ТААНЫШЫП АЛГЫЛА: ЛЕБЕДИНОВКА №2 ГИМНАЗИЯСЫ

Аламедин районуна караштуу Лебединовка №2 гимназиясы акыркы жылдары бир топ ийгиликтерди жаратып келатат. Өзгөчө жаш муундун ден соолугун чыңдоо максатында — бул окуу жайда атайын профилдик спорттук класстар ачылган. Бул класстын окуучулары бир эле айылдык, райондук, облустук, республикалык эле эмес, эл аралык спартакиадаларда алдыңкы орундарды бербей келатышат. Жакында эле Россиянын Новосибирск шаарына барып, байгелүү орундарды жеңип келишти. Ошондой эле шахмат боюнча, Москва шаарында өткөн «Тирүү классика» сынагына катышкан гимназистер окуу жайдын даңкын далайга чыгарышты.

Изденген жетекчи, чыгармачыл жамаат55555_48

«Эшигин көрүп, төрүнө өт» демекчи, кире беришинен баштап эле окуу жайда материалдык-техникалык базаны чыңдоого, тазалыкты сактоого, окуучулардын сапаттуу билим, татыктуу тарбия алышына мектеп жетекчилиги, айыл өкмөтү тарабынан чоң көңүл бурулуп жатканы айтпаса деле көрүнүп турду. «Спорт — ден соолуктун булагы» дегендей, мектептин биринчи кабатында теннис столу жайгашкан, анда сабактан чыккан балдар компьютер оюндарына чуркабай, бирин бири сүрөп, тенниске машыгып жатканы жүрөктү жылытпай койгон жок.

Мектептин директору Асылкан Омурованын бул мектепке жетекчи болуп дайындалганына быйыл 11 жылдын жүзү болду. Ал айылдык кеңештин депутаты, билим берүү комитетинин төрайымы. Ошондуктан айылдагы билим берүү көйгөйлөрүн көтөрүүдө бир эле өзү жетектеген мектепке эмес, айылдагы төрт мектеп, төрт бала бакчага текши карап, бюджеттен текши каражат бөлдүрүп, материалдык-техникалык базасын чыңдап келет. Заман талабына ылайык ал айылдык кеңештин депутаттарын ынандырып, төрт мектепти тең заманбап, интерактивдүү доска менен камсыз кылды. Ошондой эле «Айылдык мугалимди колдоо» долбоорунун алкагында турак-жайы жок мугалимдерге айыл өкмөтүнө кайрылып, алар аркылуу бир бөлмөлүү, бардык шарты менен чакан батир курдуртуп жатканы башка жетекчилерге үлгү болчудай. Кайсы тармакта болбосун биринчи ирээт өз кызыкчылыгы эмес, жамаатты, билим системасын ойлогон жетекчилер бар экенин мезгил өзү көрсөтүп келет.

Гимназиялык багыттар жаңыланып турат

– Билим берүү системасында 30 жылдан ашык иштеп келатам. Алгачкы эмгек жолум дагы ушул мектептен башталган. 2003-жылы Аламедин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын тапшырмасы менен биздин мектепти гимназия статусуна өткөрүү ишеними көрсөтүлгөн болчу. Гимназия болобуз деп үч-төрт жыл химия, кыргыз жана орус тилдери, информатика сабактарын эксперимент катары киргиздик. Информатика сабагы негизинен 7-класстан баштап киргизилиши керек болсо, биз 5-класстан баштадык. Жакшы иштеген, жетишкендиктери бар, баалары жогору болгон класстардын мугалимдерине жекече, автордук программа түзүүнү сунуштадык, – дейт мектеп жетекчиси.

Айтмакчы, бул иштин башын А.Омурованын насаатчысы, мектептин мурдагы директору, билим берүүгө эмгеги сиңген кызматкер Ж.Касымбаева жол салып кеткен. Ошентип, окуучулар информатика, математика, кыргыз тили сабактарынан жакшы жетишкендиктерди көрсөтө баштайт. Райондук, облустук, республикалык олимпиадаларда окуучулар 1-, 2- жана 3-орундарды ала башташат. Ошондо гимназия гуманитардык предметтерди, информатиканы, эмгек, спорт, көркөм сабактарын тереңдетип берүүнү көздөшөт. Бул багыттар боюнча беш жылда бир лицензия алып турушат.

