ПРОФЕССОР МАХМУД КҮЧҮКОВ: “УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТТЕ ӨНҮГҮҮ ПРОЦЕССИ ТОКТОП ТУРАТ”

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети дүйнөгө таанылган, даңктуу жогорку окуу жайлардын бири. Эсептей келсек, сан жеткис замандаштарыбыз өз кезегинде кут даарыган, куттуу окуу жайдан билим алуу бактысына ээ болушту. Бийик дабандарды ашып, асыл максаттарын аткарышып, коомубуздун алгалоосунда салымдарын кошуп жатышат. Учурдагы КУУнун абалы жана өнүгүү багыттары туурасында ушул университетте 47 жылдан бери талыкпай эмгек өтөп келе жаткан ардактуу атуулдардын бири, КУУнун карамагындагы үзгүлтүксүз билим берүү жана квалификацияны жогорулатуу борборунун директору, тарых илимдеринин доктору, профессор Күчүков Махмуд Мамаевич айтып берет.

“Эгемендүүлүккө ээ болгондугубуздан бери мамлекетибиз ар кандай тарыхый маани-маңыздары бар учурларды башынан өткөрүштү. Ошол мезгилден бери ар качан жогорку окуу жайлардын флагманы болуп келген Кыргыз Улуттук Университети өнүгүп, алга жылуу процесси токтоп тургандыгы ар бирибиздин зээнибизди кейитет. Университетибиз алгач “Улуттук университет” деп аталганда, маңдайыбыз жарыла кубанып, окумуштуулар чөйрөсү бири-бирибизди куттуктап жаткандыгыбыз дале эсибизде. Бирок биздин ошондогу үмүт-тилектерибиздин аткарылбай, сүйүнүчтөрүбүздүн “суу кечпей” калгандыгын университеттин азыркы абалы айгинелеп турат. Окуу жайыбыз улуттук деп аталганы менен анын ички мазмуну аталышына дал келбейт.

Маселен, коңшулаш жайгашкан Казакстанда, Белорусия, Украина мамлекеттеринде “улуттук” деген статуска ээ болгон университеттерде дагы Президенттин Указынан кийин Өкмөт башчысынын улуттук университеттин жоболору туурасындагы ачык-айкын, так жазылган токтомдору жарыяланып, мыйзам чегинде күчүнө кирет. Мыйзам катары күчүнө кире турган ал токтом бир нече пункттардан туруп, анда улуттук университеттин өнүгүү, келечекке умтулуу багыттарын так аныктап, коомчулукту милдеттендирет. Ал эми биздин университетибиз улуттук статуска ээ болгондо, мамлекет жетекчилери болгону жарым бетке жетпеген токтомду токуп, эптеп-септеп милдеттеринен кутулушкан эле. Ал токтомдордо Улуттук университетибиздин келечек-көрөңгөсүн жакшырта турган пункттарга ичибиз чыккан эмес, нааразы болгонбуз. Окумуштуулар жамааты нааразычылыгыбызды билдирип чыкканда Акаев бийлиги биздин дооматтарыбызга кулактарын кагып дагы коюшкан эмес. Дагы эле мисал келтире турган болсок, Белорусия мамлекетиндеги Улуттук университеттин ректорунун даражасы Өкмөт мүчөлөрүнүн, министрлердин деңгээлине барабар. Аларда бюджеттен тышкары дагы каржылоо маселелери каралган. Мындан тышкары, КМШ мамлекеттеринде Улуттук университеттин профессордук-окутуучулар жамааты башка ЖОЖдордо эмгектенген мугалимдерге караганда айлык маянаны 2-3 эсе жогору алышат.

