ЖАЙЛООДОГУ ӨНҮГҮҮ БОРБОРЛОРУ – БАЛДАРДЫ ОКУТАТ ЖАНА ТАРБИЯЛАЙТ

Бүгүнкү күнгө “Р.Отунбаева демилгеси” коомдук фонду тарабынан Кыргызстандын ар кайсы аймактарында 78 жайлоо бала бакчасы ачылып,  толук кандуу иштеп жатат.

«Роза Отунбаеванын демилгеси» коомдук фонду тарабынан 2012-жылдан бери жайлоо балдар бакчасын уюштуруу колго алынган. Балдар бакчанын саны өлкө аймагында 90го жакын. Учурда, Баткен областынынын аймагында төртүнчү жайлоо балдар бакчасы пайдаланууга берилди.

– Баткен шаарына караштуу Арал конушундагы жайлоо балдар бакчасына 3 жаштан 11 жашка чейинки 25 бала тартылган. Мындагы балдар күн сайын 3 саат келип билим алып, ар кандай көнүгүүлөрдү жасап, ар тараптуу өнүгүүгө тарбиячылар тарабынан кам көрүлүп келет, – дейт Арал конушундагы жайлоо балдар бакчасынын тарбиячысы Асель Мурзакарим кызы.
Өнүгүү борбордогу тарбиялануучулар үчүн А.Жайнаков атындагы Баткен облустук  музыкалык драма театрынын кызматкерлери «Сутак» спектаклин коюп беришти. Ошондой эле, чыгармачыл жамаат тамашалуу оюн көрсөтүп, балдардын көңүлүн көтөрүштү.
Жайлоо балдар бакчасында өнүгүү борбордун ачылышы ата-энелер үчүн да жакшы саамалык болду. Анткени эс алуу мезгилинде да ар тараптуу өнүгүүсү балдардын зээндүү болушуна шарт түзөт дешет ата-энелер. Мындай жайлоо балдар бакчасы облустун Лейлек районундагы Төө жайлоосунда жана Жылгаяк-Таш конушунда да ачылган.

Ал эми Кара-Буура жана Бакай-Ата районунун жайлоолорунда ачылган  бала бакчаларга камтылган 28 бала эми 3 сааттык окутуу программасы менен күнүгө бир ай аралыгында тарбияланмакчы. Бул бала бакчаны ачууга Кара-Буура райондук жайыт комитети зор салымын кошуп, боз үй алып берип, тарбиячыларга тамак аштарын камсыздап берди.
Мындан тышкары, тарбиялануучулардын ата-энелери да түрдүү сүт азыктары менен камсыз кылууну колго алышкан. Ошондой эле Ак-Талаа районунун Соң-Көл жайлоосундагы малчылардын балдары үчүн ачылган бала бакча бардык шарты менен камсыздалган. Нарын облусундагы Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагына караштуу Бел жайлоосундагы «Эдельвейс» бала бакчасында 3 жаштан 12 жашка чейинки 40тан ашык бөбөктөр үч тараптуу көмөктөшүүнүн алкагында билим жана тарбия алып жатышат. «Эдельвейс» Нарын шаарындагы №15 «Бактылуу балалык» бала бакчасы жана Нарын мамлекеттик университети менен биргеликте уюштурулган.
– Быйыл июнь айынын соңку күндөрү жаан-чачындуу болгондуктан жайлоо бала бакчасын кечирээк 28-июндан баштап уюштуруп калдык. Жайлоодо 26 түтүн малчылар бар. Алардын үйлөрүндөгү 40 ашуун балдар келип 3 сааттан билим ала башташты, – дейт айыл аймактын жайыт комитетинин жетекчиси Кенжебек Нурмамбетов.
Жайлоого балдар үчүн атайын кербен жүрүш барып турат. Мисалы, облустук китепкана тарабынан «Китеп кербени» уюштурулса, облустук кино дирекциясы Ш.Жапаровдун «Космонавттар кыштоосу» тасмасын жана «Мадагаскар-3» мултьфильмин көрсөттү. Ал эми облустук театрдын алдындагы «Айданек» куурчак театры Н.Вишневскаянын «Кыялкеч кирпи» жомогун тартуулашты.       Ошондой эле “Роза Отунбаеванын демилгеси” коомдук фонду 16миң сомдук китептер, балдар үчүн эң керектүү окуу куралдар менен камсыз кылды.
– Биз азыр деле жайлоо бала бакчалар деп айтып келе жатабыз. Бирок эми бул түшүнүк борбор деп аталышы абзел. Себеби жайлоо шартында бөбөктөр жөн эле эс албастан атайын программа менен билим жана тарбия алышат. Нарын мамлекеттик университетинен эки студенти тарбиячы катары кызмат көрсөтүүдө, – дейт уюштуруучулардын бири Салия Жолдошова.

Мурда ата-энелер да, жайыт комитеттери да, республикадагы интеллигенциянын айрым өкүлдөрү да жайлоо бала бакчасын кооптонуу менен карашкан. Айылдарда ачылбай жатканда жайлоодо ачуунун эмне зарылчылыгы бар дешкен.

–   Бул долбоордун уникалдуулугу – азыр мамлекет типтүү бала бакчаларды кура албай жатат. Республикада 800 миңге жакын бала болсо, алардын 15 пайызы гана бала бакчага барат. Айыл жергесинде 7-8 пайыз гана балдар барат. Натыйжада көпчүлүк балдар кенже куракта өнүкпөй калып жатат.Биздин жайлоо бала бакчалары бул – бир альтернатива катары эсептелет. Балдарды өнүктүрүүнүн, жашоодогу көндүмдөрдү үйрөтүүнүн бир жолу. Азыркы учурда 400дөй жайыт комитети бар болсо, ал жерде чабандар мал менен жайлоого чыгышат. Бала өзү менен өзү болуп, социалдашуу процесси жүрбөй калат. Эң негизгиси, системалуу бир нерсени үйрөнбөй жатат. Ошондуктан, баланын өнүгө турган убагында, маалыматтарды кабылдай турган мезгилде биз убактысын өткөрүп жибербестен, кармап калалы деген ниетте ушул аракеттер жасалууда.Быйыл натыйжасын көбүрөөк бериш үчүн жайлоо бала бакчаларын өнүктүрүү борборлору деп атап жатабыз. Түрдүү мастер-класстар көп өткөрүлөт. Максатыбыз балдарды ар тараптуу өнүктүрүү болуп эсептелет. Окуганды-жазганды эле үйрөтүүгө басым жасасак, биз аларды кыйнап коёбуз. Себеби балдар ар кыл курактагылар. Тоодогу балдар эркин жүрүп көнүп калган, бирөө тажап кетет, бирөө тынчы жок. Ошол себептен ар бир баланын өзгөчөлүктөрүнө жараша мамиле кылып, атайын программа иштелип чыкты.  Андан тышкары былтыркы практикадан улам айтсак, жайлоо бала бакчаларын уюштуруу үчүн так статистика керек экен. Бул үчүн паспорт иштеп чыктык. Анда бала бакча тууралуу бардык маалыматтар жазылат, – дейт Р.Отунбаева демилгеси коомдук фондунун кызматкери Асылбек Жоодонбеков.

Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

 

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*