УЛУУ ЖЕҢИШТИ СТАЛИНСИЗ ЭСКЕРҮҮГӨ БОЛОБУ?

«Улуу көсөмдү улуу адамдар гана түшүнүп баа беришет»  (Эл оозунан).

Согуш алааматы төрт жылга, б.а. 1418 күн-түнгө созулду. Ата мекендик согуш учурунда миңдеген айыл-кыштактар жер менен жексен болду,  миңдеген шаарлар урандыга айланды.  Экинчи дүйнөлүк согуштун өртү61 мамлекетти кучагына тартып, 54 млн. адам согуш талаасында кырылган. Улуу Жеңиштин башкы себеби, Советтик Армияны жетектеген Коммунисттик партия менен эмгекчи элдин биримдигинде болду. Биримдикти темирдей тартип жүзөгө ашырды. Тартиптин экитизгин, бир чылбыры жогоркубашкы  командачы  Сталиндинколунда болду.

Узак жылдар бою бийлик башында туруп, ишке ашпай турган иштерди кыска мөөнөттүн аралы-гында аткарып, жанда жок мээнеткерлиги менен ойго келбеген иштерди жараткандыгына караба-стан, Сталин бир да жолу” башканын колунан келбеген момундай жумуштарды бүткөрдүм, кыйын кысталышта эл тагдырын чече турган үч жетекчиликти моюнга алып, иштедим” деп эрдемсип,  башкаларга көкүрөк көтөргөн жок,  мактануу оюна келген эмес.

Сталин ашкере шаан-шөкөттү,  ыгы жок мактоолорду жек көргөн. Мисалы, уулу Василий үйлөнгөндө анын той-топуруна төрт гана саат уруксат бергенин айтышат. Кайсы бир жетишкендиктер туурасында мактоо айтыла баштаганда Сталин колун жогору көтөрүп: «Ооба,  ооба ошондой» деп жактырбай кабатырлана:

– Сиз иштин жүрүшүн, андан ары  аткарылышын айтыңыз, –  деп өзүн мактоодон алыс болгон.

Сталин кайсы бир маанилүү маселени чечээрде саясий бюронун мүчөлөрүнүн ой-пикирлерин,  сунуштарын кунт коюп угуп, шашпай талкуулап, аягында туура жыйынтыкка келгенин Г.М.Жуковдун,  Штеменконун, Рокоссовский, конструктор А.С.Яковлевдин ж.б. жетекчилердин эскерүүлөрүндө көп айтылат. Конструктор  Яковлевдин эскерүүлөрүнөн бир, эки мисал:

– Як истребители жактырылды.  Анын ылдамдыгы700 километ-рге жеткен, – деп айтып, Сталин жаныма келип, погонумду көрсөтүп: – Сиз эмне, генерал-майор бойдон жүрөсүзбү? – деп сурады.  Мен  эмне  дээримдибилбей шашып калдым. – Генерал-лейтенант болууга убакытжетти, – деди. Кремлден чыгып,

Эл комиссариатына жеткенибизче болгону жарым саатча убакытөттү. Өз кабинетиме жуп кирээрим менен эле Левитандын магагенерал-лейтанант деген наамберүү жөнүндө Эл комиссарларсоветинин токтомун окуп жатканын уктум («Өмүр максаты»,

256-бет). Болоттой бекем эрки, чарчоо дегенди билбеген(16-18 саат иштеген)  өзгөчө  эмгекчилдиги, кызмат дегенде ичкен ашын таштап, кээ бир учурда өзүн да,  үй-бүлөсүн да унутуп койгон фанаттыгы менен болбой турган иштерди болтуруп, толбойт деген рух дүйнөнү толтурган.

