АБАКИР МАМЫТОВ: «ОКУУ СААТТАРЫНЫН КЫСКАРЫШЫ — БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ЖАҢЫ ТАЛАП»

Апрель айынын ба200px-Мамытов_Абакир_img_6110-2шында чыккан жаңы муундагы Базистик окуу планынын долбоорунда айрым предметтердин сааттары кыскарып калганы мугалимдердин арасында бир топ нааразылыкты жаратты. Өзгөчө кыргыз тили саатынын кыскарышы мугалимдердин кыжырын келтирип, Базистик окуу планды жазгандар мамлекетке чыккынчылык кылып жатышат дегенге чейин барышты. Ошондуктан педагогикалык коомчулукта курч талкуу жараткан актуалдуу маселе тууралуу «Кутбилимге» Кыргыз билим берүү академиясынын президенти, профессор Абакир Мамытов түшүндүрмө берди.

— Абакир Мамытович, Базистик окуу планын кайрадан иштеп чыкканга эмне зарылдык болду? Мурдагы окуу планы менен азыркынын айырмасы эмнеде?

— Базистик окуу планды кайра иштеп чыкканга негизинен үч себеп бар. Биринчи себеби, Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсү боюнча атайын программа иштелип чыккан, ал 2013-2017-жылдардын иш-чараларын камтыйт. Бул документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылы бекиген. Ал жерде билим берүүгө коюлган талаптар, анын негизги натыйжалары боюнча мамлекеттик көз караш чагылдырылган, т.а. билимдин сапатын көтөрүү, билимдин жеткиликтүүлүгүн, анын эл аралык деңгээлде өнүгүүсүн камсыз кылуу ж.б. ушундай орчундуу маселелер бар. Бул документке сөзсүз жооп иретинде реакция бериш керек эле. Экинчи себеби, билим берүүнүн жаңы мамлекеттик стандарты Өкмөт тарабынан кабыл алынып, ал 2014-жылы бекиген. Ал стандарт билим берүүнүн реформасын аныктаган негизги документтердин бири. Анткени буга чейин биз окутуунун мазмунун аныктаганда билимге (информацияга) басым жасап келсек, эми азыр билимдин натыйжасына, окутуу процессинде балдар алган билимин турмушта колдоно алабы деген суроого жооп иретинде изденип, компетенттүүлүктү негиз кылган билим берүү мазмуну кириш керек болчу. Бул чоң бурулуш, ага байланыштуу мамлекеттик стандарт биздин окуу планынын кайрадан иштелип чыгышындагы методологиялык маанидеги экинчи себеп, экинчи чоң документ. Үчүнчү себеп, бул дүйнөдөгү тенденция. Буга көз салып, анализдеп көрсөк, мектеп билиминдеги билим берүүнү эл аралык комплекстүү стандартташтырылган изилдөөлөр аркылуу баалап, өлкөлөрдү бири бири менен салыштырып келген жумуш акыркы 10-15 жылда кеңири тарады. Мисалы, PISA уюму өткөргөн изилдөөгө Кыргызстан эки жолу катышып, акыркы орун болдук деп нааразы болуп олтуруп калдык. Эл аралык изилдөөлөрдүн фокусу табигый илимдерге, математикага басым жасайт. Кээ бир изилдөөлөр, маселен, башталгыч класста окуганга, түшүнгөнгө, жазганга, эсепке, математикалык даярдыкка басым жасап, изилдөө жүргүзүп келген. Бирок былтыртан баштап ЮНЕСКОдо атайын чечим кабыл алынды, ушул изилдөөлөрдүн фокусун кеңейтели деген. Бул изилдөөлөр билим берүүнүн бардык багытын, бардык билим берүү аймактарын кабыл алып, толук кандуу болсун дегенди билдирет. Себеби мектеп билиминде дүйнөлүк тажрыйбада көпчүлүк учурда жети билим берүү аймагы (область) аныкталган. Бул — тил, математика, табигый илимдер, социалдык илимдер менен байланышкан, чыгармачылык, ден соолукту бекемдөө ж.б. жети атайын аймагы бар. Эл аралык стандартташтырылган изилдөөлөрдү анализдеп келсек, ошол жети аймактын төртөөнү баалайт дагы, калганы бааланбай окугандын натыйжасы анализденбей калган тенденцияны дүйнөдө аныкташты. Былтыр биз Дүйнөлүк банктын бир чоң конференциясында Санкт-Петербургда болдук, ошол жерде бул проблеманы жоюу боюнча маселе көтөрүлдү. 2016-жылдан баштап эл аралык комплекстүү изилдөөлөрдүн фокусун, предметин кеңейтүү жарыяланды. Мындай чечимди дүйнөнүн 56 өлкөсү колдоду. Демек, Кыргызстан ага даяр болушу керек. Биз эски методологиялык көз карашты жана окутуу технологиясын калтырып койсок, эртең-бүрсүгүнү дагы бир чоң проблема келип чыгат. Ошол себептен, Билим берүү академиясы дүйнөлүк тенденцияны эске алып, жети билим берүү аймагын 1-11-класска чейин Базистик окуу планына отургуздук.

