БАЛАНЫ МЕКТЕПКЕ КИРГИЗҮҮНҮН ТАРТИБИ КАНДАЙ?

1-класска баланы киргизүү маселеси жылда козголуп турган маселелердин бири. Көп учурда ата-энелер өз укугун билбей, мектеп директорлоруна акча берип маселе чечүүгө аракет кылышат. Пара алганга кыныккан жетекчилер да ата-энелердин караңгылыгынан пайдаланат. Ошондуктан балдарды мектепке кабыл алуунун эреже-тартибин сурап, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын адистерине кайрылдык.

Кабыл алуу 1-июндан башталат

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Чынара Исакованын  бизге берген маалыматына таянсак, быйыл Бишкек шаарында 1-класска 11 миңге жакын бала барат. Быйыл башкармалык тарабынан балдарды муниципалдык мектепке  кабыл алуу боюнча Жобонун долбоору иштелип чыгып, учурда талкууга коюлган.

— Балдарды мектепке кабыл алуу боюнча Жобонун долбоору иштелип чыгып, башкармалыктын сайтына жайгаштырдык. Мамлекеттик мектептерге микроучастокто жашаган 6-7 жаштагы балдар кабыл алынат. Жободо жазылгандай, 1-классты комплектөө 1-июндан 15-августка чейин жүргүзүлөт. Ал эми микроучастокто жашабаган балдар үчүн мектепке кабыл алуу 15-августтан 5-сентябрга чейин жүргүзүлөт. Эгерде статустуу мектептерде орун жок болсо, башка аймактан келген балдар кабыл алынбайт. Анткени балдардын санына жараша кабинеттер, мугалимдер болушу керек. Эң башкысы, мектепте санитардык-гигиеналык норма толук сакталышы зарыл. Бул жагынан алганда айрым мектептерде санитардык нормадан чыгып кеткен учурлар кездешет. Мисалы, былтыр айрым статустуу мектептерде 1-класс боюнча 12 класс ачылган. Бул, албетте, туура эмес. Болгондо да ар бир класста 45 баладан кем эмес отурду. Себеби ушул жылкы балдар көп төрөлгөн экен,  — дейт башкармалыктын башкы адиси.

1997-жылы “Мектеп жашындагы балдарды жана өспүрүмдөрдү учеттон өткөрүү боюнча”инструкцияны  бекиткен өкмөттүн №667  токтомунун негизинде жыл сайын май айында мектептин аймагында жашашкан мектеп жашындагы балдардын тизмеси такталат. Бишкек шаарындагы 93 мектептин микроучастокторунда жайгашкан балдардын саны такталып бүткөндөн кийин гана статустуу мектептерде окугусу келген башка аймактын балдарына жол ачылат.

— Ар бир мектеп өз участогунда жашаган жана ошол мектепте окууну каалаган балдарды мектепке алганга милдеттүү. “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамда жазылгандай,  ар бир бала мектепти тандаганга акысы да, укугу да бар. Эгерде бала микроучастокто жашаса эле ошол жерде окууга милдеттүү эмес. Микроучастокторго эмне үчүн бөлүнгөн? Так тизме алуу үчүн. Бир дагы бала окубай калбасын деп бөлүнгөн. Бирок айрым мектеп директорлор “микроучастокко карабайсың” деп баланы мектепке албай койгон учурлар бар. Албетте, жетекчилердинантип айтууга укугу жок. Болгону биринчи кезекте микроучастоктун балдарын алыш керек. Мектептердин проекттик  кубаттуулугу аз болгондуктан, мисалы 920 бала окушу керек болсо бир мектепте 3000 чукул бала окуп жатат.  Албетте, орун жок болот. Кээ бир мектептерде үч сменде окуп жатышат. Бир класста балдар 30дан ашпаш керек. Гимназиялык мектептерде 5-класстан баштап 25 бала, 9-11-класстарда 20 бала окушу керек. Бирок, тилекке каршы, андай эмес, — дейт Ч.Исакова.

Өткөн жылы шаардык мектеп жетекчилеринин кеңешмесинде 1-класска кабыл алуу маселеси каралган. Анда микроучастокто канча бала жашайт, мектеп анын канчасын кабыл алды, канча бала башка райондордон келди деген анализ жүргүзүлгөн. Ошол статистикага таянсак, учурда борбор калаага бери дегенде 30 мектеп курулуш керек. Себеби шаардык мектептерде  118 миң бала окуйт.

—  Биздин мектептердин проекттик кубаттуулугу 73 миң эле.  Статустуу мектептерге талап жогору, бирок окуйм дегендердин баарын ал мектептерге алууга мүмкүнчүлүк жок. Ички миграция күчөп жатат. Айылдан келген балдар көп. Мисалы, Сокулук, Ысык-Ата, Аламедин райондорунда жашап, бирок Бишкекте окуган балдардын саны эле он эки миңге жетет. Жөнөкөй мектептерде деле орун жок болуп жатат. Мисалы, Ак-Ордо конушунда мектеп жок. Андагы балдар кайда барып окуйт? Албетте, Ак-Өргөдөгү эки мектепке келишет, — дейт башкармалыктын башкы адиси.

Жобо боюнча 1-класска кабыл алуу тиешелүү документтердин негизинде жүргүзүлөт. Бирок көп учурда мигранттардын балдарынын документи жок болуп мектепке келишет. Бул жагдайда да мектеп баланы сыртта калтырбашы керек. Ошон үчүн жашаган жеринен алынган справканын негизинде кабыл алынат. Эгерде кайсы бир мектеп документи жок деп кабыл албай койсо, анда ата-эне Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгына арыз менен кайрылышы зарыл. Ар бир район боюнча кураторлор бөлүнгөн, алар кайрылган баланын маселесин жеринде чечип беришет.

—  Схемаларды карап туруп, жашаган жерине ылайыктап, мектепке киргизебиз. Өткөн жылы борбор калаадагы  айрым  гимназияларга  нааразычылыктар көп болуп, бул мектептерди текшерүүгө алганбыз. Чындыгында эле орун жок, мугалимдер, кабинеттер жетишпейт, — дейт Ч.Курманалиева.

 Мектепке кирүү үчүн акча төлөнбөйт

– Учурда балдарга тамгаларды балдар бакчасынан эле үйрөтүп жатышат. Министрликтин талабына ылайык, бала бакчага барбаган, мектепке даярдыгы жок балдар  240 сааттык бекер даярдоо курсунан  өтүшү керек.

Ал эми каражат жагын айта турган болсок, ата-эне баласын мектепке киргизүү үчүн акча төлөбөшү керек. Эгер бала каттоо боюнча ошол аймакка караса, мектеп аны алууга тийиш. Ал эми взнос дегенди мектепке жардам берүү максатында ата-эне өз каалоосу менен берген учурлар кездешет. Эгер мектеп жетекчилиги тарабынан мажбурлап жатса, бул – мыйзам бузуу, — дейт Чынара Исакова.

Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим»
БИШКЕКТЕ КАНЧА МЕКТЕП БАР?
Бишкекте баш-аягы 93 мектеп бар. Алардын 20сы гимназия болсо, жетөө лицей, калганы жөнөкөй мектептер. Мындан тышкары, Билим берүү жана илим министрлигинин көзөмөлүндөгү менчик лицей-мектептер да бар.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*