ЗАМАН ТАЛАБЫНА ҮНДӨШ ЧЫГАРМА

Биздин колубузда өзүнө бар болгону 45 барак же 90 гана бетти сыйдырган, “Жети Аке таалими — өнүгүүнүн өзөгү” аталыштагы чакан адабий-көркөм чыгарма турат. Анын автору – белгилүү мамлекеттик жана коомдук-саясий ишмер, Кыргыз Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы Толук ыйгарым укуктуу өкүлү  Эмилбек  КАПТАГАЕВ.

Чыгарманын жалпы багыты, көздөгөн максаты, алдына койгон милдеттери, көтөрүп чыккан көйгөйлөрүн кайсы жагынан алып карабайлы, алар учурдагы заман талабына ар тараптан үндөш жана шайкеш болуп тургандыгын дароо эле байкайбыз. Э. Каптагаевдин билдирген жекече пикир, көз караш, ой-толгоолору, киргизген сунуштары коомчулугубуз менен карапайым калкыбыздын сезиминде уялап, көптөн бери түйшөлтүп келаткан ой-санаалары, мүдөөлөрү, каалоолору менен өтө тыкыс айкалышып   гана   турбастан, аларды чагылдырып да тураарына ынануу анчейин кыйын эмес.

Учурдан  пайдаланып, Э.Каптагаевдин ишмердиги коомчулугубузга кыйла мезгилден бери таанымал экендигине карабастан, анын айрым бир урунттуу учурларына токтоло кетүүнү эп көрдүк. Ал алгачкы эмгек жолун КМУнун механико-математикалык факультетин 1980-жылы аяктагандан кийин Илимдер академиясынын комсомолдук комитетинин катчысы, аспиранты болуп, 1987-жылы Украинанын Одесса шаарында диссертациясын ийгиликтүү коргоп, физика-математика илимдеринин кандидаты деген наамга ээ болгон. Ал 30га чамалаш илимий макалалардын автору. Ким билет, эгерде кийинчирээк саясий-уюштуруучулук чөйрөгө аралашпай, негизги кесиби боюнча изденип иштей бергенде, белгилүү илимпоз чыгат беле? Антсе   да,  анын   эмгек  жолу менен   кызматтык   карьерасы кынтыксыз, түз жүрүп отуруп, 1991-жылдан 2004-жылга чейин үзүрлүү уланды.

Ал 2004-жылдан баштап, коомдук-саясий ишмердикке баш оту менен кирип, бул багытта эл көзүнө көрүнүп, оозуна алына баштаган. Буга анын мекенчилдик жышаандагы оппозициялык жолду тандап, “Улуу биримдик” улутчул-демократиялык партияны негиздегени айкын күбө. Бакиевдин үй-бүлөлүк, авторитардык, жек көрүндү бийлигине каршы келишпес күрөшүүчү катары 2008-2010-жылдары “Бириккен элдик кыймылдын” саясий бюросунун мүчөсү болуп, секретариатын жетектеп турду.

Бирок анын ээлеген позициясы бакиевчил башкаруу тутумун кооптонтуп, мунун залалы менен ал ур-токмокко дуушарланып, 2010-жылдын 6-апрелинде камакка алынган. Эгерде эртеси элдик революциянын максаты ишке ашпай калса, анын жеке өмүрү менен тагдыры кандай болоору, айтпаса да белгилүү эмеспи.

Революциянын шарданасы менен ал Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, аппарат жетекчиси, КР Президентинин аппарат жетекчиси,  жаӊы    шайланган Президенттин кеӊешчиси болуп, ийгиликтүү иштеп турду. Анын бай саясий, уюштуруучулук жана өндүрүштүк тажрыйбасы эске алынып, 2013-жылдан бери бүгүнкү кызматын ийгиликтүү аркалап келүүдө.

Ушул жагдайларга арбыныраак токтолуп жатканыбыздын себеби, анын узак жылдардан бери ар кайсы тармактарда белсемдүү эмгектенгендиги, дайыма эл арасында болуп, анын жашоо-турмушун, суроо-талаптарын, дурусу менен бурушун өтө тереӊ билгендиги, аларды чечүүнүн ийкемдүү жолдорун тынымсыз издегендиги, жүрүп отуруп өзүнүн аталган чыгармасын жаратууга түрткү берсе керек деп, ырастоого толук негиз бар.

