А.Атамбаев: “ЖАӉЫ МУУН МАМЛЕКЕТТИ ӨНҮКТҮРҮҮЧҮ КҮЧ БОЛОТ ДЕП ИШЕНЕМ”

 

Жалпы республикалык тестирлөөдөн эӊ жогорку балл топтогон  54 бүтүрүүчүгө Президент Алмазбек Атамбаев алтын сертификаттарды тапшырды.

 

Салтанат 25-июнда Мамлекеттик резиденцияда өтүп, мамлекет башчысы алтын сертификатка ээ болгон бүтүрүүчүлөргө Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, планшет жана 10 миӊ сомдон акчалай сыйлык тапшырды. Президент бүтүрүүчүлөрдү алгачкы ийгилиги менен куттуктап, бүгүнкү бүтүрүүчүлөрдүн колунда мамлекеттин келечеги тургандыгын өзгөчө белгилеп өттү.

— Урматтуу жаш мекендештер, бул ийгилик силерге оӊой-олтоӊ келген жок. Силер өз келечегиӊерге азыртадан кам көрүп жатасыӊар. Алтын сертификат алган ар бириӊер каалаган окуу жайына, каалаган адистикке сынаксыз өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болдуӊар. Силерди көп жолдор күтүп турат. Менимче, силер каалаган кесибиӊерди буга чейин эле тандап алгансыӊар, бирок келечекте ал дагы өзгөрүп калышы мүмкүн, — деди мамлекет башчысы.

Мамлекет башчысынын айтымында, республикада учурда айыл-чарба, энергетика, туризм, жеӊил өнөр жай жана техникалык инженердик адистер жетишсиз жана бул кесиптердин келечеги кеӊ. Себеби Кыргызстан эгемендүүлүктү алган жылдары жаштардын көбү юридикалык, экономикалык адистиктерге ооп кеткен. Энергетика жана өнөр жайда жалаӊ совет мезгилинде окууну бүткөн адистер иштеп калган. Азыр көбү пенсияга кетип жаткандыктан, алардын ордун ушул жаштар толукташы керек.

— Кыргызстанда жакынкы арада энергетика жана өндүрүш өнөр жайы, темир жол куруу боюнча чоӊ долбоорлор иштеп баштайт. Азыр жогорку технология чөйрөсүндө адистер абдан зарыл. Кыргызстанда мындай адистерди даярдоо жана башка мамлекеттерге дагы даярдап берүү мүмкүнчүлүгү бар. Жакында мен ГУГЛдун директору менен жолугуштум. Ал ГУГЛдун борбор-азиялык филиалында биздин балдар дагы иштеп жаткандыгын айтты. Бизди дайыма болмуш аӊ сезимди аныктайт деп окуткан, бирок азыр тескерисинче болуп калган  учурлар дагы кездешет. Булгаков айткандай, балакеттин баары баштан башталат, анын айтканынан улам өнүгүү дагы баштан башталат деген жыйынтык чыгарса да болот, — дейт А.Атамбаев.

Иш-чарада мамлекет башчысынын демилгеси менен  региондордон ЖРТдан жогорку балл топтогон 16 бүтүрүүчүгө дагы баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

 

Мыктылардын мыктысы

Жалпы республикалык тестирлөөдөн эӊ жогорку баллды Бишкек шаарындагы №61 окуу-тарбия комплексинин бүтүрүүчүсү Вадим Курочкин топтогон. Ал тесттен 236 балл алган. Вадим Курочкин Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматына берген маегинде эӊ көп балл топтойм деп эч ойлобогондугун жана ал үчүн мындай ийгилик күтүүсүздөн болгондугун билдирди.

«Чынын айтканда, бул мен үчүн абдан күтүлбөгөн нерсе болду. Биздин мектеп дайыма онго жакын алтын сертификат алат. Бирок алардын ичинде эӊ көп балл меники болот деп ойлогон эмесмин. Менин бир топ классташтарым 230-235 балл топтоптур. Ошондуктан анчалык деле айырма жок», — дейт Вадим. Вадим эӊ жогорку балл топтоп, алтын сертификатка ээ болгону менен, Москвадагы Жогорку экономика мектебинен билим аларын, бирок сөзсүз кайра мекенине кайтып келип, мамлекетине алтын сертификаттан дагы чоӊураак нерсе калтыруу тилеги бар экендигин билдирди.

 

 

Кайсы мектеп алдыда?

