МИНИСТР Э.САРИЕВА СОГУШ АРДАГЕРЛЕРИН КУТТУКТАДЫ

Министр Эльвира Сариева Экинчи дүйнөлүк согушка катышкан ардагерлерди Жеңиш майрамы менен куттуктап жатат.

Бүгүн 8-майда Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы менен куттуктады.

Иш-чаранын жүрүшүндө министр согуштун ардагерлерине акчалай белектерди тапшырды.

«Бүгүн биздин өлкө сиздердин эрдигиңиздердин аркасында Улуу Жеңиштин 70 жылдык мааракесин майрамдап жатат. Биз сиздерге башыбызды ийип, терең таазим этебиз. Бул дүйнөдөн биздин жаркын келечегибиз үчүн көзү өтүп кеткендерди эч качан унутпайбыз. Сиздердин каармандыгыңыздар менен эгемендүү өлкөбүздүн таңы атып келет» – деди Э.Сариева.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*