Эмгектин бүтүндөй өзөгү менен жалпы лейтмотивин Көл кылаасынын тарыхый даанышман ойчулдары: Карга Аке, Мойт Аке, Сарт Аке, Тилекмат Аке, Садыр Аке, Карач Аке менен Кадыр Акенин өлбөс-өчпөс идеялары, өз урпактарына табериктей калтырып кеткен мурастары, акыл-насааты, учкул, накыл сөздөрү алигиче унутулбай, эл арасында кенен-чонон эскерилип да, айтылып да келүүдө. Ал тургай соӊку чактарда бул акылмандарга карата болгон кызыгуулар дүрт этип өсүп, бөтөнчө, жаштар арасында да кеӊири орун ала баштаганы – бизди кубандырбай койбойт.

“Учурунда Акелердин акылын угуп, айтканына муюп, доо болсо кечирилип, таарыныч жазылып, чыр-чатак басылып турган экен. Ошол  заманды,  ошол  наркты, ошол биримдикти, азыр ар бирибиз тамшануу менен айтабыз, отурган жерде узун сабак кеп кылабыз”, — деген оюн сыпаттайт, автор. Анын андан аркы айткан-дегенине назар оодарсак, биз: “Чынында эле, ошол кезде жети башка уруктан чыккан Жети Акенин сөзү жерде калбай, айтканы айткандай аткарылып турганы – өзүнчө бир керемет, өзүнчө бир касиет болгон”, — деген аныктамага кезигебиз. Булар абдан туура айтылган ойлор, анткени, биз бүгүн дал ушундай дөөлөткө, касиетке, акыл-парасатка таӊдайыбыз катып,  суусап  турган  чагыбыз эмеспи.  Биз  Жети  залкардын философиясынын өзөгү менен феномени — “Ырыс алды ынтымак” деген таамай, таасирдүү, ар кимдин жүрөгүнөн түнөк таба турган элдик түшүнүк – туюнтмада катылып жатат дээр элек. Китептеги камтылган бардык ой-толгоолор, мүдөө-санаалар, каалоо-тилектер барып келип эле, тээ, атам замандан, Айкөл Манастан бери тарта, өлбөй-өчпөй келе жаткан ушул жалындуу ураан-чакырык менен эриш-аркак, ажырагыс бирдикте жүрүп отурат.

Э.Каптагаев   ушул  тапта өлкөбүздө орун ээлеген саясий кырдаалдан улам келип чыккан көптөгөн көйгөйлөргө көӊүл буруп, аларды, тек гана, үстүртөн баяндап өтпөстөн, мүмкүн болушунча аларды чечүүнүн ийкемдүү багыттары менен жолдорун өз түшүнүгүнүн тереӊдигинен сунуштап кетет. Эгерим, чыгарманын жалпы тулу-турпатын учкай тандоого алып көрсөк, ал кандай гана маселе болбосун, аны чечүү үчүн туура максат коюу, туура жол тандоо, туура аракет жасоо зарыл экендигине басым жасайт.

Жамааттык кыймылга таянуу — коомдук түзүлүштүн негизи; уруулук түзүлүш менен элдик биримдик; ынтымак  кеӊеши,  айыл  бийи, жигит башы; өз ара жардамдашуу – жамааттык биримдиктин пайдубалы; элеттик өнүгүү кору; сарамжалдуулук менен мээнеткечтик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу – бийликтин өзгөчө түрү деген талуу маселелерди ортого салып, талкууга койгонун биз абдан туура деп кабыл алабыз. Автор өзүнүн ойлорун жыйынтыктап келип, “Ынтымак – адам баласынын табигый муктаждыгы” деген таасирдүү жана талашсыз тыянак чыгарат.

Э. Каптагаев ыраатттуу, бир бүтүн   улуттук    идеологияны түптөө – мезгилдин өктөм талабы экендигин баса белгилеп, “Биздин улуттук идеологиябыздын өзөгүн – Кыргыз улуттук мамлекет түзөт” деп айгинелөө менен, “Улуттук мамлекеттүүлүк идеясынын өзөгү да, анын баш максаты да, бул — кыргыз элин улут катары сактап калуу жана анын өнүгүүсүнө шарт түзүү, улуттук рух менен ар-намысты бийик көтөрүү деген бүтүмгө келет.

Т.ИШЕМКУЛОВ,

Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиӊирген и ш м е р

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*