— Алар кайсылар?

— Мисалы, мурдагы окуу планда технологиялык билим аймагына тийешелүү предметтер башталгыч класстарда жана 10-11 класстарда орун алган эмес. Муну биз киргиздик. Ушундай эле жагдай искусство менен байланышкан билим аймагында да орун алган. Аталган аймактын предметтери 1-7 класстарда гана окутулуп келген жана 8 класстан тартып окуучунун толук кандуу өнүгүшүнө тийиштүү таасир тийгизе алган эмес. Бул проблеманы чечүү жаңы Базистик окуу планында каралды. Мына ошентип, Базистик жаңы окуу пландын бирден бир өзгөчөлүгү мектеп билиминдеги жети билим берүү аймагын 1-11-класска чейин толук кандуу отургузуу проблемасын жойду. Демек, бул сааттарды кайра бөлүү, кайра тактоо деген маселеге барып такалды. Ушул өңүттөн келгенде, кандайдыр бир деңгээлде сааттарды жылыштырууга мажбур болдук. Саат кыскарып кетти деп мага да мугалимдер кайрылып жатышат. Бирок мектеп билиминдеги жалпы сааттардын көлөмү кыскарууга дуушар болгон жок. Бул маселени жеңил эле тактап алсак болот. Ал үчүн Өкмөт кабыл алган билим берүү стандартын карасак (2014 жыл) жана азыркы учурдагы окуу планынын жалпы сааты менен салыштырсак жеңил эле далилденип калат.
Бирок жаңы кабыл алынган билим берүү стандарты мурдагы стандарттан бир топ айырмаланат. Көпчүлүк учурда мугалимдер мына ушул айырмачылыктарды билбей суроо берип жатышат. Эгерде буга чейин бардык окуу сааттар толугу менен мамлекет тарабынан аныкталып, анын мазмуну иштелип чыгып жана милдеттүү түрдө аткарылып келсе, жаңы стандартка ылайык бул маселе үч компонентке бөлүнүп түрдүү багытта чечилээри каралды. Бул абдан принципиалдуу жагдай экенин эске салып кетээр элем.

— Ал кандай компоненттер?

Биринчи, мамлекеттик компонент. Ал деген бардык мектептерде менчик формасына, тибине жана башка көрсөткүчтөрүнө карабай милдеттүү түрдө өтө турган предметтердин саны, багыты жана мазмуну. Экинчи компонент — вариативдүү мектеп өзү тандай турган компонент. Башка сөз менен айтканда, мектеп жайгашкан регионуна, макамына жана топтогон тажрыйбасына жараша кошумча жана тереңдетилип окутула турган предметтердин санын жана багытын аныктоо, окуу планына толуктоо киргизүү укугу берилди. Маселен, тоолуу мал чарба өнүккөн региондо мындай предметтер бир багытта, ал эми айыл чарба, жер-жемиштерди кеңири өстүргөн региондо экинчи багытта болсун деген көз караш кармалды. Ал эми үчүнчү компонент, бул дагы вариативдүү — окуучу өзүнүн жеке кызыкчылыгына жараша — инсандын муктаждыгын канааттандыруу (личностно-ориентированное обучение) иретинде каралды. Бул багыттагы предметтерди окуучу жана анын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан аныктоо мүмкүнчүлүгү орун алды. Мындай жагдай мурдагы окуу планында орун алган эмес экендигин дагы бир ирет баса белгилөөнү зарыл деп эсептейм. Ошентип мектеп жана окуучу тарабынан аныкталуучу предметтерге каралган сааттарды жалпы көлөмдөн чыгарууга туура келди. Мындай сааттардын көлөмү мектеп билиминин баскычтарында ар түрдүү, мисалы жогорку класстарда (10-11-класста) 20%га чейин жетет. Эгерде 1-11-класска чейинки жалпы сумманы алсак анда мындай саатардын көлөмү 700 сааттын тегерегинде болот. Башка сөз менен айтканда, 700 саат бул бир класстын бир жылдык окуу жүктөмүнө жете түшөт. Аталган жагдай мамлекеттик стандарттын талабы жана аны ишке ашыруу милдеттүү экендигин баса белгилейм.
Дагы бир жагдай, мугалимдердин берген суроосуна караганда, мектептик жана жеке окуучулардын кызыкчылыгын канааттандырган компоненттерге окуучулардын ата-энелери акча төлөп калат дегендей кооптонуу бар экен. Бул туура эмес. Мамлекеттик стандартта каралган бардык үч компоненттин сааттары мамлекет тарабынан толук каржыланат.

— 700 саат көппү?