Ал эми биздин Улуттук университетибизде башканы мындай коелу, ар кандай шашылыш кырдаалдарда тез жардам көрсөтүүчү медициналык пунктубуз дагы жок. Мындан бир нече жылдар мурун бардык окуу жайлардын өкүлдөрү суктанышып, “дарыланып алсак” деп дегдеткен профилакториялык санаторийибиз бар эле. Ал дагы өз мезгилинде бийликтин Улуттук университетке жасаган өгөй мамилесинен улам, жок болгон.

Ошентип, билим берүү жаатында улутубуздун сыймыгы болгон Жусуп Баласагын атындагы КУУга 20 жылдан бери жөн салды, кайдыгер мамилелер уланып келүүдө. Алгачкы Президентибиз Акаевдин тушунда Улуттук университетке караштуу 24 миң квадрат метр жерди ээлеген имараттарыбыз, окутуу, лабораториялык иш аракеттерди жүргүзүүчү бир нече корпустар башка ишкана, уюмдардын карамагына өтүп кетти. Анын натыйжасында 62 млн. сомдук имарат-аянттарыбыздан кол жууп кала бердик.

Алгач Турусбеков көчөсүндөгү №11 жатакана толугу менен КТРКнын карамагына өткөрүлүп берилди. Андан кийин Москва көчөсүндөгү аспиранттар үйүн, Улуттук Илимдер Академиясынын маңдайындагы экономикалык факультетинин окутуу имаратын, анын жанында жаңыдан курулуп жаткан лабораториялык корпусту алып кетишти. Негизги корпустун айланасындагы жаңыдан курулуп жаткан салтанаттар залынын имаратын дагы каршы болгондугубузга карабай Президенттин Указы менен 5 жылдыздуу мейманкана курууну пландаштырган ОМА компаниясына беришти. Негизи 1969-70 жылдардан бери Улуттук университеттин кызматкерлери үчүн болгону 12 квартира эле бөлүнгөн. Ошол мезгилден ушул мезгилге чейин эч нерсе Өкмөт тарабынан бөлүнө элек.

Университетке караштуу барак тибиндеги үйлөрдү бузуп, салтанат залынын имаратын курууну пландаштырганбыз. Аны жогоруда белгилеп кеткенимдей ОМА компаниясына кармата салышкан. Улуттук университетке жасалган ушундай акыйкатсыз мамилелерге жаныбыз кашайып, биз дагы каршы туруп, чечкиндүү кадамдарга бардык. Улуттук университеттин пайдубалынын түптөлүшүнө зор салым кошкон окумуштуу агаларыбыздын арбактарынын, болочоктогу муундарыбыздын алдындагы кечиктирилгис милдеттерибизди терең талдап, калыс болууга биз дагы болгон аракет күчтөрүбүздү жумшадык. Эгемендүүлүккө ээ болгон ушул жылдардын ичинде канчалаган бийликтер, Өкмөт мүчөлөрү алмашты. Ар бир бийлик алмашкан сайын биз дагы Улуттук университетте өнүгүү процесстери токтоп тургандыгын каңкуулап, татыктуу иш-багыттарды кабыл алууларын талап кылдык. Биздин аракеттерибизден майнап чыккан жок.

Союз мезгилинде М. Шеримкулов БКнын секретары болуп турган чакта биздин улуттук университетибиз дүйнө жүзүндөгү эң алдыңкы окуу жайлардын бири катары сыймык менен аталып келген эле. Чоң держава тарап, жок болоорго жакын биздин университетибизге 20 млн. рубль бөлүнүп, жаңы имараттардын салынып, окутуу иштерин жакшыртууга тапшырмалар берилген. Ар кандай себептер менен ал жаркын максаттарыбыз орундалбай калган. Биздин Улуттук университеттин статусу талапка жооп бербей тургандыгын, ага бийлик башындагылардын өзгөчө камкордук-мамилелери өтө зарыл экендигин айтып учурдагы Президентибиз Алмазбек Атамбаевге дагы кайрылуу жазганбыз. Ал кайрылууда эң алгач бир мезгилдерде акыйкатсыздык менен башка ишкана-уюмдардын карамагына өтүп кеткен Улуттук университеттин имараттарын кайтарып берүүсүн талап кылдык.

