ЖАЙКЫ ЭС АЛУУ ЖАГЫМДУУ ӨТСҮН БАЛДАР

Ошентип балдар сагынып күткөн жайкы эс алуу каникул мезгили да башталды. Үч айды ким кайда, кандай өткөрөм деп план түзүшүп, алды эс алууга да жөнөп кетишсе керек. Мындай пландан мугалимдер да четте калбай, айрыкча, башталгыч класстын бөбөктөрү үчүн мектептерде эс алуу лагерлерин уюштурушуп, алардын жайкы күндөрү ары пайдалуу, ары кызыктуу өтүшүнүн камын көрүп жатышат.
Мектепте балдар эми эс алышат

Аламүдүн районундагы И.Айдарбеков атындагы №1 Лебединовка мектеп-гимназиясы 2-июндан тартып башталгыч класстын окуучуларына мектепте “Солнышко” жайкы эс алуу лагеринин эшигин ачты.

Мектеп-гимназиянын директору Гүлбүбү Ыскакова жайкы лагердин иш планы тууралуу буларды айтты:

– Бизде жыл сайын каникул башталаар замат биздин кичинекей бөбөктөр үчүн бир айлык “Солнышко” эс алуу лагери ишке кирет. Быйыл эки тайпа бала кабыл алууга даярбыз. Балдар эртең мененки саат сегизден баштап түшкү саат үчкө чейин мектептин алдында уюштурулган жайкы лагерде, мугалимдердин көз алдында болушат. Тарбиячылык милдетти аткарышкан мугалимдерге кезектешип келген ата-энелер жардам беришет,- дейт директор айым.

Алардан тышкары медициналык кызматкерлер күнү кечке окуучуларды көзөмөлгө алышат. Балдардын бир күндүк убактысы саат, мүнөтүнө чейин бөлүштүрүлгөн. План түзүүдө окуучулардын жеке эле ден соолуктарына эмес, акыл-эс тутумун өнүктүрүүчү түрдүү иш-чараларды да эске алынган.

Алсак, эртең мененки дене тарбия көнүгүүлөрү, ар багыттагы ийримдер, конкурс-сынактар бөбөктөр үчүн айрыкча кызыктуу болоору талашсыз. Алгачкы күндөрү “Мен жана менин досторум”, “Таанышуу” деп аталган жакындан таанышуу, баарлашуу иш-чаралары уюштурулат. Анткени балдар бир мектепте окушканы менен көбү бири-бирин жакындан биле беришпейт эмеспи.

Мындай баарлашуулар балдар арасында достук мамилелердин түзүлүшүнө түрткү берсе, кызыгууларына жараша уюштурулган сүрөт тартуу, бий сыяктуу ар түрдүү ийримдер алардын интеллектуалдык өсүп-өнүгүүсүн шарттайт. Андан тышкары мектептин короосундагы бассейнде балдар “Ден соолук мүнөтүн” өткөрүшүп, сууда ден соолукту чыңдоо, муздак сууда куюнуу, сүртүнүү эрежелерин үйрөнүшөт. Жасалма спорт талаасында окуучулар дене тарбия мугалими менен спорттун башка дагы кызыктуу түрлөрүнө көнүгүшөт жана маал-маалы менен кино-театрларга, парктарга барышат .

Жайкы лагердин алкагында балдар ошондой эле ден соолукка кам көрүү процедураларында тиш, кулак, көздү кантип күтүү керектиги тууралуу адистердин кеп-кеңештерин угушуп, “Зыяндуу адаттардан арылалы”, “Менин үй-бүлөм” деген сыяктуу аңгемелешүүлөргө, конкурстарга, улуттук оюндарга катышып, оюн менен билимин айкалыштырууга мүмкүнчүлүк алышат. Ошондой эле “Танцевальный коктейль”, “Июлята” деген биринен-бири кызыктуу аталыштагы көңүл ачуучу, конкурс-оюндар эч кимди кош көңүл калтырбайт.

Жогоруда директор белгилеген эрежелерден тышкары, кичинекейлер үйлөрүнө жолдо кырсыкка кабылбай аман-эсен жетиши үчүн кам көрүшкөн мугалимдер жолдо жүрүүнүн эрежелерин үйрөтүүнү да эстеринен чыгарышкан жок. Алар жол коопсуздугу, жолдо жана үйдө кандай тартипте жүрүү керектигин да үйрөтүшөт. Ушулардын баары балдардын жыл бою мектепте алган билимин бекемдеп, эс алуу күндөрү кызыктуу жана пайдалуу өтүүсүн камсыз кылаары бышык.

Жайкы эс алуу лагери да балдарды сагынса керек…

Жайында балдар үчүн эс алууга ыңгайлуу жайлардын бири – бул лагерлер эмеспи. Союз мезгилинде пионер лагери деген ат менен кеңири белгилүү болгон балдардын эс алуу жайларында жыл сайын ондогон, жүздөгөн окуучулар каникул күндөрүн курбуларынын арасында көңүлдүү өткөрүшөт. Азыркы учурда тармактык эс алуу лагерлери заманбап жасалгаланып балдардын сагынып күткөн, жагымдуу элестерге жык толгон сүйүктүү жайларына айланууда. Ошондой жайлардын бири – “Красная гвоздика” деп аталган балдардын ден соолугун чыңдоочу борбору. Борбор агартуу тармагында иштегендердин балдары үчүн арналган бирден бир эс алуу жайы болуп эсептелет. Бул жерде жайкы сезон 15-июндан башталмакчы.

