ЖАЙЛООДОГУ БАКЧА БАЛДАРДЫ ӨНҮКТҮРӨТ

«Жайлоо бала бакча — 2015» жаңы сезону Чүй облусунун Таш-Төбө айылындагы жайлоодо ачылды. 40 чукул мектепке чейинки жана эс алууга келген балдар  2500 м. деңизден бийиктикте жайгашкан жайлоонун жытын искеп, атка минип, кымыз ичип, Р.Отунбаеванын демилгеси фонду уюштурган иш-чарага активдүү катышып, балалык бакытка бөлөнүштү. Р.Отунбаеванын колунан балдар оюнчук, кеңсе буюмдарын, китептерди белекке алышты. Балдар жазуучусу Жылдыз Акаеванын жомокторун угуп, чий куурчак жасаганга да үлгүрүштү. Күн баткандан кийин тээ бийик тоонун үстүндө, ачык асман, таза абада жер төшөктөргө олтуруп алып, Т.Океевдин «Бакайдын жайыты» киносун көрүп, чер жазышты.

         Тоодон бийик мүдөө

Сезонду ачаардан мурда, Р.Отунбаеванын демилгеси фонду тегерек стол уюштуруп, быйылкы «Жайлоо бала бакчанын» өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат беришти.  Фонддун директору, КРнын экс-президенти Роза Отунбаева өз сөзүндө балдарды маданиятка аралаштыруунун зарылчылыгын жана маанилүүлүгүн, ата-энелердин балдарды кенже курактан тартып өнүктүрүү үчүн шарттарды түзө билишин баса белгиледи.

– Быйыл биз жайыттарда 85 бала бакча ачып жатабыз. Т.Океевдин 80 жылдыгына карата “Бакайдын жайыты” киносун балдарга көрсөтөлү дедик. Бул кинонун духу, анын тарбиялык мааниси эле канча?  Төкөмдүн искусствосу менен балдарды тааныштыралы деп жатабыз. Биздин балдарга тарбия жетпей жатат деп какшайбыз. Мектептерде рэкет, зордук-зомбулук ж.б.у.с. күч алды.  Ошондуктан балдарга эмне керек, кантип балдарды колго алыш керек деген маселе бизди тынчсыздандырбай койбойт. Көп ата-энелер жашоонун айынан балдарын таштап кетип калышууда. Балдарды караган эч ким жок. Ошондой эле балдарды акыркы муундагы технологияны пайдаланганга көндүрүшүбүз керек. Биздин ишибиз абдан маанилүү. Карагылачы, Кыргызстанда 100 миң бала мектепке барбайт деген маалымат жүрөт, мен 60 миң деп айткандан корком. Эгерде бул сан көбөйүп отурса, Пакистандын кейпин кийип калбайбызбы? Ошон үчүн биздин иш келечек үчүн жасалууда. Мугалимдер  эс алууга жайлоого келишсе, жөн эле эс алып, кымыз ичип кетип калбастан, «Жайлоо бала бакчасына» башбагып, билген билимдерин кошо берип кетишсе жакшы иш болмок. Маалыматты кенен таратууда биздин «Кутбилим» деген чоң маалымат каражатыбыз бар. Менимче, мугалимдер биздин иш тууралуу окушса, кайдигер калбайт деген ойдомун, – деди Роза Отунбаева.

Андан соң, Р.Отунбаеванын демилгеси фондунун кызматкери Асылбек Жоодонбеков «Жайлоо бала бакча» долбоорунун бетачарын  өткөрдү. Анын айтымында, Кыргызстанда мектеп жашына чейинки 800 миңге жакын бала болсо, алардын 18% гана бала бакчаларга барууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Бул көрсөткүч айыл жеринде 7-10%ды гана түзөт. Натыйжада балдар мектепке даярдыксыз барып, окуу жетишкендиктери төмөн болууда.

– Жайлоодогу малчылардын балдарын өнүктүрүү максатында, «Жайлоо бала бакчалары» долбоору ишке кирди. Жыйынтыгында 2014-жылы Кыргызстандын жети облусунда 35 бала бакча ачылып, 800гө жакын балдар ар тараптуу өнүгүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Бул жылдан баштап, «Жайлоо бала бакчалары» тоо шартында жашаган балдарды ар тараптуу өнүктүрүү үчүн тоодогу маданий борборго айланат. Быйыл биз долбоордун логотибин иштеп чыктык. Буюрса, ар бир жайлоо бала бакчаларында логотип менен жасалгаланган баннерлер илинет,  – деди А.Жоодонбеков.

Быйылкы жылы жайлоодогу бала бакчаларында моториканы өнүктүрүү, китеп окуу, сүрөт тартуу, оригами, шахмат, көз үчүн гимнастика, эстетикалык тарбиялоо боюнча мастер-класстар, гигиена боюнча санитардык агартуу иштери уюштурулмакчы.