Алгачкы Президентибиз биздин далай имарат-курулуштарыбыздын жок болуусуна себепкер болсо, экинчи Президентибиз К. Бакиев андан калышкан жок. Ал келгенден тартып эле Өмүрканов аттуу жолбун адамды ректор кылып бекитти. Анын натыйжасында, 4 жыл боюу биздин университеттин болгон ырыскысын жеп-жутаар ажыдаарга окшоп ошол адам гана ээлеп турду.

Улуттук университеттин жалпы жамааты коррупциянын сормо сазына баткан пирамида үчүн иштеп турушту. Такыр айлабыз куруганда жалпы жамаат толугу менен айла амал издеп таап, Коопсуздук кызматынын, финансы полициясынын, ИИМдин коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын кийлигишүүлөрү менен эптештирип, Өмүркановду “ээрден оодарганбыз”. 2010-жылы болгон апрель ыңкылабынан кийин Башкы прокуратуранын имарат жайы толугу менен өрттөлүп кетип, документтер күйүп, жарактан чыгып, далай коррупционерлердин былык иштерин тергеп-тескөө аягына чыкпай калбадыбы. Алардын арасында дал ошол Өмүрканов дагы бар.

Алга карай арыш керип, доорубуз күн санап эмес, мүнөт сайын алга кетүүдө. Учурдун талабына ылайык Улуттук университет өз алдынчалуулукка ээ болгон билим берүү структурасы болуусу зарыл. Бирок биздин университетке дайындалган  жаңы жетекчи сөзсүз түрдө Ак үй, көк үй дегендердеги маанилүү фигураларга көз каранда болуп, алардын оозун карап калышат. Алардын кызыкчылыгын колдоп, аларга кызмат кылышат. 3-4 жыл ректор болуп кызмат өтөгөндөр жогору жактагылардын оозун карап, тапшырмасын күтүп отуруп, университет үчүн тырнактай дагы иш жасабаган бойдон кетишет. Анан кайдан өнүгүү процесси болмок эле? 1993-жылы көп баскычтуу өнүгүү максатында жаңы реформаларды өнүктүрүүгө киришкенбиз.

Реформаларды ишке ашырууга багытталган иш аракеттерибизди кыскартып отурушуп, 2000-жылы ал реформанын аракеттери токтоп калган. Билим берүү министринин дагы улам жаңылана бериши биздин ишибизди артка тартты. Жакынкы жылдардан бери Болоня тутумунда окутууну кайрадан ишке ашыруу максатында Өкмөттүн токтому чыгып, азыр анын аракетиндебиз. Бирок көп баскычтуу билим берүү тутуму ал мурунку убактарга салыштырмалуу такыр башкача.

Бакалавр тутумунда билим бергенден кийин, магистратурада окутуу үчүн атайын программаны 1996-жылы иштеп чыкканбыз. Бирок магистратурага кабыл алуу сентябрь, октябрь айларында жүргүзүлүп, анан окуу башталат. Ушул кантип окуу болсун? Анысы аз келгенсип, дагы бир билерман жетекчи келе коюп, магистратураны жоюп, факультеттерге таратып жиберген. Алар магистранттар факультеттерде эптеп окуду аты менен окуп жатышат. Максаттуу багыт жок. Магистратурадан окугулары келген жаштар биздин борборго келишип, зарыл маалыматтарды алып кетишет.

