ИНФОРМАТИКА – ААЛАМ ТЕРЕЗЕСИ

Информатика жана ИКТ предметинин аталышын карап көрсөк, бир предметке информатиканын математикалык негиздери б.а. алгоритм, логикалык алгебра, экилик арифметика, математикалык модель ж.б. жана информациялык технология камтылган. Бул өз кезегинде предмет аркылуу информациялык технологияны колдонуп алгоритм түзө алуу же информатиканын теориялык билимдерине ээ болуу менен байланыштуу. Ушундан улам алгач предмет информатика жана эсептөөчү техниканын негиздери деген аталышта болгон. Өзүнүн түпкү маанисин сактоо менен бүгүн бул предмет информатика жана информациялык коммуникациялык технология деп аталат. Мектеп информатикасынын отуз жылдан ашуун өнүгүү жолунда алгоритм түзүүдөн баштап (машинасыз вариантын кошкондо), бүгүнкү күндө компьютердик технологиянын жетишкендиктерин, анын мүмкүнчүлүктөрүн ишмердүүлүктүн бардык чөйрөлөрүндө пайдалана алган деӊгээлге жетиштик. Бул өз учурунда санариптик технологиянын жана анын колдонуу мүмкүнчүлүктөрүнүн кеӊейүүсүнө жол ачууда.

Бүгүнкү мектеп информатикасы кийинки жаӊы өнүгүү этапта турат. Ал коомдун эӊ зарыл болгон каражаты, ошол эле учурда информациялык технологиянын мүмкүнчүлүктөрүн ишмердүүлүктүн бардык чөйрөлөрүндө пайдаланууга тийиш болгон зарыл билими жана ар бир окуучу милдеттүү түрдө өздөштүрүүгө тийиш болгон мектеп предмети катары мүнөздөлөт. Окуучу информатика сабагынан алгоритм түзүүдөн баштап социалдык информатикага чейин базалык билимдерге ээ болот.

Жаӊы этаптагы информатика колдонмо информатикадан фундаменталдуу информатикага кайрадан алып барууда.

Информатика коомдогу информация жана информациялык процесстер менен иштөөнүн мыйзам ченемдүүлүктөрүн окутуп үйрөтө турган фундаменталдуу илимий билим болуп эсептелип, физика жана математика предметтери сыяктуу мектептин базалык предмети катары калууга тийиш. Мектеп информатикасынын курсу ар түрдүү татаалдыктагы маселелерди чечүү менен материалды системалуу түрдө өздөштүрүүнү кароо керек дегенди билдирет. Мындай маселелер информатикага да, математикага да тиешелүү болушу мүмкүн. Бул бүтүрүүчү класстарды мамлекеттик аттестациялоодо да көрүнөт. Буга кошумча, бүгүнкү күндө математикалык, эстетикалык, тилдик, гуманитардык билим берүү информатиканы өзүнчө предмет катары мындан ары да өнүгүшү керектигин тастыктап турат.

Учурда информатик мугалим бир эле учурда бир нече функцияларды аткарат: предметти окутуу, методикалык жардам көрсөтүү, сервистик кызматтарды жөнгө салуу, компьютердик класстын жоопкерчилигин алуу ж.б. Бирок учурдагы билим берүүнү информациялаштыруу менен коюлган талаптагыдай сапатка ээ кылууда информатик мугалимдин чамасы жетпей келет. Ал үчүн кошумча ресурстарды табууга туура келет. Ал эми мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражат мектептин уюштуруу иштерине жана сервистик кызматтарды көрсөтүүгө гана араӊ жетет (мугалимдин методикалык жактан кесипчилигин жогорулатып турууну эске албаганда).

Мектеп информатикасын өнүктүрүүнүн жаӊы этабы бир топ маселелерди койду. Алар: информатиканы окутуу үчүн (башка предметтерди окутууда да ушул проблема бар) заманбап, талапка ылайык каражаттардын жетишсиздиги жана программалык жактан камсыздоонун түрдүүлүгү, о.э. билим берүү процессин информациялаштырууда билим берүүнү башкаруу органдары тарабынан колдоолордун жоктугу.

