АЛЫКУЛ ОСМОНОВ – КЫРГЫЗ ПОЭЗИЯСЫНЫН ЧОЛПОН ЖЫЛДЫЗЫ

    Түбөлүктүү  ыр калтырган акынга
                                             Бир сабакта бизден койгон гүл десте.        

Таланттуу акын  Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгына мектеп программасында кеңири орун берилген. Анын чыгармалары адабий билим берүүнүн бардык баскычтарында өздөштүрүлөт. 5-класстан башталган окуу материалдары улам класс жогорулаган сайын тереңдетилип, кеңири талдоого алынып, акындын залкар талант экендигине окуучулар  күбө болушат. Бирок акындын поэзияны ыйык тутуп, туу тутуп жашаганын нукура турмуш чындыгын жазгандыгын, ырларында анын өмүр таржымалы катылып жатканын жана Алыкулдун бөтөнчөлүгүн, жаңычыл новаторлугун 10-класстын окуучулары  аң-сезимдүү түрдө өздөштүрүшөт, өз алдынча баа берип, талдай  алышат. Анткени дал ушул куракта окуучулардын өз алдынча ой жүгүртүүсү, дүйнөгө болгон көз карашы калыптанат. 10-класста кыргыз поэзиясынын чолпон жылдызы Алыкул Осмоновдун өмүр баяны, чыгармачылыгына 7 саат бөлүнгөн. Акындын  өмүр баянын окуучуларга кеңири түшүндүрүү максатында эң  алгач киришүү сабагы өтүлөт.

 Сабактын максаты:

  1. Билим берүүчүлүк: Окуучулар Алыкул Осмонов жөнүндөгү түшүнүктөрүн тереңдетишет. Акындын өмүр таржымалы, жеке турмушу ырларынын жаралышына негиз болгондугун байкашат, түшүнүшөт. Ырларынын идеялык мазмунун аныкташат.
  2. Өнүктүрүүчүлүк: Акындын  поэзиясындагы көркөм чеберчиликти, кыскалык менен тактыкты, конркреттүүлүктү  далилдүү мисалдар менен талдоого жетишишет.Лирикаларын көркөм окуу менен акындын тагдыры, башынан өткөргөн армандуу өксүк, көңүл чөккөн маанайын, өз чыгармаларында  устаттык менен чагылдыргандыгын байкашат. Өз чыгармаларына болгон мамилесин, өктөм талабын ачык-айкын мисалдар менен   далилдүү түшүнүүгө үйрөнүшөт.
  3. Тарбия берүүчүлүк: Алыкул Осмоновдун ырлары да, өмүрү да жаштар үчүн үлгү экендигине ынанышат, тарбиялык маанисин аныкташат. Акындын тирүүлүктөн үмүт үзбөгөн оптимистиги  чындыкты таамай айткан  кеменгерлиги  окуучуларга үлгү.

Сабактын жабдылышы: Акындын портрети.  Алыкул  акындын ыр китептери, слайд, өмүрү, чыгармачылыгы  боюнча түрдүү сүрөттөр, обондуу ырлары жазылган дисктер кластер, буклеттер альбомдор жана  интерактивдүү доска.

Сабактын тиби: Киришүү сабагы

Сабактын формасы:  Сабактын активдүү  формасы – стандарттык эмес сабак. Лира – сабагы (же сабак-поэзия).

Сабактын методу: Интерактивдүү, көрсөтмөлүү, китеп менен иштөө методдору.

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу. Жагымдуу  жагдай түзүү. Улуу  акын,  алп акын  Алыкулга арналган киришүү сабагында Алыкулдун ысымы жазылган карточка таратылат. Алыкул деген ысымдын ар бир тамгасына анын сапаттарын, ырларынан үзүндүлөрдү чыгармачылык менен жазуу жагы тапшырылат .Мисалы,

            А     –       аалам алпы  Шекспирдей  күч  менен,
            Л     –       лирикалуу ырлар жазат сүйүктүү,
            Ы   –        ырына  бир да жолу калп айталбайт,
            К    –       кудайга  миң  мертебе калп айтса да,
            У    –        ушул адам, ушул сырдуу кийимчен,
            Л    –       лирик акын, өлбөс акын – Алыкул.       

