ТИЛЧИЛЕРГЕ ЗОР КӨМӨК

Жакында Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук тест жүргүзүү борбору «КЫРГЫЗТЕСТ системасынын деңгээлдештирилген тесттери: Тест тапшырмаларынын формалары жана аларды түзүү ыкмалары» темасында тест түзүүчүлөргө, кыргыз тили мугалимдерине, окутуучуларына усулдук жана тажрыйбалык жардам көрсөтүүгө багытталган эки күндүк окутуу семинарын өткөрдү.

Семинарга жогорку окуу жайлардын окутуучулары, жалпы билим берүү мекемелеринин мугалимдери, Бишкек шаардык мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери, Бишкек шаардык мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жетектөөчү адистери катышты.

КЫРГЫЗТЕСТ түзүмүнүн жетекчиси Б.Б.Топоева-Ставинская өлкөбүздүн Президенти Алмаз Атамбаевдин кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымын белгилеп, жарандардын кыргыз тилин билүү деңгээлин баалоочу бул түзүмдүн кыргыз тилин өнүктүрүүдөгү орду, мааниси, максаттары, пландары жөнүндө айтып берди. Анан катышуучуларга «Лингводидактикалык тест деген эмне?», «Бул тест тапшырмалары кантип түзүлөт?», «Эмнени жана кантип текшерет?» деген түшүнүктөрдү чечмеледи. Ошондой эле катышуучуларды КЫРГЫЗТЕСТ тутумунун деңгээлдери, субтесттери, аларды түзүүгө коюлган талаптар менен тааныштырды.

Кыргызтестке алкыштар

Арабаев атындагы Кыргыз мамлекттик университенин доценти Бурул ЧОКОШЕВА:

– Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук тест жүргүзүү борборунун өткөргөн семинарына катышуу мага абдан пайдалуу болду. Анткени буга чейин тест түзүү боюнча жалпы түшүнүгүбүз гана болсо, бул семинарда аны түзүүнүн жолдору, деңгээлдери, ирети жөнүндө кеңири маалымат алдык.

КЫРГЫЗТЕСТ жетекчиси тест түзүү ыкмалары боюнча бизге абдан баалуу маалымат берди. Биз теориялык жактан гана маалымат албастан, практикалык жактан да машыгып чогуу тест тапшырмаларын түзүп, аларды талкуулап, бышыктадык. Бул алган билимибизди өз ишибизде пайдаланабыз деген ишеничтебиз.

КЫРГЫЗТЕСТте абдан керектүү иштер жасалып жатыптыр. Чың ден соолук, ишиңиздерге зор ийгиликтерди каалайм.

Эки күндүк семинардын аягында Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук тест жүргүзүү борборуна, КЫРГЫЗТЕСТ жамаатына терең ыраазычылык билдиргендер көп болду. Алардын катарында “Бишкек жылуулук тармагы” ААКнын мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча адиси Тынара РАХИМОВА,  Бишкек шаардык мэриясынын турак-жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо тутуму башкармалыгынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жетектөөчү адиси Нургүл КУРМАНОВА, Бишкек шаардык сотунун юридикалык тармак боюнча тест түзүүчүсү Минора НАКЕШЕВА, №28 мектеп-гимназиясынын кыргыз тили мугалими Айгүл ОМОРОВА, Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча адиси Гүлсүн МУСАЕВА, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Эльвира НИЯЗБЕКОВА жана башкалар бар.

КЫРГЫЗТЕСТ ДЕГЕН ЭМНЕ?

КЫРГЫЗТЕСТ – Кыргыз Республикасында кыргызстандык жана чет элдик жарандардын мамлекеттик (кыргыз) тилди билүү деңгээлин баалоо системасы. Ал Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук тест жүргүзүү борборунда түзүлгөн. Жарандардын мамлекеттик тилди билүү  деңгээлин баалоо системасын – КЫРГЫЗТЕСТти түзүү, жайылтуу жана өнүктүрүү Концепциясы 2013-жылы 26-мартта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №150  Токтому менен бекитилген. Концепцияда Кыргызтесттин максаты, милдеттери, түпкү негиздери, түзүмү, мазмуну, системаны өнүктүрүү жана киргизүү этаптары аныкталган.

2013-жылы 1-июлда  Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» № 155 Жарлыгы менен мамлекеттик тилди билүү деңгээлин КЫРГЫЗТЕСТ системасын иштеп чыгууга жана киргизүүгө багытталган иш-чаралардын комплексин ишке ашыруу максатында ыкчам нукта КЫРГЫЗТЕСТ түзүмүнүн төмөндөгүдөй документтер комплекси иштелип чыгып, колдонууга киргизилди:

• Кыргыз тилин билүү деңгээлдерине коюлуучу талаптар (А1, А2);

• Лексикалык минимум (А1, А2, В1);

• Грамматикалык минимум (А1, А2, В1);

• 5 субтестти (лексика-грамматика, окуп түшүнүү, угуп түшүнүү, сүйлөө жана жазуу) камтыган тест тапшырмаларынын варианттары (А1, А2, В1, В2, С1)

• КЫРГЫЗТЕСТ сайты kyrgyztest.gov.kg жана компьютердик тесттин программасы.

Купуялыкты сактоо максатында тест сынагынан өтүүчүнүн аты-жөнүн жана башка маалыматтарын көмүскөдө сактап, жазуу тапшырмаларына жана жыйынтыктоочу тизмелерине тесттен өтүүчү жарандын коддук  белгилерин гана берүү жолу иштелип чыкты.

КЫРГЫЗТЕСТ өз ишин (2014-жылдын 3-декабрында) Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын 13 жетекчисин тесттен өткөрүү менен  баштады.

2015-жылдын 1-кварталында Билим берүү жана илим министрлигинин 1-кабатында 20 адамга ылайыкташылган компьютердик тест өткөрүү үчүн атайын техника менен жабдылган бөлүм ачылып, 2015-жылдын 5-мартында Бишкек шаардык мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн 20 кызматкери  КЫРГЫЗТЕСТ сынагынан өттү.

Учурда тест түзүүчүлөрдүн тобу системанын бөлүмдөрү боюнча жаңы тест тапшырмаларын түзүп жатат. Мында TOEFL сыяктуу тесттердин методикасы, башка тилдер боюнча тест түзүү тажрыйбасы эске алынат.

 Артур Бакиров, УТЖБ директору

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*