— Мурдагы тажрыйбага караганда көп. Бирок дүйнөлүк тажрыйбага караганда, окшош, ушул өңүттө биз өзгөрттүк. Эң маанилүү жагдай – аталган компоненттерди эске алуу менен иштелип чыккан Базистик окуу планындагы жылдык жүктөмдүн жалпы суммасы мурдагыдай эле. Мамлекеттик компонентке кирген милдеттүү предметтердин сааттары бир аз азайганы менен ошол эле предметтерди, ошол эле сааттарды мектеп жана окуучу тандап алганга мүмкүнчүлүгү пайда болду. Бул билим берүүнүн жаңы траекториясы, жаңы философиясы, муну көпчүлүк учурда мугалимдер дагы, суроо бергендер дагы сезбей жатышат. Бул алардын күнөөсү эмес, менимче, түшүндүрүү иштеринин кечиктирилиши деп эсептейм. Тийиштүү маалыматтарды жеткирүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзсөк, адистик чөйрө туура эле кабыл алат деп ойлойм.

— Абакир Мамытович, бизге кайрылган кыргыз тили жана адабият мугалимдери, жаңы окуу планды жазгандар билим берүү системасын жакшы түшүнбөгөн, мамлекеттик чыккынчылар дегенге чейин барып, сын айтышууда…

— Мен окуу планын иштеп чыгуу боюнча экинчи жолу чоң кампанияга аралашып жатам. Биринчиси 2011-жылы болгон. Анда дагы эл душманы, Кыргызстандын душманы деген бааны уккамын. Ага таарынып деле кереги жок. Болгону бааны далилдүү жана тийиштүү аргумент менен бериш керек. Экинчи чоң кампания мына быйыл башталды. Мезгилинде СССРдин окуу-методикалык бирикмесинин мүчөсү катары төрт-беш жыл Москвада адистик билим берүү менен байланышкан окуу пландарын иштөгө катыштым эле. Ошол учурда деле кызуу талаш-тартыш болуп келчү. Кээде чектен чыккан  терс баалар да бериле берет. Ага туура мамиле кылуу керек. Өмүр бою билим берүү тармагында иштесем, жогорку илимий даражам жана наамым болсо, Кыргызстандагы укуктук-нормативдик базаны иштеп чыгууга эгемендик жылдардын алгачкы күнүнөн тартып үзбөй катышып келсем, тармакка эмгек сиңирген кызматкер деген ардактуу наамдын ээси катары кантип эле мамлекеттик чыккынчылыкка барайын. Менимче, мындай бааны эмоцияга алдырып жиберген кишилер берип жатышат го.
Эми кыргыз тили боюнча эки факторду эске алыш керек болду. Биринчиси, терс фактор кыргыз тилин окутуу программаларында эрежеге басым жасалып, аны үйрөтүүгө жана жаттатууга багытталган убакыт жалпы мазмундун 75% камтыйт деген тенденция. Бул пикирди илимдин доктору Ж.Чыманов өзүнүн докторлук диссертациясында айтканы белгилүү. Мындай абалдын өнүгүшү замандын талабына жооп бербейт. Аны тилчилер өздөрү деле айтып жатышат. Экинчи орчундуу фактор — дүйнөлүк тилге үйрөтүү тажрыйбасында коммуникативдик-методологиялык көз караш басымдуу оорун ээлейт.

— Бул деген эмне?

— Тилдин негизги функциясы — коммуникацияга даярдоо. Бирөө менен сүйлөшкөнгө, баарлашканга, мамиле түзгөнгө, оюңду түшүндүрө алганга, бирөөнү түшүнгөнгө дегендей. «Канча тил билсең, ошончо дил билесиң» деген кеп бар эмеспи. Дүйнөдө коммуникативдик практика, багытталган эрежелерден алысыраак багыт. Мисалы, совет учурунда орус тилин, чет тилин окуган менен, айылдык балдар сүйлөгөндөн уялаар элек. Анткени биздин сүйлөгөн сөзүбүзгө, грамматикалык каталарыбызга жана башка жагдайларына күлүү менен мамиле жасалаар эле. Чет өлкөдө мындай кемчиликтерге, грамматикалык каталарга анчейин басым жасабайт. «Оюңду түшүндүрүп кет, калганы кийин калыптанат» дешет. Дүйнөлүк тажрыйбада тил үйрөнүүдө алты баскыч бар. Ар бир деңгээлдин өзүнүн талабы бар жана аны аткаруу тийиштүү сертификат менен белгиленет. Мына ушул өңүттөн караганда, мектеп билиминдеги ар бир баскычтын тиешелүү миссиясы аныкталыш керек. Мисалы, башталгыч класстар биринчи деңгээлди, орто класстар – экинчи деңгээлди, ал эми жогорку класстар – үчүнчү деңгээлди камсыз кылышы зарыл. Бул тилдерди үйрөтүүдө деңгээлдик багытка өтүү керек дегенди билдирет. Идеянын көп жылдар бою айтылганына карабастан, алгачкы кадам мына быйыл шилтенип жатат. Демек, тил предметтеринин мазмуну толугу менен талданып, башка методологиялык көз карашта кайрадан иштелип чыгышы керек.

— Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасында кандай?

— Чет жактарда тилге деген саат өтө деле көп эмес экен. Мисалы, Чехияда чех тилине төрт саат берилген. Эмне чехтерге чехтин тили кереги жокпу? Япондордо деле төрт сааттын тегерегинде. А бизде сөзсүз түрдө көп берип, эрежеге басым жасаш керек. Окуу китептерин жазып коюп, ошонун тегерегинде бир топ тажрыйба, аброй топтогон агайлардын китеби, ошол ыкмага көнүп калган мугалимдердин учурдун талабына жооп бербей калуу коркунучу бар. Албетте, сындап жатышат, мүмкүн жаңы нерсе жакпай жаткандыр. Биз аларга жагабыз деген менен, балдардын, элдин тагдырын да ойлоо зарыл. Ошол себептен, тил менен байланышкан предметтердин бардыгынын концепциясы өзгөрүп, сааттары дүйнөлүк тажрыйбага окшоштурулуп, жаңы көз караш менен жазылып жатат. Анын предметтик стандарты баскычтык деңгээлде иштелип чыкты жана билим берүү академиясынын окумуштуулар кеңеши тарабынан бекитилди. Ага ылайык жаңы муундагы окуу куралдары жазылат жана алар апробациядан өтөт. Мисалы, тилди окутуу тажрыйбасын карап көрөлү. Мектепте үч, төрт, беш деген баа алып окугандар, жогорку окуу жайга киргенде, кайрадан башталгыч топко олтуруп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Биздин оюбузча, ар бир окуу жайда ар бир баскыч өз миссиясын аткарышы керек. Мектепти бүттүңбү үчүнчү деңгээлдеги сертификат менен бүт, ошол боюнча жожго кабыл алынат. Жогорку окуу жайга бардыңбы, төртүнчү деңгээлдеги сертификаты менен бүт, мамлекеттик кызматка келдиңби — бешинчи деңгээлде, министр болом дейсиңби алтынчы деңгээлде сүйлөй алышың керек. Дагы бир бизде кызык көрүнүш — Президент болом дегендерден кыргыз тилинен экзамен алып жатабыз. Беш жыл иштегенден кийин, ал экинчи мөөнөткө барса кайра экзамен тапшырышы керек. Бул эмне? Эне тилди унутуп коюбу? Биздин оюбузча, тилди билет деген сертификат менен деңгээлин аныктап коюу керек. Дүйнөдө ошондой. Мисалы, Американын бир университетине англис тилин билбей туруп, өтүүгө болбойт. Эмне үчүн Кыргызстандын жогорку окуу жайларына алып жатканда, кыргыз тилинин жок дегенде үчүнчү деңгээлин билсең гана алабыз дебейбиз? Ошондо башка элдин өкүлдөрү окуйт эле да. Биз «өтө бер, кийин баштоочу топко киресиң» деп коебуз. Мындай саясат мамлекеттик көз карашта да туура эмес. Эмне үчүн министрликтин башкармалыгына келген башчыларды жумушка ала беребиз, бирок тил боюнча талап койбойбуз? Төртүнчү деңгээл менен келсин, иштесин. Биздин көпчүлүк жарандар, башка улуттагылар «методика, окуу китеби жок, баары жаман, ошон үчүн окубайбыз» дешет. Эмне үчүн биз орус тилин окудук? Эмне үчүн биздин балдар жанталашып англис тилин окуп жатышат? Эч жерде англис тилин бил деген мамлекеттик талап жок. Бирок турмуштук талап бар. Англис тилин билсең өнүгөсүң деген. Ошондуктан кыргыз тилиндеги өзгөрүү — чоң революциялык кадам деп эсептейм. Анын оң натыйжасын кийинчерээк сөзсүз көрөбүз. Ал эми тил билүү деңгээлин аныктоо, сертификациялоо жумушу быйыл апробация иретинде башталат жана эмдиги жылдан тартып туруктуу негизде иштей байштайт. Бул жооптуу жумушту “Кыргыз тест” уюму колго алат.

— Жогорку билимдүү эле айрым адамдар мектепке музыка, эмгек жана дене тарбия сабагынын кереги жок дешет. Ошого кеткен сааттарды негизги предметтерге бөлүп берсе болот эле дешүүдө… Бирок дүйнөлүк тажрыйбада бул саатарга өзгөчө маани бурушат. Бизде, тетирден тескери ойлошот. Менимче, бул сааттар боюнча ЮНЕСКОнун атайын классификациясы бар. Ал классификациясы боюнча мектеп билиминин жыйынтыгы кандай болуш керек?