Агартуу тармагынын профсоюз уюмунун адиси Назира Абикованын айтымында, 250-300 балага арналган орундуу балдардын ден соолугун чыңдоочу жайда ар жылы беш агымдан жети жаштан 16 жашка чейинки окуучулар бир чети эс алышып, бир чети ден соолугун бекемдеп кетишет. Алар үчүн 72 кызматкер иштейт.
-Азыркы учурда быйылкы сезондун ачылышына даярдыктар дээрлик аяктап калды десек болот . Эс алуу мезгили 15-июндан август айынын 25не чейин барат. Былтыр жай мезгилинде баш-аягы 1350 бала эс алып кеткен. Борбордун аты айтып тургандай эле, ал жерде балдардын ден соолугун чыңдап, эс алуусу үчүн бардык шарттар бар. Балдардын каалоосуна жараша бассейнге түшүп саламат жашоо ыкмаларына көнүгүшүп, табитине ылайыкташып музыка угушуп, спорттун түрлөрүнө машыгууга мүмкүнчүлүк алышат. Менюсунда улуттук, европалык тамак-аштарга кенен орун берилген ашканасында төрт маал тамак уюштурулган. Маданий-оюн-зоок жана билим берүүчү программалардын алкагында ал жерге барган балдарга зериккенге убакыт да калбайт. Атайын программа боюнча жакын жайгашкан эс алуучу башка жайларга экскурсиялар, туристтик жүрүштөр уюштурулуп турат, – деди Н.Абикова.

Лебединовка айылынын кичинекей тургуну, 9-класстын окуучусу Темирлан мындан эки жыл мурун “Красная гвоздика” борборуна барып эс алып келгенин унута элек. Темирландын апасы Зульфия путевканы көп балалуу эне катары жеңилдик жолу менен алган.

– Темирлан балдарымдын улуусу болгондуктан, көп учурда үйдө мага жардам берип, бөбөктөрүн карашат. Буга дейре бир чети колу бошобогондуктан, бир чети путевканы кайдан, кантип алууга болоорун билбегендиктен, жайкы эс алуу лагерлерине жиберүүнү деле ойлобоптурмун. Анын үстүнө, бизге окшогон көп балалууларга, мамлекеттик кызматтарда иштегендерге жеңилдетилген жол менен путевкалар болоорун деле билчү эмесмин. Баасы төрт миңден ашык сом турган путевкаларды жардамга муктаж үй-бүлөлөргө бөлүп беришип, балдарыбыздын эс алуусуна шарт түзүп жатышкандыктарына рахматтан башка айтаарым жок. Темирлан барган учурда биз да шарттары кандай болду экен деп, атайын барып көрүп келгенбиз. Чынымды айтсам, жакпаса алып келели деп ойлогонбуз. Бирок балама да, бизге да аябай жаккан. Тартиби бекем, балдар ар тараптан барса да ынтымакташып, күнү-түнү адистердин көз алдында болушканы, тамак-аштары, эс алуу шарттары жакшы экен. Бир гана аба ырайы тез-тез бузулуп, жаан-чачын жаай бергендиктен эки жакка көп чыга албай калдык деп балам кичине көңүлү толбой келгени эсимде, – дейт Зульфия жылмайып.

Балдардын ден соолугун чыңдоочу “Красная гвоздика” борборунда жогоруда белгиленгендей, мугалимдердин жана көп балалуу, мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөрдүн балдары эс алышат. Бул борбор көп жылдан бери Ысык-Ата районундагы Дмитриевка көмөкчү мектеп интернатында тарбияланышкан балдардын да сүйүктүү жайы десек болот. Мектеп-интернаттын директору Замир Конокбаевдин айтымында, ал борборго жылда 25-30 баладан барып эс алышып, ден соолугун чыңдап турушат.

– Бизде окуп-тарбияланышкан балдарды жылдагыдай эле эс алдыруу максатында быйыл да тиешелүү органдарга кат жолдодук. Сезон ачылаар замат агымдарына жараша 30 бала бир чети эс алып, бир чети ден соолугун чыңдап келишет. Биздин карамагыбыздагы балдар ден соолугуна байланыштуу көзөмөлгө муктаж болгондуктан, айрыкча жакканы – “Красная гвоздика” борборунда балдардын ден соолугуна да кам көрүлгөнү. Учурда 102 бала окуу жылын аяктап, каникулга үй-үйлөрүнө тарашты. Жолдомо маселеси чечилээр замат, балдарды жөнөтө баштайбыз, – дейт З.Конокбаев.

Эс алуу мезгили эми башталып жатпайбы, андыктан экзамен берчү балдар-кыздар экзамендик сынактарынан ийгиликтүү өтүшүп, алдыдагы толук үч ай каникулдарын ойдогудай өткөрүшүп, жаңы окуу жылына жаңы күч, жаңы дем менен келишин каалайбыз.
Айнагүл Кашыбаева,
“Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*