ЭЛВИРА САРИЕВА: 1-СЕНТЯБРДАН БИРДИКТҮҮ МЕКТЕП ФОРМАСЫ КИРЕТ

КР Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева журналисттерди чогултуп, министрликте болуп жаткан акыркы жаңылыктар менен тааныштырып, аны коомчулукка жеткирүүнү суранды.

Министрдин айтымында, жалпы билим берүү мекемелеринде “Акыркы коңгуроо” бул жолу 29-майда өтөт. Мындай чечимдин чыгарылышынын себеби, кышында мектептерде жылуулук өчүрүлгөнүнө байланыштуу кышкы каникул төрт күнгө узартылган.

Эльвира Сариева ошондой эле бардык мектептерде бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө акча чогултууга тыюу салынганын ал баса белгиледи.

“Өткөн жылдагыдай эле, кафелерде жана башка көңүл ачуучу жайларда массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды. Бардык мектеп директорлору бул тууралуу маалымдалды. Буйрукту аткарбаган мектеп жетекчилери административдик жаза алышат. Талдоо көрсөткөндөй, жыл сайын мектеп окуучулары окууну аяктап жатып, жол кырсыктарына жана башка кырсыктарга кабылып жатышат. Өткөн жылы Бишкекте бир эле күндө мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн катышуусунда 20 жол кырсыгы катталган”, – деди министр.

Бүтүрүүчүлөргө аттестат тапшыруу аземи 22-июнда өтсө, 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө күбөлүктөр 20-июнда тапшырылат. Ал эми артыкчылык аттестатын алган бүтүрүүчүлөр мамлекеттик сынактардан бошотулат.

“11-класстын окуучусуна артыкчылык аттестат менен чогуу ЖРТнын предметтик тестине 20 балл кошулат, анан алар каалаган ЖОЖго тапшыра алышат. Артыкчылык менен мектепти бүткөн бүтүрүүчү атайын орто кесиптик окуу жайларга сынаксыз тапшыра алат”, – деп түшүндүрдү Сариева.

Ошондой эле журналисттердин бирдиктүү мектеп формасы, окуу жылынын башталышы тууралуу берилген суроолорго мындай деп жооп кайтарды:

“Мектеп формасы бардыгы үчүн бирдей болушу керек. Көптөгөн мектептер өздөрүнүн формасын иштеп чыгышты, айрымдары өткөн жылы бекитилген форманы кийип жүрүшөт. 1-сентябрдан тарта министрликтин буйругу күчүнө кирет. Ата-энелер тарабынан окуучулар билим боюнча эмес, кийген кийимдери менен бири-бирине атаандашып жатышат деген дооматтар болуп жатат. Эгерде мектепте бирдиктүү форма болсо, мындай атаандаштык жоюлат, – деди министр. – Ал эми бизде окуу жылы салттуу 1-сентябрда башталат. Аны 15-сентябрга жылдыруунун кажети жок деп ойлойм. Өзгөчө күзгү-кышкы татаал мезгил көрсөттү, окуу күндөрүн кыскартпоо керек экендигин. Энергетика министрлиги менен көпкө талаш-тартыш болуп, кышкы каникулду узартканга биз макул болбой, төрт күнгө эле узартканбыз. Анткени ар бир мектептин программасын кыскартуу же башка убакка которуу деген окуучулардын жайкы эс алуусун кыскартуу дегенди билдирет. Балдар үч ай эс алып, жаңы окуу жылына даярданышы зарыл”.

Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*