Мектеп информатикасын окутуудагы, негизги, көйгөйлүү маселе мугалимдердин окуу программасынын мазмунун мектепте толук окутпай жатышкандыктарында. Word, Excel менен информатика сабагын чектеп коюшса, айрымдары графикалык редактор, социалдык информатика менен жыйынтыктап салышкан учурлар кездешет. Ал эми «Мультимедиялык технология» жана «Бүткүл дүйнөлүк байланыш системасы» темалары мектептердеги компьютерлердин эскилигинен жана Интернет менен туташуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугунан өтүлбөй эле калат (Программалоо бөлүмүн айтпай эле коёлу). Башка предметтин мугалимдерине салыштырмалуу информатиканы окутууда адис мугалимдердин (башка адистиктеги мугалим эмес) классикалык методикасы калыптана элек. Кээ бир учурда «Офис» программаларын гана окуткан (аны да толук өздөштүрүп, колдоно албаган башка адистин мугалимдери), ал гана эмес элементардык математиканы билбеген «кадрлар» сабак өтүшүүдө. Албетте, «эптеп-септеп» предметти өттү аттуу болуп, «жоктон көрө жогору» деген кол шилтөөгө өтмөй адат калыптанган болсо, дагы бир жагы Базалык окуу планындагы информатикага бөлүнгөн сааттардын аздыгы айтылып шылтоо кылынат.

Маселенин дагы бир жагы болуп информатика окуу китебинин сапаты, окуу-методикалык комплексинин жаӊылана электиги (2006-жылдан бери) жана орус тилдүү мектептер үчүн ушул күнгө чейин окуу китептин жоктугу эсептелет.

Демек, ушундан улам бул маселелерди чечүү убактысынын бышып жетилгендиги белгилүү болду.

Эми мындан аркы келечегине саресеп салып көрөлү.

Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан адегенде окутуунун нормативдик документтерин жөнгө салуу, анан барып предметтерди окутууну жакшыртуу максат кылынып, бир топ кадамдар жасалды. Алар: 1. Базалык окуу планындагы предметтин ордун аныктоо; 2. Предметтин мамлекеттик билим берүү стандартын иштеп чыгуу; 3. Окуу программаны жаӊылоо; 4. Окуу китептерин түзүү; 5. Комплекстерин даярдоо ж.у.с. көптөгөн иштер алдыга коюлду.

Эми мындай кадамдар информатиканын эсебинен кандайча жүрүп жатат?

2014/2015-окуу жылына карата бардык жалпы билим берүүчү мектептердин окуу планында информатика предмети (окутуу тилдерине карабастан) төмөнкүдөй орун алган.

Информатика 7-кл. 8-кл. 9-кл.
1 саат 2 саат 2 саат

Гимназия-мектептери жана мектеп-лицейлери үчүн гимназия жана лицей компоненттери сакталып, гимназия, лицей класстарында ийримдер, лекциялар, курстар аркылуу ишке ашырылат.

Ал эми “Кутбилим” гезитинин 20.03.15 №11 санына жарыяланган Базалык окуу планынын долбоорунда милдеттүү түрдө окутулуучу предметтердин тизмегин берүүдө айрым бир предметтердин мазмундук жактан кайталоолорго жол бербеш үчүн оптималдуу сааттары менен бирге санына эмес, алардын мазмундук жактан сапатына басым жасоо зарылчылыгы келип чыкты. Жыйынтыгында төмөндөгүдөй өзгөрүүлөр болду:

Башталгыч класска жаӊы предмет болуп:

– «Технология» аталыштагы предмет (аталышы боюнча тактоолор болот) эмгекке үйрөтүү предметинин мазмуну компьютер аркылуу окутуп үйрөтүү логикасында каралды.

Негизги жана жогорку класстарда:

–  «Технология» предмети (аталышы боюнча тактоолор болот) компьютердик сабаттуулук, черчение жана дизайндык мазмунда бир предмет аркылуу айкалышуусу каралды.

Демек, билим берүү областтарынын ичинен «Технология» областында өзгөрүү болду. Жыйынтыгында, информатика предметин окуу пландан төмөндөгүдөй окуу жүктөм менен көрүүгө болот:

Билим берүү тарамы Предметтер Класстар боюнча базистик  вариант
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Технологиялык Технология 1 1 1 1 2 2 1 1 1

Албетте, башталгыч класстарда эмнени окутабыз деген суроо пайда болушу мүмкүн.

Учурда ар бир баладан (беш-жети жаштагы) компьютерди көрсөтүп, «бул эмне» деп сурасаӊ, тескерисинче «ушуну да билбейсиӊби», дегендей кайра сага таӊ калышы ыктымал. Демек, башталгыч класстарда (2-4-кл.) жумасына бир сааттык жүктөм менен компьютерди колдонуунун негиздерин эмгекке үйрөтүү предметинин мазмунун айкалыштыруу аркылуу окутууга болот. Эмгекке үйрөтүү предметин окутуу үчүн мектептерде атайын жабдуулар менен жабдылган кабинеттер (кыздар үчүн), мастерскойлор (балдар үчүн) болушу шарт эле. Бирок мындай шарттар ар бир эле мектепте түзүлө бербей (болсо да канааттандырарлык эмес) бул предмет канааттандырарлык деӊгээлде окутулбай калганына көпчүлүк күбө. Ошондуктан эмгекке үйрөтүү предметин информатика предметинин мазмуну менен айкалыштырып окутуу кадамына барууга негиз бар деп айтууга болот.

