. Бул согушта канчалаган энелер жарынан, балдарынан айрылып кан какшабады!

Канчалаган балдар кичинекейинен жетим калып, балалык бактысынан ажырап калышты! Канчалаган асыл максаттар ишке ашпай таш капты.

Ооба, бул согуш алып келген кайгы-азаптын, бактысыздыктын, ойрондолуп-бүлүнүүнүн өлчөмүөтө зор эле. Согуштагы мына ушул жүлүн сыздатып, жүрөктү эзген орду толгус армандын кайтарымы – Улуу Жеңиш болду. Бул Жеңиштин Улуулугу – анын баасынын өтө кымбатка тургандыгында!

Эрки күчтүү, кыраакы, ой өрүшү кең инсан

Таланттуу  аскер  башчысы,  Советтер  Союзунун  төрт жолку баатыры, Маршал Георгий  Константинович  Жуков өзүнүн «Эскерүүлөр жана ой жүгүртүүлөр» деген мемуарында Сталинге карата мындай деген баасын берген: «Сталиндин согуш учурундагы Жеңиш үчүн аткарган кызматы, анын ага кошкон салымы зор деп айтканга татыктуу. Бул адам өзүнүн катаалдыгы менен ошол учурга өтө керек болгон бекем тартипти орното алган. Ал аскер ишинин да жакшы стратеги болгон, жагдайларга жараша туура чечим кабыл алууда башкалардын да оюн уга билчү. Андагы өзгөчө сапаттар: эркинин күчтүүлүгү, кыраакылыгы, ой өрүшүнүн кенендиги, ар тараптуулугу, талапты катуу коё билген уюштуруучулугу, кенен ой жүгүртүү менен кырдаалга саясий да, экономикалык да жактан баа бере билиши, чечкиндүү эрудициясы, мыкты эс тутуму болгон. Эң башкысы элдин эң бийик ишенимине, кадырлоосуна ээ боло алгандыгында».

Согушка чейин, согуш мезгилинде,  согуштан  кийинки жылдарда Сталин менен чогуу иштешкен, аны өтө жакындан билген, ага өз оюн тартынбай айта алган жана эч бир кошоматтанбаган ошол кездеги белгилүү дагы, саналуу дагы адамдардын арасынан эң белгилүүсү Г.К.Жуков болгон. Бул тарыхый чындыкты эч ким, эч качан жокко чыгара албайт! Ал эми дүйнөгө аттын кашка-сындай белгилүү советтик жазуучу, согуштун катышуучусу Михаил Шолохов да Сталин туурасында мындай деп айтпаса керек: «Ошол учурлардагы Сталиндин эмгегин пастыкка жана арзыбагандыкка теңөөгө эч болбойт, себеби бул биринчиден, өтө адилетсиздик, экинчиден, ал өлкө үчүн да, совет эли үчүн да пайдасыз жана бул жеңүүчүлөрдү эч качан соттобойт дегендик да эмес, бул баарыдан мурда кашкайган чындыкка эч кандай жооп таба албай калгандагы жокко чыгаруу». ( Комсомольская правда» 9-май, 1970 г.).

Кыргызстандыктар Улуу казатта

Улуу  Ата  мекендик  согушта Улуу Жеңиштин камсыз болуусуна кыргызстандыктардын  да  кошкон салымы зор. Бул Улуу казатка Кыргызстандын 360 миңден ашуун жоокери катышкан, кыйласы кан майданда каарман эрдиктерди көрсөтүшкөн. Алардын ичинен 90 миңден ашууну согуш талааларында баатырларча курман болушкан. Кыр-гызстандык 150 миңден ашык жоокер күжүрмөн ордендер жана медалдар менен сыйланышкан. Булардын арасында 29 жоокер «Даңк» орденинин толук ээси (бул Советтер Союзунун Баатыры деген наамды алганга тете), 73 жоокер Советтер Союзунун Баатыры деген наамга татыктуу болушкан.