— Дене тарбия боюнча айтпай эле коеюн дедим эле. Бирок сиз суроо бергениңиз үчүн жооп берүүгө туура келип жатат. ЮНЕСКОнун классификациясы боюнча мектеп билиминин эң биринчи көрсөткүчү баланын ден соолугу жакшы болушу (физическое благополучие) каралган. Буга жооп иретинде Россия дене тарбияга үч саат берип койду. Казакстанда дагы үч саат берилди. Бул дүйнөлүк талап. Японияда баланын тарбиясы биринчи орунда турат. Бизде тарбия менен билимге мамилебиз башкача. Экинчиси, окуучунун социалдык-эмоционалдык сферасы жана анын калыптанышы. Үчүнчү көрсөткүч, окуучунун маданияты, искусствону билгени. Андан кийин билимдүүлүгү (грамотность), коммуникация. Таанып билүү, үйрөнүүгө, окууга болгон умтулуу. Математика, эсеп, андан кийин табигый илимдер, технология деп бөлүнүп турат. Ушул өңүттөн келсек, биз окутуунун натыйжасын баалаганда, жети багыт боюнча стандартташтырылган тесттер болуш керек. Ушул жумуштун фундаментин азыр түптөп жатабыз. Россияда ГТОго кайра кайтып келишти. Физкультуралык спорттук комплекс. «Готов к труду и обороне Родины» дейт. Биз аны жок кылып койгонбуз. Дене тарбияга болгон кээ бир мамиле — жалпы түшүнүктүн, маданияттын проблемасы. Дене тарбияга бизде эки саат берилет. Азыр анын саатын көбөйткөндө коомчулук тарабынан туура бааланбайт.

— Музыка менен эмгек сабактарычы?

— Бул сабактар билим берүүнүн искусство менен байланышкан аймагына тийиштүү. Мындай предметтерди 1-11-класска чейин отургузганга аракет кылдык. Учурда ар бир билим берүү багыттары боюнча, ошолордун катарында искусство багыты боюнча да атайын жумушчу топтор иштеп жатат. Алардын курамында илимий кызматкерлер, методисттер, практик мугалимдер кеңири тартылган жана министрлик тарабынан буйрук менен бекитилген. Жумушчу топтор жакынкы үч-төрт айда ар бир билим берүү аймагынын предметтик ядросун, аймакка кирген предметтердин мазмундук линиясын аныктоо менен алек болушууда. Бул 1-класста эмнени, 2-класста эмнени, 3-класста эмнени окутабыз жана кандай натыйжаны күтөбүз деген суроолорго жооп издөө жана тийиштүү предметтик стандарттарды иштеп чыгууну билдирет. Мисалы, биологияга келсек, ботаника, зоология, анатомия деп кетет. Бул жумуштун шарапаты менен мектеп билиминдеги мазмундук ревизия орун алат, бирин бири кайталаган темалар кыскартылат. Мындай жагдай адеп, мекен таануу, жаран таануу ж.б.у.с. сабактарда орун алып келгенин көпчүлүк билет. Башка сөз менен айтканда, реформанын дагы бир өзөктүү багыты — бул предметтик интеграциялоого жетишүү деп белгилөө зарыл. Анын алкагында мектеп билиминде 17 предмет окутуу (мурда 25 болгон) каралууда.

— Технология сабагы боюнча көп суроолор бар. Компьютерге канчанчы класстан баштап окутуу керек?

— Ооба, бул дагы дүйнөлүк тажрыйба. Дүйнөдө компьютер кеңири колдонулат. Азыр компьютер менен сүрөт тартса, дизайнерлик иштерди аткарса, дегеле көп жумушту компьютер менен аткарса болот. Бирок биздин билим берүүдө компьютерге кеч үйрөтүп жатабыз. Демек, биз компьютердик маалыматтуулукту (грамотность) эртерээк берели дедик. Элементардык, жөнөкөй көндүмдөрдү эрте үйрөнүп, тезирээк окуучу заман технологиясына аралашы керек. Эгерде башка өлкөлөрдү карасак, 1-2-класстын окуучуларына кичинекей нетбук берип атат. Биз мындай техниканы 6-класстан баштап үйрөтөбүз. Демек, технология деген сабакка келгенде анын ядросун компьютер түзөт, ал эми мазмундук линиялары 1-, 2-, 3-класста эмне кирээрин адистер чечет. Компьютердин жардамы менен сүрөт тартканга, коммуникацияга барганды, элементардуу электрондук почтаны колдонгонду билиш керек да. Ушул өңүттөн алганда, технология предметтин концепциясы түп-тамырынан бери өзгөрөт, бала 6-класска барганда компьютерде эркин иштеп калганга жетишүүсү зарыл.
Дагы бир маселе, информатика сабагынын мазмуну. Учурда окуучуларга программа жазуу ыкмаларын да окутуу каралган. Мындай көз карашты колдоого болбойт. Жеке өзүмдүн тажрыйбамды эске алсам, мен компьютер менен иштегениме 25 жыл болду. Бир дагы программалоо тилин билбейм, бирок колдонуучу катары иштей алам. Мага окшогон кишилер жетишээрлик көп деп эсептейм. Ага байланыштуу, балдарды колдонуучу катары даярдоо маанилүү роль ойнойт. Ал эми программалоо — бул адистик билим. Ага шыгы бар, атайын компьютерге окуйм дегендерге жогорку класстарда, профилдик багытта окутуу мүмкүнчүлүгү каралган. Башка сөз менен айтканда, программалоону массалык түрдө берүүнүн кереги жок. Ошондуктан технология предмети дагы чоң өзгөрүүнүн алдында турат. Европалык өлкөлөрдө технология сабагы жумасына эки саат берилет. Дагы бир мүнөздүү тенденция — кыргыздар жогорку билимге умтулуп, кесиптик окуу жайларга барчу эмес элек. Ушул тенденция азыр акырындык менен өзгөрүп жатат. Балдар кесип алганга умтулуп калышты. Учурда кесиптик-техникалык окуу жайларга болгон конкурс өсүүдө. Бул жакшы нерсе. Азыр университеттик билим алуудан кайта баштадык. Германияда университетте окуйм деген студенттердин саны аз, 30-35% жогорку билимге умтулат, калганы квалификациялуу жумушчу эмгекке умтулушат. Ушул жагынан келгенде дагы технология предметинин миссиясы чоң. Ушул сабакка көп саат бөлүнбөй калганына ичимен нааразы болуп турам. Көпчүлүк колдобой койду. Жумасына бир саат берилип атат, бирок кийин бул абал оңдолот деп ойлойм. Гуманитардык багытка басым жасай бергенден эч нерсе чыкпайт, эртең эле азыркы айтылгандар келет.

