1-СЕНТЯБРДА МЕКТЕПТЕРДЕ ДАЯРДОО КЛАССТАРЫ АЧЫЛАТ

Кыргыз  Республикасынын  Билим  берүү жана илим  министрлиги  Дүйнөлүк  банктын “Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү” (Билим  берүү  максатында  глобалдык  өнөктөштүк)  долбоорунун  колдоосу  менен  2015-жылдын күз  мезгилинен  баштап  балдарды  мектепке  даярдоо  программасын  жайылтууну  пландаштырууда. Мектепке  даярдоо  программасынын  негизги  максаты — мектепке  чейинки  билим  берүү  мекемелерине  барбаган   5-6  жаштагы  балдарды  мектепке  даярдоону  көздөйт. Ушул  тууралуу  Дүйнөлүк  банктын  “Кыргыз  Республикасында  мектепке  чейинки  билим  берүү” (Билим  берүү  максатында  глобалдык  өнөктөштүк)  долбоорунун  координатору Александра  ИСАЕВА  «Кутбилимге»  маек  куруп  берди.

А

 

— Александра Арапмаматовна, бала бакчага барбаган балдарды  буга  чейин  100, 240 сааттык  программалардын  негизинде  мектепке  даярдап келдиңиздер эле. Эми 480 сааттык программага өттүңүздѳр. Сааттык программалардын айырмасы барбы?

Ооба, туура айтасыз. Бирок үч айдын ичинде бир жылдык программанын негизинде балдарды мектепке даярдоо болбойт экен. 240 сааттык программа тез жардам сыяктуу  эле болду. Албетте, айырма чоң. Мисалы, 240 сааттык программа боюнча үч айга иштеп бергенге мугалимдерди табуу да кыйынга турду. Ал эми 480 сааттык программа  бардык мектептерде ачылат. Аны  мектепке чейинки  даярдоо классы деп айтсак болот.

480 сааттык программанын башкы максаты – бир гана жазганды жана окуганды үйрөтпөй, ар кандай оюн, музыка, куурчак театры аркылуу балдардын ой-жүгүртүүсүн өнүктүрүү жолу менен мектепке даярдоону көздөйт. Буга байланыштуу Дүйнөлүк банктын “Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү” (Билим берүү максатында глобалдык өнөктөштүк) долбоору тарабынан бир нече дидактикалык, окуу-усулдук колдонмолор иштелип чыкты. Ошондой эле 60 аталыштагы ар түрдүү  көрсөткүч колдонмолор, өнүктүрүүчү оюндар да бар. Мындан тышкары,  мугалимдер үчүн атайын хрестоматия иштелип жатат. Анын ичинде балдар үчүн жомоктор, макал-лакаптар ж.б.у.с. кызыктуу материалдар камтылган.

— Бул окуу-усулдук колдонмолорду кимдер иштеп чыгышты?

— Кыргыз билим берүү академиясынын, И.Арабаев атындагы КМУнун окумуштуулары, адистер жана практик-мугалимдер, тарбиячылар иштеп чыгышты. Бул материалдар апробациядан өткөн. Ар бир иштелип чыккан материалдар балдардын курагына жараша даярдалды. Балдардын моторикасын өнүктүрүү үчүн атайын сүрөттөрдү боектор менен бое ыкмасы колдонулат. Колдонмолор орус жана кыргыз тилдеринде даярдалды.  Бул материалдар диск түрүндө да чыгат. Анткени Билим берүү жана илим министрлиги жыл сайын аны чыгара албайт. Ошондуктан ар бир мектепте компьютер бар, материалдарды көбөйтүп чыгарса болот.

— Менимче, 240 сааттык программага социалдык жактан жетишпеген үй-бүлөлөрдүн гана балдары кирген эле. Ал эми 480 сааттык программа кимдерди камтыйт?

