ТАТЫКТУУ ЖЕТЕКЧИ ЭЛДИН ТАЛАБЫН БИЛЕТ

 Илгертеден  коом  башкаруучу  жана  башкарылган  адамдарга  бөлүнүп келген. Бийликке  кандай  адам  келсе – турмуштун  агымы   ошого  жараша  болуп, коом  ошого  жараша  өнүккөн.  Адамдын  көз карашына, социалдык  жүрүм-турумуна, баалуулуктарына таасирин  тийгизип, анын  жоопкерчилигин  сезе  билген   да — билбеген да, ошону  менен  тарыхта  из  калтырган   инсандарыбызда,   жок  эмес.  Коомду, үй-бүлөнү, жок  дегенде  жамаатты  башкаруу  оӊой  эмес.  Башкаруучулук  касиет  бардык  эле  адамдарга  таандык  эмес  экени, башкаруу  бийликсиз    жүргүзүлбөгөнү   илгертеден  элге  маалым.  А бийликти кандай  түшүнсө  болот? Бийлик — адамдын  кыймыл-аракетине, жүрүм-турумуна, эркине, ой  жүгүртүүсүнө  саясат  аркылуу, атайын  программа,  бирөөнүн  кадыр-баркы  аркылуу, мактоо, же  болбосо зордук-зомбулук  менен, укугун  чектөө  аркылуу   адамга  таасирин  тийгизген  башкаруу   каражаты  катары  эсептелип келүүдө.  

Турмушта  ата-эненин  бийлигин, мамлекеттик  бийликти, мыйзамдын  бийлигин, саясаттын, саясий  партиялардын, мамлекеттик  кызматтын  ж.б. бийликтерин  кезиктиребиз.

Коомду, коллективди  туура  башкаруу жолдору социометрия  илиминде  көрсөтүлгөн. Бул  түшүнүк  коомго  60-жылдары  окумуштуу  социологдор  тарабынан киргизилген. Башкача  айтканда, бул  башкаруучулардын  жана  башкарылгандардын  ортосундагы  мамилени  чыӊоо  эрежелери  болуп  эсептелет. Жетекчи түрдүү  интеллектуалдык  деӊгээлдеги, түрдүү  психологиясы  бар, түрдүү  катмардагы  жарандар  менен, түрдүү  көз караштагы  партиялардын  өкүлдөрү  менен  иштешет  эмеспи. Турмуш  көрсөткөндөй,  жакшы  жетекчи  ишти  алдыга  сүрүш  үчүн  бардыгы  менен  тил  табышып, калыстык  менен  эмгегин  баалап, сыйлап  кызматташат  жана  ошону  менен  ийгиликке  жетишет  экен.  Татыктуу  башкаруу – меритократиянын  принциптерине таандык.

Бул  термин 1958-жылы  атактуу  англиялык  социолог  Майкл  Янг  тарабынан  коомчулуктун  көӊүлүнө  жана  түшүнүгүнө   “1970-2033-жылдары  меритократиянын  аброюнун  жогорулашы” аттуу  китебинде   кеӊири  тартууланган. Латын  тилинен    алганда  меритократия — жөндөмдүүлөрдүн, татыктуулардын  бийлиги  деп  которулат. Өзүнүн  эмгегинде  Янг “капитализм  доорунда  коом бара-бара   меритократиянын  принциптерине  таянган  коомго  айланат” — деп  белгилеп  кеткен.

Демек, бийликке, жетекчилик  кызматка жөндөмдүү,  билимдүү, тажрыйбалуу, даяр, татыктуу, патриот  гана  инсандар  келиш  керек!  Эскиден  сөз  бар: ”Өзүн  башкара алган  адам  гана  коомду  башкарат”.

Тарыхтан  алып  көрсөк, XVIII  кылымда  Россиянын  падышасы  Улуу  Петр I  да мамлекетти  башкарууну  реформалоо, артта  калган  Россияны  өнүктүрүү  максатында  социалдык  катмарына  карабастан   кедейлердин    балдарын  чет  өлкөдө  атайын  окутуп,  жөндөмдүү  инсандарды  жетекчилик  кызматка  тарткан.

Меритократиянын  принциптери  алгач ХХ кылымдын  70-жылдары   Түштүк  жана  Түндүк Африка  мамлекеттеринде пайдаланылган. Азыркы  учурда  меритократиянын  принциптери  бийликке, кызматка  тандоодо кеӊири  пайдаланылат.

