МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ МЕНЕДЖМЕНТИНДЕГИ ПРОБЛЕМАЛАР

Окуу процессин пландаштыруу менеджментинин маселелери

Кыргызстандагы жалпы орто билим  берүү иши дүйнөдөгү мектептик  билим берүү үлгүлөрүнүн алгоритминен  адашып, билим берүү боюнча дүйнөлүк лидер өлкөлөрдүн мектеп окуучуларына караганда учкайыраак мөөнөттө билим алып келгени кейиштүү нерсе. Мунун натыйжасында,  Кыргызстан жалпы орто билим берүү 12 жылга негизделген дүйнө өлкөлөрүнүн мыкты аналогдору менен тогуз жылдык гана мектептик билим берүүгө ылайыкташкан  Түркмөнстандын  ортосундагыдай  абалда болуп келген. Айтмакчы, азыркы учурда Түркмөнстандын мектептери 12 жылдык билим берүүгө өтүп жатат.

Жалпы орто билим  берүүдө убакытты рационалдуу пландаштырып, аларды максималдуу  пайдалануу менен окуучуларга сапаттуу билим берүү мүмкүнчүлүгүн жакшы пайдалана албай жатканыбыз маселенин бир гана жагы. Экинчи жагы, кыргызстандык окуучулар башка өлкөлөрдөгү окуучуларга салыштырмалуу учкайыраак мөөнөттө окуса дагы, алардын сабактарынын саны жана ирээти, ошолордун негизинде түзүлө турган окуу жүктөмдөрүн окуу процессинде оптималдуу пландаштырылбай жана рационалдуу пайдаланылбай келгенинде. Тилекке каршы, бул маселенин тегерегинде дагы жалпы орто билим берүүгө кедергисин тийгизип келе жаткан бир топ көйгөйлөр бар.

Кыргызстандын жалпы орто билим берүү процессин пландаштыруу ишиндеги парадоксалдуу көрүнүш – өлкөнүн  жалпы орто билим берүү чөйрөсүндө окуу мөөнөтү салыштырмалуу учкай экендигине карабастан, мектептердин Базалык окуу пландарындагы (БОП) сабактардын оптималдуу ирээти бузулуп, саны арбып, аларды өздөштүрүүгө чегерилген окуучулардын окуу жүктөмдөрү ыгы жок көбөйүп кеткендиги.  Мисалы, совет мезгилинде 1-класстан 10-класска чейин Кыргызстандын мектеп окуучулары 17 сабак боюнча билим алышса, постсоветтик Кыргызстанда мектептеги сабактардын саны 24 даанага жеткен. Салыштыруу катары айтсак, азыркы учурдагы Россиянын мектептериндеги сабактардын саны 18, Украина менен Эстонияда – 17, ал эми  Евробиримдикке кирген мамлекеттердин мектептеринде 12-15 гана сабак окутулат. Албетте маселени тереӊирээк карап көрсөк, бул иш боюнча айрым өзгөчөлүктөр бар экени талашсыз. Мисалы, Кыргызстандын мектептик БОПторунда өзүнчө сабак катары каралып, жалпы сабактардын санын арбытып жүргөн айрым сабактар дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүндө өз алдынча сабак катары эсептелинбейт. Бирок негизинен, Кыргызстандын мектептерин көп предметтүүлүк проблемалары каптап кеткени талашсыз нерсе.

Өз кезегинде, өлкөнүн мектептериндеги көп предметтүүлүк проблемалары  окуучулардын окуу жүктөмдөрүнүн арбып кетишине алып келген. Мисалы, эл аралык стандарттар боюнча мектеп окуучуларынын окуу жүктөмдөрү орточо эсеп менен бир жылда 700-800 саатты түзүш керек болсо, кыргызстандык окуучулардыкы 1 миӊ 200 саатка жеткен.  Мунун ичинен, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги маалымдагандай, кыргызстандык 10 жаштагы мектеп окуучусунун бир жылдык окуу жүктөмү  1088 саат болсо, ушундай жаштагы россиялык окуучунуку – 893 саат, япониялык окуучунуку – 750 саат жана финляндиялык окуучунуку – 684 саат  көлөмүндө гана болот.  Же болбосо, Кыргызстандын 14 жаштагы мектеп окуучусунун бир жылдык окуу жүктөмү 1200 саат болсо, анын россиялык жашташ окуучусунун окуу жүктөмү 920 саатты түзөт.