Эң башкысы, улуу кинорежиссер Төлөмүш Океевдин 80 жылдыгынын урматына жайлоолордогу бардык бала бакчаларда ачык асман астында «Бакайдын жайыты» фильми көрсөтүлөт. Жайлоо бала бакчаларындагы иш-чараларды өткөрүүгө Жазуучулар союзу, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, ЖОЖдор, Көркөм сүрөт академиясы, шаардык жана региондук балдар чыгармачылык борборлору, Балдардын жана өспүрүмдөрдүн  улуттук «Сейтек» борбору, «Балажан» республикалык эстетикалык тарбия берүү борбору жана Конфуций институттары катышат. Бардык жайлоо бала бакчалары көркөм адабияттар, дидактикалык өнүктүрүүчү материалдар жана кеңсе буюмдары менен жабдылат.

– Быйылкы дагы бир өзгөчөлүк — И.Арабаев атындагы КМУнун адистери менен бирдикте бала бакчалардын паспорту жана балдарды окутуунун эксперименталдык программасы иштелип чыкты. Бул борборлордо иштей турган тарбиячылар жана жайыт комитеттери тренингден өттү. Жайлоо бала бакчалары тоо шартында жашаган балдарды өнүктүрүүгө өз салымын кошуп жатат. Бул демилге жыл өткөн сайын жергиликтүү калк арасында колдоого ээ болууда. Бул долбоорду ишке ашырууда Кыргызстандын жайыт комитеттери жигердүү өнөктөштөр болуп саналат, – деди долбоордун координатору.

        «Бакайдын жайыты» эми кыргызча сүйлөйт

Таш-Төбө айылындагы жайлоодо балдар бакчасын ачуу аземинде биринчи жолу жайытта Т.Океевдин «Бакайдын жайыты» фильми көрсөтүлдү.

– Бул фильмдин сценарийин да атам жазган. Кинону тартууда бир топ кыйынчылыктар болуптур. Анткени, съемкага вертолет керек болгон. Өзүнүн курч сөзү, күчү менен баарын тастыктап, макулдук алып, анан тарткан экен. Бул кино тээ 60-жылдары тартылса деле азыр ал маанисин жоготкон жок. Көргөн сайын эл көргүсү келет. Демек, бул тасманы киноклассика десек болчудай. «Кыргызфильмден» кинону сурасак жок экен, ошондо мындан 14-15 жыл мурда Россиядан цифрага салып алып келгенбиз. Кийин кинону кыргызчалаттык. Т.Океевдин 80 жылдыгына карата кичинекей белек-комплект жасадык. Буюрса, аны күзүндө көрсөтөбүз, – деди режиссердун улуу кызы Азиза Төлөмүшова.

«Бакайдын жайыты» фильми жай бою бийик тоолуу жайыттардагы балдар бакчаларында ачык асман астында көрсөтүлмөкчү. Бул иш-чара жогоруда белгилегендей, улуу кыргыз кинорежиссеру Төлөмүш Океевдин унутулгус элесине арналат. Эгерде ал тирүү болгондо 11-сентябрда туптуура 80 жашка толмок. Т.Океев дүйнөгө атагы чыккан «Бакайдын жайыты», «Ак илбирстин тукуму, «Кызыл алма», «Уркуя» ж.б. фильмдердин автору.

          Жайыттар комитети — башкы өнөктөш

Статистика боюнча республикада 454 жайыт комитеттери уюштурулган.

– Ар бир жайыт комитети балдар бакчасын ачса эле 454 болуп жатып калат. Бирок айрым жерлердин өзгөчөлүктөрү бар. Маселен, түштүк тараптагы чек арада жайгашкан жайлоолордо бала бакча ачуу кооптуу. Ал эми Чүй жергесинде жайлоолор, жайыттар жакын болгондуктан, малчылар балдарын албай, бой чыгышат экен. Быйыл биз 100 бала бакчаны ачууну пландап жаттык эле. Азыр 85 такталды. Ага хан фонду да 20 ачыптыр, эгерде аны кошсок республика боюнча 105 жайлоо бала бакча ишин баштайт. Нарын облусунда – 23, Ысык-Көлдө – 16, Ошто – 13, Талас облусунда – 11, Жалал-Абад, Чүй жана Баткен облустарында сегизден бала бакчалары ачылып жатат.