Меритократия  демократия  жана  аристократиянын  принциптерине  карама-каршы  келет. Анткени: аристократия (лат.тил) — урууларга, кландарга таандык барктуулардын-нарктуулардын, элитанын  бийлиги. Ал  эми, демократия (лат.тил) — эл  бийлиги.

Биз 24 жылдан  бери  конституциябызга  ылайык эгемендүү, унитардык, демократиялык, социалдык, укуктук, динден  ажыратылган  мамлекетте  жашап, баш  мыйзамыбызга  жети  жолу  толуктоо  киргизип, аристократиянын  жана  демократиянын  бийлигин  башыбыздан  өткөрдүк. Турмуш  көрсөткөндөй,  аристократиянын  жана  демократиянын  бийлиги  биздин  коомго  ийгилик  алып  келген  жок. Анткени, эки  бийликте  теӊ  мамлекеттүүлүк   саясатты, социалдык саясатты  жетишээрлик  түшүнбөгөн жетекчилер  кезигип,  көп  каталар  кетирилип,  өлкөнүн  стабилдүү  өнүгүшүнө  өзүнүн  тетири  таасирин  тийгизбей  койгон жок.

Учурда  ар  ким  өз  очогуна  күл  тарткан  мезгил болуп уруучулукка, жердештикке, тууганчылыкка, тааныш-билишке жол  берилип, адамдын  жана  коомдун  баалуулуктары  көзгө  илиyбестен  бийликке, жетекчилик  кызматка  жөндөмү  жок,  даярдыгы  жок  татыксыз  адамдар  келип калууда.

Шартка  байланыштуу  жумуш  орду  жоктугунан  үй-бүлөсүн  багуу  максатында эмгек  миграциясына  көптөгөн  мыкты  адистерибиз  кетип, мамлекетке пайдасы  бар алдыӊкы  идеяларыбыз  да  чет  жакка  кетүүдө. Мунун   үстүнөн  да  ойлонушубуз  керек!

”Көч бара-бара түзөлөт” — дегендей? учурда коомубуз да изденип, парламенттик башкаруу шартында өнүккөн демократияга (цивилизованная)  жетишүүгө  аракеттенүүдө. Ошону  менен бирге, жакшы натыйжага  жетишүү  үчүн  меритократиянын  принциптерине  таянсак  жаман  болбос.

Меритократиянын  принциптеринин  негизинде   иш  алып  барсак  биз  эмнеге  жетишебиз: акыйкаттуулукка, коомдогу социалдык  теӊсиздиктин азайышына,  башкаруучу  жана  башкарылган элдин, коомдун  элитасы  жана карапайым  калктын  ортосундагы  ажырымдын  азайышына, элдин  арасында бийликти  талаштырбай, адат  болуп  калган утурку  төӊкөрүштөргө  жол  бербей, мыкты адистерди пайдаланып, өстүрүп, демократия  жана  меритократиянын  принциптерин  интеграциялоо  аркылуу мамлекетти  стабилдүү  өнүгүшүнө  алып келүү десек  жаӊылышпайбыз. Бир  саат, бир  күн  болсо  да  билген  адам  иштесе  коомчулуктун  муктаждыктарын  чече  билип,  канча  коомго  пайда  алып  келээри  талашсыз. Жетекчини  тандаганда  мамлекеттин, коомдун, келечек  муундардын, жок  дегенде  жашаган  айылдын  келечегин  унутпасак  экен.

Татыктууларды  бийликке  алып  келүү  үчүн   атайын  механизмдерди  иштеп  чыгуу, коомчулуктун арасында  кеӊири  саясат  жүргүзүп, “кыргызчылыкты“, ”жердештикти”, трайбализмди  жоюп, калкты  туура  багыттоо  талап  кылынат.

Мыкты  адистер  бардыгын  чечип  жолго  салат  эмеспи! Бул  саясат  бизге  Союз  мезгилинен  бери  мурас болуп  келген. Дагы  эле  ошол саясатты  туура  көрүп мыкты  адистерди  резерв кылып  даярдап, жаштарыбызды өстүрөлү. Башкача  айтканда,   жетекчилик  кызматка, айыл  өкмөттүн  башчылыгына, айыл  кеӊештин  төрагалыгына, депутаттыкка  ж.б. татыктуу  инсандар  шайланса  өзү  үчүн  эмес — калк  үчүн  иштеп, натыйжалуу  эмгек  жаратып, мамлекетибиздин  келечегине эбегейсиз  салым  кошоор эле.

Н.Исманова

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*