Өкүнүчтүүсү, Кыргызстандагы жалпы орто билим берүүнүн окуу пландарындагы сабактардын саны менен окуучулардын окуу жүктөмдөрүнүн көбөйүп кетиши, мектептик билим берүүнүн сапатын жакшыртууга эмес, анын начарлап кетишине  алып келген. Себеби: а) мектептик окуу пландары кошумча киргизилген жаӊы сабактардын көбү мектептик билим берүүнүн дүйнөлүк тажрыйбасында калыптанып калган негизги жети сабак бири-бирин кайталап, зарылчылыгы анча болбогондуктан, алардын сапатына көп маани берилбей келген; б) алар боюнча окуу китептери менен окуу-усулдук колдонмолор али даяр эмес болчу;  в) бул сабактар боюнча тиешелүү сандагы жана сапаттагы адис мугалимдер жокко тете эле; г) башкаларга салыштырмалуу учкай мөөнөттө билим алып жаткан кыргызстандык окуучуларга башка өлкөлөрдүн окуучуларына караганда көп сабактар менен бирге арбын окуу жүктөмдөрүн таӊуулап, биздин окуучулардын негизги сабактарды өздөштүрүү жөндөмдүүлүгүн төмөндөтүп, айрым учурда алардын ден соолугунун начарлашына дагы өбөлгө түзгөн.

Ырас, мындай саясаттын туура эместигин мойнуна алган  Билим берүү жана илим министрлиги өлкөнүн жалпы орто билим берүүсүнүн окуу пландарындагы  окуучулардын негизсиз арбып кеткен сабактарынын санын азайтып, ирээттегенге өткөн. Мисалы, ыгы жок  көбөйтүлгөн окуу жүктөмдөрүн азайтуунун эки этаптан турган программасын даярдап, ишке ашырууну баштаган. Биринчи этабында жалпысынан 714 саат кыскартылып, мунун негизинде 200 миллион сомдон ашык мамлекеттик каражат үнөмдөлгөн. Экинчи этабында 476 саатты кыскартуу каралган болчу. Бирок бул иш ар кандай себептер менен убактылуу токтотулуп турат. Эӊ кызыгы, мунун негизги себеби катары сабактардын саны менен  окуучулардын окуу жүктөмдөрүнүн азайтылышы, мектеп мугалимдеринин маянасынын азайып кетишине алып келээри айтылууда.  Ушундан улам Кыргызстандын мектептериндеги  билим берүү убактысы салыштырмалуу чектелүү болгонуна карабастан, алардагы сабактардын саны менен окуу жүктөмдөрүнүн өсүшүн түшүндүрө турган жагдай катары билим сапатын жогорулатуу аракети эмес, маяналарды көбөйтүү түйшүгү болгонун баамдоого болот. Албетте, мугалимдердин маянасын көбөйтүү керек. Бирок аны экстенсивдик жол менен, атап айтканда, сабактардын саны менен аларды өздөштүрүү үчүн чегерилген окуу жүктөмдөрүн көбөйтүп, билим берүүнүн сапатына кедерги боло турган жол менен чечпеш керек эле. Тескерисинче, интенсивдик жолго өтүү менен мугалимдер азыраак иштеп,  сапаттуу билим бергени үчүн маянаны көбөйтүүгө өтүү туура болмок. Мындан мамлекет, коомчулук, мугалим менен окуучу, баардыгы утмак.

Экинчиден, ыгы жок көбөйүп кеткен сабактардын санын азайтып, аларды ирээтке келтирип, арбып кеткен окуу жүктөмдөрүн ылайыгы менен кыскартуу маселелери дагы курчуп, айрым принципиалдуу жагдайлардын  өӊүтү менен  чечилиши абзел. Анткени аларды одоно түрдө математика, тарых, орус тили сыяктуу сабактардын сааттарын чорт кесип, кыскарта  салуу жолу менен чечүү осолураак болот. Бул нерсе айрым түшүнбөстүктөрдү, пикир келишпестиктерди, нааразычылыктарды, чыр-чатактарды жаратышы мүмкүн.

