БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮН КОЛДООСУ МЕНЕН МЕКТЕП ӨНҮГӨТ

Ноокат районундагы мектептерди жаӊы окуу жылына карата даярдоо өнөктүгүнө райондун жалпы коомчулугу жигердүүлүк менен катышууда. Айрыкча 10, 20, 30 жыл мурда окуп кеткен бүтүрүүчүлөрдүн  материалдык жана акчалай колдоолору мектептердин материалдык базасын чыӊдоого чоӊ жардам берүүдө.

Өткөн жылдагы өнөктүктү өткөрүүдө алардын райондогу мектептерге көрсөткөн акчалай жардамынын жалпы суммасы 1360,5 миӊ сомго барабар болсо, быйылкы жылы бүтүрүүчүлөрдүн каржылык колдоосу 2767,3  миӊ сомду түздү. Анын ичинде Т.Зулпуев атындагы айыл аймагында 812000 сом, Төөлөс айыл аймагында 539000 сом жана Ынтымак айыл аймагында 209000 сом, жалпысынан 1560,0 миӊ сом болуп, мектептердин окуу-материалдык базаларын чыӊдоодо негизги каражат булактарынан болуп калууда.

Демөөрчүлүк көрсөткөн жеке атуулдардын жардамы да билим берүү тармагынын окуу-материалдык базасын чыӊдоого олуттуу таасирин тийгизүүдө. Эгерде өткөн жылы район боюнча жалпы демөөрчүлөрдөн мектептердин иштөө шарттарын жакшыртып, кезектеги оӊдоо жумуштарын сапаттуу жүргүзүүгө  3057 миӊ сом жумшалган болсо, быйылкы жылы да алардын колдоолору сезилерлик болууда. Ноокат шаарындагы демөөрчүлөрдүн кошкон салымы 3341 миӊ сомду, Көк-жар айыл аймагындагы демөөрчүлөрдүн билим берүү мекемелерине кошкон салымы 1277 миӊ сомду түздү.  Район боюнча демөөрчүлөрдүн көрсөткөн акчалай жана материалдык каражаттарынын жалпы суммасы 6554,4 миӊ сомду түздү.

Мындан сырткары, мектептерде уюштурулган камкорчулар кеӊеши тарабынан өткөн окуу жылында 2767,5 миӊ сом көмөк көрсөтүлгөн болсо,  жаӊы окуу жылына карата даярдоого алардын жалпы салымы 3458,7 миӊ сомду түзүүдө. Камкорчулар кеӊешинин активдүүлүгү айрыкча Ноокат шаарында (1029.0 миӊ) жана Бел (429,0 миӊ) айыл аймагында байкалууда.  Бирок Ынтымак жана Найман айыл аймактарында камкорчулар кеӊешинин иши жакшы жолго коюла элек. Ата-энелерден билим берүү мекемелерине өткөн окуу жылында 2094 миӊ сом акча каражаттары берилген болсо, 2015-2016- окуу жылына карата даярдоого кошкон салымы 5098,6  миӊ сом болуп, ал каражаттар мектептерди сапаттуу ремонттоого жумшалды. Камкорчулар кеӊешинен сырткары жеке салым кошуп жаткан да ата-энелер бар экенин айтуу керек. Мирмахмудов айыл аймагындагы ата-энелер мектепке берген каражат 2708,0 миӊ сом, Гүлистан айыл аймагындагы ата-энелердики 625,0 миӊ сом болду.

Жалпысынан билим берүү мекемелеринин окуу-материалдык базасын чыӊдоого жана мектептерди жаӊы окуу жылына карата даярдоо иштерине өткөн окуу жылында 10325,6 миӊ сомдук каражат тартылган болсо, 2015-2016-окуу жылына карата 19508,0 миӊ сом каражат тартылууда. Беруний атындагы орто мектеп камкорчулар кеӊешинин 150 миӊ, Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 100 миӊ сомдук каржылоосу менен 100 парта, 200 отургуч алууга жетишти. Ал эми Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Темиралиев орто мектебинин төрт окуу каанасы жаӊы инвентарлар менен камсыз болду.  Төөлөс  айыл аймагындагы М. Бостонбаев орто мектебинин 19 окуу каанасы 720 миӊ сомго түрдүү булактардын эсебинен каржыланып, евростилде ремонттолуп бүттү. Ошондой эле Кеӊеш орто мектебинин жыйындар залына камкорчулар кеӊеши 30 блок жасап беришти, башталгыч класстардын окуу корпусунун имаратынын астына  цемент төшөлүп шыбоого 232 миӊ сом акча каражатын бөлүштү.

