БОЛОЧОК МУГАЛИМ МЕКТЕПТЕН ДАЯРДАЛУУГА ТИЙИШ

Гүлнара Жыргалбекова, И.Арабаев атындагы КМУнун Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун бюджеттик бөлүмүнүн деканы, доцент

Бүгүнкү күндө мугалимди адис кылып тарбиялоонун эң оптималдуу жолдорун издөө мезгилдин талабы болууда. Келечектеги мугалим студент кезинде эле мектепти түшүнүүгө тийиш. Ал үчүн теориялык билим практикага айланып, студент мугалимдик ишмердикти эмитен баштоого тийиш. Бул багытта И.Арабаев атындагы КМУнун тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институту адистерди даярдоодо теориялык-практикалык ишти жаңы ыкмада алып бара баштады. Сөз ушул туурасында болмокчу.

Заманбап мектепке – заманбап мугалим

Кыргыз Республикасынын дүйнөлүк билим берүү системасына кирүү шартында жогорку кесиптик билим берүүнүн педагогикалык багытындагы социалдык-экономикалык билим берүү бакалавры академиялык даражасына даярдоонун мамлекеттик стандартына ылайык, төрт жылдык мөөнөттө даярдалат. Стандарттын негизинде түзүлгөн окуу планындагы предметтердин  сыйымдуулугуна карата кредит сааттар өздөштүрүлөт.

Социалдык-экономикалык билим берүү бакалавры академиялык даражасына  даярдоодо, жалпы билим берүүчү мектеп компетенттүүлүктөргө ээ болгон педагогду талап кылат. Компетенттүүлүк термини жаңы  ойлонуп табылган деле термин эмес, ал барыбызга белгилүү болгондой эле дал келүү, шайкештик дегенди түшүндүрөт. Демек, ааламдаштыруунун шартында дүйнөлүк билим берүү тармагына  алакалашууга дал келген,  адамзаттын динамикалык өнүгүүсүнөн артта калбай, социумда тең тайлашып катар өнүгүүгө аракет жасаган гумандуу инсанды калыптандыруу маселеси тууралуу сөз болуп жаткандыгын окурман мыкты түшүнүп турат.

Теориялык өңүттөн алып караганда мектептин бүтүрүүчүсүнүн компетенттүүлүктөрү  (маалыматтык, социалдык-коммуникативдик,  өзүн уюштуруу жана проблемаларды чечүү) кесип тандоо мүмкүнчүлүктөрүнө шайкеш келгенде, жогорку кесиптик билим берүүнүн стандартына ылайык, кесипке окутуу жана үйрөтүү маселелеринде натыйжалуу жыйынтык болот. Социалдык-экономикалык билим берүү бакалавры академиялык даражасына ээ болгон адис: социалдык тарамдагы тарых жана интегративдик курстар боюнча билим берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон, заманбап  технологияларды колдонуу менен ой жүгүртө билген мугалим. Демек, жалпы орто билим берүүнүн алкагында компетенттүүлүктөрдүн үч багытын калыптандырган бүтүрүүчү жогорку кесиптик билим берүүгө келип тапшырса, республикада дүйнөлүк билим берүү деңгээлине шайкеш келген  педагогикалык багыттагы социалдык-экономикалык билим берүү бакалаврынан келечектеги сапаттуу ийгиликтерге жетишкен мугалим даярдалмак.

Социалдык-экономикалык  билим берүүнүн бакалавры, биринчиден, мугалим-практик, социалдык тарамга кирген предметтерди жаңылап окутуу проблемаларын чечүүгө  жөндөмдүү болууга тийиш.  Ушундан улам жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын педагогикалык багыттагы бакалавр академиялык даражасына даярдоодо “мектеп күнү” деп аталган педагогикалык практикаларды өткөрүү тартиби киргизилди.

“Мектеп күнү” – жаш адистин үнү

Ал эми “мектеп күнү” педагогикалык практикасы окуу жараянында семестрдин ичинде үзгүлтүксүз шартта коюлуп, жуманын бир күнү студенттер мектепте болушат. Окуу жайдын жетекчилиги тарабынан базалык мектептер аныкталып, келишимдер түзүлгөн. Практикант 2-курстун 3-4-семестринен тартып көнүктүрүү-педагогикалык практикасына жайгаштырылат. “Мектеп күнү” практикасы стандарт боюнча жаңы багыт болгондуктан,  биздин институттун окуу бөлүмү тарабынан иштелип чыгып, мектептерге институттун методисти тарабынан маалымдалат.