Ошондуктан бул маселени жалпы орто билим берүүнүн Базалык  окуу планынын (БОП) жаӊы үлгүсүн өз учурунда киргизүү менен чечүү туура болмок. Тилекке каршы “куррикулум” деген аталыш менен сунушталып келген БОПту иштеп чыгып, кабыл алуунун тегерегиндеги айрым пикир келишпестиктер менен бут тосуулар буга жолтоо болуп, ишти кечеӊдетип келген. Чындыгында бул нерсеге  аны түзүүчүлөрдүн алабармандыгы, айрым эл аралык уюмдар менен мамлекеттик эмес уюмдардын ыгы жок кийлигишүүсү, БОПтун негизги аткаруучулары болгон мектептин өкүлдөрүнүн бул иштен четте калышы жана министрликтин айрым кызматкерлеринин бошоӊдугу сыяктуу нерселер себеп болуп келген. Мындай кырдаал азыркыга чейин уланып, куррикулум эмес, “Жаӊы муундагы БОП”  деген аталыштагы жалпы орто билим берүүнүн окуу планы дагы кызуу талаш-тартыштардын предметине айланып, анын кабыл алынышы кечеӊдөөдө. Ушундан улам акыркы кездерде бул талаш-тартышка Жогорку Кеӊеш менен мектептин мугалимдери дагы аралаша баштады. Албетте, мектептик билим берүүнүн багытын аныктап, мектептеги сабактардын саны менен түрүн ирээттеп, окуучулардын окуу жүктөмдөрүн рационалдаштыруу үчүн кабыл алына турган жаӊы БОПту ар тараптан, өзгөчө мектептин өкүлдөрүнүн катышуусу менен талкуулап туруп, кабыл алуу туура  болмок. Бирок ар кандай себептер менен  проблеманы чоюп, анын чечилишин кечиктире берүү мектептик билим берүүнү рационалдуу пландаштыруу маселесин чечүүнү кечиктирип, убакыт өткөн сайын иштин оорлошуна өбөлгө болууда. Бул иштин ыкчамыраак жана оптималдуу чечилиши, БОПтун өз учурунда ишке киришине жолтоо болгон айрым пикир келишпестиктер менен түшүнбөөчүлүктөрдү жараткан кээ бир кызыкчылыктарга караганда принципиалдуу маселелерге көбүрөөк басым жасалып, проблема өз учурунда чечилмек өӊдөнөт. Бул өӊүттө төмөнкү принципиалдуу жагдайларга токтоло кетсек.

Биринчи принципиалдуу маселе – Кыргыз Республикасынын билим берүү системасы бирдиктүү бир система катары европалык жана дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграцияланып бара жаткандыгында. Бул процесстин маанилүү жана жооптуу кадамы катары өлкөнүн жогорку билим берүү сегментинин 2012-жылдан баштап толугу менен жана биротоло көп баскычтуу жогорку кесиптик билим берүүгө өткөнүн айтсак болот. Буга жараша бакалаврлык багыттар менен магистрлик программалар боюнча жаӊы муундагы Мамлекеттик билим берүү стандарттары жана аларга негизделген окуу пландары кабыл алынып, алар боюнча адистер даярдалып жатат. Бул стандарттар менен окуу пландарынын принципиалдуу өзгөчөлүктөрү катары алардын интеграцияланган  стандарттар менен окуу пландары экендигин айтууга болот. Тагыраак айтканда, алар Табигый-илимий билим берүү (ТИББ), Физика-математикалык билим берүү (ФМББ) сыяктуу багыттардагы интеграцияланган сабактардын блокторунан турат.  Демек мындай стандарттардын негизинде кесиптик жогорку билим алган педагог-студенттерге адистик квалификация мурдакыдай  “химия”, “биология”, “география” же “математика”, “физика”, “информатика” мугалими деп берилбестен, ТИББ же ФМББ багыттары боюнча бакалавр деп  берилет. Логика боюнча мындай адистикти алган педагог – бүтүрүүчүнү окуу процесси интеграцияланган сабактардан турган БОПтун негизинде билим берип жаткан мектеп кабыл алышы керек эле. Башкача айтканда, Кыргызстандын билим берүү системасы гармониялуу жана синхрондуу иштеген билим берүү сегменттеринен турган бирдиктүү система катары билим берип, анын сегменттери бири-бирине төп келип, бири-бирин улап турушу керек болчу. Мисалы, жогорку окуу жайын бүткөн педагог – бакалавр же педагог-магистр мектепке келгенде анын адистик квалификациясы менен интеграцияланган сабактардан турган мектептин окуу процесси бири-бирине шайкеш келип турушу керек. Ал эми интеграцияланган сабактардан турган мектептик билимди алып келип,  жогорку окуу жайына кирген  студентке университеттеги бакалаврдык  багыттардын  интеграцияланган  окуу процесси дароо эле түшүнүктүү жана ыӊгайлуу болушу жакшы болмок. Тилекке каршы, принципиалдуу маанидеги  бул маселеге буга чейин жетишээрлик көӊүл бурулбай, бул көрүнүш республиканын билим берүү системасынын, андагы билим берүү сегменттеринин локалдуулугуна, фрагментардуулугуна жана башаламандуулугуна себеп болуп келген.

