ЫСЫК-КӨЛДӨ БОРБОРДУК АЗИЯ УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАЙКЫ ЛАГЕРИ АЧЫЛДЫ

 

18-июнь күнү Ысык-Көлдүн жээгинде, Корумду айылында Борбордук Азия  Университетинин (БАУ) алгачкы жайкы лагери ачылды. Лагердин ачылышына аталган университеттин жетекчилигинен Шамш Кассим-Лакха, Арифф Качра, Билим берүү жана илим министринин орун басары Адилет Бекбоев, Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси О. Рахимов катышып, сөз сүйлөшүп, окуучулар менен кеңири пикир алышты.    

Лагерге Тажикстандан, Кыргыз Республикасынан жана Казакстандын  мектептеринен келген 80 мыкты  10-класстын окуучулары катышууда. Аларга уникалдуу билим деңгээлин жогорулатуу тажрыйбасы сунушталып, англис тили жана математика боюнча жөндөмдөрүн өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү менен бирге жергиликтүү жана эл аралык университеттерге тапшыруу боюнча керектүү колдоо көрсөтүлүүдө. Лагердин катышуучулары-жалпысынан 850 талапкердин арасынан тандалып алынган Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү мектептердин эң мыкты окуучулары болуп эсептелет.

БАУнун жайкы лагери 2015-жылдын 7-июлуна чейин өтөт. Лагердин окутуу программасы сабактарды жана башка билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн камтыган жүгүртмөгө ылайык өткөрүлүүдө. Катышуучулар күнүнө үч саат англис тилин, бир саат математика окушат. Мындан тышкары, катышуучуларга  университеттерге тапшыруу, кесип кызыкчылыгына ылайык окуу программасын тандоо жана университеттерге тапшырууга даярдануу боюнча атайын семинарлар жана маалыматтар сунуштууда. Спорттук иш-чаралар, сахна оюндары, дебат жана экскурсиялар, лагерь катышуучуларына англис тили боюнча жөндөм жана билимдерин практикада колдонуу, башка катышуучулар менен тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө.

М.Токторов,

“Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*