ЖООКЕР БОЛУП ТӨРӨЛБӨЙТ ЖЕ СОГУШТА ДАЙЫНСЫЗ КЕТКЕН МЕКТЕП ДИРЕКТОРУ МАМАТ АГАЙДЫН ТАГДЫРЫ ЖӨНҮНДӨ УЧКАЙ КЕП

Апам алы күчү барда ар жыл сайын 9-Майда Жеңиш аянтына барып, өчпөс отко гүл койчу. Анткени анын жаш, күлгүндөй кезинде баш кошкон күйөөсү 1942-жылы Ата мекендик согушка кетип келбей калган. Ал Курск салгылашуусунда курман болду деген маалымат бар. Бирок анын сөөгү кайсы жерге коюлганы белгисиз. Өмүрлүк жолдошу Мамат Ташматов 1915-жылы Жалал-Абад областынын Колот айылында жарык дүйнөгө келген экен. Мугалимдик ишти аркалап жүрүп, кийин Базар-Коргон районундагы Киров атындагы мектепке директор болгон.

Ал  киши 1939–жылдары Ысык-Көлдөгү Каракол шаарына кесиптик чеберчиликти жогорулатуу курсуна окууга келип, апамажолугат. Ал кезде апам Каракол шаарындагы мугалимдер институтунун студенти болгон. Апамды жакшы көрүп калгандыктан, аны алып кетмейинче артынан калбайт. Апам болсо ата-энесинин уруксаты жок кетпестигин айтат.

Ал киши өтө жоопкерчиликтүү, тарбиялуу болгондуктан апамдын ата-энесинен уруксат сурап барат. Таенем менен таятам араң макулдуктарын бергенде, апамды Жалал-Абадка алып кетет. Апамдын айтымында, экөө Ачыселсоветине караштуу Ак-Терека йылыбы же мектебиби, айтор, мектепте эмгектенип жүрүп, экибалалуу болушат. Кызы Мээркан эки жашка чыкканда, уулу Арстан-бек төрөлгөнүнө бир ай болгондо аны Фрунзедеги пехоталык аскер мектебине алып кетишет.

Ал жерде 1942-жылдын 19-майынан августка чейин даярдык алат. Эч нерседен кабары жок,  бактылуу жашоо кечирип жаткан жаш үй-бүлөнүн башына каратүн түшөт. Аз өтпөй апамдын өмүрлүк жолдошун фронтко алып кетишет. Фронттон 1942-жылы

19-сентябрда талаа почтасынын (станция986-987 сп3-батальон, 7-рота) деп биринчи кат келиптир.Мен эс тарткандан баштап эле, радиодон кийинчерээк телевизордон согуш жөнүндө сөз болсо, апам боздоп эле ыйлап калар эле. Анын эмне үчүн ыйлап жатканын жакшы түшүнчү  да эмеспиз. Менин атам Махмут да Ата мекендик согуштун катышуучусу болгон. Ал апамды «укмуш эле адамсың, кечке эле ыйлай бересиңби?» деп сооротуп калчу. Көрсө, менин атам согуштан аман-эсен келип, апама жолугуп, балдарды экөөлөп чоңойтолу деп баш кошушкан тура. Мени болсосогуштан кийин көрүшүптүр. Кийин сиңдим да төрөлдү. Экөөбүз эс тартканда: “апам кечке эле жалал-абаддык жолдошун эстеп ыйлай  берет,  биздин  атабыз маңдайында турса деле”, — деп шыбырашып, таң калып калчубуз. Бара бара баарыбыз чоңойдук.

Ата-энебиз биздин жогорку би-лимге ээ болушубузга бардык аракеттерин жумшап, колунан келген шарттарды түзүштү. Материалдык жактан жупуну жашасак да, руханий жактан жакшы тарбиялоого көп күчтөрүн жумшашты. Кийинчерээк эжем менен агамды Жалал-Абаддагы туугандары издепке лгенден баштап, биз согуштун тактарын түшүнө баштадык.

Менин атам кудайы момун, эң жөнөкөй, эмгекчил адам эле. Ал согуштан мурун, кийин болуп отуруп жети жыл армияда жүрүп, согушта Польшага чейин барып, жарадар болуп Белосток шаарында госпиталда көпкө жатыптыр.