Жаӊы БОПту ар тараптуу талкуулап, бышыктап тезирээк ишке киргизүүнүн зарылчылыгынын принципиалдуу экинчи жагдайы – Кыргызстандын жалпы орто билим берүүсүндөгү сабактарды ирээттеп, окуучулардын окуу жүктөмдөрүн рационалдаштыруу маселесине байланыштуу. Жогоруда белгилегендей, акыркы жылдарда ыгы жок жерден мектептердин окуу пландарына кошумча киргизилген сабактардын санын кыскартуу маселесин жана окуучулардын көбөйүп кеткен окуу жүктөмдөрүн азайтуу ишин тигил же бул сабактын эсебинен чечип салуу саясаты өзүн актай албай турат. Мындай шартта бул эки маселени теӊ интеграцияланган сабактардан туруп, баардык тараптардын кызыкчылыктарын эске алып, мыкты негизделген БОПту киргизүү менен чечүү ылайыктуу жана пайдалуу болмок.

Жаӊы БОПту ишке киргизүүнүн үчүнчү принципиалдуу жүйөөсү – мектептердеги мугалимдердин  жетишсиздик маселесин, өзгөчө карлик мектептердин, майдаланып жана көбөйүп кеткен сабактардын айынан курчуп кеткен предметтик-мугалимдердин жетишсиздик маселесин чечүү зарылчылыгына байланышкан. Мисалы, тигил же бул мектептерде географ жана химик мугалими болгону менен биолог мугалими жок болуп, биология сабагы өтүлбөй калат. Же болбосо ошол эле химик же географ законсуз жол менен биология сабагын өтө берет. Де-факто бул логикага туура келгени менен де-юре мыйзамсыз көрүнүш болуп калат. Логикага жатпаган мындай көрүнүштү мыйзамдаштыруу жолу менен мектеп мугалимдеринин жетишсиздигин жоюу максатында 1998-жылдан баштап, педагогдорду даярдаган жогорку окуу жайларда “химия” кошумча адистиги менен “биология” мугалими  же тескерисинче “биология”кошумча адистиги менен  “химия ” мугалими, “физика” кошумча адистиги менен “ информатика” мугалими же тескерисинче, “информатика”   кошумча адистиги менен “физика” мугалими  кесиби боюнча адистерди даярдоо сыяктуу жолдор пайдаланылып келген. Кийинчерээк буга тыюу салынган болчу. Бул нагыз парадокс болгон. Себеби, акыркы жылдарда бир жагынан карлик мектептер көбөйсө, экинчи жагынан сабактар майдаланып, алардын саны  арбып бара жатканда бул нерсе   мугалимдердин жетишсиздигин ого бетер күчөтүп, кандайдыр бир деӊгээлде жасалма түрдө пайда болгон түйшүктөрдү көбөйтүп жиберген. Мисалы, карлик мектептерде химия, биология, география же болбосо математика, физика, информатика сыяктуу сабактар боюнча ар бирин өз алдынча адистиктеги  мугалимдер менен камсыз кылуу өтө оор, мүмкүн эмес жана жакын арада ишке ашпай турган нерсе экени талашсыз. Бул нерсе экономикалык жактан дагы реалдуу эмес. Айтор, мындай абалдан чыгуунун оптималдуу жолу катары интеграцияланган сабактардан турган жаӊы БОПту кабыл алып, анын артыкчылыктары менен мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу аркылуу мектептердин окуу процессин рационалдуу жана эффективдүү пландаштырууга өткөрүүнү айтса болот.

(Уландысы бар)

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*