Кыргызстандыктар партизандык топтордо да баатырдык менен салгылашкан. Мисалга алсак, партизандык кыймылдын афсаналуу (легендарлуу) кол башчыларынын көрүнүктүүсү, Советтер Союзунун эки жолку Баатыры С.А.Ковпактын эскерүүсүндө эр жүрөк жана чыгаан көзгө атар кылмергендер, аткычтар  Ак-Суу  районунун  Жаңы-Арык айылынын кулуну, комсомолец Жапар Жабаев жана Сокулук райо-нунан чыккан Ишенкул Бейшеналиев деген жоокер жигиттердин ысымдары өзгөчө белгиленүү менен айтылган. («Советская Киргизия». 2-ноябрь, 1963-жыл). Ал эми Сузак районунда туул-ган мекендешибиз Каратай Марипов италиялык патриоттор менен бирге партизандык топто фашисттерге каршы согушкан.

Москваны коргоодогу согушта генерал-майор И.В.Панфилов командалык кылган 316-аткычтар дивизиясындагы 28 баатырдын эрдиктери түбөлүк даңкка бөлөнгөн. Булардын арасында биздин мекендештерибиз Дүйшөнкул Шопоков, Николай Ананьев, Григорий Конкин, Иван Москаленко, Григорий Шемякин бар эле.

«Кайталаган эрдик» деп айтуудан кайталы

Улуу  Ата  мекендик  согуштун тарыхында өзгөчө баатырдыктын, кылчайып артка карабас сырттан-дыктын үлгүсүн көрсөткөн мекендешибиз Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдигин кайталаган жоокерлердин 450гө жакыны бар. Анын жасаган эрдигинин  тегерегинде  айрыкча сыймыктануу менен сөз кылууну туура көрдүк.

Чолпонбай Түлөбердиев Воронеж фронтундагы салгылаштардын биринде Дон суусунун оң жээгине сүзүп өтүп, андагы Меловая Гора тумшугунда жайгашкан фашисттердин плацдармын ээлөө учурунда чоң эрдик көрсөткөн. Ал жоокерлердин  алга  жылуусуна тоскоолдук кылып, ажал отун чачып жаткан душмандын ДЗОТун көкүрөгү менен жаап, окту чыгарбай токтотуп, артындагы жоокер-лердин  чабуулга  өтүүсүнө  жол ачып берүү менен жеңишти камсыз кылган. Бул улуу эрдик 1942-жыл-дын 6-августунда жасалган. СССР жогорку Советинин Президиумунун 1943-жылдын 4-февралындагы Жарлыгы менен Чолпонбай Түлөбердиевге курман болгондон кийин Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилген.

Кыргыз эли шумкар уулу менен сыймыктанат

…Эстония  Республикасынын Нарва-Таллин  шоссе  жолундагы 20-километрге жакын жайгашкан Сил-ламяэ тоосунун этегинде суйкайган төрт кайың өсүп турат. Алардын чок ортосундагы үч темир тирөөчкө жалтырак кара гранит такта бекитилип, ага бадырайта жазуу жазылган эстелик бар. Анда: «Мында 1944-жылдын 18-мартында Ленинград фронтунун 13-аба армиясынын 566-штурмало-очу авиаполкунун учкучу, кенже лейтенант И.Таранчиев жана аба аткычы А.Ткачев ИЛ-2 штурмалоочу самолёту менен душмандын танкаларынын колоннасына таран жасап, аларды жок кылган. Баатырларга түбөлүк даңк!» деп бадырайта жазылган. Бул каарман эрдик туурасындагы жазууда бүлөй аты келтирилген баатыр жигит Исмаилбек Таранчиев 1923-жылы 6-апрелде Аламүдүн районундагы Беш-Күнгөй кыштагында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. Ал Осавиахим аэроклубун артыкчылык диплому ме-нен бүтүрүп 1941-жылдын 20-июнунан 1943-жылга чейин Оренбургдагы авиациялык мектепте окуп, учкуч-штурмалоочу деген аскердик адистик алып чыккан. Андан соң дароо эле 13-аба армиясынын 566-штурмалоочу авиаполкуна жиберилген. Учкуч, Советтер Союзунун Баатыры Исмаилбек Таранчиевдин эрдиги төмөндөгүдөй баяндалат:

1944-жылдын  18-мартында  Ле-нинград фронтунун 13-аба армиясы-нын 277-авиациялык дивизиясынын 566-штурмалоочу авиаполку маанилүү тапшырма алат. Лейтенант Юрьев баштаган төрт штурмалоочу асманга учуп чыгышат. Күтүлбөгөн жерден штурмалоочулар топтошуп турган душмандын согуштук техникаларын көрүшөт.