Жаңы тема: Интерактивдүү  доска  менен  иштөө жүргүзүлөт. Акындын портрети интерактивдүү доскадан көрсөтүлөт да, акынды  ким  канчалык  билет? – деген суроо окуучуларга узатылат. Окуучулардын жоопторунун негизинде кластер түзүлөт.

Окуучулар  билгендерин  айтышат,  мугалим   же  бир  окуучу  интерактивдүү   доскага  жазып кластер түзөт. Ошентип  10-класстын  окуучулары А.Осмонов  жөнүндө  көп  маалыматтарды билише тургандыгы аныкталат.

Алыкулдун  өмүрүнө, чыгармачылыгына арналган слайд  көрсөтүлөт.

Алыкул осмоновМугалимдин сөзү: Ошентип, балдар өзүңөр билгендей бүгүн биз сөз өнөрүн ыйык туткан, ”Танса бардыгынан танган,  бирок ырдан танбаган, ыры жок өмүрүнө канааттанбаган”, жашоо турмушка ыр менен келип, ыр менен кеткен, өмүрү ырга айланган, алп акыныбыз, кыргыз поэзиясынын чолпон жылдызы Алыкул Осмонов жөнүндө сөз кылабыз. (Төмөнкү ыр көркөм окулат)

           Таштан  болоор ,кумдан болоор,төшөгүм
            Аз болсо да,сыртта калаар сөздөрүм,
            Өлсөм дагы жара тээп мүрзөмдү,
            Буудан болуп таскак салып өтөрмүн .

Мугалим сөзүн  улантат: Мына быйыл Алыкулдун 100 жылдыгы белгиленип жаткан учурда, ушул сабагыбызда акындын буудандай таскактаганына күбө болуудасыңар. Мындай ыр саптарын улуу акын Алыкул гана жаза алат.

 Окуучулардын ойлору суралат

Мугалим: Алыкулга арналган ар бир сабак методист Б.Алымов агайыңар  айткандай: “…ыр менен башталып, ыр менен бүтүүгө тийиш…”  Н.Байтемировдун “Алыкулга” деген ырын көркөм окуу менен сабакты баштагым келип турат.

Көркөм окуу:

                                           Койчу досум мени акын дебечи,
                                       Мени акындын улпагына теңечи.
                                      Кыргызыңда кандай сонун акын бар!
                                      Десең келет, Алыкулдун элеси.
                                    Жатса дагы жер астында денеси,
                                    Жанда турат, ыр канаттуу  элеси.
                                    О, досум ай, акын болгуң келеби?
                                    Талантыңды Алыкулга теңечи!.                             

Мугалим суроо узатат: 1. Ушул ырды укканда силерде кандай сезимдер пайда болду?

2. Насирдин Байтемиров деген ким?

3. Атактуу акын Насирдин Байтемиров “мени акын  дебечи”, ”кыргызыңда  канчалаган акын бар”,  “талантыңды Алыкулга теңечи” –  деп жатат. Бул ыр  cаптарынын сыры эмнеде?

Окуучулардын ойлору суралат да, “Алыкулга арноо кеп” минутасы (5 мүнөт) жарыяланат. Окуучулардын ойлору, ырлары, эссе, арноолоруна орун берилет. Мыктылары дубал-газеталарга сунушталат.

Мугалим көркөм окуйт:

                        Бар бололу, түгөнбөйлү, курдаштар
                        Узак, узак, узак, болсун бул сапар,
                        Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да,
                        Кайра кайтып жолугушчу күндөр бар –

демекчи, мына бүгүн биз  алп акын Алыкул менен ушул сабакта дагы бир жолу (шарттуу түрдө) жолугушуп, өзү айткандай “кайра кайтып жолугушчу күндөрдө” кездешип отурабаз.