Атамды бомба түшкөн чуңкурдан санитар ит алып чыгып, польшалык абышка байбичеси экөө сактап калыптыр. Алардын кызын фашисттер Германияга алып кеткен экен. Атам айыгып госпиталдан чыкканда тиги жардамдашкан карыялар ыйлап, «кетпей эле кой,  бизге бала болуп кал, кызыбыз келсе үйлөнүп аласыңар» деп өтүнүшүптүр. Бирок эли-жерин сагынган атам, рахматын айтып, кечирим сурап элине кайтыптыр.

Булардын баарын атам тирүү кезинде айтып берген. Аттиң ай, ошондо дагы көп нерселерди жакшылап сурап, жазып албай деп кейип калам. Ойлосом, атам өтө гумандуу адам болгон экен. Ал өз колу менен апамдын биринчи жолдошунун портретин бөлмөнүн бийик жерине илип койгон сүрөт,  күнү бүгүн да илинип турат.

Жакын арада апам»ошол портретти алып бер, аны жакындан көргүм келип жатат» деп калды. «Ал өтө бийик, анан бекем илиниптир апа, ала албайт окшойм», — дедим. Апам капа болуп калды.

Апамдын көңүлүн жубатууну ойлоп, «документтериңдин арасынан ал кишинин башка сүрөтүн издейин, тапсам аны жакындан көрөсүң» десем муйугансып калды. Бир демалыш күнү, атайлап документтер-дин арасынан сүрөттү издеп жатып, бир эки эскирген кагаздарды жана ал кишинин эки адам менен түшкөн сүрөтүн таптым. Кагаздын бирөө, биз сүрөтүн издеген адамдын Фрунзедеги пехота мектебинде даярдык алгандан кийин кийимдерин өткөрүп берүү жана кабыл алуу актысы экен. Экинчиси ал кишинин үйүнө жазган каты экен. Каттын мазмуну төмөнкүчө жазылыптыр:

КОШТОШУУ КАТ

Кымбаттуу  апа,  жолдошум Ракыш, Анжир, алтын кызым Мекен жана Арстанбек,  жүз  көрүшкөнчө  эсен  болгула.  Мени  болсо  окууга жөнөткөнү жатат. Ракыя менин көйнөктөрүмдү, пахталуу шымымды,  ж.б.  тийиштүү болгон кийимдеримди түнү менен Жалал-Абадка жеткиргиле. Көп капа болбогула. Эчтеке эмес, Ташкентте окуйт экенбиз. Боромбайда 100 сом, Авдилада(жапалакта) 20 сом, Маликте 50 сомду аялынана лгын. К/з го 200 сом таруүчүн бергин. Айтар сөз ушул.

Кийимимди, токоч, талкан кы-лып түн боюнча Жалал–Абадка жеткирткин, макулбу? Кош Ракыш, колуңду бер, деп колу коюлган.

Барактын экинчи бетинде каттын уландысы: Ракыш менин партбилетимди унутпай берип жибергин. Мекен менен Арстанбекти үч жолу өөп кой…..! деп бүтүргөн. (кат кандай жазылса, ошол бойдон берилди).

Катты окуп, көпкө чейин эс учумду билбей катып калдым. Көзүмөн жаш төгүлдү. Ал катты апама окуп берген жокмун. Аны аядым. Апам үзүлүп кетеби деп корктум. Бул катты эми жердештери, туугандары, неберелери, дегеле бардык кайдигер эмес адамдар окусун деп чечтим.  Апамды даярдап туруп, бир күнү окуп берем деп ойлоп койдум. Не деген назик кат. Ошол кезде апам 22 гана жашта экен.

Эки баласы менен жолдошунан ажырап жалгыз калуу, оңойго турбаптыр. Ошол кезде апам ал киши менен бактылуу жашаса керек. Бирок бактысы көпкө созулбаптыр.  Кандуу согуш алардын бактысына балта чааптыр. Катта не деген камкордук жатат. Болгону 27 жаштагы адам — мектептин директору, партиянын мүчөсү, эки баланын атасы, кайра келгис жакка кетип жатканын билгендей коштошуу катын жазганын карасаңыз. Катта апасына, карындашы Анжирге,  жубайы Ракияга жана эки кенедей балдарына кайрылганын көрүңүз.