– Лицензия алганда өзүбүздүн жетишкендигибизди көрсөтүп, кайсы сабактардан жыйынтык чыгып жатканын түшүнүшүбүз керек. Жыйынтык чыкпаган предметтерди алып салабыз да, жаңы багытка умтулабыз. Маселен, химиядан начар болдук, анын ордуна 5-11-класска чейин «Манас таануу» сабагын киргиздик. Жыйынтыгы жаман эмес. Республикалык интеллектуалдык таймашта биздин манас таануучулар 1-орунга чыгышкан. Азыр «Манас» эпосу боюнча китептерди балдарга сатып бердим. Алар кыргыз тили жана адабияты мугалими Адаш эжейи менен чоң изилдөөлөрдү өткөрүп жатышат. Бул багытта бир топ ийгиликтер бар. «Манас таануу» сабагы окуучулардын туура таалим-тарбия алуусуна чоң өбөлгө түзүп жатат. «Көптү көргөн эмес, көптү билген» билет дегендей, биздин окуучулар «Манас таануу» интеллектуалдык оюнуна кантип кийинип баруу керектигин бизге көрсөтүп, айтып жатышат. Бул деген окуучулардын «Манасты» ийне-жибине чейин изилдеп, окуп жатканынан кабар берет. Айтмакчы, Айпери деген окуучу кызыбызда манасчылык касиет бар, ал башка окуучуларга үлгү. Айпери экс-министр Канат Садыковдун колунан Ардак грамота алган. Ал келечекте манас таануу боюнча мугалим болот деген үмүтүбүз бар. Мындан сырткары, экс-акимдин тапшырмасы менен комуз сабагын киргизгенбиз. Айыл өкмөтү, райадминистрация төрт миң сомдук өрүк комуздарды сатып беришкен. Жумасына эки жолу сабак берилет. Балдар көнүп калышты. Ошондой эле, БГУ менен сүйлөшүп, келишим түздүк.

Гуманитардык багыттагы кесиптерге өтүүдө БГУ биздин окуучуларга 15% жеңилдик берет. Бирок эмнегедир биздин балдар жалаң Кыргыз-Орус-Славян университетине өтүп жатышат. Сегиз жылдан бери 10-11-класстарга саясат таануу атайын курсун киргизгенбиз, аны БГУнун окутуучусу берет. Биздин максат — коомдо болуп жаткан саясий окуяларга окуучулардын ой-жүгүртүүсүн өстүрүү. Жыйынтыгы жаман эмес. Биз Бишкек шаарындагы белгилүү №12 гимназиянын деңгээлине жетүүнү көздөп келатабыз, – дейт А.Омурова.

Баса, бул айылда уйгур улутундагылар көп болгондуктан, гимназияда уйгур тили жана адабиятын окутуу да кирген. ИМООПко гимназиянын төрт бүтүрүүчүсү уйгур тили жана адабияты факультетине өтүп, жожду аяктагандан кийин кайра мектебине кайрылып, учурда мугалим болуп эмгектенишүүдө.

Олимпиада жана спартакиадалардын жеңүүчүлөрү

– Биз предметтик олимпиадага орус жана кыргыз тилдери, физика, информатика сабактары боюнча катыштык. Областтык олимпиадада төртүнчү орунга илиндик. Кыргыз тилинен, манас таануу боюнча республикалык деңгээлге, 1-4-класстар боюнча математика сабагынан өткөн сынакта 2-турга чыктык. Эң башкысы, биздин гимназияда өмүр бою эмгектенип келаткан дене тарбия мугалими Ишенкожо Арматов окуучуларды эртең мененки саат 7.00дон баштап сабакка келгенге үйрөткөн. Ал үч профилдик (спорт боюнча) классты жетектейт. Ата-энелердин каалоосу боюнча балдар тандалып алынган. Жыл сайын бардык спартакиадаларга активдүү катышат. Мейли теннисте, мейли кроссто, мейли шахматта, мейли тогуз коргоолдо болсун балдарыбыз алдына эч кимди чыгарбай келатышат. Өзгөчө шахмат боюнча балдарыбыздын көрсөткүчтөрү жакшы. Маселен, 4-класстын окуучусу Алтынай Туратбекова республикалык спартакиадада 2-орунду жеңип алып, Жогорку Кеңештин депутаттары менен дагы ойноп, аларды да жеңип алган, – дейт сыймыктануу менен мектеп директору.