Эмесе, бүгүнкү сабагыбыз.

                        Түбөлүктүү ыр калтырган акынга

                        Бир сабакта бизден койгон гүл десте – болсун.

                        Мен тансам, жаштан танам ырдан танбайм
                        Ыры жок өмүрүмө канааттанбайм
                        Кудайга миң мертебе калп айтсам да,
                        Ырыма бир мертебе калп айта албайм – дейт акын.

        Улуу акын өз өмүрүн ырга гана арнаганын, өмүрүн ырсыз элестете албай турганын мугалим баса белгилейт да, сабактын нугун Алыкул Осмоновдун жеке турмушуна, чыгармачылык менен айкалышкан өмүр жолуна бурат.

Окуучулар 10-класска чейин Алыкул Осмоновдун өмүрү, чыгармачылыгы жөнүндө маалымат алышкан. Ошондуктан аларды кайталап отурбастан улуу таланттын башка акындарга окшошпогон бөтөнчүлүгүнө, акындын устаттыгына, жеке тагдыры чыгармачылыгы менен тыгыз байланыштуулугуна, новаторлугуна кеңири токтолуу керек.

Акындын жеке тагдыры аркылуу анын поэзиясына сүңгүп кирүү (сабак поэзия) сабактын башкы максаты экендигин айтып, сабакты андан ары улантабыз.

Бул проблемалуу суроо-жооптор аркылуу жүргүзүлсө, натыйжалуу болорун өз тажрыйбабыздан көрдүк.

1суроо:  Таланттуу акын Алыкул Осмонов 35 жыл гана жашады. Ушул жылдар аралыгында жеке турмушунда кейиштүү, аянычтуу жоготууларды башынан өткөрдү.

  Алар кандай жоготуулар? (окуучулар  түрдүү  ойлорду айтышат,  айтылган ойлор  топтоштурулат). Акын ымыркайынан апасынан, үч жашында атасынан ажыраган. Аталаш агасы аны жетим балдар үйүнө өткөрөт. Ал киндик каны тамган туулган жеринен да айрылат, бөтөн жерде, чоочун жерде тарбияланганын окуучулар айтышат, демек

Биринчи жоготуу

Ата-энесинен, туулган жеринен айрылганы акындын жүрөгүндөгү айыкпаган дарты. Бул акындын балалык мезгилдеги жоготуусу эле.

Окууучуларга акындын ар кайсы жылдарда жарыяланган китептери таратылат да, окуучулардан акындын ата-энесиз калып, балдар үйүндө тарбиялангандыгы ырларында көркөм чагылдырылгандыгын табуу тапшырылат.

Ырлардан  үзүндүлөр окулат

                        ..Эң жаш калып, эсте калбай ата-эне,
                        Кайнап бышып, далай кыйын кездерге…
                       
                        Далай таттуу даам жедим колуңдан,
                        Кем көрбөдүң өз бир тууган бооруңдан.
                        “Начар экен бат оңолсун, бала”- деп,
                        Шашып турдуң чала уйкулуу ордуңдан…
 
                        …Жан боорумдай көңүлүмдө көз жашың,
                        Ата-энемден көз жаш көргөн эмесмин…
                   
 (Окуучулардын ойлору суралат)
2-суроо 

Төмөнкү ыр саптары  акындын өмүр жолунун кайсы учурун айтып турат?

Мугалим көркөм окуйт

                       Силер менен бирге бүтөт элем го,
                       Кубанычта бирге жүрөт элем го,
                       Педагогдун бири болуп калдым деп
                       Мен ташкындап дагы күлөт элем го
                       Бат эле мен чоң окууга барбасам
                        Жанды берип абдан окуп салбасам.
                         Өмүрүмдүн баары кетсе мейличи,
                         Билимдүүнүн бири болуп калбасам.

