ЫСЫК-КӨЛДҮН БАЛДАРЫ ТОК ЖҮРӨТ

Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун тогуз мектеби 2013-жылдан бери БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу башталгыч класстардын окуучуларына үзбөй ысык тамак берип келет. Райондун мектептери 2014-жылы программага кирип, зарыл техникалык каражаттар менен жабдылган соң, мурда иштебей калган ашканаларын иштете баштаган.

Булардын бири Ж. Ашубаев атындагы Маман  орто  мектеби  БУУнун Азык-Түлүк программасына киргенден тартып 123 окуучуга бир маал ысык тамак берип келет. Программанын алкагында мектепке 265343 сомго кубаттуулугу күчтүү электр плиталар, нан  бышыруучу меш алынган. Балдардын сапаттуу тамак менен камсыз болушун колдогон райондун жергиликтүү бийлиги жана ата-энелер дагы мектепке ар тараптуу жардам беришүүдө. Мектепке ата-энелер 6000 сомго  кошумча идиш-аяк,  тарелка, кашык алып берсе, Сабиров Максат, Бугубаева Кенжегүл сыяктуу демөөрчүлөр ашканага керектүү  бычак, тактай сыяктуу зарыл буюмдарды алып беришкен.

Мамлекет тарабынан балдардын ысык тамагына бөлүнгөн каражат жетишпегендиктен, ата-энелер ар бир балага күнүнөүч сомдон  жана картошка, сабиз, кызылча сыяктуу азык-түлүктөрдү кошумча берип турушат.  Мектептин директору А.Калчаеванын айтымында, долбоордун жана ата-энелердин жардамы менен окуучуларга ысык тамактын тогуз түрү,  ботконун беш түрү менен дайыма таттуу токочтор, салаттын түрлөрү берилет.  Октябрь айыл өкмөтү болсо Жаңы жылдын алдында газ плитасын белекке берген.

А.Сыдыкбеков атындагы орто мектеби дагы Бүткүл Дүйнөлүк Азык‑түлүк программасынын алкагында айыл өкмөтүнүн жардамы менен алгач ашканага ысык жана муздак суу киргизишкен.

– Программага  киргенге чейин ашканада кичинекей муздаткыч жана плитка  гана бар болчу. Долбоор аркылуу техникалык каражат менен толук жабдып алдык. Улам барган сайын ишибиз алдыга жылып, тамак‑аштын сапаты, ар түрдүүлүгү жана ашкананын шарты жакшырып келет. өткөн окуу жылында жуманын үч күнүндө гана ысык тамак берилсе, азыр жуманын беш күнүндө тең ысык тамак берилет. Сабизден, кызылчадан, капустадан салат жана чай ордуна дайыма компот же нак шире беребиз. Балдардын тамагын жакшыртууда ата‑энелер четте калбай көмөк көрсөтүшөт. Тазалыкты сактоо үчүн дайыма кол жуучу жайда суюк самын, кол аарчы турат, – дейт мектеп жетекчиси Жүрсүн Койлубаева.

Райондогу Ы.Туманов, А.Ракымов, Аман Айтпаев, Ж.Асаналиев, Т.Асанбаев, Б.Мамытов атындагы орто мектептер дагы Дүйнөлүк Азык-түлүк программасынын алкагында балдарга ысык тамак беришет. Башкалардай эле бул мектептер дагы программа тарабынан зарыл техникалар, байытылган ун   менен камсыздалган. Ата-энелер жана айыл өкмөттөрү дагы колдоого алып, ар тараптуу жардам берип келишет. Айрым мектептер мурда иштебей калган ашканаларын иштетип баштаса, ашканасы жок мектептер демөөрчүлөр тарабынан ашкана куруп, долбоорго кирип алган.

– Албетте, эң ириде балдарга ысык тамак берүүдө кам көрүп жаткан жана качантан бери иштебей калган мектептердин ашканаларын иштетип берген БУУнун Бүткүл дүйнөлүк Азык-түлүк программасына терең ыраазычылык  билдиребиз. Андан кийин бизди колдогон ата-энелер жана айыл өкмөттөрү болууда. Кандай болгон күндө да ишти алып кетүүүчүн ар бир мектептин жетекчиси колунан келишинче аракет кылып жатат, – дейт Жыргалаң айылынын Т.Асанбаев атындагы орто мектебинин директору К.Урманбетова.

Эки жылдан бери үзбөй окуучуларына ысык тамак берип келе жаткан тогуз мектептин катарына эмдиги окуу жылынан баштап дагы үч мектепти кошуу үчүн даярдыктар көрүлүүдө. Ал үчүн мектеп жетекчилери мектептердин ашканаларын ремонттотуп, талапка тууралап, ысык, муздак сууларын киргизишүүдө.

– Бул багытта ата-энелер да, жергиликтүү бийлик дагы жакшы жардам берип жатат. Майда-чүйдө маселелерди өзүбүз эле чечип алып жатабыз. Бирок ашкана кызматкерлеринин эмгек акысын өз алдыбызча чече албайт экенбиз. Ошондуктан ашкана кызматкерлеринин эмгек акысын мамлекет чечип берсе жакшы болмок, – дейт Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Малик Темиралиев.

Маалымат үчүн

БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын  “Мектеп окуучуларынын тамак ашын  жакшыртуу” долбоору республикада 2013-жылдан бери иштеп келет. Долбоор башталгандан бери 203 мектепте ысык тамак берилип, мектеп ашканасы жаңы жабдуулар менен жаңыртылды. 2015-жылдын сентябрь айында дагы 58 мектеп пилоттук мектеп катары долбоорго кирүү алдында турат. Ошондо жалпы 50 000 башталгыч класстын окуучусу жаңы модель аркылуу жакшыртылган ысык тамак менен камсыз болот.

 Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*