Гимназияда тогуз коргоол да сабак катары киргизилген. Алар да дайыма жеңиш менен келишет экен. Биз профилдик класстын окуучуларынын баскетбол боюнча машыгып жатканына, окуучулар баскетбол оюнунун элементтерин профессионал оюнчудай пайдаланышканына, бул балдар жана кыздар бир эле мектептин эмес, өлкөнүн намысын коргой ала тургандар экенине күбө болдук. Жакында булар республикалык спартакиадага катышат экен. Бул окуучулар Чүй облустук Өкмөттүн ыктыярдуу өкүлүнүн колунан атайын медалга татышыптыр.

– Бул курактагы өспүрүмдөр ата-энелерин кыйнап, күнүгө 100 сомдон кем эмес алып, компьютердик клубдарда жүрсө, биздин окуучулар жалаң спорт менен машыгышат. Буларды көрүп, жүрөгүм тынч, анткени биздин гимназиянын балдары бири спортто, бири комузда, бири манасчылык менен алектенип жүрүшөт. «Бир карын майды бир кумалак чиритет» дегендей, окуудан жетишпеген балдар да жок эмес. Гимназиянын жобосу боюнча жөнөкөй мектептерге аларды которолу десек, бизден кеткилери келишпейт. Кыскасы, аларга үлгүлүү окуучуларды өрнөк катары көрсөтүп, татыктуу тарбия, билим алганга бардык аракетибизди жумшап келатабыз, – дейт Асылкан Шерматовна.
Айтмакчы, гимназиянын спорт профилиндеги окуучулар республикалык спорт мектеби менен кызматташат. Булардан турган курама команда быйыл Новосибирскте өткөн регионалдык спартакиадага катышып, жеңиш менен кайтышкан. Балдардын жол киресин, тамак-ашын Билим берүү жана илим министрлиги каржылап берген.

Агай

Гимназиянын дене тарбия мугалими И.Арматовду окуучулар дагы, мугалимдер дагы жөн эле «Агай» деп коюшат.
– Эртең менен таң эрте келип, эң акыркы болуп кетем. 42 жыл болду иштегениме. Окуучуларым эртең менен саат 7.00до келишет. Жолдо тыгында калып, 10-15 мүнөт кечигип калсам, балдардан тил угам. Саат 8.00дон 9.00го чейин атайын класстарда сабак өтүлөт. 5-класска чейин жумасына беш жолу сабак коюлган. Баскетболдун эрежелери бир топ кыйыныраак, ошондуктан акырындык менен үйрөтө баштайбыз. Спартакиадага катышып келгенден кийин окуучулардын көздөрү ачыла түшөт. Андан кийин мага жеңил болуп калат. Балдарга коко-кола ичпегиле, чипсы жебегиле, семичке чакпагыла, чылым чекпегиле, ичимдик ичпегиле деп айтып турам, – дейт машыктыруучу.
Профилдик класстын окуучулары бардык жакка жөндөмдүү болуп калат экен. Режимди, убакытты да туура пайдаланууну билишерин мектеп жетекчиси белгилеп кетти.
– Биз сыймыктанчу окуучуларыбыздын саны жылдан жылга өсүүнүн үстүндө. Мектепке керектүү жабдыктарды айыл өкмөтү аркылуу алып жатабыз. Маселен, эки жыл мурда спорттук инвентарларды 27 миңге алып берген. Агай кайсы спорттук инвентарь керек болсо, мага тизмелеп жазып берет. Айыл өкмөтү мелдештерге барганда жол киребизди, тамагыбызды төлөп берип келатат. Алар болбосо, биз эч жакка чыга алмак эмеспиз, – дейт Асылкан Омурова.