 Кайрылгыс балалыгын Токмокко калтырган Алыкул Фрунзе шаарына келип педтехникумга кирет. 1932-жылы  акын катуу ооруп калат да, окуусун таштап айылга кетет. Бирге окуган  курсташтары педагогикалык окуу жайды бүтүргөнүнө  кубанган акын “Кубанам, бирок айыбым бар” деген ырын аларга арнаган. Бир жылдан кийин “Чабуул” журналынын редакциясына кызматка орношот.

                      … Мен турмуштан көптү үйрөндүм көп көрүп,
                        Бек чыдамкай жигит болдум өзгөрүп…- дейт.

Экинчи жоготуусу – Алыкулдун ишке ашпаган армандары.

Бул учурга окуучулар жооп издешет да, ырларынан мисал келтиришет. Окуучулардын тапкан мисалдарынын айрымдары төмөнкүлөр:

                           Мен сүрдөнбөйм сүрдүү  жолборс сүрүнөн,
                        Мен күймөнбөйм анын күчтүү күүнөн.
                        Мен сүрдөнөм, жаш балача жалтанам
                       Сүйгөн кыздын сүзүлүңкү сүрүнөн…
 
                        …Сүйүү эмне? Сүттөй таза колукту!
                        Ансыз анан алтын өмүр толукпу?
                        Ошондуктан эң биринчи ак сүйүү
                        Бермет, жакут, каухар кийип жолукту…
 
                         Кучактадым, өптүм, кыстым боорума,
                           Бул турмушта өлгөнчө бир болууга.
                            Бирок, сүйүү эң жалганчы нерсе экен
                           Кош деди да, от карматты колума.

Окуучулардын ойлору суралат, Алыкул алгачкы сүйүүсүн жоготконуна жаны карарып өкүнгөн, арман кылган, эч качан көңүлүнөн чыгарган эмес.

                        …Аз дууладык жаштык, мастык ойнунда,
                        Ант бериштик өмүр байлап көп жылга
                        Бирок, сүйүү жерден муздак нерсе экен,
                        Жашырынды жылан таштап мойнума…

Демек,  Алыкул акын деген атка конуп, турмушка үмүт менен карап калган жигит курагында Айдайды тапты, ага ашык болду, ал тез эле башка бирөөгө турмушка чыгып кетти. Ага Алыкулдун шагы сынды, бир жылдан кийин Айдай каза  болуп калат бул кош жоготууну акын азап менен баштан өткөрөт. Арманы арылбаган Алыкул Айдайга ыр менен эстелик тургузуп арманда кала берет:

                        …Айдай болуп, бойго жеткен чагы эле
                        Кантип айтам, анын көркүн, мүчөсүн
                        Сүрөттөсөм: кундуздай капкара каш,
                        Жерге жетер сүйрөлгөн өрүлгөн чач.
                        Маңдайында жалжылдап жылдыз жанар
                        Алкымынан көрүнгөн жутулган аш…

Ошентип, Айдайдан ажыраган акын көпкө кайгырды, капаланды, бирок Алыкул оптимист эле өзүн сүйүүнүн кайгысына жеңдирип жиберген жок. Ал өзүн  сүйүүнү акыл менен жеңе билүүгө чакырган:

                        …Эгер сүйүү күчтүү болсо өлүмдөн,
                       Мен сүйүүгө теңелүүгө акым бар…- деп армандуу жоготуусун акыл менен, чыгармачылык менен жеңген.