— Базистик окуу план жазылып жатканда КАОнун адистери мугалимдер менен жолуккан эмес деген дооматтар коюлду.

— Кыргызстанда 72 миң мугалим бар. Бул деген 72 миң пикир. Базистик окуу план көп учурда дүйнөлүк тенденцияны, илимдин натыйжаларын, тыянактарын, жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү эске алып, анан иштелип чыгат. Ошондуктан сөзсүз эле мугалимдерге барып, бул кандай деп отура берген деле мүмкүн кандайдыр бир деңгээлде керектир, бирок дайыма эле пайдасын бере бербейт.

— Абакир Мамытович, эмнегедир 2014-жылы бекиген билим берүүнүн мамлекеттик стандарты «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамга дал келбегендей сезилет. Сиз кандай дейсиз?

— Сиздин айтканыңыздын жөнү бар. Бир кызык жери, мамлекеттик стандартты иштеп чыкканга Билим берүү академиясы аралашпай калдык. Бул биздин түздөн-түз милдетибиз болчу. Бирок бизге бербей эл аралык долбоорлор колго алып, ошолор жасап коюшту. Стандарт боюнча дагы биздин жүйөлүү бир топ пикирлерибиз бар. Мыйзамга дал келбеген жерлери бар.

— Мисалы?

— Мен «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамын иштеп чыккан авторлордун бири катары айтайын, мамлекеттик билим берүү стандартынын бир нече белгиси бар. Биринчи белгиси — минималдуу мазмун. Стандартта билимдин минималдуу мазмуну аныкталган эмес, болгону багыты такталган. Демек, же мыйзамды өзгөртүү керек, же болбосо стандартты ошого дал келтирип жазуу керек. Бул стандарттын — чоң методологиялык кемчилиги. Экинчи белгиси — окуу процессине коюлган мамлекеттик талаптар. Бул белги кандайдыр бир деңгээлде чаржайыт берилип калган. Үчүнчү белгиси — бирдей үлгүдөгү документтердин аталышы көрсөтүлөт стандартта. Бул дагы азыркы стандартта аныкталган эмес. Бизде ар түркүн долбоордон келген консультанттар көп, «эл аралык масштабдамын» деп. Эл аралык масштабда болгону менен ар бир өлкөнүн ички мыйзамы болот, ошолорду мыкты билүү зарыл. Мисалы, биздин мыйзам, Америка кошмо штаттарынын мыйзамдарына дал келбейт, керек болсо алар өздөрү бири бирине дал келбейт. Биздин билим берүү модели, Американын моделине да дал келбейт. Алардыкын эркин, либералдык модель деп коет. Ал эми биздики административдик-мамлекеттик модель дейт, экөө эки башка. Америкада билим берүү стандарты жок, бизде билим берүү стандарты 1992-жылдан бери бар. Айырма чоң. Ички өзгөчөлүктү жакшы түшүнбөгөн долбоорлордун кызматкерлери стандартты иштеп чыгып, өкмөт тарабынан бекиттирип салышты.

— Талкууга коюлган учурда эмне үчүн сиздер ошол кемчиликтерди көрсөтө алган жоксуздар?