Команда боюнча душмандын колоннасына чабуул коюшат да, алардын  артиллериясын  талкалашат. Душман болгон куралдары менен биздин  самолётторду  аткылашат. Ири калибрдүү зениттик снаряд Исмаилбек Таранчиевдин самолетуна тийип, жалындап күйө баштайт. «Чабуулга өтөмүн, кошкула жолдоштор!». Бул  Исмаилбектин  күжүрмөн жолдошторунун  эфирден  уккан акыркы сөзү эле. И.Таранчиев самолётунун  багытын  душмандын танкаларынын колоннасын көздөй атайын буруп түздөйт да, акыркы секундаларына чейин замбиректен, пулеметтон да аткылап бара берет. Жер солкулдаткан жарылуу болуп, самолёт  сүзүп  жарылган  жерде душмандын алты танкасы үч бензин куйгуч автоунаасы күйүп жатты.

Учкуч Исмаилбек Таранчиев жана аба аткычы Алексей Ткачев эрдик менен курман болушту. Кыргыз эли өзүнүн баатыр шумкар уулу менен дайыма сыймыктанат. Өлбөстүккө кадам таштаганда ал 21 жашка толук чыга элек кырчындай солкулдаган жапжаш жигит эле…

«Учурунда айтпаса, сөздүн атасы өлөт»

Совет доорунун учуруна туш келген 1960-жылдары туулган муун менен кыргыз эли эгемендүүлүк алгандан кийинки 1995-жылдары төрөлгөн муундун ортосунда Улуу Ата мекендик согуш, Улуу Жеңиш туурасындагы ой калчоолор, ал тууралуу билүүгө болгон ынтызарлык, мамиле ар башка. Ал тургай алардын билүү чөйрөлөрүндө да байкалаарлык ажырымдык да бар экен.

Буга биз тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоо жакшы далил болуп бере алат. Адамдар көп топтолушкан жайларга барып: «Улуу Ата мекендик согуш жылдарында Совет өлкөсүнүн мамлекет башында ким турган? Чолпонбай Түлөбердиев деген ким болгон? Дүйшөнкул Шопоков согушта кайсыл шаарды коргоп, эрдик көрсөткөн?» деген ж.б. ушул багыттардагы берилген суроолорго 1995-жылдардан кийин төрөлгөн муундун беш өкүлүнүн экөө гана туура жооп берип, дагы бирөө толук эмес жооп узаткан! Ал эми 1960-жылдары туулган муундун өкүлдөрүнүн бешөө тең туура, так жоопторду айтышкан.

Сурамжылоонун дагы бир пунктуна кирген азыркы учурдагы дүйнөлүк акчанын эң баалуусун, эң мыкты автомобиль маркаларынын, дүйнөгө кеңири белгилүү ырчылардын аттарын атап берүүнү өтүнгөн суроолорго кийинки муундун өкүлдөрүнүн баары дароо эле туура жоопторду беришкен. Бул жерде таң калуунун деле эч кандай кереги жок. Албетте, баарынан мурда аны тарбиянын, окутуунун, маалымат берүүнүн деңгээли, заман ыргагына жараша жашоо чөйрөсүнүн, бүгүнкү жаштардын талабынын, муктаждыктарынын негизинде келип чыккан эң чоң көйгөйлөрдүн бири катары өзгөчө кароо керек.

Эсен МАМЫТКАНОВ,

Ысык-Көл областы, Ак-Суу району, Сары-Камыш айылы, Билим берүүсүнүн отличниги, ардагер мугалим.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*