Үчүнчү жоготуусу:

Кызы Жыпардан, үй-бүлөсүнөн айрылган күйүттүү күндөрү. Көптүн катарында Алыкул үй-бүлө күттү. Өзү жактырып, Зейнепке үйлөндү. Эгер туңгуч сүйүүсүн Айдайга арнаган болсо

                               …Экинчиси: андан сулуу, андан жаш,
                               Жалынына жана турган жансыз таш.
                               Анын көркү миң бир түрлүү көрүнүш
                               Мен андыктан: кайра кумар, карма мас…
 
                               Сүйүү кызык, сүйүү таттуу бир башка
                               Кимдер сүйбөйт дени таза жаш чакта, –

деп акын өз жашоосуна ыраазы, өзүн бактылуу сезип жашоосун улантты.

3-суроо:

 Бактылуу турмушта жашаган акын “Эч мынчалык  ууланбаган жүрөгүм” деп кайгыга батты, эмне үчүн?  Окуучулар ыр менен жооп айтышат:

                               …Торуй басып тосуп, чыгып жолумдан,
                               Бурай кармап, майыштырып оңумдан,
                               Жаш өмүрдө жаңы бөбөк көрөөрдө
                               Таш боор өлүм тартып кетти колумдан…
 
                                 Күндөр болду ырас, аздым жүдөдүм
                                  Эртесинде кайра унутуп күлгөмүн,
                               Бирок чиркин, бөбөк деми күч экен,
                                 Эч мынчалык ууланбаган жүрөгүм…

 

                                      Өлдү бөбөк жүргөн каны токтогон,
                                        Бир жылт этип өчкөн чырак окшогон…
                                        …Энесиндей эссиз эмес болуучу
                                         Атасындай кекчил эмес болуучу…

Акын ата-энесинин мээримин көрбөй чоңоюп, эми эле наристелүү болуп ага болгон мээрими ченемсиз болуп турганда 15 күндүк болуп, кызы Жыпардын чарчап калышы Алыкулдун жүрөгүн сыздатып бул чоң жоготууга каңырыгы түтөп кайгырды. Кайрадан үй-бүлөнүн ыркы кетти.

                               (Убакыт жетишсе “Бөбөккө” ыры толук окулат)

                               Окуучулар өз ойлорун айтышат

                               Мен ойлодум, терең ойго малындым,
                               Ортосунда ушул эки жалындын,
                               Байкоо кылбай кумсарганын алам деп
                               Өктө калып өмүрлүккө жаңылдым.

Акындын ар бир жазган ырында  өзүнүн өмүр таржымалы, жеке тагдыры катылып жаткансыйт дешет окуучулар.

                               Сүйбөйм сени: түбөлүккө муздадым,
                               Бирок анын себептерин билбеймин.
                               Кош сүйгөнүм, коштошордо жалынба,
                               Сен жакшы элең мен сүйө элек чагыңда,
                               Ак сүйүүдөн көңүл калуу көп экен,
                               Отуз жаштын улам аркы жагында.

Ошентип, Алыкул Жыпарынан да, үй-бүлөсүнөн да ажырады, жалгыз калды.

Төртүнчү жоготуусу эмне?  Байкагыла, айткыла –

Ал акындын ден соолугу дешет  окуучулар. Чындыгында, акын жаштыгында эле ден соолугунан  ажыраган. Ошондуктан акын аз жашады.

Окуучулар төмөнкү ырларды көркөм окушат

Көркөм окуу:

1-окуучу:        Оруулуу акын
                               Ойго жакын
                               Ооруп алсыз олтурат.
                               Акын, акын
                               Акын баркын –
                               Өлүм билбей кол сунат
 
                               Оорулуу акын
                               Сөздөрү алтын
                               Алсыз, жалгыз олтурат.
                               Оорулуу акын
                               Соолук баркын
                               Эми билип тамшанат…
 
2-окуучу:        Мен өзүмдү үй сыртынан тыңшасам,
                               Курс, курс эткен оор жөтөл үн чыгат…
                               Бүткөн  экен кайран өмүр, кайран жан…
                               Деп жалооруп, көңүлүм шондо бир сынат.

