ӨЗҮБЕК АБДЫЛДАЕВ: “МУЗЫКА САБАГЫН ЭМНЕ ҮЧҮН ДЕНЕ ТАРБИЯЧЫ ЖЕ ТАРЫХЧЫ БЕРЕТ?”

Кыргызстандын жалпы билим берүү мектептеринде музыка сабагы боюнча бир топ көйгөйлүү маселелер бар экени баарыбызга жакшы маалым. Биринчиден, музыкасабагына өтө аз саат бөлүнөт, экинчиден, чыныгы адис мугалимдер жокко эсе. Музыка предметин окутуу Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген базистик планга ылайык, 1-4-класстарга 2013-жылкы, ал эми 5-7-класстарга болсо 2012-жылкы программанын негизинде жүргүзүлөт. Ушу программанын негизинде окутуу боюнча атайын окуу китептери барбы, музыка сабагы боюнча мугалимдерди кайсы окуу жай даярдайт ж.б.у.с. суроо менен Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин музыка жана ырдоо бөлүмүнүн кафедра башчысы, маданиятка эмгеги сиӊген ишмер, профессор Өзүбек Абдылдаевге кайрылдык.

Өзүбек Абдылдаевич, музыка сабагынын башкы максаты — окуучуларды музыкалык маданиятка жана эстетикалык жактан тарбиялоо эмеспи. Сабакта бир эле Кыргызстандын жалпы маданий, музыкалык-эстетикалык булактарын бербестен, башка элдердин дагы маданиятын үйрөтүү керек. Ушулардын баарын камтыган окуу китеби чыкканбы?

— 1974-75-жылдары Билим берүү министрлигинин алдында атайын музыка сабагына окуу китебин түзчү музыканттардан турган топ уюштурулган. Анын жетекчиси композитор, ыраматылык Насыр Давлесов болгон. Топтун негизги мүчөлөрү ошол кездеги В.Маяковский атындагы Кыз-келиндер институтунун окутуучулары, профессорлору Койгел-диева, Дүйшембиева, Сахарова, Абы-шев, Турдумамбетова, Искусство институтунан мен жана музыка таануучулар Рыспаев, Алагушевдер болушкан. Ошол топко 1-7-класска чейин ыр сабагынын окуу китебин даярдоо милдеттендирилген. Рыспаев экөөбүзгө 3-класс тийген эле. Ошол топ окуу китептерин жазып чыктык. Ал республикадагы бардык мектептерге бекер жөнөтүлүп, сегиз-тогуз жыл ар жыл сайын китептер басмадан 50-60 миӊ нускада чыгарылып турган.

Окуу  китептердин  жетишкендигинен мектептерде ыр сабагы (азыр музыка сабагы) жакшы жүрүп калган. Ал китептер академик Д.Кабалевский түзгөн программага  ылайыкталып:  «Менин элимдин музыкасы», «Коӊшу элдердин музыкасы», «Чет элдердин музыкасы» жана «Музыкалык тил котормону талап кылбайт» деген бөлүмдөр боюнча түзүлчү.

Ошол кезде жылына республика боюнча 50-60 эле мугалим даярдалчу. Ал эми республикадагы музыкалык окуу жайлар (Бишкектеги, Кара-Колдогу, Оштогу) бүтүрүүчүлөрдүн документтерине хордун жетекчиси жана ыр сабагынын мугалими деген кошумча адистикти  жазып  коюшат  эле.  Чындыгында алар музыкалык педагогика жөнүндө түшүнүктөрү жок болчу. Азыр деле ошондой болуу керек. Музыкалык билими барлар айылга, региондорго барышпайт, себеби жашоо шарты жок.

Ошондуктан бардык мектептерде музы-ка сабагынын аты эле болбосо, жокко эсе. Кээ бир жерлерде жүктөмү аз мугалимдерге музыка сабагынын сааттарын дене тарбия, эмгек, тарых ж.б. мугалимдерге бөлүп берип коюшат экен. Негизинен бир эле музыкант-педагог бир мектептин ичиндеги бери дегенде 230 баланы маданиятка жакындатууга аракет кылмак. Ошондуктан адис муга-лимдерди көбүрөөк даярдоо максатка ылайыктуу.

— Эгемендүү өлкө болгондон бери Билим берүү жана илим министрлиги музыка сабагынын көйгөйлөрүн чечүү боюнча сиздерге кайрылыштыбы?

