АМЕРИКАДАН АЛЧУ ӨРНӨК КӨП

Ааламдашуунун алкагында десек болор (мурда үч уктасак түшкө кирбес эле), биздин улуу кызыбыз Американын Сиэтл шаарында үй-бүлөсү менен жашайт. Улуу жээнибиз Сезимдин мектебине бардым. Өз көзүм менен Америкадагы мектептердин, окуучу, мугалимдердин жагдайын көрөйүн дедим. Анан кызымдан ушул маселелер боюнча сурамжылап, көргөн билгендеримди толуктадым.

Мектеп окуучусуна эркиндик берилген

Лайли Үкүбаева,  филология илимдеринин доктору, профессор, КР билим берүүсүнө Эмгек сиңирген кызматкер, Кыргыз-Түрк "Манас" университети
Лайли Үкүбаева,
филология илимдеринин доктору, профессор, КР билим берүүсүнө Эмгек сиңирген кызматкер, Кыргыз-Түрк “Манас” университети

Американын окуучулары деле биздегидей мектептерде окушат, бирок биздикиндей тизилген парталарга «какайып» олтурушпастан, сабактарда эркин кыймылда болушат, т.а. сабакта окуучуга эркин басып жүрүүгө, мугалим, классташтары менен эркин сүйлөшүүгө, ал  тургай башталгыч класста болгондуктан ойноп алууга да мүмкүнчүлүк берилет. Класстары таза, белгилүү бир сааттарда үйлөрүнөн алып барган тамактарын жеп, эс алып алуу үчүн атайын чоң залга барып убакыт өткөрүшөт.

Сабактан кийин ата-энелер балдарын мектептен алышат, калгандарын атайын автобустар ташыйт. Эртең менен да автобустар балдарды белгилүү аялдамалардан алып кетишет. Автобустар балдардын сабактары бүткөнчө мектептин жанында турушат, б.а. автобус менен балдарды мектепке алып баруу, үйгө жеткирүү эң ыңгайлуу. Автобус белгиленген сааттарда эч бир кечигүүсүз аялдамаларга келет, ичи кенен, тыгылышуу жок. Мындай болгондо  ата-энелердин санаасы тынч болору өзүнөн-өзү белгилүү го.

Сабактан чыгары менен эле балдар үйлөрүнө жөнөшпөйт, сөзсүз жарым саатча мектептин аянтчасындагы  турниктерде ойноп, бир аз ары-бери чуркап, эс алышат да анан гана үйлөрүнө  тарашат. Бул менимче, сабактан чарчаган баланын энергиясын калыбына келтирүүдө эң маанилүү фактор.

Ата-энелердин көмөгү

Америкада ата-энелер жумасына бир же эки жолу волонтер катары мектепте мугалимдерге сабактарды өткөрүүгө жардам беришет. Мисалы, кол эмгек сабагына келип катышкан ата-эне мугалимдин балдарга жасаткан буюмдарынын жасалыштарына жол көрсөтүп, жардам беришет. (Анткени мугалимдин бардык балдар менен иштешүүсүнө убакыты жетпейт).

Же болбосо ата-энеси математиканы ж.б. сабактарды жакшы билишсе, мектепке бир күнгө келип, балдардын сабактарды  өздөштүрүүсүнө жардам берип, мугалимге да кол кабыш кылат. Мындай шартта мектеп менен ата-эненин байланышы тыкыс болуп, мектеп, мугалим, окуучуда эмне проблема бардыгын ата-энелер да жакындан билип турушат. Бул болсо өз учурда мектеп менен ата-эненин өнөктөштүгүнө жакшы шарт түзүп, баланын келечегине чогуу көрүлгөн камкордук болот. Балким ушундай иштер биздин мектептерде болгондо ата-эне мектепке, мектеп ата-энеге дооматын арта бербей, тескерисинче, бир пикирге жетишмекпиз.

2222

Камкорчулар кеңеши каржылайт

Америкада деле мугалимдер эң төмөнкү эмгек акы алышат. Мектептерге деле абдан чоң каражат бөлүнбөйт. Бирок ата-энелерден түзүлгөн Камкорчулар  кеңешинин колдоосунда болушат. Америкада эң күчтүү мектеп деп ата-энелерден түзүлгөн Камкорчулар кеңеши күчтүү мектепти эсептешет экен. Анткени ата-энелерден түзүлгөн ал кеңеш мектепке дайыма жардам берип турат. Мектептин материалдык-техникалык  базасынын чыңдалышына көмөк көрсөтүшөт, спорт аянтчаларынын жабдылышына жардам беришет. Камкорчулар кеңешинин төрагасы, мүчөлөрү бар. Эң маанилүүсү мектепке жардам берүү үчүн кайсы ата-эне канча салым кошконун бир гана кеңештин мүчөлөрү билишет. Жардам берүү эркин, кимдин кандай мүмкүнчүлүгү болсо, ошого жараша жардамын берет. Кимдин ата-энеси эмнени берди мугалимдин да эч кабары жок. Биздин мектептердегидей кошумча жардам бере албагандыгы үчүн мугалимдер баланы жемелеп «эсепке» алышпайт. Биздин мектептерде эмнеге ушундай тажрыйбаны жайылтууга болбосун, бир гана уюштуруп, көндүмгө  айлантууга аракет кылуу  керек.

Ата-энелер комитетинин ролу ушуну менен эле чектелбейт. Эгерде балдарына программадан сырткары зарыл, керектүү деп табылган сабактарды окуткусу келсе, мисалы, музыка, эстетика ж.б ал сабакты берген мугалимдерге айлыктарды да өз чөнтөктөрүнөн төлөп беришет. Бирок тандоо сабактарынын саны балдардын курактык өзгөчүлүктөрүнө  жараша 1-3төн ашпаш керек. Мындай болгон шартта мектеп мамлекетти эле карап олтурбастан, ата-энелердин жардамы менен балдардын билимдерин өз алдынча өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүктөрдү табат.

Кийинки кездерде биздин мектептерде мугалимдер акча чогултат, белектерди алышат дегендин тегерегинде эле ызы-чуу кептер көп айтылып, мугалим бечараларды кимиси болбосун жерден алып көргө урган, алардын дарегине абдан жаман сөздөр айтылган учурларды көп эле угуп жана көрүп жүрөбүз. Мугалимдердин мындай терс көрүнүштөрдөн алыс болушу үчүн мектептерде көз карандысыз, коррупциялашпаган ата-энелерден түзүлгөн Камкорчулар кеңешинин иштешин ойлонушубуз керек.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*