Кудайбергенова Ракия сиңдим Батмакан экөөбүздүн да апабыз болуп калды. Азыр ал 95 жашта.  Согуш  мезгилинде  тылда сиңирген  эмгеги  үчүн  медаль менен сыйланган. 38 жыл мектептерде (Ачыда, Жалал-Абад областында), Чоң-Өрүктү, Таштак,  Көк-Дөбө (Ысык-Көл району) мугалимдик кесипти аркалаган. Эл агартуунун отличниги төш белгиси менен сыйланган.

Баарыбыз  окууну  бүтүрүп, эч кимибиз айылга барбагандан кийин ата-энебизди 1972-жылы Фрунзе шаарына көчүрүп келдик. Апам  Аламүдүн  районундагы Чоң-Арык мектебинен эмгектенип пенсияга чыкты, атам болсо геология институтунда эмгектенип пенсияга чыкты. 1984-жылы атама Улуу Ата мекендик согушка катышкандыгы үчүн мамлекет бир бөлмөлүү квартира, “Волга” машинасын бөлүп беришти. Бөлүнгөн жапжаңы машинаны өз акчаларына сатып алышты. Ата-энемдин даярдаган  документтерин  кабыл алып, колдоо көрсөткөндүгү үчүн ошол кездеги Союзга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ыраазыбыз. Апам ушул күнгө чейин атама берилген квартирада жашап турат, азыркы Өкмөт да колдоо көрсөтүүдө.

Пенсиясы, компенсациясы, стипендиясы, ар жыл сайын 9-Майга карата берилүүчү акчалай колдоолордон, ак пейилдүү адамдардын белектеринен куру калган жок.  Баарыңыздарга  чоң  ыракмат.  Мамлекетибиз гүлдөп өссүн! Эч ким кор болбосун! Согуш болбосун.  Атам 1992-жылы дүйнөдөн кайтты. Ата-энени багуу көбүнесе мага жүктөлгөндүктөн, аларды эч нерседен кем кылбоого аракеттендим. Ошондой болсо да атам мага таарынып жүрүп дүйнөдөн кайтты. Анткени мен өтө эле эрте турмушка чыгып, жолдошумдун фамилиясына өтүп алгам. Бардык документтер өзгөрөрүн ким билиптир. Эми бардык документтерим Махмутова эмес. Атамдын таарынганы туура экен дедим. Мени кудай кечирсин, атам кечирсин.

Кайнатамдын фамилиясы балдарымдын да фамилиясы эмеспи деп ойлоп коём. Бирок атамды таарынтканым үчүн өмүрүмдүн акырына чейин жүрөгүм ооруру бышык.

Кайнатам Кособаев Карыбайдагы Ата мекендик согуштун катышуучусу. Согушта ал чалгынчы болгон. Алган сыйлыктары менин атамдыкынан көбүрөөк, даражасы жогорураак дешет балдарым.  Кандай болгон күндө да ал киши момун,  өтө  адамгерчиликтүү, жердештеринин, туугандарынын арасында кадыр-баркка ээ адам болчу. Согушка катышканы үчүн кайнагам менин атам сыяктуу квартира, машина алган жок. Анын “чоң” себептери болду го. Бирок согушка катышкандардын госпиталына жаткызып, документтерин көтөрүп, кайрылчу жерлерге баргандан кийин, кайнатама мамлекет аты менен араба белек кылышты,  бир нече жолу Москвага жиберишти. Ал киши абдан жөнөкөй болгондуктан, ошого эле ыраазы болуп, балдарына, неберелине жалынып, жалбарып жүрүп дүйнөдөн кайтты.

Жеңиштин 70 жылдыгына карата даярданып жатып, биздин үй-бүлөгө тиешеси бар  Ата мекендик согушка катышкан үч адамдын тагдырларына токтолдум. Үчөө үч башка жердин: Ташматов Мамат Жалал-Абад областынын Колот  айлынын,  Джарылдаев Махмут  Жети-Өгүз  районунун Ичке-Булуң айлынын, ал эми Кособаев Карыбай Түп районунун Сартологой айылынын кулундары болушкан.