Ал эми негизги баскычта (5-9-кл.) окуучунун алгоритмдик, математикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө басым койгонубуз туура. Ошону менен бирге аны черчение предметинин мазмунун компьютер аркылуу ишке ашыруу максатында окутканыбыз оӊ. Жогорку класстарга келгенде (9-10-кл.) программалоо бөлүмдөрүн жана дизайнды окутуп-үйрөткөнүбүз логикага туура келет деген пикирдебиз. Бул класстагы окуучулар социалдык чөйрөдө IT мүмкүнчүлүктөрүн өздөрүнүн турмуштук зарылчылыктарында колдонуп калган деӊгээлге жеткиришибиз зарыл.

Эми ушундай өӊүттө предметтин мазмунун түзүүгө карата атайын жумушчу топ түзүлүп, жаӊы стандартты, жаӊы окуу программаны түзүү иши алдыга коюлду.

Урматтуу окурман! Туура, предметтердин мазмунун айкалыштырып окутууга, албетте, биз азыр даяр эмеспиз. Бирок замандын агымы – технологиянын өнүгүүсү, илимий ачылыштар, билим берүүнүн жаӊы нукка бурулушу, жаӊыча көз-караштардын пайда болушу, экономикалык мамиле ж.б. коомчулуктун мектепке коюп жаткан талабынын да өзгөрүшүнө алып келүүдө. А коомдун талабы кандай? Ал (билим берүүнүн технологиялык тарамын конкреттүү карай турган болсок): окуучунун же бүтүрүүчүнүн маалымат менен иштей алган, заманбап технологиянын мүмкүнчүлүктөрүн сабаттуу колдоно ала турган; бала өзүнүн турмушунда кездешкен зарылчылыктарда техниканы билгичтик менен пайдалана алган; баланын ишмердүүлүк чөйрөсүндө технологиянын мүмкүнчүлүктөрүн чыгармачылык менен иштетүүгө даяр болгон; ар түрдүү маселелерди чечүүдө техниканын, коммуникациянын мүмкүнчүлүктөрүн тапкычтык менен колдонгон ж.у.с. баланын (бүтүрүүчүнүн) образы элестетилет.

Жыйынтыгында, жогоруда белгилеп кеткендей, даярдыгыбыздын болбогонун айтып отура бербестен, предметти жакшыртып окутуунун, сапатын көтөрүүнүн, эӊ негизгиси, мектептен алган билимин турмушта колдонууга даяр болгон баланы бүтүрүп чыгаруунун жолунда үндөш, пикирлеш болсок.

Информатиканы окутуу багытында суроолор, сунуш-пикирлер болсо төмөнкү дарекке кайрылсаӊыздар болот: Бишкек ш., Эркиндик бульвары, 25, Кыргыз билим берүү академиясы, 1-кабат, 20-каб.. Тел.: 66-52-25. ika379@mail.ru электрондук почтасы.

Ибирайым кызы Айжан, педагогика илимдеринин кандидаты,  Кыргыз билим берүү академиясынын Технология жана искусство лабораториясынын башчысы

7 Комментарии

  1. Райондук Билим Беруу болумдоруно кирип информатика сабагы боюнча календардык план сурасан жок, келет эле, бизде андай жок, болгон эмес ж.б.у.с. жоопторду угасын. Жок дегенде багыттоочу календардык план тузулсо жакшы болмок. Себеби орус тилиндеги информатика китеби жок. Ал эми ар кайсы мектептеги мугалимдер ар кандай тузуп иштеп жатышат. Бул жаш мугалимдерге кыйынчылыкты жаратпай койбойт.

  2. Информатика курсу боюнча план жана базалык курсту жаңылоо керек. Түрдүү мектептерде ар кандай окутушат. Информатика өтө тез өнүккөн үчүнаны жанылоо керек

  3. Саламатсызбы.2017-2018-окуу жылында информатика предметин башталгыч класстарда окутулушу сунушталган эле.Бирок “Кут билим” гезитинде ал тууралуу маалымат чыкпады. Ошол тууралуу кичине маалымат Берии отсонуздор. жообунуз учун алдындан рахмат.

  4. информатика бул азыркы замандын талабына ылайык сабак. окуучулар да жакшы кабыл алышат. информатика сабагын кобойтуп негизги сабактын катарына кошуп отсок жакшы болот эле.

  5. Информатика мугалимдерине эле кыйын болуптур. Эми 2-класстан 10-класска чейин календарный план түзүп, сабактын планын жазып, бирок сабагыбыз көбөйбөптүр. Мурункудан айырмасы деле жок экен. 7-класстан 11-класска чейин эле 2 сааттан кылып койсо жакшы болмок.

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*