ЭМГЕК АКЫ КӨБӨЙӨТ, БИРОК СААТТАР КЫСКАРБАЙТ

Билим берүү жана илим министри Эльвир Сариева Өкмөт мугалимдердин эмгек акысын элүү пайызга көтөрүү жөнүндө чечим кабыл алгандыгын, аны менен катар базистик окуу планындагы сааттар кыскарбай турганын жарыя  кылды.

Министрдин билдирүүсү мугалимдер журту үчүн аябай маанилүү жаңылык болду. Эмгек акынын көлөмү 1-сентябрдан элүү пайызга көтөрүлөт деп көптөн бери айтылып келаткан кабарга мугалимдер кубанып жатышкан менен экинчи жагынан окуу планындагы сааттардын кыскарышы жөнүндөгү маалыматтар агартуу журтунун ындынын өчүрүп жаткан эле.

Министр Э.Сариева мугалимдердин түпөйүл ой-санаасын четке сүрүп, аларды эч кандай кабатыр болбоого чакырды. Министрдин айтымында, жаңы муундагы базистик окуу планы менен эмгек акынын жогорулашынын эч кандай байланышы жок, окуу сааттарынын көлөмү азыр кыскарбайт.

“Бул маселеде кылдаттык керек. Жакында эле Кыргыз билим берүү академиясы сааттарды кыскартуу боюнча Базистик окуу планын сунуштаган. Бирок ал долбоорду кайра иштеп чыгууга жибергенбиз. Андыктан мугалимдер кабатырланбай эле койсо болот”, — деп билдирди Э.Сариева.

Министрдин айтымында, былтыр Өкмөт жаңы билим берүү стандартын кабыл алгандыктан, Базистик окуу планы акыры жаңыланууга тийиш. Бирок бул ишти кароо 2015-жылдын аягына пландаштырылууда.

Жаңы муундагы Базистик окуу планынын долбоорунда предметтик сааттары кыскартылып калгандыгына тынчсызданып жаткан мугалимдердин кайрылуулары “Кутбилим” газетасына дагы байма-бай келүүдө. Талас шаарындагы С.Абдуллаев атындагы №6, №5, №9, №8, №1 орто мектептеринин кыргыз тили мугалимдери билим берүү жана илим министри Э.Сариевага жиберген кайрылуу катында акчаны аяп, улуттун, балдардын келечегине балта чаап алуудан этият болууга чакырышкан.

“Кыргыз адабияты, кыргыз тили сабактары 8-10-11-класстарда жумасына бир сааттан окутулушу өтө аз. Улутубуздун сыймыгы болгон “Манас” эпосун  жана дүйнѳгѳ кыргызды тааныткан Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын кыскартып окутуу туура эмес. Бир саат дегенди  “жок” саат деп эсептесек болот. Адабиятты билбеген бала, маданиятты, үрп-адатты, нарк-насилди билбейт. “Кеңешип кескен, бармак оорубайт” дегендей, жалпы кыргыз журтчулугундагы мугалимдер армиясынын да сунуштарын угуу керек”, — деп жазылат катта.

Ушундай эле маанайда жазылган кат Жети-Өгүз районунун Барскоон айылындагы Кендирбаев атындагы орто мектебинин кыргыз тили мугалими Маткеримова Айнурадан келген.

«Манас» эпосун бир сааттын ичинде кантип жеткирип, кандай жыйынтык алууга болот? 5-11-класстар үчүн кыргыз адабиятынын программасындагы бардык жанрдагы чыгармалардан улуттук колорит чагылдырылган өткөн тарыхты, адебин, ыйманын, эне тилин урматтаган, улуттук ар намысты туу туткан, эстетикалык жан дүйнөсү бай атуулдарды даярдоого кандай көмөк көрсөтүп, кыскарта алабыз, — дейт катында А.Маткеримова.

Бишкек шаарындагы №69 ОТКнын директору, шаардык кеңештин депутаты Сайрагүл Атаева болсо сааттарды кыскартууда абдан кылдаттык керектигин жана  бул иште сөзсүз практик мугалимдерди дагы аралаштыруу зарылдыгын белгилейт. Ал эми Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Вера Апышева  сааттарды кыскартып коюп, мугалимден сапатты талап кылууга мүмкүн эмес экендигин айтып тынчсызданууда.

“Эгерде сааттар кыскара турган болсо эмгек акыны көбөйтүүнүн кажети жок. Ансыз деле күн сайын эмес, саат сайын  базар баасы жогорулап жатат. Эгерде сааттар кыскарбаса,  билим сапаты менен күрөшсөк болот. Билим бербей туруп, билим сапатын кантип талап кылабыз”, — дейт В.Апышева.

Министрдин эмгек акыны көбөйтүлүшү сааттарды кыскартуу эсебинен болбой турганы жөнүндө билдирүүсү мугалимдердин ачуусун баса турган жакшы жооп болуп калды. Антпесе мугалимдер өкмөт акча таппай, сааттарды кыскартып, ошонун эсебинен үнөмдөлгөн каражат менен эмгек акыны көтөргөнү жатыптыр деп жаман ойлоп жатышкан. А чынында, президент А.Атамбаевдин тапшырмасы боюнча Өкмөт мугалимдердин эмгек акысын көбөйтүү үчүн  миллиарддаган каражатты жыл башынан бери эле издештирип жаткан болчу. Өкмөттүн соңку жыйынында акыры буга керектүү каражат табылганы белгилүү болгон. Эмки маселе эмгек акыны эч кимди нааразы кылбай көтөрүү жөнүндө болуп жатат.

Апрель айында эмгек акыны жогорулатуу боюнча Өкмөттүн  токтом долбоору талкууга коюлган. Азыр ошол талкуудагы ой-пикирлерди эске алуу менен Өкмөт эмгек акы боюнча эсеп-чотун аяктоо алдында турат. Аталган долбоордо бардык педагогдордун эмгек акысын элүү пайызга көтөрүү менен катар буга чейин төлөнүп келген айыл жери үчүн, алыскы жана тоолуу район үчүн, педагогикалык стаж үчүн, илимий даражасы үчүн, ардактуу наамдар үчүн ж.б. кошумча төлөмдөрдү сактоо дагы сунушталган.

Мугалимдердин эмгек акысы менен кошо мектептеги китепканачылардын, бала бакчанын тарбиячыларынын, чарба кызматкерлеринин эмгек акысын дагы жогорулатуу каралган.

Билим берүү жана илим министрлигинин тийиштүү бөлүмдөрү мугалимдердин эмгек акысын элүү пайызга көтөрүүнүн кандай тартипте боло турганы жөнүндө атайын түшүндүрмө    даярдап жатышат. Мындай түшүндүрмөнү мугалимдер “Кутбилимдин” кезектеги санынан окуп калышат.

 

Чекиров Кубат, «Кутбилим»

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*