«СЕБАТТЫН» БИЙЧИЛЕРИ ЭЛ АРАЛЫК ФЕСТИВАЛДА АЛТЫН МЕДАЛЬ АЛЫШТЫ

Кыргызстандык окуучулар Бельгияда өткөн «Тил жана Маданият» эл аралык фестивалында бий сынагында биринчи орунга чыгып, алтын медалга ээ болушту.

Фестивалда 25 мамлекеттен келген 350 гө жакын окуучу бий, ыр жана декламация айтуу боюнча өнөрлөрүн тартуулашты. Кыргызстандык окуучулар улуттук бийди жана “Гаари де гари” бий долбоорун тартуулашты.

Финалдык жарышта фольклордук-бий категориясында Нарындагы М.Субакожоев жана Бишкектеги Айчүрөк кыздар лицейинин окуучулары 11 мамлекеттен келген бийчилердин арасынан алтын медалга ээ болуп, биринчи орунду камсыз кылышты. Экинчи орунга Индонезия, үчүнчү орунга Казакстан мамлекетинен келген окуучулар ээ болду.festival-children

Окуучулардын эл аралык тил жана маданият фестивалы расмий жана жарандык коомчулуктардын колдоосу аркылуу 2006-жылдан баштап өткөрүлүп келатат.

Фестивалдын дүйнө жүзүндөгү элдердин ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелердин бекемделишине өбөлгө түзүүдө ролу зор.

Европа Парламентинин колдоосу алдында Эл аралык “Тил жана маданият” фестивалынын финалдык гала концерти Брюсселде 6-июнда болуп өттү.

Бул фестивалга Кыргызстандын атынан расмий өкүл катары Жогорку Кеӊештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Акназарова Роза, кыргыз премьер-министринин кеңешчиси Раев Султан, КР Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы Назарбеков Марат, Кыргызстандын Бельгиядагы толук ыйгарымдуу элчиси Асеин Исаев, Эл аралык “Себат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды жана башкы директору Кудайбердиев Нурлан катышты.

 

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*