ЖОЖдорду оптималдаштыруу туурасындагы кеп-сөздөрдүн болуп жаткандыгына бир жылдан ашты. Мына жакында ошол оптималдаштыруунун алкагында Улуттук университеттеги юридикалык укуктары бар институттарды жоюп, факултеттерге айландырып койсо эле баары жайында болот деген маанидеги буйрукту билим берүү министрлигинин статс-катчысы таратты. Нечендеген эмгектерди жокко чыгарууну буйрук кылгандан кийин ушул билим берүү министрлигинде деги билим берүүнүн келечегин ойлогон жан бар болду бекен деген ойдо калдым. Анан дагы биздин коомубуздагы болуп жаткан саясий өзгөрүүлөр, бийлик алмашуулар-биздин Улуттук университетибиздин кадр маселелерине, ички өнүгүүлөрүнө бир топ терс таасирлерин тийгизди.

Билим берүү жоболорунда университеттеги шайлоо иштерин өткөрүү так, даана жазылып турат. Ошонун негизинде, мыйзам чегинде шайлоолорду өткөрүүгө милдетүүбүз. Бирок биздин Улуттук университетте ректорду шайлоо чоң машакат, ызы-чуу менен өтөөрү көнүмүш болуп калды. Мыйзам бузуулар көп. Мисалы ректор болууга ат салышкан инсандардын ичинен көп добуштарга ээ болгон үч инсандын бирин тандап, Өкмөт өзү бекитет экен. Бул туура эмес. Биринчиден шайлоонун жыйынтыгы бүткөн процесс болушу керек. Андан кийин эң көп добуш алган талапкерди ректор кылып бекитүү керек. Бекитилген жобонун негизинде ректор бекитилиши талапка ылайык. Ушул процесстерге Өкмөттүн киришип, өз билгенинче бурмаланууга алып баруусу, Конституцияны бузганга тете эмеспи.

Өткөн жылы август айында Жусуп Баласагын атындагы КУУнун ректору кызматтан кетип, октябрда жаңы ректорду шайлоо өткөрүлдү. Бирок ал шайлоонун жыйынтыгын “Кыргызча шайлоо болгон”-деген ушак-айыңдардын кесепетинен жокко чыгарышкан. Азыр КУУнун ректору жок, милдетин аткаруучу жетектеп жатат. Ошол күз айындагы шайлоо мыйзам чегинде, талапка ылайык болгондугуна биз күбөбүз.

16 талапкер КУУнун ректору болууга күч сынашып, Өкмөттүн илим боюнча бөлүм башчысы бул шайлоону жетектеди. Эми бүгүнкү күндө ошол шайлоонун жыйынтыгында арткы 8 орунду алган талапкер акыйкат издеп Биринчи Май сотуна арыз берип, даттаныптыр. Ал адамдын даттануусу дагы кызык, шайлоодон он күндөн кийин Ленин райондук сотуна берсе, мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу албай койгон. Анан кечигип калса дагы Биринчи Май райондук соту алып, анын сотун улам кийинкиге калтырууда. Неси болсо дагы билим берүү министрлиги өздөрү бекиткен жоболорду жокко чыгарбай, тез аранын ичинде Улуттук университеттин ректорун бекитип берүүсү зарыл эле. Ушул жерден дагы Улуттук университетке жасалган өгөй мамилени байкоого болот. Улуттук университетибизге мындай жөн салды мамилелердин жарашпай тургандыгын түшүнүүгө мезгил жетти.

Өткөөл замандан тартып эле ар кандай кыйынчылыктарда оор сыноолорго туруштук берип келе жаткан Кыргыз Улуттук Университети азыр деле мамлекетибиздеги Жогорку окуу жайларынын арасында негизги флагман болуп келе жатат.

Кыйын кезеңдерде жол таап, ийгиликтердин сырларын ача билген КУУнун профессордук курамына, окутуучуларына, жалпы жамаатына кандай ыраазычылык айтсак дагы жарашат. Айрымдары мыкты ЖОЖдордун катарында бир топ окуу жайларды аташат. Ошентсе дагы КУУ ЖОЖдордун арасында эң мыктылардын мыктысы, даңктуусу, куттуусу катары Улуу урмат-сыйдын ээси болуп кылымдарды карыта бере тургандыгына терең ишенем.”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*