Өмүр бою бирге иштеген Молотов, Ворошилов, Жуков, Васильевский ж.б. көрүнүктүү ишмерлер Сталин дүйнөдөн кайтканда үйүндө болуп, анын өтө жупуну жашоо турмушун көрүп таң калышкан.  Сталиндин кызматка жана салтанаттуу күндөрдө кийген эки гана кийими болуптур, кызматка кийген китил шымы сүзүлүп, эскиргенге чейин үстүнөн түшүргөн эмес.

Түнөй  турган  бөлмөдө  диванкроваты да болбоптур. Тактайдан жасалган жөнөкөй кушеткадажатып жүргөн. Сталин өзүн күндөлүк жашоо турмушун экинчи планга коюп,  бүт өмүрүн Ата мекенге арнаган жетекчи болгон. Алысты көрө билген көсөм, олуялыгы артык кристаллдай таза адам экендигин турган турпаты, жашоо турмушу далилдеп турат.

Көптөгөн  изилдөөлөр,  сурамжылоо жана архив фактылар боюнча Сталин суткасына 16-18 саат иштеген. Он саатын жетекчилерди, ишкерлерди, чет өлкөлүк элчилерди кабыл алып,  жеке адамдардын өтүнүчтөрүн,  мамлекеттик маанилүү маселелер менен өткөрсө, калган убактысын китеп окууга, изденүүгө, үйрөнүүгө жумшаган,  план  түзгөн. «Көп жашаган акылдуу эмес, көптү көргөн, көп окуган билимдүү» деп акылмандар айткандай, Сталин көпчүлүк учурда макал-лакаптар менен бутага таамай тийген сөздөрдү колдонгон. Жеке өзүнүн китепканасында30 миң томдук китептерди окуп үлгүргөн. Аны жөн гана окубай керектүү жерлеринин асты сызылган. Эске тутуусу күчтүү болгон.

Качанкы  айткан  сөздү,  көргөнүн унуткан эмес. Муну колбашчынын карамагында дайымаиштегендер айтып келишет. Негизи мамлекетти башкаруу искусствосун өздөштүрүү жагынан тынымсыз изденген. Сталиндин туңгуюктан жол таап, уюштургуч өзгөчөлүгү Ата мекендик согушта бүлгүнгө учура-ган айыл чарбасын, өнөр жайды, адабиятын, маданиятын, искусствосун кайра калыбына келтирүүүчүн убакыт менен эсептешпей беш жыл аралыгында турмушка ашырды. Төрт жыл бою тынымсыз талкаланган, талоонго түшкөн эл чарбасын кыска мөөнөттө бутка тургузуп, калыбына келтирүү –  бул экономикалык өнүгүүнүн триумфу десек болот.

Согуштан кийин эле 1946-жылдын биринчи мартынан баштап жыл сайын товарлардын өздүк баасы арзандап турган. 1953-жылы 5-мартта И.В.Сталин  дүйнөдөн  кайтты.  Күтүүсүз өлүм бүт өлкөнү оор кай-гыга салды. Ыйлабаган, кайгырбаган адам жок. Тоо урагандай, зооурагандай болдук. Жарык күндүкаран түн каптаган сезим пайдаболду. Күн да ачылбай ызгаар суук болуп турду. Бул күндөрү советэлинин көңүлү чөгүп, кайгынын,  аза күтүүнүн кучагында болду.

Ата мекендик согушта  АКШ Россияга эки миң паровоз, 540  миң тонна рельс, 13 миң пар өтүк,  миңдеген тонна болот металын,  600 миң  телефон  аппараты,  миңдеген жүк ташуучу атактуу Судовекер автомашинасы ж.б.  каражат, тамак-аш продуктыларын карызга берген. Кийин ал карызды АКШ өкмөтү төлөп берүүнү талап кылганда Сталин: «Биз алгандарыбызды бүт бойдон канга алмаштырдык»,  – деп койгон.

Сартбай ДУБАНБАЕВ,

Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Кайырма Арык айылы, Ата мекендик согуштун каарманы, эмгек ардагери, элге билим берүүнүн отличниги

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*