БАЛДАРЫБЫЗ ТОК ЖҮРӨТ


Башталгыч класстын окуучулары бир чыны чай менен токочтун ордуна эми ошол эле акчага жакшы тойгудай ысык тамак ичишет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинде мектептеги түшкү тамактын сапатын жакшыртуу боюнча аткарылган иш-чаралардын жыйынтыгын талкуулаган жолугушууда айтылды.

Мектеп тамагы эми гана жакшыра баштады

Билим берүү жана илим министрлиги РФ Өкмөтүнүн каржылык, техникалык колдоосу менен БУУ Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында акыркы эки жылдан бери республикабыздын 700дөн ашык мектебинде башталгыч класс окуучуларынын түштөнүүсүн жакшыртуу, тагыраак айтканда, ашканаларды заманбап жабдуу, көмөкчү чарбаларды түзүү, ашпозчуларды даярдоо жана азык-түлүктөрдү байытуу боюнча жаңы программанын алкагында бир катар комплекстүү иш-чараларды жүргүзүп келген. Айрыкча, сатылып алынуучу азыктардын сапатына, мектеп ашканаларындагы тазалыкка, ашпозчуларды атайын даярдыктан өткөрүүгө басым жасалган.

Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева пилоттук программа ийгиликтүү ишке ашкандыгын, мамлекет жумшаган каражатка бир стакан чай жана таттуу нан эмес, балдардын ден соолугуна пайдалуу азыктарга бай ысык тамак берүүгө болоорун айтты.

–          Министрликтин Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте мектеп тамагынын сапатын жакшыртуу багытында аткарган ырааттуу иш-чаралары ойдогудай натыйжага жеткирди. Эми биз бардык мектептерди акырындап ысык тамак берүүгө өтөбүз, – деди министр.

Элвира Сариева жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ата-энелер балдардын жакшы тамактануусуна кызыкдар экендигин билдирип жатышкандыгын жана ошондой эле бул багыттагы жаңы ыкманын натыйжасында мамлекет жумшаган каражатты үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгүн белгиледи.

Республика боюнча 1-4-класстын окуучуларын шашке тамагы менен камсыздоо үчүн жыл сайын мамлекет тарабынан 475 млн сом бөлүнөт. Учурда азыр 2207 мектеп ашканасы бар, анын 964ү типтүү, 508и – буфет жана 735и – ылайыкташтырылган имараттар. Мектептеги ашканалардын көпчүлүгүндө ысык тамак даярдоого тиешелүү шарт жок болгондуктан, кичинекей бөбөктөр бир чыны чай жана бир таттуу токоч менен гана шам-шум этип алышчу.

Маанилүү беш факты

Программа ишке ашырыла баштаган эки жыл аралыгында пилоттук программага кирген мектеп ашканалары тамак бышырчу плиталар, муздатуучу камералар ж.б. тиешелүү жабдуулар менен жабдылды. Андан тышкары ашкана ашпозчулары даярдалып, толукталды жана балдарга берилген тамак-аштардын сапаты бир кыйла жогорулады.

Алсак, мектеп тамагы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында Россиянын тамак-аштар институтунун адистери иштеп чыккан циклдик меню жана жаңы рацион боюнча уюштурулуп, кичинекейлер ар түрдүү пайдалуу суюк тамак, жеңил салаттар менен тамактана башташты. Ага ашыкча каражат деле талап кылынган жок. Мурда бөлүнүп келген жети сомго ушундай маңыздуу тамактанса болооруна ынанышкан мектеп жетекчилери, ата-энелер бул демилгени ишке ашырууга ынтызарланышууда.

Адистер балдар мектепте бир маал ысык тамак ичишкенден кийин сабакка ынтызарлыгы жогорулагандыгын белгилешет. Алсак, Улуу Британияда ысык тамак ичишкен окуучулар сабакка жакшы көңүл буруп, жетишүүсү үч-төрт эсе жогорулагандыгын байкашкан. Мындай шартта акча да үнөмдөлүп, бир доллар эки доллар экономикалык пайда алып келет. Бул айыл чарба өндүрүшүнүн өнүгүүсүн шарттайт. Алыс барбай эле өзүбүздүн өлкөбүздү алсак, тамак-аш даярдоого жер-жерлердеги фермердик чарбалар өндүргөн азык-түлүктөрүн пайдаланууга шарт түзүлөт. Айылдагы фермерлердин продукцияларын базарга салыштырмалуу бир кыйла арзан алууга болот. Республикабыздын ар кайсы өрөөндөрүнө мүнөздүү өндүрүлгөн продукциялар бар, мисалы, Таласта төө буурчактан жасалган азыктарга басым жасалат. Төө буурчактын ден соолукка пайдасы баарыбызга маалым. Ал эми ашканаларга ашпозчулардын алынышы элет жериндеги жумушсуздукту жоюуга өбөлгө түзүүдө.

