АБИТУРИЕНТ 2015: ДАЯРДЫК КАНДАЙ?

23-июнда Билим берүү жана илим министрлигинде жогорку окуу жайлардын ректорлору менен абитуриенттерди кабыл алууга даярдык боюнча кеңешме өткөрүлдү.

Босого балл 110дон төмөн болбойт

Кеңешменин жүрүшүндө министр Эльвира Сариева жогорку окуу жайлардын жетекчилерине босого балл 110 баллдан төмөн түшүрүлбөй тургандыгын жана предметтик балл 60 балл экендиги тууралуу  активдүү маалымат берүүнү эскертти.

«Биз баардык орто билим берүү мектептерине маалымат берип, бүтүрүүчүлөргө босого балл 110 балл экендигин эскертүү менен сиздерге жардамга келдик. Калган иш силердин колуңарда» – деди министр.

Быйылкы жалпы республикалык тестирлөөдө 110дон жогорку балл алган абитуриенттердин саны былтыркы жылга караганда  көп. Тест сынагын өткөргөн мекеменин алдын ала маалыматына караганда, жогорку окуу жайга өтүү үчүн талап кылынган балл алган абитуриенттердин саны жалпы республикалык тестке катышкандардын элүү пайызынан көп болду.

ЖОЖдорго кабыл алуунун графиги бекиди
DSC07236

Жогорку окуу жайлардын жетекчилери менен болгон кеңешменин жүрүшүндө билим берүү жана илим министри Э.Сариева ЖОЖдордун жетекчилерине 2015-2016-окуу жылына карата абитуриенттерди кабыл алуу графигин бекитип берди жана ошол графикке жараша иш алып барууну тапшырды.

Бекитилген иш тартибине ылайык, абитуриенттерди жогорку окуу жайларына кабыл алуу жана каттоо иш-чараларын 7-12-июль, 14-19-июль жана 21-26-июль күндөрү өткөрүү пландалууда.

Аталган окуу жылындагы жогорку окуу жайларына кабыл алуу графиги өткөн жылдардагы графиктен айырмаланып, абитуриенттер жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттала турган болду.

«Мындай тартип жогорку окуу жайлардын кызматкерлери үчүн бир аз ыңгайсыз болот, бирок биз ата-энелер коомчулугун дагы эске алышыбыз керек. Иштеген ата-энелер окууга тапшырып жаткан балдарын коштоп барат, биз аларга тиешелүү шарттарды түзүшүбүз керек» – деди министр Э.Сариева.

Абитуриенттерге маалымат жеткиликтүү эмес

Аталган кеңешмеде министр бир катар жогорку окуу жайлардын жайкы кабыл алуу өнөктүгүнө карата кабыл алуунун эрежелери, факультеттер, адистиктер жөнүндө жетиштүү маалымат берилбей жатканын сынга алды. Атап айтканда, тийиштүү маалыматтар көп окуу жайлардын сайттарында жокко эсе.

Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева Кыргыз архитектура, курулуш жана транспорт университетиндеги кабыл алууга даярдыктын деңгээли менен таанышып келди.

Сүрөттө: Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева 23-июнда Кыргыз архитектура, курулуш жана транспорт университетиндеги кабыл алууга даярдыктын деңгээли менен таанышып келди.

 

 

“Көп ЖОЖдор өздөрүнүн сайттарына кабыл алуунун эрежелери, негизги талаптар жөнүндө маалымат коюшкан эмес.  Абитуриенттер бүгүн онлайн режимде жашап жатат, бул маалыматты силердин ар бир студентиңер саналуу сааттын ичинде сайтка коюп кое алат”,- деген министр жогорку окуу жайларынын жетекчилерине бул өксүктү тез арада жоюну тапшырды.

Министр ошондой эле ЖОЖдордун жетекчилерине кабыл алуу комиссиясынын иши жана кабыл алуунун эрежелери жөнүндө маалыматты атайын такталарга да чыгарып, маалымат менен жеткиликтүү камсыз кылуу иштерин активдештирүүгө чакырды.

Антикоррупциялык электрондук жабдуулар толук коюла элек

Министр Эльвира Сариева бир эле учурда ЖТРдын талондорунун штрих-коддорун окуй турган электрондук жабдууларды коюу жөнүндө министрлик берген буйрукту көпчүлүк окуу жайлар аткарганын белгиледи. Мындай жабдууларды коюу Коргонуу Кеңешинин билим берүү тармагындагы системалуу коррупцияны жоюу боюнча чыгарган сунуштарында да каралган эле.

ЖТР сертификатынын штрих-коддорун окуй турган электрондук жабдуу азыркы учурда 23 мамлекеттик окуу жайга коюлду. Кабыл алууда  ЖРТ  талондору колдонулбай турган төрт окуу жайда (Дене тарбия академиясы, Искусство институту, Улуттук Консерватория жана Улуттук көркөм академия) мындай электрондук эсептегичтер коюлган жок. Бул  тизмеге ИИМ Академиясы менен Аскердик Институт да кошулду, анткени аталган окуу жайларда абитуриенттерди кабыл алууда дене-тарбиялык сынактардын натыйжалары эске алынат. Бирок мындай жүйөлүү себептер жок болсо деле электрондук жабдууларды алуу жөнүндө министрликтин тапшырмасы Нарын мамлекеттик университетинде жана ТИМдин Дипломатиялык академиясында аткарылган эмес.   Эгер аталган жогорку окуу жайлары 7-июлга чейин министрликтин талабын аткарбаса, анын жетекчилери тартиптик жаза алышарын министр эскертти.

ЖОЖдордо юридикалык статустагы структуралык бөлүмдөр жоюлууда

DSC07230

 

 

 

 

 

 

 

 

Билим берүү жана илим министрлигиндеги кеңешмеде жогорку окуу жайларда өзүнчө юридикалык статустагы структуралык бөлүмдөрдү жоюу жөнүндө министрликтин чыгарган буйругунун аткарылышы да каралды. Бул маселе мамлекеттик окуу жайларындагы финансылык каражаттардын жакшы көзөмөлгө алынбай жатканына байланыштуу козголуп, ушул жазда жогорку билим берүү программасы менен иштеп жаткан структураларды юридикалык статусу жок кылып кайра түзүү жөнүндө тапшырма берилген.

Министрликтин колундагы маалыматка караганда, бүгүнкү күндө 22 окуу жайында юридикалык статуска ээ болгон өзүнчө окуу структуралары жок. Калган тогуз окуу жайынынын ичинен алтоондо министрликтин тапшырмасы аткарылды. Анын ичинде БГУ, ЖАГУ, ОшТУ, КМТУ, КГУСТА, КМУда толугу менен аткарылды. Кыргыз улуттук университети, БатМУ жана Эл аралык университетте бул талаптын аткарылышы көзөмөлгө алынат.

 

К. Чекиров, “КБ”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*