“Кыргыздын эч бир акынынын поэзиясында Осмоновдукундай  өмүр, өлүм, оору жөнүндө курч жазылган ырлар жок,” – дейт сынчы Камбаралы Бобулов.

3-окуучу:              Түн жарымда мени уйкумдан чочутуп
                                – К – и – м  ой бул?
                               Тереземди тырс, тырс урган,
                               Тырс урган?
                               – Учук оору, сен белемсиң?
                               Болду эми жетет, ары кет!
 
4- окуучу:       Мен өзүмдү бир кылымдан карасам
                               Тээ алыста чаң ызгыткан шаң чыгат
                               Өлбөстүктүн өжөр эркин талашкан
                               Эрдигине нечен тирүү жан чыгат – дейт  оптимист акын.

         Алыкул өлүм менен беттешип, оорусу менен алпурушуп жүрүп өлүмдүн эң кымбаттыгын, табылгыс экендигин түшүнөт, баркын аябай сезет ошондуктан  акын:

                              Мен кетсем да: тирүүлүктүн көзү бар,
                               Мен бүтсөм да:тирүүлүктүн өзү бар,
                               Бирок мага табылбачуу эч качан,
                               Тирүүлүктүн:
                              – Эң бир, эң бир
                               Жанды ысыткан сөзү бар,  –  деп баалайт.

          Ошентип, Алыкул өмүрүнүн акыркы көз ирмемине чейин, өзүнүн өлбөс поэзиясы менен кыргыз адабиятынын баркын бийик көтөргөн ырларын жазып келди. Ошон үчүн ал өлүмдөн корккон жок, ага тике карады, ал бул дүйнөдөн көзү өтсө да, жазган ырлары өз элинин оозунан түшпөй жүрөрүнө ишенген да, чоң ишенич менен келечектеги муундарга (силерге) төмөнкүчө кайрылган.

                                                                                              

Таштан болор, кумдан болоор төшөгүм

Аз болсо да, сыртта калаар сөздөрүм

Өлсөм дагы жара тээп мүрзөмдү

Буудан болуп таскак салып өтөрмүн

          Ошентип, Алыкул  35 жыл гана жашады, анын өмүрү ушунчалык кыска болду, ал 1950-жылы 12-декабрда учук оорусунан каза болду. Бирок  анын экинчи өмүрүнүн сапары уланып жатат.

Мурас кылып, өз элине эң сонун ырлар, поэмалар, пьесалар жана Батыш менен Чыгыштын улуу акындарынын поэзиясынын котормолорун калтырды.

Алыкул  өз ырларында дүйнөлүк адабияттын алптары менен да сүйлөшүп, үзөңгүлөш болгон.

Мисалы көркөм окулат:

                               Сен неге  үчүн өз-өзүңдөн кирдейсиң,
                               Ооруу-соо деп мени экиге иргейсиң?
                               Сен неге үчүн ооруу экеним унутуп,
                               Ооруп жатып сүйлөшкөнүм билбейсиң
 
                               Сен неге үчүн бошоң тартып кирдейсиң,
                               “Мен сендей” деп мени алсызга иргейсиң ?
                               Аалам алпы Шекспирдей күч менен
                               Ооруп жатып  ыр жазганым билбейсиң?

Суроо: Акын Гёте, Гейне, Шиллер, Шекспирдей дүйнөлүк алптар менен бетме-бет чыгып, күч сынашат. Анын натыйжасы кандай болду? (окуучулардын ойлору суралат)

Мугалим көркөм окуйт:

                               Ойлойм да ойго батып бекер турбайм,
                               Пушкинден , Шота абамдан акыл сурайм,
                               Жок дешпейт, мындай дешип айтып берет,
                               Кайрадан көбүн оңдойм, иргийм, ылгайм.