Ата-эне – мектептин жардамчысы

– Гимназияда ата-энелердин ыктыярдуу Камкорчулар кеңеши иштейт. Аны беш-алты жылдан бери К.Турдиев жетектеп келатат. Кайсы класска эмне керек болсо баарын камсыздашат. Каражат бере албаган ата-энелер дагы бар, аларды эч ким акча төлө деп кыйнабайт жана басмырлабайт. Колунда бар ата-энелер өздөрү жардам берип келатышат. Бир кабинетке телевизор керек болсо, бир кабинетке жөн эле терезе парда керек болот. Мына ушуларды алып беришет. Мисалы, бир мугалимибиз ата-энелерге кайрылып, «маркердик такта алып бергиле мүмкүнчүлүгүңөр болсо» деди эле, жети миң сомго аны алып беришти. Бул жасалып жаткан иштердин баары жалаң балдар үчүн болуп жатканын ата-энелер өздөрү айтышат. Жакында билим министринин м.а. Э.Сариева мектепти бүтүрүүчүлөр жасасын деген акцияга жол баштап бербедиби, бул абдан жакшы демилге, – дейт мектеп директору.

Сапаттуу билим берүү

– Ар бир мугалим окуу жылынын башында билим сапатын өнүктүрүү боюнча иш план боюнча иштешет. Ал планды түзүүдө педагогикалык, психологиялык проблеманы алдыга коюшат. Мисалы, мен кыргыз тили мугалими катары окуучулардын сүйлөө кебин өстүрүү боюнча максат коюп, ошол план боюнча иштейм. Окутуунун билим сапатын өнүктүрүү деген чоң проблема. Эң биринчи, мугалимдер окуучуларды предметке кызыктыруу үчүн жаңы технологияларды колдонуп сабак өтүүсү зарыл. Ошондо окуучуга сабак кызыктуу, жеткиликтүү болот, ошондой эле убакыт үнөмдүлөт. Көп мектептер интерактивдүү доскаларды аракет кылып алып жатышат, бирок айрым мектептерде аны кантип пайдалануу керек экенин билишпейт экен. Биздеги төрт досканы жөн эле илип койбой мектеп директорунан баштап аны менен иштегенди үйрөндүк. Сапат демекчи, ачык сабакты, жаңы технологияны пайдалануу боюнча директорубуз Асылкан Омурова өзү башка мугалимдерге үлгү болуп, көрсөтүп да, үйрөтүп да келет. Ошондуктан бизде бир топ чыгармачыл, изденген мугалимдер интерактивдүү доска менен сабак өтүшөт. Кээ бир балдар сурашат экен «биз качан ошол доскага өтөбүз?» деп. Ал үчүн ар бир мугалим замандын агымы менен иштеши зарыл, – дейт гимназиянын окуу бөлүмүнүн башчысы Турар Сагыналиева.

Ооба, интерактивдүү доска менен иштөөдө окуучулардын маалымат технологияларын өздөштүргөнү өсөт, биринчиден. Экинчиден, көргөн нерсесин көбүрөөк эстеп калат. Себеби интерактивдүү досканын көп мүмкүнчүлүктөрү бар эмеспи.

– Мисалы, бышыктоо темасын өткөндө окуучуларга «проект түзүп келесиңер» десем, аябай кызыгып жатышат. Балдардын чыгармачылыгы да өсөт, ошол эле кезде предметти да эстеп калат. Англис тили, химия, биология сабактары ушул доска менен өтүп жатышат. Башталгыч класстын мугалимдери жолдо жүрүү эрежелерин өтүүдөгү темага, жаратылыш темасына көп материал таап алып, доска менен өтүп жатышат. Биздин максат — билим сапатын өркүндөтүү, ошол эле кезде салттуу ыкмаларды да пайдалануу керек. Туура жазуу, туура сүйлөтүү керек. Бир эле доска менен чектелбейбиз. Доска болгону балдарды сабакка кызыктырууда, билим сапатын өркүндөтүүдө жардамы чоң, – дейт окуу бөлүмүнүн башчысы.

Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим»

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*