Мектептерде окутуунун электрондук каражаттарын алууга өзгөчө көӊүл бурулууда. Эгерде өткөн окуу жылында  “Интерактивдүү мектеп” программасынын алкагында 27 мектепке 31 даана интерактивдүү доска, компьютер, проекторлору менен алынган болсо, ошол эле жылы дагы Т. Бекиев, Ж.Бөкөнбаев, Арбын, Айбашев, Кызыл-Тейит орто мектептеринин жетекчилигинин коомчулук менен болгон тыгыз байланышынын натыйжасында 11 даана интерактивдүү доска алынган. Ал эми 2015-жылдын башынан бери  Алтын-Казык, А. Осмонов, М.В. Ломоносов, Кожеке, Тажибай, Үч-Бай, Айбашев, У.Салиева, Бел айыл аймагындагы Кеӊеш  атындагы орто мектептери каржылоонун түрдүү булактарынан 369 миӊ сомдук каражатына тогуз даана интерактивдүү доска алынды.

Жылдагыга караганда мектеп жетекчилери жергиликтүү бюджетти  түзүү жана аларды жумшоо боюнча өткөрүлгөн айыл кеӊештеринин сессияларына катышып,  мектептин ички муктаждыктары боюнча так, даана түзүлгөн сметалык эсептөөлөрдү сунуш кылууну колго алышууда. Натыйжада айыл аймактарында жылдагыга салыштырмалуу бир топ ийгиликтүү жыйынтыктар бар.

2014-жылы жергиликтүү кеӊештердин билим берүүгө бөлгөн акча каражаттарынын суммасы 7550,0 сомду түзгөн болсо, 2015-жылы бул көрсөткүч 369009,2 миӊ сомго жетти.

Айыл

аймактары

Канча акча каражаты бөлүндү
2014-жылы

(миӊ сом)

2015-жылы

(миӊ сом)

1 Көк-Бел 118,0 520
2 Исанов 120,0 640
3 Кеӊеш 315,1 251
4 Кыргыз-ата 497,0 608,8
5 Зулпуев 610,0 1858,5
6 Мирмахмудов 435,7 405,2
7 Кара-Таш 376,0 664
8 Ноокат шаар башкаруусу 2056,2 6115,2
9 Гүлистан 122,5 884
10 Жаӊы Ноокат 317,0 540
11 Бел 585,0 500
12 Көк-Жар 375,2 395
13 Найман 144,0 200
14 Он-Эки-Бел 117,2 22
15 Төөлөс 455,0 154,2
16 Кулатов 600,0 22,314
17 Ынтымак 307,0 460
 

Жалпы суммасы:

 

7550,0

 

369009,2

Жаӊы окуу жылына карата мектептерди даярдоого республикалык бюджеттен 4 млн. 75 миӊ сом акча каражаты бөлүнгөн. Ремонт иштерине каралган акча каражаттарын бөлүштүрүү 1- июлда электрондук тендердин натыйжасында өткөрүлдү. Анын жыйынтыгы жакынкы күндөрү чыгарылып, мектептер ремонтко керектүү каражат менен камсыз болот.

15-июнь күнү Ноокат районундагы Кара-Таш айыл аймагында жайгашкан Нойгут орто мектебинде типтүү мектептер арасында, ал эми Т. Кулатов айыл аймагындагы Баглан орто мектебинде типтүү эмес мектептер арасында максаттуу семинар өткөрүлүп, анда мектептерди ремонттоонун талаптары, техникалык коопсуздук эрежелери, коомчулуктун жардамын тартуу жолдору талкууланып, мектеп директорлоруна негизги багыттар боюнча көрсөтмөлөр берилди.

Зайнабидин Мамасадыков,

Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн басма сөз катчысы

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*