Башталгыч класстардын окуучуларына бир маал ысык тамак берүүнүн дагы бир алгылыктуу жагы, эң маанилүүсү десек да болот, бул – туура тамактануу салтын жайылтуу, анын пайдасын ата-энелерге түшүндүрүү. Саламат сакчылыгындагы адистер чайды ашыкча ичүүнүн, тез татымдар менен ара-чолодо тамактануунун зыян жактары көп экендигин айтып келишет. Туура тамактанган балдардын дени сак, акылы тунук болоору анык.

Саламат жашоо саамалыгы

Ар бир адамдын ден соолугу, анын менен бирге улуттун саламаттыгы көпчүлүк учурда туура тамактанууга көз каранды. Айрыкча баланын акыл-эси, дене мүчөсү өсүп-жетилип келаткан кезде жеген тамактардын сапаты өтө маанилүү. Демек, бала кичинесинен кандай тамак жеп көнсө, ал ошол өнөкөт адатын өмүр бою сактап калышы толук ыктымал. Мындай адаттардын калыптанышына үй-бүлөнүн жана мектептин таасири күч. Эл аралык эксперттердин маалыматында Кыргызстандагы кедейчилик деңгээли 2013-жылы 37% түзгөн. Демек, тамак-аш тартыштыгы эң курч социалдык маселенин бири бойдон калууда. Аймактарда жүргүзүлгөн иликтөөлөр көрсөткөндөй, кээ бир үй-бүлөнүн күнүмдүк тамагы нан, чай менен чектелет. Андыктан балдарды мектепте тамактандыруу менен аларды социалдык коргоого алууга кепилдик берилет.

Адистер белгилешкендей, мектепке курсагы тойбой келген балдардын башкаларга салыштырмалуу башы, ичи көп ооруп, суукка тез урунат жана чарчаңкы абалда болушат. Атайын изилдөө жүргүзүшкөндө эртең мененки тамагын тое ичкен балдардын 17,5 пайызы башка теңтуштарына караганда математикадан жакшы баа алышканы аныкталган.

Балдардын келечегине кайдигер карабаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ата-энелер мектеп тамагын жакшыртуу багытында бир топ иш-чараларды көрүштү. Бир эле мисал, Кадамжай районунун борборунан 80 километр алыстыкта жайгашкан Совет айылындагы №21 Кан мектебинин жетекчилиги долбоорго катышууга ынтызар болуп, типтүү эмес мектебинде ысык тамак уюштуруу үчүн кыштын кыраандай суугуна карабай, суу түтүктөрүн киргизип, ашканасын талапка ылайык жасалгалашты. Заманбап ашкана шаймандары менен жабдылган ашкана азыр окуучулардын сүйүктүү жайына айланды. Балдарга зор пайда алып келген долбоорду ишке ашырып, ушундай кубаныч тартуулаган өнөктөштөргө ыраазы болушууда.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы  директору Рам Сараванамутту аталган долбоор балдардын келечекке көз карашын өзгөрттү деп эсептейт. “Сузак районундагы мектептин бир окуучусу туура тамактануу боюнча маалыматтар менен таанышып чыккан соң, келечекте диетолог болууну каалагандыгын билдирди”, -дейт директор мырза.

Мектеп тамагы программасынын алкагында жер-жерлерде жакшы саамалыктар башталды. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлик өкүлдөрү мектепке көмөкчү чарба уюштурууга жардам берүүгө белсенип киришүүдө. Алар мектепке атайын жер тилкелерин бөлүп беришип, мектеп ашканасын жогорку сапаттагы азык-түлүктөр менен камсыздоого кызыкдар. Жалал-Абад облусундагы Сартбаев атындагы мектептин жарактан чыгып калган ашканасынын ордуна айыл эли ашар ыкмасы менен жаңы ашкана куруп берген.

Өткөн окуу жылында пилоттук программанын алкагында Талас облусунун Талас жана Бакай-Ата райондорунда кенже класстын балдары 100 пайыз ысык тамак менен камсыз болушкан. Ага кошумча райондук программа иштелип чыгып, бир катар мектепте ысык  тамак уюштуруу иштери жергиликтүү бийлик менен бирге каржылоо шартында ишке ашууда.

