БАЗИСТИК ОКУУ ПЛАНДЫН ЖАӉЫ ДОЛБООРУ ИШТЕЛИП ЧЫКТЫ

Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева 30-июнда базистик окутуу планы боюнча кеңешме жыйынын өткөрдү. Кеңешмеде жумушчу комиссиясы тарабынан иштелип чыккан Кыргызстандагы орто билим берүү мекемелеринде билим берүүнүн жаңы базистик планынын долбоору талкууланды.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, базистик окуу планынын жаңы долбоорунда мурдагы мамлекеттик жана мектептик компонентти калтыруу менен «предметти тандап алуу» компонентин киргизүү каралган.

IMG_0566Мындай окутуу планына ылайык, ар кайсы предметтерди тереңдетип окуткан лицейлер, гимназиялар, мектептер окуучулардын тандоосуна жараша сабактарды киргизе алышат.

Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан иштелип чыккан мурдагы базистик окутуу планы мамлекеттик стандарттарга туура келбегендиктен жана окуу сааттары кыскарып калгандыктан, мектеп мугалимдеринин нааразылыгын жараткан. Ошондуктан министр Эльвира Сариева жумушчу комиссиясына жаңы окуу планын иштеп чыгуу жөнүндө тапшырма берген.

Жаңы базистик окутуу планы талкууда айтылган алымча-кошумчалар киргизилгенден кийин мугалимдердин талкуусуна чыгарылат.

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*