Быйыл Нарын мамлекеттик университети окуу жайдын алдында өзүнүн бала бакчасын ачып жатат. Университеттин мугалимдери келип, сабак бергенге мүмкүнчүлүк болот. Ошондой эле Сүрөт академиясы  акыркы курстун студенттерин 5-15-июлга чейин Суусамыр, Чүй, Нарын өрөөнүндө жайгашкан бала бакчаларга 15 студентти жиберип жатышат. Алар ошол жерден өздөрүнүн дипломдук, курстук иштерин жазышат.  Ошол эле кезде балдарга мастер-класстарды көрсөтүп, таланттуу балдардын жөндөмүн ачканга көмөктөшөт. Демек, жайлоодогу балдардын өнөрлүүлөрүн, сүрөткө шыктууларын тандап алууга болот.  Баса, Бактыгүл Тиленбаева жетектеген шахмат борбору менен кызматташып жатабыз.  Анткени шахмат балдардын зээнин, логикасын өстүрөт. Былтыр алгачкы жолу Б.Тиленбаеваны Жети-Өгүздөгү Кызыл-Сууга жибергенибизде, ал төрт жаштагы шахматка жөндөмдүү   кызга жолугуптур. Ал мурун-кийин шахматты көргөн эмес экен. Бирок биринчи жолу эле мугалимдин айтканын илип алып, шахматка дилгир экенин көрсөтө алган. Ал киши абдан таң калып келген. Кичинекей кыздын өнөрүн өнүктүрүү керек экенин айткан болчу. Ушундай таланттарга жол ачышыбыз керек, – дейт А.Жоодонбеков.

          Ийгиликке дем бергендер

– Жайлоо бала бакчаларын ачууну 2006-07-жылдары Ага хан фонду баштаган. Булардын тоолуу аймактарды өнүктүрүү деген долбоору бар. Ошол багытта Нарын облусунда 20 бала бакча ачышкан эле. Ал эми Р.Отунбаеванын фонду бул демилгени былтыртан баштап колго алганбыз. Бизди сындагандар да болду. «Шаарларда, райондордо бала бакчаларды ачалбай жатып, жайлоого кантип ачасыңар?» деген сындар айтылды. А бирок жер-жерлерде иш жүргүздүк. Кээ бир жерлерде бул ишке кайдигер мамиле кылгандар да болду. Ал эми жер-жерлерде жайыт комитеттери, ата-энелер, тарбиячылар бул ишке жакшы маани берген учурларда жакшы жыйынтыктарды алдык. Ош облустук  куурчак театры бар экен, аны Кара-Кулжадагы  Ажыке жайлоосуна алып барганда балдар эмес, ата-энелер ооздорун ачып, таң калуу менен көрүштү. Эмне себептен? Анткени 20 жылдан бери малчылар мындай жаңылыктарды көрө элек экен. Биз мамлекетти күтүп отура берип, үч муунду жоготуп алдык. Кенже курактагы балдар бала бакчага барбай калып, тийиштүү тарбия алалбай калышты. Ошондуктан бүгүн жүрөктүн үшүн түшүргөн окуялар болуп атат. Бүгүн дүйнөлүк илим балдарды кенже курактан өнүктүрүү  маанилүү экенин айтып жатат. Биздин долбоор – сырттан донор күтпөстөн эле мүмкүнчүлүгүбүзгө, өзгөчөлүгүбүзгө карап мектепке чейинки балдарды өнүктүрүүнү, кенже курактагы балдарга маани берүүнүн альтернативалык жолу. Маселен, былтыр Мады айылындагы бала бакча айылга келгенде да уланды,  – дейт Асылбек мырза.

Быйыл жайлоо балдар бакчаларына демөөрчүлүк көрсөткөндөр алды 400 миң сом берсе, арты жети миң сомго чейин жардам кылышты. Атап кетсек: КРнын Президенттик аппараты 400 миң сом, Кумтор Голд Компаниясы 106 миң, Компаньон – 80 миң, «Финка» чакан насыя компаниясы – 70 миң, Бакай банк – 49 миң, БТА Банк – 25 миң, Халык банк – 20 миң, Имарат Строй -10 миң жана Авангард Стиль 7 миң сомдук жардам көрсөтүштү.

          Жомок дүйнөсү

Таш-Төбө жайлоосундагы бала бакчага өзүнүн чыгармаларын, чий куурчактарын балдар жазуучусу Жылдыз Акаева алып барды. Боз үй ичинде балдарды, тарбиячыларды тегеректеп олтургузуп алып, чий куурчакты жасоо ыкмасы менен тааныштырды. Андан соң, «Чий куурчак», «Чегирткенин кулагы», «Аарынын бийи» деген жомокторун окуп берип, балдардын китепке, жомокко болгон кызыгуусун арттырды.

– Р.Отунбаеванын фонду чоң иш жасап жатышат. Мен былтыр Суусамырдагы жайлоого баргам. Анда дагы көп жакшы иштер болгон.  Балдар жазуучуларынын китептерин кудуңдап алып жатышканы эле балдардын тазалыгын, өнүгүүгө кадам таштап жатканынан кабар берет, – дейт балдар жазуучусу.

Ошентип, таза аба, ачык асманда өткөн төрт сааттык иш-чарада балдар колдору менен самолет жасап, Балдардын жана өспүрүмдөрдүн  улуттук «Сейтек» борборунун «Байчечекей» тобунун комузчуларынын мастер-класстарын көрүп, ырларын угуп, жазуучулардын жомокторун угуп ж.б.у.с. бир топ иш-аракеттерге күбө болушту. Мындай иш-аракеттер бардык жайлоо бала бакчаларында өткөрүлөт.

 

Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим»

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*