БИЛЕТИҢЕ ЭМЕС, БИЛИМИҢЕ ИШЕН

Быйыл жогорку окуу жайына тапшырууну каалаган улан-кыздар ЖРТдан 110 баллдан кем эмес балл топтошу керек. Билим берүү жана илим министрлиги ушул ыкма менен «сандан сапатка өтүүгө» кадам таштоодо.

110дон жогору алгандарга ЖОЖдун эшиги ачык

Жалпы республикалык тест сынагында 110 балл албай калган абитуриенттер эми кыялында көздөгөн адистиктерине жетпей калуу коркунучунда турушат. Көпчүлүк улан-кыздар мектептен алган билим деңгээлине көз каранды болбой, ата-энесинин капчыгына ишенишип, каалаган жождоруна барып отурушчу эмес беле. Эми андай болбойт. Эми мектепте түптөлгөн пайдубалынын сапатына көңүл бурууга туура келет. Анткени министрлик дал ушул максатты көздөө менен, тагыраак айтканда, окуучунун мектепте алган билимин баалоого жогору талап коюп, жогорку окуу жайларга кабыл алуунун сапатын көтөрүүгө умтулууда.

«Министрликтин ЖРТда 110 баллдан аз алгандар ЖОЖдорго кабыл алынбайт деген чечимин жетекчи катары да, инсан катары да, анан ата-эне катары да колдойм»-дейт, И.Арабаев атындагы мамлекеттик университеттин ректору Төлөбек Абдрахманов. Анын пикиринче, ушундай ыкма окуучулардын, алардын ата-энелеринин көңүлүн билим сапатына бурууга мажбурлайт.

– Жалпы республикалык тест сынагында 110 балл албай калган абитуриенттерге ЖОЖдорго жол жабык деген чечимди негизинен туура деп эсептейм. Себеп дегенде мындай жолдун жогорку окуу жайларга билимдүү улан-кыздарды иргеп алууга жардамы тийет. Мен «Кутбилимге» жазган макалаларымда белгилеп жүргөндөй, чындыгында окуучуларга мектепте коюлган баалар шарттуу түрдө эле болуп калганы эч кимге жашыруун эмес. Менин жеке оюмда, мындан ары окуучулардын, алардын ата-энелеринин билимге мамилеси, көз карашы өзгөрүлүүгө тийиш, – дейт ректор.

 

Айлык көбөйсө, каалоочулар да көбөйөт

 

Айткандай эле, 110 баллдан төмөн болбойт деген талап бюджеттик да, контракттык бөлүмдөргө бирдей тиешелүү болгондуктан, эми ата-энелер балдарына акчанын күчү менен жогорку окуу жайдын дипломун алып берүүгө умтулушпай калаары турган иш. Анын үстүнө, адистер кийинки жылдары эптеп эле ЖОЖдун дипломун алсам дегендердин саны кыскарып баратканын айтышууда. Буга биринчиден, дипломдуулар адистиги боюнча иштей албай жүргөнү себеп болсо, экинчиден, иш жүзүндө көбүрөөк акча табууга мүмкүн болгон булактарды издөөгө туура келүүдө. Азыр көбү дагы да болсо бизнес, соода-сатык менен шугулданып, жок эле дегенде башка мамлекеттерге барып иштеп акча табууга аргасыз. Ал эми акча табуу булагына азырынча мугалимдик кесип кирбейт. Педагогикалык кадрларды даярдоонун ана башында турган И.Арабаев атындагы КМУнун бюджеттик бөлүмүндө агартуучуларды даярдоого артыкчылык берилгендиктен, бул окуу жайга эң жогорку болбосо да, эң төмөнкү – 110 балл алгандар келээринде кеп жок.

Ректор Т.Абдрахманов белгилегендей, эми эки тенденция пайда болушу толук ыктымал, биринчиси, мугалимдердин айлыгынын 50 пайызга жогорулашы менен мугалимдик кесипти тандагандардын саны көбөйөт, анын аркасынан мугалимдик кесипке аргасыздыктан эмес, жогорку балл алып, мугалим болууну көксөп келгендер ээ болот. Анткени аныгында билим деңгээлин аныктаган босого баллга коюлган чек роль ойнобой койбойт.

ЖРТдан жогору балл алган абитуриенттерди «каймагын калпып» алгандай эле эл аралык статусу бар жогорку окуу жайлар алып кетет, муну турмуштук тажрыйбадан өзүбүз деле көрүп келатпайбызбы. Эң мыкты көрсөткүчтөргө ээ болгон улан-кыздардын алды Турция, Россия, Казакстан сыяктуу алыскы жана жакынкы чет мамлекеттерден билим алууга умтулушса, калгандары Кыргыз-Орус славян университети, Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Борбор Азиядагы Америка университети ж.б. жождорго кетишет.

Абдыкулова Бурулай быйыл Бишкектеги №84 мектепти аяктады. ЖРТнын жыйынтыгын күтүп жаткан Бурулай Кыргыз-Түрк «Манас» университетине жана Медициналык академияга өз күчүн сынап көрүүгө даярданып жаткан кези. Ал мектепти төрт жана беш деген баада аяктагандыктан, өзү каалаган окуу жайга өтөөрүнө ишенип турат.

– Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин эл аралык мамилелер бөлүмүн тандап жатам. Дагы бир тандаган окуу жайым – бул Медициналык академия. Бирок ал жакка өтүү татаалыраак дешүүдө. Эгерде топтогон балл эки жакка тең туура келбей калса, Туризм академиясына барам го, – дейт Бурулай.