Суроо: Акын бул ырында Пушкин менен Шотого ыраазы болуп, аларды алкап жатпайбы, эмнеге?  (ойлор, ойлор жана ойлор)

Мугалим:            Ал кезде мен отурдум үйдө жалгыз,
                               Ойлордон ойго батып, түпсүз-сансыз.
                               Аттиң ай, бир чоң килем соксом ээ дейм,
                               Бир четин мүлдө кыргыз көтөрө алгыс.
 
                               Мен барармын, кыш соңунда барармын,
                               Кыш бүткөнчө ушул жерде калармын.
                               Келген-кеткен конуп түнөп өтсүн деп,
                               Төрт бөлмөлүү ырдан бир там салармын, – деп өзү жогоруда силер айткандай, чоң жоготууларды баштан кечирип, оорунун айынан азап тартып, саналуу  күндөрү  калганын сезип-туюп  Алыкул “Ырдан төрт бөлмөлүү үй куруп, бир четин мүлдө кыргыз көтөрө алгыс, ырдан килем токуп” өз элине калтырып кетти.

Ошентсе да акын: Мен уялам мына мындан уялам,

                      Көзгө толоор бир чоң эмгек кылбагам! – деп, өз чыгармачылыгына канааттанбай: уялат. Себеби Алыкул  чыгармаларына, өзүнө башкалардан бөтөнчө мамиле кылган акын. Ошон үчүн

                               Мен турмушта сараң ач көз эмесимин,
                               Өктө кылып, “ай”!” аз бердиң дебесмин.
                               Байлык, үй жай, ден соолуктан ардактуу,
                               Мага берсе, эки сабак ыр берсин…   –    дейт, дагы бир ырында.
                              
                               Жакшы ыр жазсам: бутунан өөп жөнөтөм   
                               Жаман ыр жазсам: көз жашымды көлдөтөм – дейт кайталангыс талант Алыкул Осмонов.  “Танса жаштан танган, ырдан танбаган,  ыры жок өмүрүнө канаттанбаган, ырына бир да жолу калп айта албаган, акын керемет ырлары аркылуу окурмандардын жүрөгүнө ажайып көркөмдүктү тартуулап, бул дүйнө менен коштошуп кете берди.

Бышыктоо:  Алп акын Алыкулдан алган сабагыңар?

Окуучулар…

  1. Акындын ырларынын таасирдүүлүгү, таң калтырып келет.
  2. Эмгектенүүнүн баркын түшүндүм
  3. Ден соолук, өмүр, тирүүлүк жөнүндө ойлонууга түрткү болду.
  4. Адам өзүнө-өзү талап коё билүүсү керектигин түшүндүм.
  5. Акындын ырлары гана эмес, анын өмүрү, баскан жолунан да үлгү алууга болот. Ал – оптимист акын
  6. Мен Алыкулдан Ата журтту сүйгөндү үйрөндүм.
  7. Мен сүйүү эмне экендигин түшүндүм ж.б.

Үй тапшырмасы:

Окуучуларды үч топко бөлүп, ар бир топко өз-өзүнчө тапшырма берилет да, долбоор түзүп, презентацияга даярданып келүү тапшырылат.

1-топ:  “Сүйгүм келет жан жандырып жаш болуп”
            Сүйүү темасы Алыкулдун чыгармачылыгында.

2-топ:   “Токточу өмүр, токточу өмүр токтой тур”

Өмүр, өлүм, жашоо-турмуш тирүүлүк жөнүндөгү филасофиялык ырлары.

3-топ:  “Сен ооруба, мен ооруюн Ата журт”

Мекен темасы Алыкул Осмоновдун чыгармаларында

Топторго атайын критерийлер таратып берилет  Кийинки сабак үч топтун  презентациясы менен башталат да, топторго атайын орундар берилет б.а.  топтор мелдешет.

Райхан Абдуллаева, И.Арабаев атындагы КМУнун доценти,Окутуунун жаңы технологиялары кафедрасынын башчысы. 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*