— Талкууга коюлду. «Улуттук алкактык куррикулум — улуттук стандарт» деген ат менен долбоор «Кутбилимге» чыкты. Биз мындай аталышты колдогон жокпуз. Мамлекет билим берүү стандартын бекитет, куррикулумду бекитпейт дедик. Куррикулум деген мыйзамда каралбаган документ экендигин айттык. КМШ өлкөлөрү менен эл аралык келишимде турабыз, биз бири-бирибиздин аттестатыбызды, дипломдорубузду тааныйбыз дедик. Анын бирден бир механизми тийиштүү стандарттарды алмашуу экенин, аларды депозитарийге коюу проблемасын көтөрдүк. Тилекке каршы, документтин аты өзгөртүлдү, бирок мурдагы заты калып калды. Дагы бир кызык нерсе, стандартта дүйнөлүк көркөм маданият деген предмет кирип кеткени.

— Бул бирөөнүн кызыкчылыгы эмеспи?

— Туптуура. Бул биздин министрликтеги бөлүм башчы Л. Марченконун кызыкчылыгы. Бул киши 2008-жылга чейин, т.а. 16 жыл Билим берүү академиясында илимий кызматкер болуп иштеген экен. Ушул предметтин тегерегинде изилдөөлөрдү жүргүзүптүр. Ал отчетторду көтөрүп чыктым, терең деле изилдөө болбоптур, илимий даражасы деле жок, чоң деле отчет жазылбаптыр. Негедир ушул предметти стандартка отургузуп коюптур. Макул кирсин, бирок бул предметтин мазмуну барбы? Окуу куралдар жазылганбы? Сабакты кандай квалификациясы бар мугалим берет? Мындай суроолор абдан көп. Өзүнө ыңгайлаштырып туруп, киргизип койгону көрүнүп эле турат. Ошол эле учурда, баштапкы аскердик тарбия сабагын алып коет. Бул эмне деген шумдук? Бери караганда эле чек аралык ар кандай инциденттерга күбө болуп олтурабыз, армиядагы жоокерлердин даярдык абалы да чеке жылытаарлык эмес. Мына ушул абалды бир аз да болсо оңдоого арналган предметибиз жок болуп калса, анын ордуна дүйнөлүк көркөм маданиятты, адабиятты окуп отура беребизби? Бул дагы стандартта орун алган проблемалардын бири. Биз бул жагдай тууралуу министрликке атайын билдирүү жасадык жана Базистик окуу планына тийиштүү предметти киргизүүнү сунуштадык. Түпкүлүгүнө келсек, биздин сунуш стандартка жооп бербейт, бирок мазмундук талапка туура келет. Стандартты ириде талкууга коюп, жакшылап карасак, аны бузбайт элек, жогоруда аталган кемчиликтерин оңдоп коет элек. Бирок академияга карата болгон мамиле олуттуу болбой жатат.

— Жаңы стандарт, жаңы муунда жазылган Базистик окуу планы кайсы окуу жылдан баштап ишке киргизилет?

— Стандартты ишке киргизүү иш-чаралары бар. Алардын да ойлонулбаган жагдайлары бар. Биринчиден, иш-чараларда айтылган, Базистик окуу план 2015-жылдан баштап кирет деп. Ал реалдуу эмес. Академия Базистик окуу планын 2017-жылдан киргизүүнү сунуштап жатабыз. Себеби, Базистик окуу планы бекигенден кийин (азырынча долбоор гана) ар бир предметтин мазмунун иштеп чыгуу зарыл. Тийиштүү жумуш башталганын жогоруда белгилеп кеттим. Андан кийин жаңы муундагы окуу-методикалык комплексин даярдоого конкурс жарыяланыш керек. Тийиштүү окуу куралдары жазылып, экспертизадан өтүп, анан мектептерден бир жыл апробацияланып чыкканга чейин бир топ суу агып кетет. Биз ага даяр эмеспиз. Экинчиден, бардык класстарда жаңы мазмун бир учурда кирбеш керек. 2017-жылы 1-класска, 5-класска, 2018-жылы 1-2-класска, 5-6-класска, 2019-жылы 1-2-3-класстарга, 5-6-7-класстарга деп этап этабы менен кириш керек. Бул реформанын аягына чыгышына бери дегенде 6-7 жыл керек.

— Жаңы муундагы окуу китептерин жазууда жаңыча ойлонгон авторлор барбы?