Өтө аянычтуу тагдыр апам-дын биринчи жолдошу Ташматов Маматка таандык. Анткени ал жапжаш бойдон согуш талаасында калган. Ал катында жазган алтындай кызым Мекен дегени,  менин улуу эжекем Маматова Мээркан өмүр бою мугалимдик кесипти аркалады. Уулу Маматов Арстанбек (согуштан кийин та-якелери  Жээналы  деп  ат  беришкен) айыл чарба техникумун жана айыл чарба институтун артыкчылык диплом менен бүтүрүп,  өмүрүн жылкы боюнча илимий изилдөөгө арнады. Жакын арада ал экөө тең дүйнөдөн кайтышты. Алардын артында балдары бар. Өмүр жаштарын балдарына берсин. Азыркы күндө Ташматов Маматтын уулунан беш небереси,  он беш чөбөрөсү, кызынан үч небере, алты чөбөрөсү бар. Жалалабаддык туугандар менен үзбөй катышып турушат. Ата мекендик согушка катышып, фашисттерди жеңип, бизге ушундай турмушту алып келген аталарыбызга ыраазыбыз. Алар менен сыймыктанабыз,  алардын  арбактарына таазим этебиз. Алардын эрдиги эч качан унутулбайт!

Ал эми апам Кудайбергенова Ракыяны  Жеңиш  күнүнүн 70  жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктаймын! Кудай канча жаш берсе, ошончо жашай берүүсүн каалаймын. Эмнегедир өлүмгө кыйбаймын. Апамдын тагдыры ушундай. Апам эмне үчүн өмүр бою ыйлап жүргөнүн, эмне үчүн капалуу болуп калганын эми жакшы түшүндүм. Ата-эне кадырын ким билет? — деген ыр саптарынын калети жоктой.

КОСОБАЕВА Бакдөөлөт Махмут кызы, Бишкек шаары.

5 Комментарии

  1. Бакен эже, Чон рахмат! Биздин уй-булобуз абдан толкундануу менен окуудук.
    Чон таэнеме жана согушта каза болгон кыргыздын уулдарына согуштун ардагерлерине кийинки муун сиздерге чон таазим ыразычылык билдиребиз.