БУУ ДАП тажрыйбалары

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы кедейчилик менен күрөшүү боюнча алдыңкы орунду ээлейт. Аталган программанын алкагында учурда 60 мамлекетте мектеп тамагы уюштурулган. Дүйнө жүзү боюнча күн сайын 330 млн бала мектепте акысыз тамактанат. Бир маал ичилген ысык тамак баланын билим алуусуна шарт түзүп, аны “кара жумуштан” сактап калат.  Программанын негизги жүргүзгөн саясаты – келечекте ар бир мамлекетти мектеп тамагын өз алдынча уюштурууга жетиштирүү. Ал үчүн ар бир өлкөдө укуктук-нормативдик база түзүлүп, ар бири өз алдынча каржылоого жетиши абзел. Акыркы 45 жыл аралыгында мектеп тамагы программасы 38 мамлекетте өз алдынча туруктуу иштөөгө багыт алган. Алардын катарына Сальвадор, Бразилия ж.б. кошууга болот. Алсак, Бразилияда мектеп тамагы программасына өлкө боюнча 43 млн бала тартылган. Азыркы кезде мамлекет балдарды азыктандырууну өз колуна алган.

Мектепте ысык тамак уюштуруу кеңири кулач жайды

Назгүл Мусаева, КР Билим берүү жана илим министрлигинин Мектеп, мектепке чейинки жана мектептен сырткары билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси:

2013-жылдын март айынан тарта “Кыргыз Республикасында мектеп тамагын оптимизациялоо” программасы ишке кирген. Аталган программага чейин мектептердин болгону 10% ысык тамак менен камсыздаган болсо, азыр бул көрсөткүч 35%ге жетти.

Мектеп ашканаларын заманбап жабдуулар менен камсыздоого БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (262 мектеп), Мерсико (71 мектеп) сыяктуу донорлор каражат бөлүп беришкен. Чүй облусунун Кемин жана Талас облусунун Бакай-Ата райондорунда ысык тамак боюнча райондук программа иштелип чыгып, натыйжада бардык мектептер ысык тамак менен камсыз болушту.

Башталгыч класстардын окуучулары үчүн ысык тамакты туура уюштуруу менен биз балдарга социалдык колдоо көрсөтө алабыз. Себеби алыскы жана тоолуу аймактарда, деги эле айылдарда балдардын баары эле витаминдүү азыктар менен тамактана алышпайт. Буга бир чети алардын үй-бүлөлүк социалдык абалы кедерги болоору жашыруун эмес.

Бизди кубандырганы, бул программага катышууга жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, ата-энелер да кызыкдар болушуп, өз салымдарын кошууга дилгир болушууда. Бир катар райондордо жергиликтүү бийлик, коомчулук өз салымдарын кошуп, балдарга ысык тамак уюштуруу жакшы колго алына баштады. Алсак, 455 мектептин ашканалары акырындап ысык тамак жасоого ылайыкташтырылып, 2207 мектептен азыркы учурда 700 мектептен ашыгы ысык тамак менен камсыз болду.

Бул багыттагы тажрыйбаларга таянып, донорлордун колдоосу менен мектеп тамагын туура уюштурууга, бардык мектептерди камтууга жетишүүбүз керек. Бизге кээде ушул керек беле, балким буга кетирген каражатты жетишпей жаткан окуу куралдарын даярдоого жумшаган туура болуп жүрбөсүн деген да пикирлерди айтышат. Чындыгында балдардын баарында эле мектепке эртең менен тамактанып келүүгө шарттары жок экендигин унутпашыбыз керек. Медициналык адистердин пикири боюнча рационалдуу тамактануу – балдардын жалпы эле ден соолугуна түз таасир этет. Пайдалуу, сапаттуу азыктарды жеген балдардын организми жакшы жетилет.

Ал эми тамакка бөлүнгөн акчаны биз башка максатка жумшоо тууралуу айтаарыбыз – бул каражат өзүнчө статья менен бөлүнгөндүктөн, аны башка жакка жумшай албайбыз.

Тилекке каршы, айрым мектептердеги абал санитардык нормаларга дал келбегендиктен, балдардын ден соолугуна кооптуу абал жаратпаш үчүн, ал окуу жайларда талаптагыдай шарт түзүп алып анан кийирүү максатка ылайык. Долбоор аяктагандан кийин абал кандай болот деп кооптонгондорго айтаарыбыз – долбоордун каражаты зарыл болгон шарттарды түзүүгө жумшалууда, ал эми ысык тамак уюштурууга каражатты мамлекет бөлүштүрөт.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кутбилим”

Жылдызкан СУЛТАН кызы,

практикант

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*