ЖУСУП  БАЛАСАГЫНДЫН 1000 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛАТ

Улуу аалым Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына карата «Түрк дүйнөсү: Кеп көркү – тил, ой көркү – сөз» аттуу эл аралык түркологиялык илимий-практикалык  конференция ушул жылдын 14-16-августунда Таластагы  Кыргыз улуттук «Манас-Ордо» комплексинде өтөт.

Конференция Талас районундагы А.Эсенбекова атындагы орто мектеп  жана Кыргыз билим берүү академиясынын социалдык-гуманитардык предметтер боюнча лабораториясы тарабынан өткөрүлүп, «Жусуп Баласагын: Кеп көркү – тил, ой көркү – сөз»; «Манас –  тарыхый инсан»; «Манас ааламы»;  «Жусуп Баласагындын коомдук-философиялык көз караштары» деген багыттарда иш алып барат.

Конференцияга кызыктар жаш илимий изилдөөчүлөр, окуучулар, чыгармачыл мугалимдер жана окумуштуу-педагогдор катыша алышат. Каалоочулар илимий макалаларынын электрондук версиясын ушул жылдын 5-августуна чейин Бишкек шаары, 720040, Эркиндик Бульвары, 25, 21-бөлмөгө же e-mail: aigulelebesova@mail.ru дарегине жөнөтсө болот.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*