—  Билим  берүү  министри  болуп М.Кидибаев келгенде баягы топту «окуу китебин жазасыӊар» деп кайра жыйнаган болчу. Бирок ал киши көп өтпөй эле кызматтан түшүп калды, ошол бойдон музыка сабагы кайрадан унутта калды. Мындан он жыл мурда мени комиссияга чакырып, министрликке түшкөн окуу китептердин жазмаларын (рукопись) караганбыз. Ошондо 1-7-класска чейинки окуу китептеринин 17 кол жазмасын (рукописин) карап көрүп, талапка ылайык жакшысын тапкан жокпуз. Себеби музыкалык педагогикага тиешеси жок кишилер жазыптыр. Окуучулардын жашы, ырдоо мүмкүнчүлүктөрү, тексттин мазмундары, анын идеологияга туура келиши, Ата мекенинин сүйүүсү жана оюн аралашкан ырлар, мындан тышкары алар сезонго бөлүнүшү ж.б.у.с. талаптарга жооп берген эмес. Мисалы, «Көпөлөк» деген ыр кыш мезгилине, «Балаты» жай мезгилине келип кал-ган. Мындан тышкары, ырды үйрөтүү менен катар музыкалык сабатты кошо ала жүрүү керек. Ушунун баарын 45 минутага бөлүштүрүү зарыл. Ушул критерийлер эске алынган эмес. Ошондой эле тарбиялык жагына көӊүл бурулбай калган.

— Сиз жетектеген бөлүм музыка сабагынын мугалимдерин даярдайт эмеспи. Эмнеге басым жасалат?

— Музыканттарга педагогиканы эч жерде окутпайт. Мен дагы музыкалык окуу жайын, кийин Москвадагы Гнесиндер атындагы музыкалык академияны бүтүргөм. Адистигим хормейстер. Биздин кафедра ачылганына он эле жыл  болду.  Музыка  сабагы  боюнча мугалимдер аз болгондуктан, аларды көбүрөөк даярдоо керек. Бөлүмгө жылына 8-12 бала алабыз, анын ичинен беш жылдын ичинде үч-төртөө эле калат. Алар биринчиден, хорду башкарганды үйрөнүшү керек, музыкалык сабаттан сабак бергенди билиши керек, педагогиканы өздөштүрүшү керек жана бир музыкалык аспапта милдеттүү түрдө ойной билиши керек (фортепианону, же аккордеонду, же баянды). Айылдагы мектептерде фортепиано, рояль жетишпегендиктен, музыка сабагынан мугалим болгусу келген адис мектепке сөзсүз бир аспапты алып барышы зарыл. Бизге келген балдардын табигый музыкалык угуу (слух) сезими жакшы болушу керек. Табият берген касиети болсо болду, ал эми калган билим сапатын өркүндөтүүгө аракеттенебиз. Кээде бизге өткөн балдардын билимин текшергенде, таӊ каласыӊ. Сабаттуу жазганды коюп, кыргыз жазуучулары-нын, акындарынын чыгырмаларын эмес аты-жөнүн тыӊ билбей келишет. Ошол себептен мектептерде билим берүү аб-дан төмөндөп кеткен деген ойго дуушар болобуз.

— Бир аспапты төрт-беш жылдын ичинде үйрөнө алышабы?

— Албетте, төрт-беш жылда үйрөнө коюу оӊой эмес. Кээ бир студенттер ошого чыдабай кетип калышат. Тартип боюнча биздин окуу жайга музыкалык мектепти бүтүп келген балдарды алышыбыз керек. Жумасына эки саат фортепианодон, эки саат аккордеондон, эки саат хор дирижерлугу жана педагогика боюнча сабактар берилет. Ушунун баарын өздөштүрүп чыкканда гана чыныгы педагог-музыкант болуп чыгуусу мүмкүн. Биздин бөлүмдү он жылдын ичинде 55 бүтүрүүчү аяктап, көпчүлүгү Бишкектеги музыкалык мектептерде калып калышты. Биздин окуу жайга жылына 70 эле бала кабыл алынчу, азыр 13 адистикке 95 абитуриент кабыл алынат. Музыка мугалимине жылына жети-сегиз гана орун тийет.

— Контракттык бөлүм барбы?

— Контракка беш-алты бала келет. Мурда контракттын төлөмү 4500 сом болчу, азыр 16 миӊге жетти. Чындап келгенде качан эле кыргыздар баласын музыкант же артист болсун деп акча  төлөп  окутчу  эле?..  Азыркыга чейин эле жаман көрөт. Бир жолу окуу жайлардын жетекчилерин Монополияга каршы агенттиги чакырып, жогорку окуу жайлардын аброюн көтөрүү үчүн контракттын төлөмүн жогорулатуу маселесин көтөрүштү. Ошол жетекчилердин ичинен жалгыз мен гана Искусство институтуна чоӊ контракттын кереги жок деп айтканымда, баары таӊ калышкан. «Кыйын болсо алты миӊге көтөрөлү, бирок 60 миӊге эмес» дедим. «Кимиӊер ырчы болсун деп балаӊарга 60 миӊ сом берип окутат элеӊер?» десем, баары күлүшкөн.