Жалпы республикалык тесттен жогорку балл топтоп, эӊ көп алтын сертификат алган  Бишкектеги №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин бүтүрүүчүлөрү болду. 54 мыкты окуучунун ичинен 18и ушул мектептин бүтүрүүчүсү. Эӊ көп баллды дагы ушул мектептин бүтүрүүчүсү топтогон. Андан кийинки орунда №67 окуу-тарбиялык комплекс мектеп-гимназиясы жана Кыргыз-Орус Славян университетинин алдындагы орто мектеп турат. Бул мектептерден үчтөн окуучу алтын сертификатка татыктуу болду. Бишкектеги №13, 29 жана А.Токомбаев атындагы мектептерден экиден окуучу алтын сертификатка ээ болсо, Кара-Балта шаарындагы №6 мектеп-гимназиясынын, КММАнын алдындагы лицейдин экиден окуучусу алдыга озгон. Алтын сертификатка татыктуулардын арасынан региондордогу жана Бишкек шаарындагы түрк лицейлеринин окуучулары сан жагынан алдыда. Борбордогу №12, 37, 70, 65, 17 мектептерден жана “Илим” билим берүүчү комплексинен бирден окуучу алтын сертификатка ээ болду.  Андан сырткары алыскы жана тоолуу райондордогу мектептерден дагы алдыга озуп чыккандар бар. Нарын шаарындагы Субакожоев атындагы лицейден бир окуучу чыкса, Өзгөн районундагы Конкошев атындагы мектептен бир окуучу, Ысык-Көл кыздар окуу комплекс-лицейинен бир, К.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинен бир, Балыкчы шаарындагы №1 мектеп-гимназиясынан бир окуучу алтын сертификат ээлеринин катарын толукташты.

 

 

Тесттин жыйынтыгы кандай?

Быйыл жалпы республикалык тестирлөө 18-майдан 23-майга чейин өтүп, ага 52013 абитуриент катышты. Анын 25135и босого чектен жогору балл топтоп, жогорку окуу жайына тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору бул акыркы маалымат эмес экендигин билдирет. Анткени учурда ар кандай себептер менен тестирлөөгө кечигип катышкан 1035 абитуриенттин тестинин жыйынтыгы чыгарыла элек.

— Бишкек шаарынан  841, Ош шаарынан 194 абитуриент жалпы республикалык тестти кечигип тапшырды. Азыр алардын жыйынтыгы чыгарыла элек. Ошондуктан азыркы маалыматтар дагы толукталат, — дейт Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директорунун орун басары Чынара Батракеева.

ЖРТнын жыйынтыгы боюнча босого чектен өткөн абитуриенттердин саны жылдан жылга азайып келе жаткандыгына карабастан, Билим берүү жана илим министрлиги быйыл жогорку окуу жайына негизги тесттен 110, предметтик тесттен 60 баллдан жогору балл топтогон абитуриенттер гана кабыл алынарын жыл башынан бери эле эскертип келет. Бул чек бардык окуу жайлар үчүн, анын ичинде мамлекеттик жана жеке менчик жогорку окуу жайлары үчүн бирдей күчкө ээ. Бюджеттик да, контракттык бөлүмдөргө тапшыруу да ушул эреже менен жүрөт.

Бирок быйыл жалпы республикалык тест жакшы жыйынтык берип, былтыркыга салыштырмалуу босого баллдан жогору балл топтогон абитуриенттердин саны көп. Былтыр жалпы республикалык тестирлөөгө республика боюнча 51931 абитуриент катышса, анын болгону 18000и босого чектен жогору балл топтогон. Быйылкы тестирлөөгө катышкан 52013 абитуриенттин 25 миӊден ашууну, тактап айтканда 48% босого чектен жогору балл топтоду.

Абитуриент тандаган адистигине тапшыруу үчүн негизги тесттен сырткары предметтик тест дагы тапшырып, андан 60 баллдан жогору балл топтошу талап.  Быйыл ЖРТга катышкан абитуриенттердин басымдуу бөлүгү предметтик тесттен тарыхты тандашса, эӊ аз тандалган предмет физика болгон. Бирок, тилекке каршы, бул предметтерди тандаган абитуриенттердин жарымынан көбү тийиштүү бал топтой албай калган. Мисалы, тарыхты  тандаган 24881 абитуриенттин болгону 10741 тийиштүү балл топтосо, физиканы тандаган 7034 абитуриенттин 2560 гана жогорку балл топтой алган. Биология предметин тандаган 17900 бүтүрүүчүнүн 9625 гана 60 баллдан жогору топтогон. Химияны тандаган 14290 окуучунун 4407 тийиштүү балл алса,  математиканы 12213 окуучу тандап, анын 4270 гана тийиштүү балл топтогон. Англис тилин тандаган окуучулардын гана басымдуу бөлүгү тийиштүү балл топтогон.

 

Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим”

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*