  2. Бакен эже, сизге рахмат. Махмут атаңызга, Ракия Апага Улуу Жениш күнүнѳ карата чоң белек, анын согушта курман болгон алгачкы сүйгѳн жарынын жаркын элесине жана туулгандыгынын 100 жылдыгына карата татыктуу гүлдесте коюптурсуз. Сизге алла ыраазы болсун, кѳп жакшылык кѳрүңүз.
    Сиздин макалаңыздан жаштарга сабак болчуу согуштун кара тагы Ракия апа менен Мамат атанын мисалында ачык берилиптир.
    Ѳтѳ аянычтуу тагдыр. Бактылуу жаш жашоонун бузулганы, сүйүп баш кошкон жапжаш күйѳѳсүнѳн ажыраганы аз келгенсип, анын канынан жаралган сүйүктүү уул-кызын туугандары алып кеткени… Ушундай кыйын тагдырды чыдап кѳтѳргѳн Ракыя апага таазим!
    Сиздин атаңыз да ѳзгѳчѳ жакшы адам турбайбы. Анын жакшылыгы, сиздей кызы бар экендиги үчүн апаңыздар узак ѳмүр сүрүп, бакубат жашоо кечирип келаткан тура. Болбосо, жогорудагыдай тагдырды кѳтѳрүү ар кимдин эле колунан келе бербесе керек.
    Сиз атамды капа кылдым деп кабатырланбаңыз, башкысы анын атын дайыма ѳз атыңыз менен катар алып жүрбѳйсүзбү. Отчестваңыз атыңыз менен бирдей кѳп айтылат – Бакен Махмутовна делип. Күйѳѳнүздүн фамилиясына ѳтүп, эң туура кылыпсыз, балдарыңыз менен бирдей фамилияда болгонуңуз – сиздин ѳз күйѳѳңүзгѳ, балдарыңызга болгон сүйүүңүз, сыйыңыз да.
    Анан, согуштан жазылган каттарды чыгармалардан окуганым менен, кѳркѳмдѳп коюшабы, айтор мынчалык таасир берген эмес эле. Бул кат оор согуштук тапшырма менен жѳнѳп баратып, шашып жазгандай, кыска-кыска, так жана мээрим, камкордук, сагынуу менен жазылыптыр. Кудай мындай күндү кайра бербесин адамзатка.
    Анан, дагы бир суроо пайда болду: Согуштан катышып келген Махмут атаңыз үчүн, Ракия апанын тылдагы эмгеги үчүн мамлекет сыйлык, машина, үй, пенсия ж.б. бериптир, ал эми согуштан кайтпай калган жоокер – Мамат ата үчүн андан калган жесир, чиедей балдар мамлекет тарабынан мурун-кийин кѳңүлгѳ алынды бекен?
    Кандай болгон күндѳ да эстелик жоокерди эл, тарых унутпайт.
    Сизге дагы бир жолу рахмат! Балдарыңыздын урмат-сыйына бѳлѳнүп, аман болуңуз!
    Бакен эже, сизге рахмат. Махмут атаңызга, Ракия Апага Улуу Жениш күнүнѳ карата чоң белек, анын согушта курман болгон алгачкы сүйгѳн жарынын жаркын элесине жана туулгандыгынын 100 жылдыгына карата татыктуу гүлдесте коюптурсуз. Сизге алла ыраазы болсун, кѳп жакшылык кѳрүңүз.
    Сиздин макалаңыздан жаштарга сабак болчуу согуштун кара тагы Ракия апа менен Мамат атанын мисалында ачык берилиптир.
    Ѳтѳ аянычтуу тагдыр. Бактылуу жаш жашоонун бузулганы, сүйүп баш кошкон жапжаш күйѳѳсүнѳн ажыраганы аз келгенсип, анын канынан жаралган сүйүктүү уул-кызын туугандары алып кеткени… Ушундай кыйын тагдырды чыдап кѳтѳргѳн Ракыя апага таазим!
    Сиздин атаңыз да ѳзгѳчѳ жакшы адам турбайбы. Анын жакшылыгы, сиздей кызы бар экендиги үчүн апаңыздар узак ѳмүр сүрүп, бакубат жашоо кечирип келаткан тура. Болбосо, жогорудагыдай тагдырды кѳтѳрүү ар кимдин эле колунан келе бербесе керек.
    Сиз атамды капа кылдым деп кабатырланбаңыз, башкысы анын атын дайыма ѳз атыңыз менен катар алып жүрбѳйсүзбү. Отчестваңыз атыңыз менен бирдей кѳп айтылат – Бакен Махмутовна делип. Күйѳѳнүздүн фамилиясына ѳтүп, эң туура кылыпсыз, балдарыңыз менен бирдей фамилияда болгонуңуз – сиздин ѳз күйѳѳңүзгѳ, балдарыңызга болгон сүйүүңүз, сыйыңыз да.
    Анан, согуштан жазылган каттарды чыгармалардан окуганым менен, кѳркѳмдѳп коюшабы, айтор мынчалык таасир берген эмес эле. Бул кат оор согуштук тапшырма менен жѳнѳп баратып, шашып жазгандай, кыска-кыска, так жана мээрим, камкордук, сагынуу менен жазылыптыр. Кудай мындай күндү кайра бербесин адамзатка.
    Анан, дагы бир суроо пайда болду: Согуштан катышып келген Махмут атаңыз үчүн, Ракия апанын тылдагы эмгеги үчүн мамлекет сыйлык, машина, үй, пенсия ж.б. бериптир, ал эми согуштан кайтпай калган жоокер – Мамат ата үчүн андан калган жесир, чиедей балдар мамлекет тарабынан мурун-кийин кѳңүлгѳ алынды бекен?
    Кандай болгон күндѳ да эстелик жоокерди эл, тарых унутпайт.
    Сизге дагы бир жолу рахмат! Балдарыңыздын урмат-сыйына бѳлѳнүп, аман болуңуз!

  3. Мен АЧЫ сельсоветти Ак- Терек айылынан болом ушул жерде жашап чоноюп ушундай эмгекчил мекен учун жан берген улуу инсандар жонундо кабарсыз осконум окунучуу!!!

Добавить комментарий для Аида Отменить ответ

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*