ЖОЖго КАБЫЛ АЛУУ ӨНӨКТҮГҮ БАШТАЛДЫ

Мамлекеттеги бардык жогорку окуу жайларга кабыл алуунун биринчи туру 7-июлда саат сегизде башталды. Бул күнү ар бир окуу жайда талондор салынуучу кутучалар абитуриенттердин, ата-энелердин жана көз карандысыз эксперттердин катышуусунда бекитилип, абитуриенттер тандап алган адистиктери боюнча талондорун сала башташты.

Талапка ылайык, ар бир окуу жайда бир эле учурда ЖРТнын талондорунун штрих-коддорун окуй турган электрондук жабдуулар иштеп, ар бир адистик боюнча маалыматтар ачык-айкын чыгарылууда. Абитуриенттерди кабыл алууда үч жылдан бери жогорку деӊгээлде ачык-айкындыкты камсыздап келе жаткан Ош мамлекеттик университетинде абитуриенттердин талондору атайын сканер аркылуу компьютерге киргизилип, ал дароо сыртка коюлган экрандарда жана интернеттеги университеттин сайтында онлайн-режиминде чагылдырылууда. Абитуриенттер өзүнүн канчанчы орунда экендигин жана окууга өтүү үчүн канчалык мүмкүнчүлүгү бар экендигин каалаган жерде интернет аркылуу көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууда.

Ош мамлекеттик университетинде кабыл алуу өнөктүгү салтанаттуу ачылып, бюджеттик жана контракттык бөлүмдөргө талондор салынуучу кутучалар абитуриенттердин, көз карандысыз эксперттердин көз алдында бекитилди.
Ош мамлекеттик университетинде кабыл алуу өнөктүгү салтанаттуу ачылып, бюджеттик жана контракттык бөлүмдөргө талондор салынуучу кутучалар абитуриенттердин, көз карандысыз эксперттердин көз алдында бекитилди.

Жыйынтык качан чыгат?

Бардык окуу жайларда биринчи турдун жыйынтыгын чыгаруу үчүн бекитилген кутучалар кайрадан 9-июлда, саат 14.00до көз карандысыз эксперттердин жана Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрүнүн көзөмөлүндө ачылып, талондор эсептелди. Биринчи турдун жыйынтыгы бардык окуу жайларда 10-июлда саат ондо илинет.

Талапка ылайык, окууга өткөн абитуриенттер үч күндүн ичинде окуу жайга келип, окуй тургандыгын тастыктап, документтерин тапшырып кетүүсү зарыл. Ал эми экинчи тур 14-июлдан 19-июлга чейин өткөрүлөт. Үчүнчү тур болсо Билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен гранттык орундар калып калган окуу жайларда гана өткөрүлөт. Ага катышуу үчүн абитуриент сертификаттын түп нускасын алып келиши керек.  Бардык турга кабыл алуу бирдей тартипте жүргүзүлөт.

ЖРТдан 110 баллдан жогору топтогондор гана кабыл алынууда

Жогорку окуу жайлардын баардыгында окутуунун бардык түрүнө кабыл алуу жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен гана жүргүзүлүүдө. 2015-жылы министрлик тарабынан окуунун бардык түрүнө кабыл алууда бирдей босого баллы бекитилген. Негизги тесттен 110 балл, предметтик тесттен 60 балл. Предметтик тесттерди талап кылган адистиктерге негизги жана предметтик тесттен босого баллдан жогору балл топтогон абитуриенттер гана  кабыл алынат. Бул адистиктерге сынак негизги жана кошумча предметтик тесттердин суммасы боюнча жүргүзүлөт.

Гранттык орундар

Гранттык орундарга конкурстан сырткары кабыл алына турган абитуриенттер дагы бар. Алар:

– ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөн 50 абитуриент;

–  ушул жылы республикалык олимпиададан 1-2-орунду алган, же эл аралык олимпиадалардын жеӊүүчүлөрү олимпиаданын предмети төп келген адистиктерге жана багыттарга жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан болсо;

– ушул жылы олимпиададан 3-орунду алган, олимпиаданын предмети төп келген педагогикалык адистиктерге жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан болсо.