 

ЖРТ лотерея билети сыяктуу

Жогорку окуу жайларды тандоодо алардын популярдуулугуна басым жасабай, келечекте ээ болуучу кесиптин шайкештигине кароо керек эмеспи. Жаныңдагылардын шарданы менен барган окуу жайда кийин окуу кандай болоорун, ошол кесипти жүрөгүң каалайбы жокпу, ушул сыякту өтө маанилүү жагдайларды эстен чыгарбоо керек экен дейт Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин 2-курсунун студенти Султан кызы Жылдызкан. Ал былтыр ЖРТдан 130 балл алып Кыргызстандагы эл аралык университетке жана ушул азыр өзү окуп жаткан окуу жайга талон таштаган. Жыйынтыгында өзү мектептен кызыгып жүргөн журналистика кесибин тандаган.

–  ЖРТда белгилүү чек коюлганы туура деп ойлойм. Анткени алар топтогон баллына жараша дараметин баалай алышат. Бирок кээ бир учурда ЖРТдан мектепте жакшы окуган окуучулар орто балл топтоп, тийди-качты окуган балдар жогору балл  алып калгандарын да угуп калабыз. Андыктан ЖРТнын жыйынтыгында лотерея сыяктуу күтүлбөс жагдайлар кездешет.

Абитуриенттерге түзүлгөн дагы бир жакшы жагы – бул бир нече окуу жайларды тандоого берилген мүмкүнчүлүктөр. Ошол эле учурда алар кайсы жагына өтүүгө жеңил болооруна же болбосо контрагына карашпай, кесиптин өзүнө, каалоосуна жараша тандоо керек экен. Айрыкча, журналистика сыяктуу чыгармачылык дараметти талап кылган кесиптер. Келечекте өзүң эңсеп жүрүп ээ болгон кесип менен иштөө аябай эле кызык болсо керек, – деп сыр бөлүштү Жылдызкан.

 

Сабаттуу адистерди даярдоого баардыгы кызыкдар

 

Билим сапатын баалоого шарт түзүп жаткан жогорудагы талаптын ишке ашырылышы, башкача айтканда, оң-терс жактарын келечек турмуш көрсөтөөр, ал эми Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон бери эби бар да, эби жок да ачылган жогорку окуу жайлардын санынын кыскарышына тез эле таасири тиерин айтышат адистер.

Кыргызстандын эгемендиги менен жашташ жеке менчик окуу жайлардын бири – бул 20 жылдан ашык тарыхы бар Чүй университети. Университеттин биринчи проректору Назгүл Мазекова башка окуу жайлар сыяктуу эле аларга келе турган абитуриенттердин санына быйылкы кабыл алуу кампаниясына киргизилген жаңылык сөзсүз таасир этээрин айтат.

– Чүй университети мамлекетибиз эгемендүүлүк алган мезгилде заман талабына ылайык ачылган менчик окуу жайлардын бири. Университеттин алдында колледж бар экенин билесиздер. ЧУга негизинен ошол колледжди аяктап, билимин андан ары улагысы келген улан-кыздар келишет. Алардын басымдуусу педагогикалык, укук таануу, экономикалык кесипте окугандар. Бизде өзүбүздө түптөлүп калган контингент бар, ал эми быйылкы 110 баллдан кем эмес балл топтогон абитуриенттер гана жогорку окуу жайына кабыл алынышы шарт деген талапты окутуучулар сөзсүз колдойбуз. Менинче, мектептен алган пайдубалы бекем, сабаттуу жаштардын келишине бардык окуу жайлар кызыкдар. Ошондо чын эле чала сабат адистерди даярдап жатасыңар деп бизге коюлуп келген кинелер азаймак, – дейт Н.Мазекова.

Жогоруда белгиленгендей, кесиптиктери бири-бирин кайталаган менчик да, менчик эмес да окуу жайлар союз мезгилиндеги саналуу жогорку окуу жайларга өтүүнү каалагандардын толбой жүргөн өксүгүн толтургандай эле болду көрүнөт. Алган дипломун иш жүзүндө максаттуу пайдалана албай, баягы эле базарда отурушкан нечендеген «жогорку билимдүү соодагерлерди» көргөн жаштар учур талабына ыңгайлашып, талап кылынган адистиктерге ооп баштагандыгы байкалбай койбойт. Алсак, кыска мөөнөттө кирешелүү кесипке ээ болуу кыйла эле пайдалуу экендигине көздөрү небак жетишкен кыз-келиндер тигүүчү-бычмачы, чачтарач, ашпозчу сыяктуу кесиптигин алышып, алды чакан бизнеси бар жеке ишкер болууга жетишти. Же болбосо, киндик кандуу, малга жайлуу өлкөбүздө мал чарбасын күтүү алда канча сонун экендигин сезишкен жигиттерибиздин кээ бирлеринин малы тескери жайылганын көрүп жүрөбүз.

«Ачыгын айтсам, мен мектепте ортозаар эле окугам. Ошондон уламбы, же бир чети үйдө балдардын кичүүсү болгондуктанбы, айтор мектепти аяктаганда жогорку окуу жайына барууну ойлогон жокмун. Үйдө ата-энеме жардамдашып, кичүү бөбөктөрүмө каралашайын деп мал бактым. Адегенде элдин өздүк малын карачубуз. Бара-бара майда жандыктар көбөйүп, азыр кудайга шүгүр,  жашоо тирлигибиз тың. Ал тургай эт-сүттү анда-санда көргөн шаардык дипломдуу бир туугандарыма маал-маалы менен эт-аш жеткирип турам. Мал багуунун өзүнүн сырлары болоорун түшүнүп, эми жогорку окуу жайына өтүүнү пландап жатам. Азыр мен кайсы окууга бараарымды, андан алган билимим мага кандай жардам берээрин жакшы билем», – дейт ысык-аталык фермер Айбек.

 

 

Айнагүл Кашыбаева,
«Кутбилим»

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*