ЖРТдан 110 БАЛЛДАН АЗ АЛГАНДАРГА ЖОЖДОРГО ЖОЛ ЖАБЫК

Билим берүү жана илим министрлиги жалпы республикалык тест сынагында 110 баллдан төмөн алган абитуриенттер үчүн жогорку окуу жайларына жол жабык экенин дагы бир жолу эскертти.

 

Министрлик жогорку окуу жайларга кабыл алуунун сапатын ушундай жол менен көтөрүүгө умтулууда. Эксперттердин баамында, эгер ушул талап быйыл орундалса, анда өлкөдө эгемендик жылдары жайнап ачылган жогорку окуу жайларында сандан сапатка өтүүнүн жылы болот.

Билим берүү жана илим министрлиги  жыл башында Славян университети менен Медакадемияга баллы төмөн абитуриенттерди мыйзамсыз кабыл алуу тууралуу коррупциялык жаңжалга текшерүү жүргүзүп чыгар замат эле быйылкы кабыл алуунун босого чеги 110 баллдан төмөн болбойт деп билдирген. Бул чек бардык окуу жайлар үчүн, анын ичинде мамлекеттик жана жеке менчик жогорку окуу жайлары үчүн бирдей күчкө ээ. Бюджеттик да, контракттык бөлүмдөргө тапшыруу да ушул эреже менен жүрөт. Ал эми жождорго тапшырууда предметтик балл мурдакыдай эле 60 балл деңгээлинде калды. Быйыл биринчи жолу 110 төмөнкү балл алгандарга жогорку окуу жайларына жол жабык, алар орто кесиптик окуу жайларына кетпеске чарасы жок.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, бүтүрүүчү ЖРТдан 110 баллдан төмөн алып калса, бул тест тапшырган адамдын үч деген баа алганын көрсөтөт.

«Жалпы республикалык тестирлөө системасы баланын жогорку окуу жайда окууну улантып кетүү жөндөмүн көрсөтөт. Мурда министрлик босого баллды азайтып, кээ бир мамлекеттик университеттерде орундарды толтурууга аракет кылчу, бирок жыйынтыгында сапатынан аябай эле жоготчу”,-деп айтылат аталган министрликтин билдирүүсүндө.

Мурдакы жылдары бир катар контракттык бөлүмдөргө 105 балл менен кабыл алып келишти. Кээ бир мамлекеттик жогорку окуужайлары, анын ичинде областтык борбордогу университеттерде кабыл алуу планы толбой калып, министрлик аларга 90-95 балл менен да кабыл алууга уруксат берип жатты. ЖРТнын жыйынтыктарын карасак, босого баллдан өткөн абитуриенттердин саны жылдан жылга азайып келатат. 2012-жылы бул көрсөткүч 22 718 болсо, 2014-жылы 18 249 болгон.

Адистердин баамында, босого баллды төмөндөтпөй кармоо студенттерди кабыл алуунун сапаттык деңгээлин көтөрөт. Бир эле учурда абитуриенттер ишенип барган окуу жайлардын өздөрү ошого татыктуу экени билинет, жаштар барбаган окуу жайлар бара-бара өзүнөн өзү жабылууга аргасыз болот. Натыйжада жогорку билим берүү рыногунда сапат үчүн атаандаштык чыныгы күрөш камсыз болот.

 

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*