— Сиз өзүӊүз окуу китебин жазайын деп көрдүӊүзбү?

— Мен жогорку окуу жайларга хор дирижерлугу тууралуу окуу китептерин жазып жатам. Анткени айылдан келген студентке илгерки Союздун окуу китептериндеги орус элдик, польша, литва, украина, эстон ырларын түшүнүү кыйынга турат. Орус эл ырын «мобул ырды жатта» десеӊ, жаттамак түгүл аны түшүнбөйт. Ошондой хрестоматиялар-ды кыргыз балдар окууда кыйынчылык-тарга туш келишкен. Студенттерди кыйнабай кыргыз элдик ырларынан түзүлгөн 1-, 2-, 3- жана 4-курстарга ылайыктап, «Хор дирижерлугу» боюнча хрестома-тияларды даярдап басмадан чыгардым. Аларга кирген чыгармалар, студенттердин музыканы өздөштүрүүсүнө чоӊ көмөк берет деген үмүттөмүн.

Маектешкен Гүлнара АЛЫБАЕВА,

«Кутбилим»

МУЗЫКА САБАГЫ “ҮЧҮНЧҮ СОРТТОГУ” ПРЕДМЕТ КАТАРЫ КАРАЛБАШЫ КЕРЕК

Бүгүнкү жалпы билим берүүчү мектептердин окуу програм-масында элибиздин көркөм өнөрүн, оозеки чыгармачылыгын, музыкасын, каада-салтын, үрп-адатын үйрөтүүчү, таанытуучу предметтерге көӊүл бурулбай, эгемендүүлүктү алгандан кийин сааттардын көлөмү да кыскарып, өздүк-көркөм чыгармачылыгы боюнча ийримдер чала-чарпыт өтүлүп, ал эми музыка, сүрөт ж.б. предметтер үчүнчү “сорттогу” предметтер катары каралып, сааттар азайып, тиешелүү адистердин маяналары төмөн деӊгээлде. Ошол себептен көптөгөн жогорку билимдүү музыка жана көркөм өнөр багытындагы мугалимдер ишин таштап кетишкен. Кээ бир мектептерде көркөм өнөргө тиешелүү предметтерди математиктер, физиктер ж.б. адистиктеги мугалимдер эптеп-септеп (өзүнүн ставкасын толтуруу үчүн) окутуп келүүдө. Натыйжада жаштарга элибиздин музыкасы, фольклордук чыгармачылыгы, жалпы көркөм өнөр маданияты, кыргыз жана дүйнөлүк композиторлордун баа жеткис керемет чыгармалары жетишээрлик деӊгээлде үйрөтүлбөй, окутулбай келе жатат. Окуучулардын руханий дүйнөсү жакырланып, адам баласына тиешелүү болгон башкы, ыйык баалуулуктардан четтеп, күнүмдүк жашоо менен алектенип чыныгы инсандыкты, адамгерчиликти көрсөтүп турган сапаттардан айрылып калгандай.

Ыймандуу, маданияттуу, руханий жактан жеткилеӊ, көркөм дүйнөсү кенен жаштарды тарбиялоо мамлекеттик деӊгээлдеги башкы маселе болушу шарт. Коомдогу жат көрүнүштөр, коррупция, алдамчылык, ыймансыздык, маданиятсыздык ж.б. негизги себептери – жаштар, мектеп окуучулары кылымдар бою элибиз кастарлап алып жүргөн “Манас” эпосу башында турган элдик оозеки чыгармачылыгына, элибиздин бүткүл турмушу, жашоосун чагылдырган дастандарыбызга, ырлары менен комуз күүлөрүнө, акындар чыгармачылыгына, кыргыз жана дүйнөлүк композиторлордун классикалык чыгармаларына, сүрөт менен кол-өнөрчүлүгүнүн мазмунуна гана сугарылбай, алардагы баа жеткис маани-маӊызга сүӊгүп кирбегендиги, булардын чала-чарпыт окутулгандыгынын, үйрөтүлбөгөндүгүнүн натыйжасы болуп жүрбөсүн. Анткени мектептеги көркөм-өнөр багытындагы окутулуучу предметтер баланын дилин, жан–дүйнөсүн тазалап, руханий дүйнөсүн калыптап, ыймандуу инсанды тарбиялоочу негизги сабактар эмеспи. Билим берүү жана тарбиялоодогу бул кемчилдик бүгүнкү жашообуздун бардык жактарында кашкайып көрүнүп турат. Ошол себептен мектеп программасына олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүү менен көркөм-өнөр багытындагы сабак-тарды үчүнчү “сорттогу”сабак эмес, негизги сабактардын катарына кошуп, анын статусун көтөрүп, окутуунун сапатына, мазмунуна көӊүл буруп, мыкты музыка, сүрөт, адабият мугалимдерин са-паттуу даярдоону колго алуу зарыл.