— Китеп жазуу түйшүктүү жумуш. Эл аралык долбоорлордун сунушуна карасак, китепти практик мугалимдер жазыш керек. Ал эми биздин тажрыйбада, көбүнчө илимий кызматкерлер жазып калган. Экөө тең туура эмес деп эсептеймин. Илимий кызматкер — теоретик, мугалим — практик. Экөөнүн симбиозу жана заманбап техниканы билген адистер керек. Жаңы муундагы китептер электрондук коштолушу менен болгону талапка ылайык. Тилекке каршы, биздин айрым авторлор компьютер менен иштей алышпайт. Дагы бир эл аралык долбоорлор тарабынан берилүүчү сунуш — Россиянын китептерин которуу же болбосо адаптациялоо. Мен ага да караманча каршымын. Анткени ар бир мамлекеттин улуттук идеологиясы, көрөңгөсү, баалуулуктары бар. Анын бардыгы этнопедагогика деген илимдин тегерегинде терең изилденген жана далилденген. Кыргыздардын тарыхын, маданиятын, тарбия жаатындагы баалуулуктарын билбеген кишилер кантип жакшы китеп жазып бере алат? Биз өзүбүздүн адистерге жакшы маани жана баа бербейбиз. Мындай мамиле бир гана бизге таандык эмес. Тарыхый өңүттө 1920-жылдары Россияда да жумушчу таптан чыккандар китеп жазалышпайт деген пикир кеңири айтылган. Бирок ага карабай совет өкмөтү китеп жазуу укугун өз адистерине ыйгарып, аларды тарбиялап, кийинчерээк дасыккан авторлордун курамын калыптантып алышкан. Бизде да ошондой мамиле айтыла калып жүрөт. Биздин авторлор жазган кээ бир окуу куралдарыбыздын башка мамлекетте колдонулуп жатканын этибар алышпайт.
Менин терең ишенимимде китеп жазууга олуттуу мамиле кылуу керек. Францияда окуу китебин чыгаруу үчүн беш-алты жыл пландашат. Эки жыл кол жазмалардын жана авторлордун арасында тандоо жүрөт, эки жыл окуу куралдары мектепте апробациядан өтөт жана кийинки бир-эки жыл китептерди өндүрүшкө берип массалык тираж менен чыгарууга жумшалат. Бизде бул жумуштун баары жогору тездикте уюштурулат жана эл аралык долбоорлордун кызыкчылыгы алдыңкы орунга чыгып кетет. Китеп жазуу – жоопкерчиликти талап кылган жумуш. Китептин мазмуну бузулса, келечек бузулат. Ал эми бул жумушту коомдук уюмдарга берип койсок, тез эле баш аягыбызды таппай калаарыбыз турган иш. Мына ошол себептен, мамлекеттик илимий-методикалык уюм бул маселени бекем көзөмөлгө алып турушу зарыл. Жыйынтыктап айтканда, окуу куралын жазууга, дегеле билим берүүгө адистик аяр мамиленин болгону абзел.

Маектешкен Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим»

Пикир
Жусупбек Бейшеев, Ат-Башы районундагы А.Чортеков атындагы мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими, «КР Билим берүүгө эмгеги сиңирген мугалим»:
— 8-11-класска чейин адабиятка үч саат берилсе, эми анын эки саатын кыскартып салышыптыр, тил боюнча эки саат берилсе, анын бир сааты кыскарыптыр. Өлкө башчыбыз кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча саясат жүргүзүп жаткан мезгилде, окуу планынын долбоорун жазгандар кыргыз тилине каршы, мамлекетке чыккынчылык кылып жаткандай ой келет. Бир эле кыргыз тили жана адабияты сабагынан эмес, башка сабактардан да кыскартуулар көп берилип, жалгыз гана математика предметине артыкчылык берилген экен. Окуу планын орус тилинде жарыялашты, эмне үчүн кыргыз тилинде беришпейт? Окуу планын жазгандан кийин дагы түшүндүрмө бериш жок. Окуу программа кандай түзүлүшү керек, окуу китептерин ким жазат дегендей. Бул долбоорду кайрадан карап чыкпаса болбойт. Мектепти түшүнбөгөн, мурда кийин Базистик окуу планын түзүп көрбөгөндөр жазгандай өңдөнөт. Кемчиликтерди карап чыгыш керек. Мисалы, А.Чортеков атындагы мектепте 320 окуучу окуса, 38 мугалим иштейт. Эгерде окуу планы боюнча 40 саат кыскартса, төрт мугалим кыскарат деген сөз. Бизди өкмөт сүйүнтүп “50% эмгек акыңарды жогорулатабыз” деп коюп, акча табылбай калып, ошол кыскартылган сааттардын эсебинен жүргүзүлүп жатабы деген ой келет. Окуу жумалыктарды кыскартканда, ата-энелер, мамлекеттик жана регионалдык деген компоненттер бар экен. 1970-жылы туулган балдардын балдары азыр 11-класста окуп жатышат. Алардын ата-энелери пенсия жашында эмес. Айылда жумуш жок, же пенсия алышпаса балдарына акча төлөп кантип окутууга болот?

1 Kомментарий

  1. эң жакшы иштелги экен. Эми мунун таасирин качан сезебиз. мен өзүм мугалим катары эч кандай таасирди байкай элекмин. 2017-колдонулат депсиздер, бирок азыр 2018 болуп кетти. Же келерки жылы башталгыч класстарда кандайдыр өзгөрүү келет деген имиш чалгандай болдум эле, ошолбу?

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*