 Практиканын аты эле айтып тургандай, мектеп чөйрөсүнө,  түйшүктүү мугалимдик кесипке жакындан киришип, класс жетекчинин жардамчысы катары  класстын окуучулары менен иштөө көндүмдөрүнө ээ болуу милдеттери коюлган. Көнүктүрүү-педагогикалык практикасы 30-32 жумага созулуп, окуу жүктөмдөрүнө ылайык,  педагогика, психология предметтерин өздөштүрүүдөн кийинки өтүлүп жаткан практика болгондуктан, психологиялык-педагогикалык багыттагы компетенттүүлүктөрдү калыптандырууга негизделген.  Демек, практиканттар мектепке 32  ирет, ар бир күнү беш саат мектепте болгондо гана мектеп окуучулары менен практиканттын ортосунда ишмердиктин калыптануусуна системалуулук принцип негиз болот. Келечекте педагогду кесипке багыттоодо келип чыккан проблемалардын үстүндө иштөөгө чоң убакыт берилет. Студент бир жуманын ичинде аудиториялык сабактарга даярданат, мектептеги окуучулар менен иштей турган иш-чараларга, сабактарга дагы даяр болууга үлгүрүшү  зарыл.

 Мектепке келип, өзүлөрүн мугалим катары практикалык кызмат кылуу менен, окуу жайда теориялык билимдерин аудиториялык сааттардын алкагында улантууну айкалыштыруу, студенттердеги ийкемдүүлүк, мотивдүүлүк, жоопкерчилик сапаттарынын пайда болгондугу  көрүнө баштады.

3-курстун 5-6-семестринде “мектеп күнү”  адистик-базалык практика катары улантылат. Эми практикантка  белгилүү класстарда дүйнөлүк тарых, Кыргызстан тарыхы, Адам жана коом жана интегративдик курстардан сабак өтүү мүмкүнчүлүгү берилет. Социалдык билим берүү тарамына кирген предметтерди окуп үйрөнүү аркылуу,  азыркы коомго мүнөздүү болгон маселелерге карата жигердүү социалдык, граждандык позицияны калыптандырат.

Мектеп – ЖОЖ байланышын  бекемдейли

Тарых жана социалдык билим берүү институтунун студенттерин педагогдук кесипке даярдоодо МЕКТЕП – ЖОЖ кызматташтыгы терең мааниге ээ.  Себеби бүтүрүүчүлөрдү педагогикалык кесипке  даярдоо методикасынын лабораториясы – ар кыл типтеги жалпы билим берүүчү мектеп  болуп эсептелет. Ошондуктан биздин институт эле эмес университеттин алкагында аталган кызматташтыкка салымын кошуп, тажрыйбалары менен кылдат бөлүшүп келе жаткан педагогдорубуз бар. Алар: №5 А.Молдокулов атындагы УКГ директору – М. Жумалиев, тарых мугалимдери: И.Байболотова, Д.Осекова, К.Мамбетова, Б.Садыкова,  Г.Эсенканова. №69 Т.Сатылганов атындагы ОТК, директору – С.Атаева, тарых мугалимдери: М. Абдыкадырова,  Г. Ажыгулова. №64 мектеп, директору – Ф.Чажалиева, тарых мугалимдери: З.Бакешова, Р.Кайырбекова. №61 мектеп, директору – Ю.Низовский, тарых мугалимдери: Н.Колесникова, С.Попова. №66 мектеп, директору – М.Якупова, тарых мугалимдери: К.Алышбаева, А.Иванов.  №39 мектеп, директору – М. Халюкова, тарых мугалими –  М.Сабитова.

Ысымдары аталган кесиптештерибиз биздин институттун жамааты менен биргеликте  төлөнгөн маяналарынын аздыгына карабастан бир катар жылдардан бери келечектеги педагогдорду тарбиялоого, мугалимдик кесипти сүйүүгө, урматтого, аны аздектөөгө салымын кошушту.

 Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун “Мектеп күнү” практикасынын жүрүшүндө, студенттердин теориялык жана практикалык билимдерин, педагогикалык ишмердиктерин угуп, көрүп отуруп бул педагогикалык практика болочок мугалимге мектеп турмушуна толук сүңгүп кирүүгө, психологиялык жактан  ал чөйрөнү толук кабыл алууга көнүктүрүүдө деген ойду ишенимдүү айта алабыз.

