ЖАҢЫ БОРБОРЛОР ИЛИМИЙ ИШТЕРДИН САПАТЫН АРТТЫРАТ

Кытай инвесторлорунун жардамы менен Кыргыз улуттук агрардык университетинде Топурактын жана суунун касиетин иликтей турган лаборатория жана Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Кыргыз-Кытай илимий-техникалык маалымат борбору ачылды.

 

Бул жаңы ачылып жаткан лаборатория менен борборду Кытай Эл Республикасынын Синьцзян Айыл чарба академиясы каржылап, зарыл болгон техникалык каражаттар менен жабдып берген.

–         Биздин окуу жай Кытай Эл Республикасынын Цинь Зянь Айыл чарба академиясы менен төрт жылдан бери төрт долбоор боюнча иштешип жатабыз. Долбоор аркылуу суунун жана топурактын касиетин, сапатын текшерүүчү лаборатория, суу ресурстарынын моделин аныктоо менен айыл чарбасын өнүктүрүү жана автоматташтырылган метеоспутниктик станция келди. Бул станция Кытайдын метеоспутнигине кошулган жана ал аркылуу он-лайн режиминде сутка бою аба-ырайы тууралуу маалымат алынып турат, – дейт окуу жайдын ректору Рыспек Нургазиев.

Кытайлык инвесторлор тарабынан лабораторияга топурак изилдөө боюнча 12 прибор, сууну изилдөө боюнча 24 прибор жана 662 лабораторияда керектелүүчү идиштер жана 48 түрдүү реактивдер келген. Циньзянь айыл чарба академиясынан беш илимдин доктору келип, окуу жайдын окутуучуларын приборлор менен иштөөнүн жолдорун окутуп, үйрөтүп кетишкен.

 –         Бул приборлорду толук кандуу ишетүү үчүн окутуучуларыбызды дагы Кытайга жиберишибиз керек болуп жатат. Себеби аппаратуралардын баардыгы жаңы чыгарылган жана кытайча жазылган. Мындай приборлор КМШ мамлекеттеринде да жок, – дейт лаборатория башчысы Уланбек Качибеков. – Бул приборлор менен мөңгү суудан баштап жалпы 158 суунун анализин чыгарса болот. Бир прибор бир эле учурда 20 химиялык заттарды, төрт микробиологиялык жана 14 уулу заттарды көрсөтөт. Топурак таануу боюнча мурун республикада жети облуста жети агрохимиялык лаборатория бар болсо, 25 жылдан бери анын бири дагы иштебей калган. 25 жылдан бери топурактын сапатын изилдегенге мүмкүнчүлүк жок болуп келген. Дыйкандардын топурак арыктап, түшүмдүүлүк начарлап кетти деген арыз-муңуна илимпоздор эч кандай жооп кайтара албай, сунуштарыбызды бере албай калганбыз. Буюрса, күздөн баштап жаңы келген приборлордун жардамы менен ар бир дыйкан чарбанын топурагын иликтеп, анализдеп, жер семиртүү боюнча сунуштарды бере баштайбыз.

 Бул лаборатория И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде ачылган Кыргыз-Кытай илимий-техникалык маалымат борбору менен биргеликте иш алып барат жана эки окуу жайдын студенттери үчүн теориялык алган билимин практика менен айкалыштырууда, илимпоздордун илимий иштерин жүргүзүүдө чоң жардамчы болуп берет.

Себеби ордо  республиканын суу ресурстары боюнча маалымат база жана негизги географиялык маалыматтар Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде ачылган борбордо сакталуу.  Борбордо бир сервер, 12 компьютер, бир проектор, ARCGIS Desktop12.0 программасы жана телеконференция өткөрүү үчүн шарт түзүлгөн.  Спутниктен алынган маалыматтар жана негизги географиялык маалыматтар менен дистанттык негизде иштесе болот. Бул маалымат база суу ресурстарын изилдөөдө гана эмес,  башка жаратылыш ресурстарын изилдөөдө, жайыттарды башкарууда, жерди пайдаланууда пайдалуу. Базада ар бир аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшү боюнча көрсөткүчтөрдү дагы сактаса болот.

Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*