КӨП ТИЛДЕ БИЛИМ БЕРҮҮ – КЕЛЕЧЕКТҮҮ ЖОЛ

Жалал-Абад облусунда көп тилде билим берүү программасын 12 пилоттук мектепте жайылтууну “Синтон”  коомдук фонду аткарууда, бул келечектүү ишке ЮНИСЕФ колдоо көрсөтүүдө.

Долбоор Билим берүү жана илим министрлигинин, Бириккен Улуттар Уюмунунун балдар фондусунун (ЮНИСЕФ) “Көп түрдүүлүктөгү биримдик” демилгесинин алкагында аткарылып жатат. Долбоор БУУнун тынчтыкты куруу фондусунун (PBSO) каржылоосу менен ишке ашууда.

Бул долбоор Кыргызстанда көп тилдүүлүктү илгерилетүүгө, анын ичинде жагымдуу чөйрө түзүүгө, тактап айтканда, кеңири интеграцияга, өзгөчө – азчылыктардын коомго эффективдүү интеграциялануусуна көмөктөшүүгө, алардын укуктарын коргоону жакшыртууга багытталган. Көп тилдүү билим берүү жана мультимаданияттык демилгелер стереотиптерден жана басмырлоонун бардык формаларынан арылуу максатында бардык курактагы топторго жана эркектер менен аялдарга тең (жаштар менен аялдарга өзгөчө көңүл буруу менен) тийиштүү.  Долбоор билим берүүнүн бардык деңгээлдериндеги бириктирүүчү курал катары мамлекеттик тилди колдоого алмакчы.

Көп тилдүү билим берүүнүн  программалары окуучуларга бир канча тилде билим алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Андан тышкары билим алуунун сапаты жогору болуу менен бирге азыркы заманда бүтүрүүчүгө келечектүү чоң жол ачууда.

Долбоордун алкагында күтүлүүчү натыйжалар катары төмөнкүлөрдү  белгилесек болот:

 – этникалык аралык мамиледе чыр-чатактардын алдын алуу, аларды болтурбоо;

– мамлекеттик тилди жана башка тилдерди сактоо жана өнүктүрүү;

– көп маданияттуу инсанды тарбиялоо.

 Ал эми көп тилдүү билим берүүнүн  программаларын пайдаланган мектептердин окуучулары төмөнкү артыкчылыктарга ээ болот:

 – баарлашуунун бир топ кеңири мүмкүнчүлүгү (үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү менен, жергиликтүү жамааттарда, эл аралык келишимдерди түзүү, ишке орношуу жеңилдиги);

– эки-үч тилдеги сабаттуулук;

– маданияттар аралык баарлашуудагы бир топ күчтүү көндүмдөр;

– толеранттуулук жана көп түрдүүлүктөгү баалуулуктарды түшүнүү;

– ой жүгүртүүнүн артыкчылыгы, баарлашуунун сезимталдыгы.

 Ноокен районундагы  №2 С.Ногоева атындагы орто мектебиндеги окуу процесси көп тилде билим берүүнүн үлгүсү боло алат.  Бул мектепте окутуу үч (кыргыз, өзбек, орус) тилдеринде жүргүзүлөт. Көп тилдүү билим берүүнүн программанын негизинде окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстарда максаттуу тил катары орус тили, окутуу орус тилиндеги класстарда  – кыргыз тили жана окутуу өзбек тилиндеги класстарда  – кыргыз тили тандалды.

Азыркы учурда мектепте тандалган класстар жана предметтер боюнча мугалимдер иш алып барышууда. Ата-энелер жана коомчулукка да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, маалымат берүү максатында ар кандай чогулуштар өткөрүлүүдө.

Ата-энелер жана коомчулук көп тилдүү билим берүү программасын түшүнүп, колдоого алышууда. Аталган программанын негизинде  бул мектеп жакшы натыйжаларга жетишет деген ойдобуз.

 Гүлмира Борбиева,

Ноокен  райондук  билим   берүү бөлүмүнүн   көп тилде билим берүү боюнча  адиси

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*