Гранттык орундарга кабыл алууда абитуриенттердин социалдык категориясы эске алынат:

– Бишкек шаарынын мектептеринин бүтүрүүчүлөрү;

– облус борборлорунун жана кичи шаарлардын мектептеринин бүтүрүүчүлөрү;

– айылдык мектептердин бүтүрүүчү-лөрү;

– тоолуу аймакта жайгашкан мектептердин бүтүрүүчүлөрү;

– жеӊилдиги бар абитуриенттер (1-2-топтогу майыптар, согуштун катышуучусу жана согуштун майыбы жеӊилдигине жана кепилдигине теӊештирилгендер, бала кезинен майыптар, майып балдар, жетим балдар жана ата-энесинен кароосуз калган балдар, запаска кеткен аскер кызматкерлери, 2010-жылдагы окуяларда каза болгондордун балдары, кайрылман статусу барлар).

Конкурс ар бир категория боюнча ар башка жүргүзүлөт. Жеӊилдиги бар абитуриенттер гранттык орундарга өзүнчө квота менен кабыл алынат.  Контракттык бөлүмгө болсо конкурс абитуриенттердин категориясына карабай жүргүзүлөт. Гранттык орундарга кабыл алынган студенттер менен окууну бүткөндөн кийин бөлүштүрүү боюнча сөзсүз иштеп берүү тууралуу үч тараптуу келишим түзүлөт.

Талапка ылайык ЖОЖ мамлекеттик билим берүү гранттын эсебинен тийиштүү адистик жана багыт боюнча адистерди даярдап берүүгө милдеттендирилет, иш берүүчүлөр болсо студентти окууну бүткөндөн кийин өз багыты боюнча иш менен камсыз кылуу милдетин алат.

Контракттык бөлүмгө

Окутуунун бардык формасы боюнча (күндүзгү, сырттан, кечки) контракттык бөлүмгө тапшырууну каалаган абитуриенттерден негизги тест талап кылынат. Предметтик тесттер тийиштүү багыт боюнча тапшырууда абитуриентке кошумча укук берет. Контракттык бөлүмгө кошумча предметтик тесттерди талап кылган адистиктер жана багыттар (медициналык адистиктерден сырткары) боюнча предметтик тесттерди тапшырбай калган, бирок негизги тесттен босого баллдан жогору топтогон абитуриенттер кабыл алынышы мүмкүн. Бул адистиктерге тапшырууда предметтик тести бар абитуриенттер кошумча укукту пайдалана алышат. Кызыл аттестатка ээ болгон, негизги жана предметтик тесттен босого баллдан жогору топтогон абитуриенттердин ар бир предметтик тестине жыйырма баллдан кошулат.

ЖРТнын жыйынтыгына канааттанбагандар да бар

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборуна абитуриенттерге ЖРТнын сертификаттары тапшырылгандан кийин ар кандай маселелер боюнча жалпы 682 бүтүрүүчүдөн арыз түшкөн. Анын арасында жогорку – 222 балл топтоп, алтын сертификатка жетпей калдым деп нааразы болуп келгендер, босого баллынан аз топтоп калгандар дагы бар.

– Арыз менен кайрылгандардын 297 аты-жөнүн тактоо боюнча, 10 бүтүрүүчү аты-жөнүн алмаштыруу боюнча, сертификатка мөөр бастыруу үчүн 14 киши, сертификатын жоготуп алдым деп алты бала келди, – дейт Ч.Батракеева.

Андан сырткары негизги тесттен 50, предметтик тесттен 34 абитуриент телефон алып киргендиги үчүн тестке катышуу укугунан ажыратылган. Тест учурунда башка бирөөнүн ордуна кирген 34 окуучу кармалган. Тесттин жыйынтыгы чыккандан кийин шектүү делген дагы сегиз окуучу кармалган. Учурда дагы жети абитуриенттин иши каралууда.

– Тесттин жыйынтыгы чыккандан кийин дагы дайыма текшерүү жүргүзүлөт, келип түшкөн арыздар боюнча атайын түзүлгөн комиссия иштеди. Анын негизинде тестке катталган абитуриенттин ордуна башка бирөө кирген деген шектенүү боюнча дагы жети абитуриенттин сертификаты каралып жатат. Аларды тактагандан кийин беребиз. Бирок ал абитуриенттер өздөрү келбей жатышат. Дагы жети окуучу шпаргалка менен кармалган. 10-класстын окуучулары, студенттер дагы кирип кеткен учурлар болуп, жалпы 23 бала кармалган, – дейт Ч.Батракеева.

Иш дептеринин номерин туура эмес жазып алган төрт абитуриенттин иши кайрадан эсептелип чыккан. Техникалык каталар да болгон, ага абитуриенттер өздөрү күнөөлүү болгондуктан, комиссия кайрадан эсептеп берген жок. Иш дептерин чийип алган үч абитуриенттикин кайрадан эсептетүүгө мүмкүнчүлүк берилген.

Чолпон Кийизбаева,

“Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*