Саресеп салып карасак, Японияда, Европа өлкөлөрүндө, Балтика боюндагы мамлекеттердеги мектептерде, колледждерде музыка сабагы жумасына үч-беш саатка чейин берилип, мектептерде көптөгөн искусство багытындагы ийримдер иштеп, аларга өтө олуттуу көӊүл бурулуп, жетекчилери жогорулатылган эмгек акы менен камсыз болушат экен. Алыска барбай эле Казакстандын мектептерин алып көрөлүк. Казак президенти Н.Назарбаевдин – “Домбраны колуна кармап, бир күү чертпеген окуучу кантип казактын баласы болсун?” — деген сөзүнүн күчү, мааниси менен мектептердеги музыка сабагына жумасына эки сааттан берилип, музыкалык көркөм өнөр ийримдерине өткөрүүгө өтө чоӊ көӊүл бурулат. Казакстандагы мектептердин дээрлик бардыгы домбра жана керектүү музыкалык аспаптар менен камсыз болгон. Ал эми бизде болсо бөлүнгөн музыка, сүрөт ж.б. сабактарга жумасына араӊ эле бир сааттан, алар дагы 7-класска чейин эле. Айрым мектептерде музыкалык, көркөм-өнөр сабактары үчүн атайын кабинеттер, класстар жок. Музыкалык аспаптар жетишсиз.

Музыканы, көркөм өнөрдү окутууну, үйрөтүүнү мектептен эле эмес, бала-бакчалардан тартып окутуу керек. Анткени баланын келечекте билимдүү, маданияттуу адам болуп калыптануусуна жаш кезиндеги алган билими менен үйрөнгөн өнөрү эбегейсиз таасир этип, келечегине бекем пайдубал болоору бышык. Маселен, Сингапурда бала-бакчаларда бала үч жашынан (жаш өзгөчөлүгүнө ылайык программа менен) окуп, кошумча англис ж.б. тилдерди үйрөнүп, көркөм өнөр багытындагы ийримдерге катышуу менен сөзсүз түрдө бир музыкалык аспапта ойноого милдеттүү. Бала мектепке кирээрде билими, жөндөмдүүлүгү жана үйрөнгөн өнөрү эске алынып анан кабыл алынат экен.

Билим берүү жана илим министрлигине, Кыргыз Республи-касынын Жогорку Кеӊешине кайрылуу каттарын жолдогонбуз. Натыйжада бири-бирине окшош “Каржы маселесине байланыштуу бул маселе азырынча чечилбейт” деген мааниде жооп алганбыз.

Суроо туулат, эмне үчүн жогоруда аталган чет мамлекеттер бала-бакчадан тартып жогорку окуу жайларга чейинки өтүлүүчү искусство багытындагы сабактарга олуттуу көӊүл бурушат? Европадагы, АКШдагы айрым жогорку окуу жайларга (кандай адистик болбосун) кирүү сынактарына кабыл алууда талапкерлердин музыкалык жөндөмдүүлүгүн текшерип кабыл алышат. Эмне үчүн алар өз элинин музыкасына, оозеки чыгармачылыгына, көркөм өнөрүнө үзүлүп түшүп, алардын мектептерде кеӊири окутулушуна кызыкдар? Же алар каражаттарын кайда жумшарын билишпей ушундай жолго барып жатабы? Же кыларга иши жокпу? Албетте, андай эмес. Анткени алар мектептерде маданият жана искусство багытындагы сабактарга чындап көӊүл бурбастан туруп, өз элин, жерин сүйгөн мекенчил, билимдүү, маданияттуу, руханий дүйнөсү бай, ыймандуу жаштарды тарбиялоо таптакыр мүмкүн эмес экендигин эӊ сонун түшүнүшөт. Ал эми биздеги акыбал улуттук идеологиянын түбү бош, алган багыты будуӊ-чаӊ, максатка умтулуусу жасалма, эгемендүүлүктүн түпкү маӊызына жеткиликтүү маани берилбейт дегенди түшүндүрбөйбү?

Урматтуу окурмандар, билим берүү багытында эмгектенген окутуучулар, мугалимдер, маданият кызматкерлери сиздердин дагы бул олуттуу маселеге кайдигер эмес экендигиӊиздерге ишенебиз. Туура көрсөӊүздөр, үн кошууӊуздарды суранабыз.

Ж.АЛЫБАЕВ, КР  Эл артисти, профессор;

Б.ИМЕТОВ, ОшМУнун музыкалык тарбиялоонун усулу, теориясы жана хорду дирижерлөө кафедрасынын башчысы, профессор.

1 Kомментарий

Добавить комментарий для Кубат Отменить ответ

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*