5,5-6 жаштагы бардык балдар камтылат. Май айында ар бир мектептин айлана-чөйрөсүндө (микроучастокто) жашаган мектепке чейинки балдардын тизмелери такталды. Мына ошол тизмелердин негизинде бала бакчага барбаган балдар мектепке келишет, ал эми бала бакчадагылар ошол эле жерден программанын негизинде окушат. Биз бул боюнча дагы кошумча маалыматтарды берип турабыз. Учурда төрт ролик даярдалып жатат. Буюрса, 1-августта бул темага дагы кайрылабыз деп ойлойм. Билим берүү жана илим министрлиги жылдык программаны ишке ашыруу үчүн ар бир мектепти даярдоо класстарын ачууга милдеттендириши зарыл.

DSC03254

— Ал эми класстарды ачууга мүмкүнчүлүгү жок мектептер эмне кылышат?

Эгерде мектеп даярдоо классын ача албаса, анда мектептен тышкары билим берүү мекемелери бар. Алардын базасында дагы даярдоо класстарын ачса болот. Мисалы, Бишкек шаарында мектептер жетишсиз. Анткени миграция толкуну азаймак түгүл күчөп жаткан кез. Ошондуктан борбор калаадагы мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринде даярдоо класстарын ачууга мүмкүнчүлүк болот. Балдарды мектепке даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндөгү” мыйзамда так жазылган. Ошондуктан мыйзам чегинде ар бир мектепте даярдоо класстары ачылышы керек.

— Бул программаны ишке ашырууда кайсы мугалимдер ишке тартылат?

Албетте, башталгыч класстын мугалимдери, бала бакчадагы тарбиячылар. Июнь айынан бери республика боюнча башталгыч мектептердин мугалимдерине, директордун орун басарларына жана мектепке чейинки билим берүү мекемелердин тарбиячыларына окутуу өтүп жатат. Тренингдердин жүрүшүндө мугалимдер мектепке чейинки курактагы балдардын психологиялык-педагогикалык өзгөчөлүктөрү жөнүндө, балдарды окутуу жана өнүгүү процессинде ата-энелердин салымы жөнүндө маалымат алышууда. Мындан тышкары, тренингдин катышуучулары даярдоо класстарында меймандос жана коопсуз чөйрөнү уюштуруу, окутуу процессин пландаштыруу жана уюштуруу үчүн керектүү көнүгүүлөрдү алып жатышат. Республиканын мектепке чейинки билим берүү мекемелери жана мектептер балдарды мектепке даярдоо программасынын алкагында акысыз окуу-усулдук колдонмолор, көрсөткүч колдонмолор, өнүктүрүүчү оюндар жана эмерек менен камсыз болушат.

DSC05568

— Мектептерде даярдоо класстары ачылса жалпы билим берүү 12 жылдык болуп калат экен да?

 Биз андай максатты көздөгөн жокпуз. Маселен, куррикулум боюнча ата-энелер тарабынан бир топ нааразычылыктар чыккан. Ата-энелер 1-класска балдарын кантип даярдоо керек деп кайрылышканынан  жылдык программа менен даярдоо идеясы келип чыкты. Негизинен бала бакчадан мектепке балдардын 3-4% гана келишет. Анан дагы бала бакчада 3, 4, 5 жаштагы балдар. Алар деле мектепке даярдыксыз келип жатканын тажрыйба өзү далилдеп жатат.  Ошон үчүн башталгыч класста билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Караңызчы, эл аралык изилдөөлөр боюнча Кыргызстан билим берүүдө акыркы орундарда жүрөбүз.  Балдар китепти окуганы менен аны түшүнүшпөйт.  Биздин программа балдарды жаттатып окутпайт, алардын ой жүгүртүүсүнө басым жасайт. Балдар мугалимдин берген тапшырмаларын окуп эле койбостон, аны анализдеши керек.

Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

 

Семинардан кийинки ойлор

Майрамгүл Нуракунова, Түп районунун «Керемет» балдар бакчасынын мектепке даярдоо тайпасынын тарбиячысы:

— Мен 16-20-июнда Каракол шаарында өткөрүлгөн мектепке чейинки балдарды даярдоо тайпасына окутуу үчүн семинар-тренингге катыштым. Семинар-тренинг абдан туура пландаштырылган. Анда окуу процессин уюштуруучу талаптар, андагы педагогдун ишинин принциптери, окутууга болгон талаптар, сабакты  өткөрүүнүн шарттары, үй-бүлө менен иштөөнү үйрөндүм. Семинар лекция менен чектелбей, оюн түрүндө, топ-топторго бөлүп, практикалык мааниде өткөнү кызыктуу жана жеткиликтүү болду. Базистик окуу планынын (программада) варианты  мага жакты. Менин сунушум: кошумча экинчи тилди үйрөтүү сөзсүз керек, анткени бул турмуштун талабы.

 Н.Мамбетова,  Балыкчы шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы: 

— 9-14-июнунда Балыкчы шаарындагы №5 Ч.Айтматов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде өткөрүлгөн семинар-тренинг боюнча №8 «Ак-Тилек» бала бакчасынын тарбиячысы Б.Мамбетованын, №7 «Келечек» бала бакчасынын тарбиячысы Н.Абдрасулованын жана №5 Ч.Айтматов атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалимдери А.Токсонбаеванын жана Е.Г.Басованын 480 сааттык программа  тууралуу айткандары боюнча Балыкчы шаардык билим берүү бөлүмү төмөнкүдөй маалымат жыйнады.

480 саат боюнча өтүлгөн семинар негизинен жогорку деңгээлде, кызыктуу өттү десек болот. Балдарды окутуп тарбиялоону борборлор аркылуу жүргүзүүнү үйрөттү, б.а. улуттук маданият борбору, элестетүү борбору, китеп жана искусство борбору, сабат ж.б.у.с. борборлорго бөлүп окутуу — азыркы учурдун заманбап талаптары экендигин түшүндүк жана колдодук.

Семинардын катышуучуларын жогоруда аталган борборлорго бөлүп, практикалык сабактарда көрсөтмө куралдарды темага жараша даярдап өтүүгө үйрөттү. Практикалык иши кызыктуу болду, аны өзүбүз колдонуп, эстен чыгарбаганга аракет кылып, бала бакчадагы балдарыбыз менен аткарып жатабыз.

Ар бир күнү, беш күнү катары менен саламдашуунун ар түрдүү формасын уюштурганы жакты. Сабактын болжолдуу жумалык планын түзүүнү үйрөндүк, башкача айтканда тематикалык план, жумалык план, календарлык сабактын пландары жана  дагы 480 сааттык шакекче планын түзүү баарыбызга абдан жакты. Кызыктуу үйрөнгөн оюндарды бала бакчада балдар менен «Шамал», «Бороон», «Кар бүртүкчөлөрү» сыяктуу бир топ оюндарды  ойнотуп жатабыз.

Вольдорфдук педагогика, М.Монтессоринин педагогикасы жана принциптери менен кенен тааныштык, ар кандай курактагы балдарга багытталган 0-3 жаш, 3-6 жаш, 9-12 жаш, 12-18 жаштагы баланын кызыгуусу эркин болуусу, сырткы ички  тартиптери, дидактикалык материалдарды колдонуу, аны балдар өз колдору менен кармалап  көрүү менен жасай билүүсү, иштерин мактоо, баалоолорду илип коюу; ата-энелерди  окуу процессине тартууну пландаштырууну үйрөтүү; балдар үчүн үч портфолио түзүү керектигин түшүндүрдү.  Жалпы  портфолио — баланын эмгектери, демонстрациялык портфолио —  баланын жетишкендиктерин, баланын  өсүшү, баалоо портфолиосу —  жогоруда чогулган материалдардын негизинде баланын жетишкендиктерин жана башка балдардан өзгөчөлүктөрү боюнча чогулган документтери менен жылдык баалоо сөзсүз жыйнтыгын берерин тастыкташты.

 

 

 

 

 

 

 

2 Комментарии

  1. Даярдоо классын алган мугалим бир жыл окуткандан кийин өткөзүп беришеби же улантып андан ары 4класска чейин алып кетиш керекби

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*