“Мектеп күнү” педагогикалык практикасынын базасына  №84 ОМ, директору –  Д.Иманалиева, тарых мугалими  – Дүйшөналиева Роза, №77 ОМ, директору  – А.А.Дөталиева, тарых мугалимдери: А.Акматова, Г.Осмоналиева, Т.Касымова, Б.Акбекова, №72 ОМ директору – Д.Назаркулова тарых мугалими  – Г. Шоокеевада кирет.

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде ар бир педагогикалык практиканын аягында базалык мектептердин  администрациясы, мугалимдери чакырылып, студент-практиканттардын иштеринин жыйынтыгы чыгарылып,  мектептерге  белгилүү деңгээлде материалдык багыттагы ыраазычылыктар  берилип турат.

Бизде да сунуш бар

МЕКТЕП – ЖОЖ кызматташтыгы болочок педагогдорду даярдоого ар дайым кызыкдар. Биз бүтүрүүчүлөрүбүздү жумуш менен камсыз кыла  турган кызматташууга ар тараптан аракетибизди жасайбыз.  Ал эми бул проблеманы чечүүдө бир тараптуу эле ийгиликтерге жетише албайбыз. Ал комплекстүү  чечүүгө муктаж болгон  стратегиялык максаттардан, милдеттерден турат. Бул багытта  концептуалдуу сунуштарыбыз менен бөлүшөбүз. Алар төмөнкүлөр:

1. Мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн ЖРТда ээ болгон жыйынтыктары жогору  болуп жаткандыгын эске алуу менен педагогикалык кесиптин ээлерин кокусунан  окууга тапшырган, билими тайкы окуучулардын катарынан эмес, мыкты окуучулардын катарынан даярдоого убакыт келип жетти.

2. Жогорку кесиптик билим берүүдө татыктуу даярдалып, республиканын алдыңкы мектептеринде иштеп жаткан бүтүрүүчүлөрдүн  тажрыйбаларын жарыя кылуу  абзел. Анткени  келечеги кең жаш адисти материалдык мүмкүнчүлүктөр менен катар моралдык  жактан шыктандыруунун да мааниси бийик турат.

3. Акыркы жылдары педагогикалык окуу жайларына Бишкек шаарынын мектептеринин орус тилинде окутулуучу класстарда предметтик мугалимдердин жетишсиздиги боюнча кайрылуулар басымдулук кылууда. Демек, кош тилдүү (зарыл болсо көп тилдүү) мугалимдерди даярдоонун зарылдыгы бар.

4. Педагогдор  кесиптик майрамында эле сый-урмат көрсөтүү менен гана чектелбестен, жыл бою баш ийип, таазим кыла турган кесип ээси. Себеби бул менден, сизден, баарыбыздын ата-энебизден кийинки бийик адамыбыз – МУГАЛИМ эмеспи.

5. Азыркы шартта  мугалимдик кесипти аркалоо менен  материалдык абалымды оңдойм деген жаш адис жаңылышат. Мугалим руханий жактан бай, аз маянасына карабастан, акылына таянган, ички дүйнөсүндө  окуучуга таза сезим менен мамиле кыла билген, чынчыл (человеколюбие) ж.б. жаратман мүнөздөргө ээ болгон бийик инсан деген ойду коомчулукка жеткирүүгө тийишпиз.

6. Кыргыз Республикасында мугалимдик кесиптин макамын (статусун) көтөрүү, мугалимге  мамлекеттик камкордукту күчөтүү парз. Мугалимдин эмгегин татыктуу каржылоонун критерийлери иштелип чыгып, мамлекеттик деңгээлдеги стратегиялык маселе катары тез арада чечилиши зарыл.

7. Педагог катары айтарыбыз, жаштарыбызды коомго татыктуу, компетенттүү  адис кылып даярдоодо билим берүү тармагынын орду түбөлүктүү дээр элек.

 Ал эми бул багытта И.Арабаев атындагы КМУнун Тарых жана социалдык-экономикалык билим берүү институтунун адистерди даярдоодогу иш-аракеттери туурасында айтчу болсок, өзүнчө сөз кылууга татыктуу дээр элем.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*