МЕКЕН ҮЧҮН ЖАНЫН БЕРГЕНДЕРГЕ ТААЗИМ!

 

 

Тѳрт жыл бою күткѳн күн,
Курман болуп, кан майданда,
Кырчын бойдон өлгөн эрдин элесин,
Эл унутпайт, жер унутпайт баатырды.

И.Ващенко

Ч.Айтматов атындагы Новопавловка №1 окуу-билим берүү комплекс-лицейинде 2015-жылдын 6-майында согуш мезгилинде кан майдандан кайтпай калган мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн, ошол апаат күндөрдөгү мугалимдердин күжүрмөн эмгегин эскерип, каармандарга арналган мемориалдын ачылышы жана Ч.Айтматовдун «Саманчынын жолу» повести боюнча «Эскерүү» спектаклинин премьерасы болот.

Иш-чаранын уюштуруучусу Г.Умралиеванын маалыматына караганда, Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата «Эстелик китебин» түзүүдө жана «Жылдызча аянтчасында» мемориалды орнотуу максатында мектеп окуучулары тарабынан көптөгөн изилдөөчүлүк иштер жүргүзүлгөн. Ата-энелер жана окуучулар өздөрүнүн демилгеси менен кайрымдуулук жарманкелерин, концерт, спектаклдерди уюштурушкан. Андан чогултулган каражатты Ч.Айтматовдун «Саманчынын жолу» повестинин каарманы Толгонай эненин: «Мен бүт баатырлардын жана өз уулумдун эрдигине сыймыктануу менен башымды ийип, таазим этем», – деген сөзү символ катары жазылган мемориалды орнотууга кошушту.

6-майда мектеп театрынын сахнасында режиссер Камат Касеновдун «Эскерүү» аттуу спектаклинин премьерасы көрсөтүлөт. Санкт-Петербург шаарында өткөрүлгөн Брянцев фестивалынын гран-при байгесинин үч жолку жеңүүчүсү «Биздин бала чактагы театр» аттуу мектептин театр-студиясынын азыркы жана мектептин бүтүрүүчү актерлору катышат.
Мемориалдын ачылышы Ч.Айтматов атындагы Новопавловка №1 окуу-билим берүү комплексинде өткөрүлөт.

Г.Алыбаева, «Кутбилим»

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*